АК ИЛБИРСТЕР АЗАЮУДА...
№573 25-октябрь-31-октябрь, 2013-ж
-

23-октябрда президент
АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВдин катышуусу менен «Ак илбирстин тукумун коргоо» боюнча бүткүл дүйнөлүк форум Бишкекте болуп өттү. Кызыл китепке кирген бул айбанаттын саны 1990-жылдардын башында кыргыз тоолорунда 600гө жетсе, бүгүнкү күндө 300 гана санда калган.

-
Бишкек шаарынын мэри ИСА ӨМҮРКУЛОВдун айтымында, борбордун Свердлов районунда эки көпүрөнүн курулушу пландалууда.
-
Өлкөдө кош бойлуулук, төрөт жана жерге берүү боюнча жөлөкпул алуучулардын саны жылдын башынан бери 25 МИҢге жакын кишини түздү. Аларга баш-аягы 183,5 миллион сом которулган.
-
Кыргызстан менен Өзбекстанда миңдеген койлорду кырган чечекке каршы контрафакттык вакцинаны саткандыгы үчүн Өзбекстандын 20 жараны Өзбекстанда 3төн 13 ЖЫЛГА чейин түрмөгө кесилди.
-
Опузалоо боюнча айыптуу деп табылып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан 5,5 жылга эркинен ажыратылган КАМЧЫ КӨЛБАЕВ шаардык сотко апелляциялык арызы менен кайрылды.
-
МЕЛИС ЭШИМКАНОВ атындагы коомдук фонд 2013-жылдын «Жылдын мыкты журналисти» наамына сынак жарыялайт, ага ар бир журналист же студент-журналист 3 материалы менен катыша алат.

-
Ысык-Көл облусунда «ХАН-ТЕҢИР» улуттук паркын түзүү боюнча долбоор ишке киргизилүүдө, ал Сары-Чат-Ээр-Таш коругунун жанында жайгашмакчы.
Эльвира Караева,
Автандил Добулбеков
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0