Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«КУМТӨР». КАРАПАЙЫМ КАЛКТЫН ОЮ

№573 25-октябрь-31-октябрь, 2013-ж



КЕНДЕГИ КАТАРДАГЫ ЖУМУШЧУЛАРДЫН ЖАШООСУ ЖАНА АЛАРДЫН «КУМТӨР» ТУУРАЛУУ ОЙЛОРУ
Алгачкы кадамыбызды оор техникаларды оңдоочу устаканадан баштадык. Бул бөлүм эң көп улуттун өкүлдөрүнөн түзүлгөн жумушчулар жамааты экенин андагы жумушчулар сыймыктануу менен белгилешти. Мында кыргыз, орус, калмак, уйгурдан тартып канадалык, филиппиндиктер да эмгектенишет экен. Алардын бири, бөлүмдө ширетүүчү болуп иштеген АЛЕКСАНДР ЗУБКОВДУ кепке тартып, орусча узатылган суроолорубузга кыргызча жооп алдык:
– Өзүм Жети-Өгүздө төрөлүп-өскөм. Кыргызчаны ошол айылдык кыргыз балдардан үйрөнүп алгам. Жашап жаткан мамлекетиңдин тилин билбесең уят да. Ал эми бул жакта 15 жылдан бери иштеп, 3 уул, 1 кызымды багып келатам. Аялымдын көзү өтүп кеткен. Балдарымдын улуусу 26да, эң кичүүсү 13тө. Бирөө жогорку окуу жайын бүтүрдү, бирөө студент, ал эми экөө мектепте окушат. Бир уулум программист кесибине окууда. Экинчиси электр техникалык адистигине ээ болуп, жумуш жок болгондуктан, үйдө кичүү бир туугандарын карап отурат. Андыктан «ишкананы жабуу керек» дегендерге кошулбайм. Тескерисинче, мындай ири кен чыгаруучу ишканадан дагы экөө болгондо Кыргызстан үчүн абдан жакшы болмок. Элге да жумуш болуп, жашообуз жакшырат эле.

Ушул эле бөлүмдүн механиги, кыргыз тилин суудай билген, улуту уйгур БАХТИЯР САДЫКОВ ойлорун төмөнкүчө бөлүштү:
– Ишканада коопсуздук маселеси биринчи орунда тургандыктан, кырсыктардын алдын алуу үчүн оор техникаларды маал-маалы менен кароодон өткөрүп, текшерүү жүргүзүп турабыз. Бул жерде иштеп, жалгыз адамдын колунан эч нерсе келбестигин, башкалар менен чогуу иштесең көп нерсеге жетүүгө болорун түшүндүм. Кесиптештерим менен бир үй-бүлөдөй болуп калдык. Ар улуттан түзүлгөн бул бөлүмдө иштеп жүрүп бир канча тилди өздөштүрүүгө жетиштим. Бул да болсо өзүм үчүн чоң пайда деп айта алам.

 

Бөлүмдө кен казып алуучу жайдагы оор техникаларды жеринен барып оңдоо ишин 5 жылдан бери аркалап келаткан көчмө механик ЗАМИР ИСКАКОВ буларды айтып берди:
– Союз учурунда механиктин окуусун бүтүргөм. Кийинчерээк бул ишкананын техникалары чоң дегенин угуп, кесибим боюнча деңгээлимди көтөрүү максатында жумушка киргем. Кудайга шүгүр, алган айлыгым да жакшы. Үй-бүлөмө кенен жетет. Бюджеттин бир канча пайызын толтуруп жаткан ушундай ишканадан дагы эки-үчөө болсо, мамлекетибиз үчүн жеңилдик болмок. Ата-энелерибиз пенсия алып, бюджетте иштегендердин айлык акысы өз убагында төлөнүп, жакшы ийгиликтерге жетишет элек.
«Кумтөр» Кыргызстанга чоң пайда алып келет деп ойлойм. Ишкананын мага жакканы, бул жакта тартип жана тарбия күчтүү. Ар бир жумушчу өз ишин так аткарат жана бири-бирибизге болгон мамиле жылуу. Уруш-талаш деген жок. Бул жерде эмгектенгендер бир туугандай болуп калдык. Ынтымактуу жамаат менен ушунча ийгиликке жеттик. Ынтымак, биримдик баарын жеңет экен.

