Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

АТА МЭЭРИМИ ТАЙМАНБАСТЫККА ҮЙРӨТӨТ

№573 25-октябрь-31-октябрь, 2013-ж


Психологдор аталардын «мен бала чоңойгондо эле сүйлөшүп алам» деп түйшүктүн баарын энеге үйүп салуусу туура эмес экендигин жана алардын балага болгон мамилеси жакшы нерселерге өбөлгө экенин айтышат. Атанын мээрими, тарбиясы баланы кандай артыкчылыктарга ээ кылат? Ушул тууралуу сөз кылалы.

БАЛАНЫН ӨЗҮНӨ ИШЕНҮҮ СЕЗИМИН ӨНҮКТҮРҮҢҮЗ!
Ата менен баланын ортосундагы тарбиялык байланыш алардын өзүнө болгон ишенимин жогорулатат. Андан тышкары атанын мээрими, мактоосу балага жакшы таасир калтырат. Ал үчүн балаңыздагы кымындай өзгөрүү болсо да байкап, мамилени чыңдоону эч качан унутпаңыз.

УБАКЫТТЫ ЧОГУУ ӨТКӨРҮҢҮЗ!
Көпчүлүк учурда аталар кыздарынын жоопкерчилигин апасына (жубайына) жүктөшөт. Бирок бул туура эмес. Ар дайым кыз баланын энесинин жанында болуусу эркектерди таанууга мүмкүнчүлүк түзбөйт. Ал эми кыз бала мындай нерсени алгач атасынан алат. Атасы ар дайым керек учурунда жардам бергендиги, аталык тарбиясы менен кыздын өзүнө болгон ишенимин жогорулатат. Ошол себептен атасын жакшы көргөн, аны менен чогуу убакыт өткөргөн кыз балада өзүнө ишенүүчүлүк, күчтүүлүк жана өжөрдүк сезими пайда болот.

ӨЗ КААЛООҢУЗДУ ТАЛАП КЫЛБАҢЫЗ!
Кээ бир аталар балдарына өздөрү каалаган жана берген суроолорго жооп алуу талабын коюшат. Бирок сиздин мындай мамилеңиз баланы коркунуч, тынчсыздануу абалына алып келиши мүмкүн. Албетте, анын сабактарды өздөштүрүүсү сиз каалагандай болбосо да, ал уул-кызыңыз экендигин эч качан эстен чыгарбаңыз.

ЖАКШЫ МАМИЛЕ КЫЛЫҢЫЗ!
Балага болгон жакшы мамиле жана аталык мээрим алардын ортосундагы жылуу мамиленин бузулушунан сактайт. Эгерде балаңыз экзаменде ийгиликке жетише албаса, анда аны урушуу же опузалоонун ордуна көңүл чөккөндүгүн түшүнүү менен жардам берүүгө аракет кылыңыз. «Балким, сен өзүңдү жакшы сезбей жаткан чыгарсың» дегендей сөздөрдү айтып, анын абалын туура түшүнүңүз. Мындан кийин ал сизге жашырбай, коркпостон баарын айтып бере алат. Ага мүмкүнчүлүк түзүп берүү бир гана сиздин колуңузда.

КЫЗЫҢЫЗДЫН СЫРТКЫ КЕЛБЕТИН СЫНООДОН АЛЫС БОЛУҢУЗ!
Кыз бала үчүн сырткы келбет биринчи орунда турат. Айрыкча кыздар бойго жетүү курагына жакындай баштаганда дене турпатында өзгөрүүлөр пайда болуп, айрымдары толо башташат. Анан бул курактагы кыздар түркүн кийим кийүүгө кызыгышат. Мындай учурларда кызыңызга «сага бул кийим жарашпайт» же «аябай толуп кеттиң» деген сыяктуу сын-пикирлерди айтуудан алыс болгонуңуз оң. Мындай сөздөр бойго жетүү курагына келип калган кызды басынтышы мүмкүн.

ЭРКЕК БАЛАҢЫЗ МЕНЕН ЖЫНЫСТЫК МАСЕЛЕЛЕР ТУУРАЛУУ СҮЙЛӨШҮҮДӨН ТАРТЫНБАҢЫЗ!
Балдар кичинекейинен эле жыныстык темаларга кызыгышат. Аны атасынан сурашат. Албетте, берилген суроого кыска жана туура жооп берүүңүз шарт. Бирок 7 жаштан жогору жаштагылар жыныстык темаларга байланыштуу суроолорду берүүдөн тартынышат. Ошол себептен бул темада аталар туура түшүнүк бере алса, балага да жакшы болот. Себеби атасынан жооп ала албаса, башка нерселерден, интернет жана башкалардан алышат. Андай учурда балаңыз туура эмес түшүнүккө кабылышы мүмкүн.

