АЙТ НАМАЗГА 2000ДЕН АШЫК АДАМ КАТЫШТЫ
№572 18-октябрь-24-октябрь, 2013-ж

Нарын шаарынын борбордук «Азирети Али» мечитине 15-октябрда Айт намазы окулду. Облустун казысы Мамбетисан Ибраев Меккеге сапар алган зыяратчылар менен кеткендигине байланыштуу орун басары Азат Оруналиев Айт намазын жетектеди. Намазга келген катышуучулардын саны 2000ден ашты.
Нарын казыятынын басма сөз кызматы билдиргендей, быйыл Нарындан 42 адам ажыга барууга арыз тапшырган. Анын ичинен 31и эркек жана 11и аял. Эң улуусу 87 жашта, эң кичүүсү 23 жашта. Ажылыкка барууга арыз тапшыргандар 27-сентябрда Бишкектеги «Манас» аба майданынан Жидда шаарына учуп кетишкен. Өткөн жылдарга салыштырмалуу Нарын облусунан ажылык милдетин өтөөгө бара тургандардын саны өсүүдө.
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0