Кийинки кадамыбыздын багытын алтын бөлүп алуучу фабрикага буруп, иш үстүндө отурган жумушчулардын ойлорун уктук. БАРЫКТАБАС УСУПБАЕВ, оператор:
– Жети-Өгүздүн Оргочор айылынан болом. Бул жерде 16 жылдан бери иштейм. Кесибим – физик. Союз учурунда чарбада эмгектенгем. Кыргызстандын башка бир да ишканасында жок заманбап технологиялар менен иштөөнү үйрөндүк. Жумуш ушунусу менен кызыктуу. Анткени адам илим жагынан болбосо да, жок дегенде техника жагынан билимин өркүндөтүп туруусу керек да. Ошондой эле бул жерде иштегенден тартып турмуш шартыбызды оңдоп, бутка туруп алдык.


«Үч балам, бир кызым жана бир аялым бар» деп тамаша- чыны аралаш сөз баштаган фабриканын улук оператору ТАЛДЫБЕК АСАНОВ кебин төмөнкүчө улады:
– Мен Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу айылынан болом. 16 жылдан бери иштеп келатам. Өзүм Орусиядан Автожол техникумун бүтүргөм. Мындайча айтканда, МАИ кызматкеримин. Союз тарагандан кийин иш жок, кесипти алмаштырууга туура келди. Анан «Кумтөр» жаңы ачылып, элдин баары барып жатканынан мен да кызыгып бардым. Бирок дароо эле жумушка алышкан жок. Арыз калтырып, улам сынакка кирип жатып, беш-алты жолу дегенде өтүп, алгач оператордун жардамчысы болуп орношком. Ошондон бери үйрөнүп, окуп отуруп ушул деңгээлге жеткенимди сыймыктануу менен айта алам. Себеби бул жерге келип бир ай же бир жыл иштеп баарын өздөштүрүүгө мүмкүн эмес.
Жумушума келсек, мындай фабрика азырынча Кыргызстанда бирөө, уникалдуу. Анткени ушул кеңседен чыкпай туруп компьютер менен фабриканын кайсы жеринде маселе жаралганын аныктап, аны оңдоп-түзөп коюуга мүмкүн. Баары автоматташтырылган.

Алтын бөлүп алуучу фабрикадан чыгып, кен казуу иши кызуу жүрүп жаткан карьерге бардык. Чынын айтканда, калдайган кара тоонун боорун камгактай сапырып жаткан эң ири көлөмдөгү оор техникаларды жана сыртынан караганда анын кабинасында көзгө кумурскадай эле көрүнгөн айдоочуларды көрүп суктанбай коё албайт экенсиң. Алсак,
1 даанасынын баасы
5 миллион доллар турган экскаватор өзүнчө сөз болууга татыктуу экен. «Күнүнө 5 тонна күйүүчү май сарптаган мындай алпты башкарууга тажрыйбасы мол айдоочу гана отурууга уруксат берилгендиктен, эң престиждүү иш оруну» дешет кенде иштеген жумушчулар. 18 жылдык айдоочулук тажрыйбасы бар, аталган алп
экскаватордун айдоочусу ЖЕҢИШ КЕНЕНБЕКОВ буларга токтолду:
– Алгач ишкананын казылып алынган тоо тектерин майдалоочу бөлүмүнө орношуп, анан жүк ташуучу унаанын айдоочулугуна өттүм. Ошентип тажрыйба топтоп жүрүп, эми экскаваторду иштетип жатам. Өзүм мурда мектепте мугалим болчумун. Кесипти алмаштырып, оор техникаларды башкарууну өздөштүрдүм. Ишибиз жакшы. Бала-бакыра, ата-энени багып жатабыз. Бир уулумду Малайзиядан окуттум. Андыктан иш болуп, «Кумтөр» иштеп турса экен деген эле тилек.
Ал эми «улутташтыруу керек» деген – туура эмес чечим. Эгер ишкана жабылып калса, бир топ кыйынчылык болот. Мамлекеттин көзүн караган мугалим, дарыгер, пенсионерлерге акча каражаты убагында берилбей калат. Бизге окшогон жумушчулар ишсиз калабыз. Ишкананын иштеп турганы биз үчүн абдан пайдалуу. Мисалы, каржы жагынан сырткары дүйнөдөгү эң алдыңкы оор техникаларды алып келип, алар менен иштөөнү үйрөндүк.

АДИЛЕТ ЖАНЫБЕКОВ, жүк ташуучу унаанын айдоочусу:
– Мыкты ишканада эмгектенгениме 8 жыл болду. Мыкты экенин башка өлкөдөн экскурсияга келгендер деле айтышат. Себеби иштөө тартиби күчтүү. Тамак-аш, жатакана менен камсыз кылынган. Кесибим боюнча экономистмин. Ишкананын мааниси Кыргызстан үчүн зор. Бул жерде 3 миңдей адам иштеп, үй-бүлөсүн багып жатышат. Ысык-Көл облусуна жыл сайын каражат бөлүнүүдө.
Андыктан митингдерге каршымын. Чынын айтканда, митингдер тажатты. Мындай аракеттер бийликти көздөгөн 2-3 адамдын эле максаты деп ойлойм. Экономиканын өнүгүшү үчүн бейпилдик керек. Тескерисинче, «Кумтөрдөн» башка дагы толтура кендер бар да. Ошолорго инвесторлорду тартып, иштетсек туура болмок.
Эгер бул жерде иштебесем, менин балдарымды ким окутуп, ким мага үй салып бермек эле? Бул иш жок болсо, балким, мен да Казакстанга же Орусияга тентип кетмектирмин. Кудайга шүгүр, өз мекенимде жакшы жерде иштеп жатам.

Кен казылып жаткан карьердеги кыймылды көзөмөлдөөчү диспетчердик бөлүмгө баш багып, унааларга жол көрсөтүү иши менен алектенип жаткан АЛЫБЕК ЧЕКИРОВ менен баарлаштык:
– Башында жүк ташуучу унаанын айдоочусу болсом, бүгүн диспетчердик кызматты аркалап жатам. Эгер бул ишкана болбогондо дагы бир ишканада жөнөкөй айдоочу болуп иштемек болушум керек деп ойлоп коём. Анткени өзүм унааны жакшы көрөм. Буюрса, ушул жерде эмгектенип, экскаваторду башкарууну үйрөнсөм деген кыялым бар.
«Кумтөр» жабылсын» деп ызы-чуу салып жаткандар ошонун ордуна бизге окшоп кичине аракет кылып иштесе жакшы болмок, «иш жок» деп отура бербей. Иштейм дегендер бөтөлкө терип деле акча таап жатышпайбы. Бирөө тыйын берип койсо ошого алданып, анан баш аламандык уюштуруп жатышканы туура эмес да. Ошолорду кантип мекенчил деп айтабыз? Мисалы, өткөндө тууну көтөрүп алып митингге чыгышты. Бир маалда карасаң, ошол туу менен кишилерди сабап жатышат. Андай болсо тууну көтөрүп эмне кереги бар? Эми өзүлөрү билишсин. Өз баштары өзүндө да. Эң негизгиси, аманчылык, тынчтык болсо эле өсөбүз.

Иш сапарыбызды андан ары улантып, кендеги иштетилген сууларды тазалоочу бөлүмдүн иши менен таанышып, андагы операторлордун бири АЙТБЕК САТЫБАЛДИЕВден төмөнкүдөй жоопторду алдык:
– Биз алтын чыгаруучу фабрикадан келген техникалык сууларды бардык эл аралык нормалардын негизинде химиялык жолдор менен тазалоодон өткөрүп, кайра колдонууга жөнөтөбүз. Ар бир 2 саат сайын көлмөгө топтолгон суудан сузуп алып лабораторияда анализ жүргүзүп турабыз.
Ушундай ишканада иштеп жатканыма сыймыктанам. Анткени дүйнөдөгү эң бийик жерде жайгашкан уникалдуу, бирден-бир ишкана болуп саналат. Өзүңө да, башкаларга да зыян келтирбегидей, коопсуздукту сактап, туура иштөөгө үйрөндүк. Айлык акыбыз жогору. Балдарымды окутуп, бутуна тургузууга жетиштим. Кыргызстандын өнүгүп-өсүшү үчүн биз өкмөттү эле карап отура бербестен, ар бир киши колунан келген жумушун жасашы керек. Бизде «өкмөт муну берсин, тигини берсин» деп талап кыла бербей, ар бир адам жок дегенде өз үй-бүлөсү үчүн иштесе, ошондо мамлекетибиз оңолот.