БАШКАЛАРГА САЛЫШТЫРБАҢЫЗ!
Эсиңизде болсун, балаңызды эч качан анын достору же туугандарыңыздын тартиптүү балдары менен салыштырбаңыз. Сиздин мындай мамилеңиз балаңыздын көңүл чөгүүсүнө, басынуусуна жол ачат. Ошондуктан балаңыздын колунан келбей жаткан жөнөкөй нерселерди туура түшүнүп, ага жардам берүүгө аракет кылыңыз. «Сенин колуңдан эч нерсе келбейт» деп басынтуунун же урушуунун кереги жок. Анын да жасай ала турган колунан келчү иштери бар. Болгону сиздин балаңызга болгон камкордугуңуз абдан зарыл. Мисалы, «сен сүрөттү эжеңдей тарта албайт экенсиң» дегендин ордуна «эң мыкты боёйт экенсиң» деген мактоо балага дем берет жана аны шыктандырат.

«МЕН СЕНИН ЖАШЫҢДА...» ДЕБЕҢИЗ!
Эч качан «мен сендей чагымда сабактарымды убагында бүтүрчүмүн, улуулардын сөзүн ар дайым укчумун, аларга жаман мамиле кылчу эмесмин» дебеңиз. Мындай салыштырууларыңыз балаңызга терс таасир калтырат. Балаңыз өзүн жаман абалда сезип, сизге каяша айта баштайт. Андыктан балаңыз башка бир чөйрөдө жашап жаткандыгын, эч качан эскиге салыштыруу мүмкүн эместигин унутпаңыз. Албетте, ал сиздин учурдагыдай боло албайт.

УУЛ-КЫЗЫҢЫЗДЫ БАШКАЛАРГА ДА МАКТАҢЫЗ!
Эгерде балаңызды мактагыңыз келсе, анын жакшы мамиле, жүрүш-турушу сизди ыраазы кылган болсо, аны башкаларга айтып мактансаңыз болот. Башка адамдардын жанында атасынан уккан мактоо баланы кубанычка бөлөйт.

УУЛУҢУЗ МЕНЕН АКТИВДҮҮ ИШ АЛЫП БАРЫҢЫЗ!
Ар дайым уулуңуз менен чогуу болгонго аракет кылыңыз. Аны эч качан өзүңүздөн оолак кармап, бөлбөңүз. Тескерисинче, балык кармоо же футбол ойноого чогуу барганыңыз оң. Ал гана эмес, үй тиричилигинде да оңдоо иштерин чогуу жасаңыз. Бул балаңыздын сиздин жаныңызда өзүн эркин жана ыңгайлуу сезүүсүнө жол ачат.

ОРОЙ СҮЙЛӨБӨҢҮЗ!
Балаңызга ар дайым сабырдуу, оор басырыктуу, түшүнүктүү, туруктуу мамиле жасаңыз. Мындай мамиле балага жагып, сизге да жакшы мамиле жасоого үйрөнөт. Катуу сүйлөө, буйрук берүү, оор сындоолор, урушуу менен сиз балаңызга эч кандай пайда бере албайсыз. Тескерисинче, анын сизден көңүлү калып, ортодогу мамиле ата-баланыкындай эмес, чоочун адамдардын мамилеси пайда болот. Ал гана эмес, сиздин орой мамилеңизден улам калп айтууга үйрөнөт. Андан тышкары балаңыз сизден жаман тарбия алып чыгуу коркунучу алдында турат.

Суроолорго «ParadiseSun» психологиялык борборунун психологу Гуля Акбутина жооп берди.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg



Ата мээрими тайманбастыкка үйрөтөт

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(35)
SUPER.KG видео
26.10.2013. 07:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да жакты аябай жеткиликтуу маанилерди♥♥♥
SUPER.KG видео
26.10.2013. 08:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Berki psihologi karaganda tuwunuktuu suiloit ken
SUPER.KG видео
26.10.2013. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан керектуу кенеш экен,чон рахмат!!!!!!
SUPER.KG видео
27.10.2013. 04:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эн жакшы тушунуктуу суйлойт экенсиз чоооооон рахмат сизге!!!
SUPER.KG видео
27.10.2013. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Перизат айымдан дайыма кенеш уккум келип калды.
Балдардан тышкары да маек кураар чыгасынар, кеп кенеши абдан уккулуктуу экен.
SUPER.KG видео
27.10.2013. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындыгында пайдалуу кенештер экен!Перизат эжебиз мыкты психолог го,терен тушундуруп суйлойт экен.Ойлоп кеттим эжекебиздин балдары сонун тарбия алышат го деп))Ишинизге ийгилик!Суперчилерге чоооон рахмат!
28.10.2013. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
абдан жакшы макала экен кулагыма кумуш сырга
28.10.2013. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай соонун экен
28.10.2013. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы макала экен айрыкча аталар учун
28.10.2013. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайра кайра окуп мээге синдирип алыш керек экен, пайдасы коп тийетго.
20.12.2013. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aziz91, ooba men da baraka chygaryp alyp uigo ilip alsamby dep teren oilonup kaldym. En kerektuu kenesh eken. Baarybyzga baldarybyzga jakshy jakshy tarbiya beruu nasip kylsyn.
28.10.2013. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы макала экен аталарга чон кенеш бердинер
28.10.2013. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
батыштын тарбиясын пропагандалоо,кыргыздар эч качан уулу менен секс тууралуу суйлошпойт,кыргызда кызга кырк уйдон тыю деп коёт,
28.10.2013. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кээ бирлери бизге туура келбейт!бирок жакшы кенеш экен.аталар окуй турган,бизде кыргыз элибизде ата-бала,эне м.н кыздын ортосунда тошок жонундо соз болбойт деле
28.10.2013. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кенеш учун рахмат! Супер инфо мумкун болсо гезиттин ар санында пайгамбарыбыз Мухамед с.а.в.дын хадистеринен, кенештеринен жазып турсаныздар болобу. Копчулуко пайда болор белеби рахмат!
28.10.2013. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
азыр глобалдашуу мезгили жыныстык тарбия созссуз турдо зарыл и так эле Кыргызстан аборт , зордуктоо боюнча эч кимди алдына салбай келе жатат жок дегенде безопасный сек. жо тушунук бериш керек ал эми калган пункттар кыргызский тарбиянын караманча каршысы экен)))) бизде балдарын созсуз башка бироого салыштырат))) биз силердей маалда деген соз мин жолу айтылат орой суйлоо биякта калып чаап чаап иетко))))
29.10.2013. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maga da jakty jakwy makala eken,
29.10.2013. 06:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыркы батыштын таасирин алган ата энелер балдары мн мынтип суйлошушот экен. Балам кошулганда презерватив колдонгун оору жугуп калбасын, кызым озунду карап даары ичип жургун же аборт кылдырып ал, боюна бутуп калбасын. Ха ха ха ушинтип секстен жардам берет экенда ха ха ха!
29.10.2013. 06:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а чыныгы мусулман ата эне, уул кызына секс пекс кантип айтсын уят кайда, намыс кайда. Кызым дененди жаап жур, уулум намаз окуп Кудайдан коркуп жур. Жаман жолго баспагыла зынаа кылганды Аллах кечирбейт. Окуунарга конул бургула. Анан уул кызы бойго жетсе турмушка берип, уйлоп жайлап коёт.
SUPER.KG видео
29.10.2013. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ен сонун суйлодунуз ежеша рахмат сизге,сиздей акылдуу аялдар кобойоберсин,(ее еркектер инилерибизди балдарыбызды башка уруп еркелеткенди токтотолу))
30.10.2013. 03:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдан кызыктуу нерсе экен кудайым буйруса келечекте,керектуу баланы кандай тарбиялоо эрежелери,рахмат сиздерге супер,инфо.
30.10.2013. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул макаланы окуп,мага берилген тарбия туура эмес экенин байкадым. Ар дайым басынтып, башкаларга салыштыра берчу.
30.10.2013. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кечээ жакында эле бир таанышым баласы менен мончого барган экен, уулу атасынан "ата сеники неге башкача" деп сураптыр. баласы ошентип сурап жатса, "намаз оку" демек беле? Тушундурот да, чынбы? Бугун бул сроону берсе, эртен башкасын берет. Атасы тушундурбогондо ким тушундурмок эле
30.10.2013. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы сабак болчу макала экен.Балага созсуз секс жонундо озун жактан тушунук берип кетуу керек деп ойлойм.
30.10.2013. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба мен да кайра кайра окуп атамын,анткени менин эки уулум бар!!!Бири 2 жашта а кичуум 5 айга толду)))) Кызыгы кандай ата болоор экенмин,анткени уулдарымды бополоп,коп эркелетмин!!!Буюрса уулдарыма татыктуу атаке болгону болгон кучумду жумшайм!!!!!)))
01.11.2013. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MIRDJAMELL, тилектешмин
01.11.2013. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан сонун кенеш экен.Айрыкча бизге окшогондорго.
02.11.2013. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кеебир создорду айытпаганда
SUPER.KG видео
03.11.2013. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенеш экен! Жакты
SUPER.KG видео
14.11.2013. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таза кыргызча суйлосонуз тилиниз узулуп калабы эжекей
24.04.2014. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай жакшы экен жаш аталар учун менин кызым бар 7 ай
07.12.2014. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан туура баланы эч качан кемсинтип урушпаш керек. Кемсинтип, урушуп сындай берсе бала озуно ишенимдуулугун, оз алдынчалыгын жоготот.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: