Жантөрө Сатыбалдиев, КРнын премьер-министри:
«Эгер менин кетишим менен эле «Кумтөрдөгү» үлүш 67 пайыз болуп кетсе, анда башка кеп. «Кумтөр» боюнча кыргыз тараптын үлүшүн 67 пайызга жеткирүү бул – реалдуу талап эмес. Бардык нерсенин чеги болот да. Ар нерсени айта бербей, «жолдош Сатыбалдиев, кетиңиз» деп ачык эле айтканыңар жакшы».
Исмаил Исаков, ЖКнын КСДП фракциясынын депутаты:
«Премьер бизге «кет деп айткыла» деп жатат. Буга чейин мен бир нече жолу премьер-министрге айткам «кетип кал» деп, сизге дагы ким айтышы керек?!»
Эркин Алымбеков, ЖКнын "Ата Мекен" фракциясынын депутаты:
«Ооба, азыркы өкмөттү көпчүлүк коалиция түзгөн. Бирок «Кумтөр» боюнча татыктуу иштей албаган өкмөттү биз башынан сыламак белек? «Моюнунан байланган ит ууга жарабайт» деген макал бар, кыргыздын кызыкчылыгын коргой албаган премьер-министр отставкага кетсин».
Мыктыбек Абдылдаев, ЖКнын "Ата Журт" фракциясынын депутаты:
«Урматтуу төрага, сиз мага кийлигишпей, тамадалык ишиңизди алып бара бериңиз». (ред. Асылбек Жээнбеков тамада эмес, төрага экенин эскертти)
Улукбек Кочкоров, ЖКнын "Ата Журт" фракциясынын депутаты:
«Биз неге мажбурлайбыз, өкмөт башчы «эч нерсе кыла албайм» деп жатат. Бул өкмөт башчы болбой калды, кетсин да, «Кумтөр» маселесине башы жеткен башка бирөө келсин».
Эльвира Караева,
Автандил Добулбеков
politika@super.kg
дагы канча киши айтышы керек?
намыс деген каякта?
же не эл учун деп калыштыбы :-))))))