Ушул эле бөлүмдүн башкы инженер-экологу КАПАР БАЯЛИЕВ:
«Кумтөр» жабылсын» дегендерге кошулбайм. Мында өзүбүздүн эле жарандар иштеп жатышат. Мисалы, ишкана аркылуу жалпы алганда 5 миңге чукул адам иш менен камсыз болгон. Орто эсеп менен ар бир адамдын үй-бүлөсүндө төрттөн киши бар деп эсептесек, бардыгы 20 миң киши болот. Ишкана жабылса, ушунча адам кантет? Экологиялык жактан кооптуу деп чуу салып жаткан эл өкүлдөрүнүн кызыкчылыгы эмнеде экенин билбейм. Биз бардык нормаларды сактоо менен иш алып баруудабыз. Ар нерсеге аралаша бербей, ар ким өз ишин билип, ошого жараша кадам таштаса жакшы болор эле. Бул жерде иштеп жаткандарды «чет өлкөлүктөргө сатылып кетти» деп бөлгөн болбойт. Биз да өз мекенибиздин уулдарыбыз. Биз да ишибиз аркылуу айлык акыбыздан мамлекетке салык төлөп мекенибизге салым кошуп жатабыз.

Кендеги жумушчулардын жатаканасындагы тазалыкты карап, бөлмө кызматчысынын милдетин аркалап келаткан АЗЫМКҮЛ СЫДЫКОВА:
– Турмуш шартым аябай оор болгондуктан, жумушка кирүүгө келген элем. Менин шартымды эске алып, жумушка орноштурган жетекчилерге ыраазымын. 50 жумушчунун бөлмөлөрүн таза кармап туруу – менин милдетим. Өзүмдүн 5 балам бар. Экөө жогорку окуу жайын бүтүрдү. Бирөө болсо орто кесиптик окуу жайын аяктады. Бирок жумуш жок, баары үйдө отурушат. Үйдө жалгыз мен иштейм. Күйөөмдүн туруктуу жумушу жок. Баары мени карап турушат. Эгер ишкана жабылып, мен жумушсуз калсам, балдарым нансыз калышат.
«Кумтөр» сыяктуу дагы ишканалар ачылса өзүбүзгө жакшы болмок. Канчалаган билимдүү жаштарыбыз чет өлкөдө кордук көрүп иштеп жүрүшөт. Андан көрө бул жакта ушундай ишканалар ачылып, иш орундары түзүлсө, өз өлкөбүзгө салым кошуп иштейт эле да. Бизде иштеген бир келиндин баласы Орусияда иштеп жүрөт. Өткөндө ошол келиндин күйөөсү каза болуп, көр оокаттын айынан чет жерде жүргөн баласы атасына топурак салганга келе албай калды. Ишканага бут тосуп жаткандар, тескерисинче, ушундай ишканаларга көмөк көрсөтүп, дагы иш орундарын түзүүгө аракет кылалы дешсе болмок. Биздин компания балдар үйүнө ар кандай жардамдарды берип, колдоо көрсөтүп келатат. Тоң районундагы жолдорду салып берип жатат. Ошондуктан жердештеримди кызуу кандуулукка алдырбоого, бузукулардын сөзүнө алданбоого чакырам.

ТАЛАНТБЕК КОЖОЕВ, гидротехник:
– Мен Нарындын Ат-Башысынан болом. Бул жакта иштегениме 8 жыл болуп калды. Алгач келгенде бургулоочу жайда бургулоочунун жардамчысы элем. Азыр гидротехник кызматын аркалап жүрөм. «Кумтөргө» чейин ар кандай жумуштарда иштедим. Орусияга чейин барып келдим. Кийин тоо-кен тармагы боюнча атайын билим алып, ишканага жумушка орноштум. Бул жакта жумушчулардын жашоо шарты баары ойдогудай. Ошондой эле чет элдик окутуучу-адистер менен иштешип жүрүп англис тилин да анча-мынча өздөштүрүп алдым. Жумуштан кийинки бош убактыбызда бильярд, теннис ойнойбуз. Каалоочулар үчүн машыгуу залы бар.
Ишкананын жабылышын талап кылгандар «Кумтөрдүн» мамлекетке канчалык пайдасы бар экенин түшүнбөй жатышат. Бирөө баштаса эле калгандары артынан түшүнүп-түшүнбөй ээрчип кетип жатат да.

Эл арасында «бул кен өндүрүүчү ишканага азык-түлүктүн баары сырттан ташылып келет» деген сөз айтылып жүрөт. Мунун чын-бышыгын билүү үчүн аталган ишкананын кампа көзөмөлдөөчүсү ЭРНЕСТ АСАНБЕКОВго кайрылып, жооп алдык:
– Бул жакка тамак-аштар жумасына эки ирет ташылып келет. Азык-түлүктүн 90 пайызын жергиликтүү элден сатып алабыз. Мисалы, этти Караколдон алсак, томат Жалал-Абаддан келет. Жумушчуларга жумасына 3 тонна эт, 30 миң даана жумуртка керектелет. Мунун баары өзүбүздүн өндүрүүчүлөрдөн алынат. Бул да болсо жергиликтүү калктын жашоосун жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет. Ал эми бизде жок консерваларды чет өлкөдөн ташууга аргасызбыз.

Кен казуу ишине Кыргызстандын ичиндеги башка ишканалар дагы көмөктөшүп, каражат таап келишет. Мына ошондой ортомчулук кызматта иштеп жаткандардын бири, Балыкчы шаарында жайгашкан «АБТ» ишканасынын кызматкери АЙБЕК ШАМБЕТОВ өз оюн мындайча билдирет:
– Тендер аркылуу «Кумтөрдөгү» таштандыларды сорттоо боюнча ишти утуп алып, эки жылдан бери иштеп жатабыз. Таштандыларды башка жактагылардай болуп ой келди таштай бербей, темири өзүнчө, жыгачы өзүнчө, желимдери өзүнчө бөлүнөт. Бизде жалпысынан 100гө жакын кызматкер иштейт. Ишибиз жакшы. Мурда үйгө килограммдап азык-түлүк ташысам, бул жакта иштегенден тарта алган айлыгыма мүшөктөп ташып калдым. Эгер депутаттар ишкананы жапса, баарыбыз жумушу жок калабыз. Бизге жумуш эле болуп турганы жакшы.

Жогоруда айтылгандай, кен казуу иштерине тартылган ортомчу «Фаворит Транс» ишканасынын мастери ТӨЛӨГӨН САРЫНЖИЕВ буларга токтолду:
– Биз кен жайгашкан аймактын өсүмдүк өсүүчү катмарындагы 15-20 сантиметрди түзгөн топурагын казып алып, аны сактоо үчүн кампаларга киргизип жатабыз. Бул аракет кийин кен казуу иштери бүткөндө кен казылып алынган жерлердин жана уулуу калдыктар сакталуучу жайлардын үстүн жабууга жасалууда. Мындайча айтканда, кен иштетилип бүткөндөн кийин анын аймагын кайра биринчи абалына келтирүү болуп саналат. Эгер «Кумтөрдү» улутташтырсак, туура эмес болуп калат. Өзүбүз иштетип кетүүгө азырынча күчүбүз жетпесе керек деген ойдомун.

«КУМТӨРДӨГҮ» ЖУМУШЧУЛАРДЫН 95 ПАЙЫЗДАН АШЫГЫ БИЗДИН ЖАРАНДАР
Ишканада 3 миңден ашык жумушчу эмгектенет. Алардын 95 пайыздан ашыгы Кыргызстандын жарандары болсо, калган 5 пайызга жетпеген орунда чет элдик адистер эмгектенишет. Ал адистер дүйнөдөгү эң оор техникаларды өндүргөн компаниялардын өкүлдөрү катары иштешүүдө. Алардын негизги иши – жаңы техникаларды башкарууну, оңдоону биздин жарандарга окутуп, иш жүзүндө чогуу иштеп үйрөтүү. Анткени ири көлөмдөгү бул техникаларды жүргүзүүнү даярдыгы жок адам дароо өздөштүрүп кете албайт. Бул «Өзүбүздүн жарандар турганда эмне үчүн чет элдиктер иштеп жатышат?» деген суроого жооп болсо керек. Кен казууда колдонулуп жаткан оор техникалардын баалары да кымбат. Мисалга алсак, жаңы алынып келинген жол тазалагыч техникасынын баасы
2,3 миллион доллар, экскаватордуку 5 миллион доллар турат. Ал эми 150-195 тонналык жүк ташуучу унаанын бир эле дөңгөлөгү 40 миң доллар же Бишкектеги көп кабаттуу үйдөгү 2 бөлмөлүү батирдин баасына барабар.

Кубаныч Сыдыков
Алимжан Жоробаев



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(12)
28.10.2013. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ажообуздун буйругу менен болгон маектер.
28.10.2013. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ообада,АШАнын кылганы
28.10.2013. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамбаевдин комментарийде эмне тийешеси бар.Эртен эшегинер олсо да Атамбаевден коро бергиле.Бизге бироону сындатып эле койсо.колубуздан бир айылды башкарган келеби озу.эрмегибиз

28.10.2013. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Алар "алтын нанын" жеген адамдар да. Ким эле жеп жаткан нанын жаман десин. Мисалы мен деле 2003тон бери РФда иштеп келем. Мен учун РФ тологон акча жагат. Ошондой эле соз да.
Бул алдын-ала даярданып айтылган "постанова" создор.
ИШЕНБЕГИЛЕ!
28.10.2013. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эч ким Кумторду жабылсын деген жери жок 67 пайызы кыргызстанга жэ макул болбосо Кыргызстандын карамагына отсун деп атат..силер Кумтор жабылсын дегенге макулсунарбы деп суроо бердинерби?? кызык...эгер андай суроо болбосо бул кордунорду кумтордо иштегендердин башын айлантып атат силердин депутаттар кумторду жабабыз деп атат деп...Менин Атамдын иниси кумтордо иштейт..Механик байкем айтты Кумторду Кыргыздар озулорубуз ишетете алабыз деп..анткени мурда кыргыздар фабриканын тышында иштеп келишсе азыр
28.10.2013. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ичинде да кызмат кылышат дейт..Андыктан...67 пайызы кыргызстанга деген позицияга аягына чейин чыгуу керек соттошсо соттошо берсин..Карупция менен тузулгон келишим..ошону далилдеп берсек эле утабыз!
28.10.2013. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул создордун баары алдын ала пландалган бийликтин уйротконуно окшоп турат го албетте ким эле жеп жаткан нанын жаман десин канткен кундо да Кумтоп Кыргызстандын аймагында болгондон кийин Кыргызстанга кобууроок пайда алып келуусу керек жана Кыргызстандын пайдасына гана чечилиши керек!
29.10.2013. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
илгери откон жалганда деген жомоктогу уч баштуу ажыдаардын башын ким кыяр экен эми. Алтын элдики эмес жердики! Ээсине 100пайызы калыш керек. Бир баштын оордуна оноо чыга электе.
30.10.2013. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Кумтордун ушундай келишим менен мындан аары да иштешине каршымын.АЛТЫН кыргыз элдики,КУМТОР 5мин кишини жумуш менен камсыз кылат экен,калган 4995000калк эки колун мурдуна тыгып олтурсунбу.
30.10.2013. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер Канада компаниясы менен келишим болбосо кетишсин,алар кетишсе башка инверторлор келет.
30.10.2013. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озум Россия жергесинде повар болуп энгектенем,жумуш издеп орто жашап калган кыргыз эжелер келишет,орусчаны жакшы билбегендиктен анан жашы отуп калгандыктан идиш,пол жуучу кылып алышат,коруп ичим ачышат,анан да бугун кухняга кирип калсам бешиктен бели чыга элек орус балдар кыздар тиги эжелерди коргозуп обязаны деп шылдындап жатыштыр,жаным кашайып кетип,алардын таламын талашчу болдум.обязаны болсо,обязаны эмес 18мин айлыка без выходной 15сааттан иштеген орус аялдарды таап албайсынарбы деп.
30.10.2013. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу биздин башыбыздагылар тын болушса,жалгыз керт башын ойлошпосо, ушунтип кыргыз корунгон жерде туртку болот беле.ушундай нерселерди ойлоп кетсем каным кайнап кетет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: