Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174   1175  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

МОСКВАДА МИГРАНТТАРДЫ КУУГУНТУКТОО КҮБӨЛӨРДҮН КӨЗҮ МЕНЕН...

№574 01-ноябрь-07-ноябрь, 2013-ж


28-октябрь күнү Москва шаарынын «Садовод» соода борборунун аймагында полиция кызматкерлери масштабдуу операция жүргүзүп, миңге чукул мигранттарды кармашты. Анын ичинде кыргызстандыктар да бар. 13-октябрдагы Бирюлево окуясынан кийин Орусияда мигранттардын ишмердүүлүгүн текшерүү кадимки куугунтукту элестете баштады. Рейддер кандай түрдө өтүп жатканын мындай ишти жон териси менен сезип, көзү менен көргөндөр баяндап беришти.

ЖЫЛ БАШЫНАН БЕРИ 950 КЫРГЫЗСТАНДЫК ДЕПОРТАЦИЯЛАНДЫ
Москва шаарында жайгашкан ири базарлар менен соода комплекстери четинен полиция кызматкерлеринин текшерүү аянтчаларына айланууда. Анткени мындай жерлерде иштегендердин арасында эмгек мигранттары басымдуулук кылат. «Садовод» соода комплексинен полициялык участокторго жеткирилген Кыргызстан, Өзбекстан менен Тажикстандын миңге жакын жарандары Орусияда мыйзамдуу жүрөбү-жокпу, кылмыштарга тиешеси барбы-жокпу деген суроолор боюнча текшерүүдөн өтүшкөн. 28-октябрдагы «тазалоонун» жүрүшүндө 16 кыргызстандык да кармалганын Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги кабарлап, кийинчерээк сүйлөшүүлөр аркылуу алардын бошотулганы маалымдалды.
Рейддер, массалык кармоолор менен катар депортациялоо да күчөдү. Тышкы иштер министрлигинин жалпы консулдук маселелер боюнча бөлүм башчысы Бакыт Үмөтовдун айтымында, быйылкы жылдын башынан бери 9 айдын ичинде соттун чечими боюнча 950 кыргызстандык Орусиядан чыгарылган. Ушундай окуяга кириптер болгон Эльвира Рыскулова бизге буларды айтып берди: «18-октябрда жолдошум экөөбүз Бишкектен Москвага учканбыз. Шереметьево аэропортунда чек арачылар Орусиянын жарандыгын алган күйөөмдү бат эле өткөрүп жиберишип, мени бир бөлмөгө алып барышты. Анда 14 саат отурдум, кийин эч кандай түшүндүрүү иштерин жүргүзүшпөй эле учакка чейин узатып келишип, 3 жылдык мөөнөт менен депортациялап жиберишти». 
Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын диаспоралары Москвада тегерек стол өткөрүшүп, анда эмгек мигранттары мыйзамсыз депортацияланып жаткандыгы да айтылды. Бул боюнча Федералдык миграциялык кызмат «биз аткаруучу органбыз» деп актануу менен кутулушту. Жыйынтыгында диаспоралар Орусиянын президенти Владимир Путинге Москвадагы кырдаалды тартипке келтирүү боюнча кайрылуу жасашты.

МОСКВА МААНАЙЫ КАНДАЙ?
Биз SUPER.KG порталынын колдонуучуларынан Бирюлево окуясынан бери Орусияда кыргызстандык эмгек мигранттарына карата мамиле канчалык өзгөргөнүн, дегеле ал жактагы бүгүнкү кырдаал кандай экенин сурап көрдүк.

Аксана Жолдибоева:
– Мен гипермаркеттердин биринде кассир болуп иштейм. Акыркы учурда жумуш убактысында мигранттардын документтерин текшерүү күчөдү. Мыйзамсыз жүргөндөрүн депортация кылып жатышат. Ошондой эле мигранттар жашаган квартираларга чейин Федералдык миграциялык кызматтын өкүлдөрү түнгө карабай бастырып киришүүдө. Көчөдө да тынчтык жок болуп калды, орус жаштары ар жерде чогулуп алышып, жанынан өтүп бара жаткан мигрантты токмоктоп кетип жатышат. Автобус, метро, дегеле бардык жерде текшерүү катуу жүрүүдө. Биздин президентибизден азыркы кырдаалга байланыштуу кыргыз мигранттарына жардам берүүсүн көптөн-көп суранам.

Нурлан Арапбай уулу:
– Өзүм Москва шаарында басмаканалардын биринде жүк ташуучу болуп иштейм. «Садовод» базарында иштеген кыргыздар бир топ эле, алар ошол жерден акча таап, үй-бүлөсүн, ата-энесин багып келишкен.      
Бирюлево окуясына чейин деле орустардын мигранттарга болгон мамилеси жакшы эмес болчу. Андан кийин полиция кызматкерлери да мигранттарга карата күчөтүлгөн режимде иштей баштады. Акыркы ирет Курман айт намазына мигранттар текшерүүлөрдөн чочулап, жылдагыдан аз барышты. Өзүм да документтердин айынан бара албай калдым. Легалсыз жүргөн кыргыздарга кыйын болду, анткени документ жасатуу иштери 30-40 миң рублга айланып кетет. Акчасына чыдап документти даярдаткан соң да жакшы жумуш табуу оор болуп калды.
Өзүм жумушума метро, андан чыгып автобус менен барам. Жол бою жергиликтүү калктын жек көргөн көз карашына чыдап барууга туура келет. Эптеп жумушка жетсең, ал жакта да мигранттар тууралуу сөз кылышат. Эки жылдан бери үйүмө бара элекмин, азыр кетип калайын дейм, бирок жумушум менен айлыгымды таштап кетким келбейт, анткени Кыргызстандан мындай жумушту да, айлык акыны да таба албайм. Кечинде квартирага келгенде «качан ОМОНдор басып киришет...» деп уйку жок. Документтен кыйкым табышпаса, «жашаган үйдө катталбапсың» деп депортация кылышууда.
Жакында эле жеңемди ишканасынан кармап алышып, 5 миң рубль айып пул төлөтүп, он күндүн ичинде Орусиядан чыгарып жиберишти. Кийин бөлөмдү метродон токтотушуп, документтерин текшере келишсе, анысы жасалма болуп чыгып калыптыр. Сотко алып баратышкан жеринен
15 миң рубль пара берип алып калдым. Мындай кысым улана берсе, каякка бармак эле, мигранттар айласыздан өз мекенине кайтышат.

Мээрим Халмурзаева:
– 6 жылдан бери жеке компаниялардын биринин чыгданында иштеп келем. Бирюлеводо болуп өткөн окуя биринчи жолку көрүнүш эмес. Жергиликтүү калктын өкүлдөрү деле кылмыш жасашат. Бирок мигрант тарабынан жасалган кылмыш иштери көзгө илинери менен кээ бир күчтөр бул абалдан болушунча пайдаланып калууга аракет жасашат. Бат эле ЖМКларга, социалдык тармактарга жайылып, элдин кыжырдануусу ого бетер күчөйт.
Учурда рейд иштери жүрүп, өз көзүм менен күбө болгонумду эле айтайын, чогуу жашаган келин бир аптадан бери жумушуна бара албай жатат. Москвада бир күн ишке чыкпасаң, артка кетесиң. Анан да мигранттарды жумушка алгандар оңбогон акчага айып пулга жыгылып, жазага тартылып жатышат.
3 бөлмөлүү квартирада 5 үй-бүлө жашайбыз, анын ичинде кичинекей 5 бала да бар. Үнүбүздү катуу чыгарып күлбөйбүз, наристелерди «чуркаба, секирбе» деп эле отурабыз. Ашканабыз көчө жакта болгондуктан, кечинде жарыкты өчүрүп коюп тамактанабыз. Атүгүл жумушка жеткиче метродогу мас орусту көрүп калсам эле качан асылып, уруп жиберет экен деп коркуп турам.
Бул окуялар «Орусия – ашынган улутчул өлкө» деген пикирди жаратууда.

Эльвира Караева
politika@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(165)
05.11.2013. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
адамдан айла качып кутулбайт москвадан кууса кореа туркиа америкаларга барып иштейбиз туугандар кыжаалат болбогула
06.11.2013. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
turgunbek, туура айьасын
05.11.2013. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эми орустарды деле тушунсо болот
05.11.2013. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чондор эртераак ойлонуш керек ар бир департ болуп кеткен кыргыздар кыргызстанда да жон журбойт барып дагы митинг пикеттерге чыгышып ошол бийликте отургандарды козгойт бийликтегилер азыр уктап жатышат
05.11.2013. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
урматуу кыргыз калкым сабыр кылайлы бир жагы онунан чечилип калар.Таможеный союзга кошулбашыбыз керек.Кошулсак аябай кыйын болуп калат.Мисалы таможеный союзга кошулсак эле баары жакшы болот дегендерге айтар элем.Баардык жок кымбаттайт.Россиядагыдай баа болот.Азыр 500 сомго кытайдын красовкасын алсан.Кошулгандан кийин ал баа 3 эсе кобойот.1500сом болот.Москвада мисалы бир жылда 10мин долл иштеп келип бир мерс алган болсон.Кошулсак 3 жыл иштеп келип анан ошол мерсти аласын.Аябай кыйын болотко
06.11.2013. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azizbek1975, Туура айтасын созуно кошулам! Казакстанда да кандай кымбатчылык кыйынчылык болуп кетти ТС кошулгандан бери...
05.11.2013. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
А эмнеге эч кандай чара корулбой эле???биз кочодон баскандан коркуп калдык.
05.11.2013. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак уйдо отурган чондорубуз эмне кылып отурат бир конул буруп койсо болмокда , бул жакта аябай катту тешерип атат . Келгенде еле акча сурашпай Путинден биздин шартыбызды жакшыртып берип койсо жакшы болмок . Ал жака барып иштегенге шарт жок болгондон кийин бул жакты онолтуп беришсе аябай еле мигранттар суйунушмок .
05.11.2013. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Москва ушунчалык таш боорлордун мекенине айланып кетти , акыркы кундору болуп жаткан окуяларды коруп угуп журогун ооруйт .Кыргызстаныбызда жошоо шарт жакшы болгондо кайран жаштарыбыз ушинтип кор болбойт элек.
05.11.2013. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
документтерин таза, туз журушсо баары жакшы. кичине билим, тарбия алып келишсе болмок. кайсы жерде жургонун унутпай. биринчи озунорду ондоп анан суйлосонор...
06.11.2013. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
saymon91, en tuura!
06.11.2013. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
saymon91, Биринчи келгенинде сага, текшербей эле 30мин руб.ду карматып берип атабы, документ жасатып ал деп? Озунду ойлогон неме окшойсун. Карапайымдар акчага зар болуп, билетке эптеп акча таап баргандардын куну кантет? Ой жугурт! Документин карабай туруп машинасына салып кетип жаткандарды корбой, козун сокур болуп калдыбы?!
07.11.2013. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
saymon91, туура айтасыз.мен дагы эки балам менен жашайм.документер жайында текшерип эч нерсе дешпейт.ар биринин озунон.шалдырашып орустардын астында оз тилинде суйлоп
08.11.2013. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
saymon91, Туура айтасыз
05.11.2013. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Men Moskvada kop jyldan beri jawaiym baikuw kyrgyzdarga boorum oooruit aivai jardam bereiyn desem koluman esh nerse kelbeit
05.11.2013. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мекендештер,эл менен барып американын базасын кубалабасак бизге тынчтык болбойт бул жалганда, чын айтсам, кыйналганда кудайды эстейсин дегенге эми ишендим, куну туну кудай деп, тобо келтирип калдым,
05.11.2013. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2006-жылдан бери Россияда журом жылына бир Кыргызстанга чыгып келем документим жайында акыркы уч айда эки жолу ФМС текшерди,кудайга шугур тынч эле иштеп журом.Озубуздо да айып бар документ кылбайбыз анан айдайтта,чон энебиздин уйу беле.
08.11.2013. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shurik, Туура, документин таза болсо, орусчаны билип, оз укугунду билсен эч ким эч нерсе дей албайт. Биз да жыл сайын Кыргызстанга барып турабыз.Баары жайында. Кудай сактасын. Текшерип эле атышат.
09.11.2013. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
operaledi, Силер катталган батирде канча адам жашайсын? Документин туура болгудай, озун жашаган батирге катталбасан керек а? Акылдуу боло бербегиледа э, башка адамдардын башы жок дейсинби, оз укугун билбеген? Ушундай эле документин таза болгудай разре..на робот..ун болсо керекда. Тим эле документ туура деп!
09.11.2013. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ali.11, Биз жашаган батирде жолдошум, кайним,апам болуп тортообуз турабыз. 2008 жылдан бери.Апам быйыл эле ВНЖ алды. А мен кайним экообуз разрешение на работу менен эле журобуз. Жолдошумда гражданство бар. Пропискасы Тулада болгону учун башында регистрация кыдчу азыр талон менен журот.АЗС тен.Бензин куйган.
09.11.2013. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
operaledi, 1 комната квартира кармасанар керек 25 ,30 мин айына 2 же 3 квартиран алсанар керек,озун квартира алып акча толоп жашабайсын да эч убакта.эгер квартиран 2 же 3 комната болсо квартирантын толо кудай сактасын деп жаша документим таза дебей квартиранттарынды ойло,
09.11.2013. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ali.11, Туура болсо туура дейм да.Москвага келгенден кийин разрешение жасатабыз да.Болсо керек да дегенге тушунбодум.Кызык адам окшойсуз????
09.11.2013. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
operaledi, сен жана сага окшоп квартирасына катталган документи таза кыргыз туугандар коп эле,квартирант болуп жашаган канча кыргыз бар билесинби,эсебин жетпейт вот ошолорго кыйын болуп жатат,оз укугун орусчаны билсин депсин,озундундогу шарт менен мактанып,жердеш туугандарындын кемчилигин издебе,орусча билсе билбесе иштегени ата-энесин бала чакасын бакканы келген,сен дагы жыргаганындан келген жоксун го,же оз укугумду орусчаны билем деп келдин беле
10.11.2013. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zz2013zz, Мактанган жерим жок, болгону документинерди таза кылдырганга аракет кылгыла деп жатам. Квартирант депсиз, тортообуздон болок эч ким жок бизде. Озунузго тенебениз элдин баарын. Баарыбыз ойногону келген эмеспиз.
09.11.2013. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ali.11, Москва боюнча менин эле документим таза, башым кыйын иштейт, орусчаны суудай билем деген жерим жок. Эмне кекелейсиз? Аркы беркини талдап суйлонуз.
09.11.2013. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
operaledi, сен жашаган жерине катталгансынбы,кочодо текшерсе эч нерсе эмес уйуно бастырып келсе коросун.мен 3 квартира кармайм квартиранттарым бар озум келинчегим жана 2 тууганым катталганбыз,квартиранттарымдан корком,азыр адам азайтып койдум ошондо деле озумдон башка 10 адам кармаганга туура келип жатат.
05.11.2013. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
орустар биринчи орунга деле чыкты окшойт нацизм боюнча элинен да полициясы, болницасы. Оздору орустар келип тийишет уруш чыгарышат уруп койсон камаласын келтек жесен деле камаласын териштируу жок сен черныйсын сен кунолуусун биздин мамлекеттин колунан эчтеке келбейт
05.11.2013. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эми айла жок,мандайга жазылганын коробуз да((А биздин алып жутарларга чон каргыш!Ылайым ошолор да бир куну мигрант болуп,ушундай кордуктарды коруп калышсын!(((
06.11.2013. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ai tuugandar! Суйлойт десе ар нерсени айта бересинерби?! Документин таза, озунду тегиз алып журсон сенин мышыгынды эч ким ПЫШ дебейт.
06.11.2013. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kubasel, senin sozun tuura emes,bizge okwop migrant bolson bilesin bizdin akybaldy ,
08.11.2013. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kubasel, озгочо ушул маалда ПЫШ дей башташты.метрого кирсен мигранттар азайып калды..Орустар болсо жаман коздору менен атып жиберчудой карашат.Ошол эле пыш дегенге барабар да!
06.11.2013. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Bizdin lyrgyz baldar ele ko4odo adam tonoboi reket4iligin toktotso jakwy bolmok,jakynda ele menin jeenimdi 9 kyrgyz bala sabap ketiptir azyr koomada eger eesine kele turgan bolso. jeenim aitat owol baldardy,biz alardu izdep jatabyz tabylyp kalsa biz alardy baaryn owondoi kylabyz,kyzgyzdyn baldary reket4iligin toktotuusun kaalaim
06.11.2013. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Bizdin prezident bir 4okuga putindin atyn koidu,orusiya degnde oozu jabylbai kulup kalat,kandai eldi oilop el u4un bir wart tuzup bere albait okunom daaaaaaaaaaaaaaa
06.11.2013. 04:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба достор акыбал кундон кунго оорлошуп барат,эмне кылышты деле билбей калдык ушул бийлик тегилер качан элдин камын ойлоп ишалып баарышат экен дээгеле алардын алкымдаары толобу экен.Бул жакта канчалаган Квргыз тууган дарыбыз коркушуп ишке баралбай уйдо жатышат анысы аз келгенсип туну менен кочодо квартирага ФМС басып кирип калат деп уйкусуз тундорун кочодо откозуп журушот.КЭЭЧЕ куну эле майрамда колдук бир жигитти олтуруп кетищиптир байкуш Кыргызстанда атасы каза болуп акча болсо эле кетем деп
06.11.2013. 04:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жургон экен байкуш ушул миграция ишин тээзтрек чечип беришсе жакшы болмок.Бул жактаго черныйлардын документтерин текшеришет ал эми Кыргызстанда жургон орус,кытай жана башкалардын прспоскаларын текшере бекен полициялар.
06.11.2013. 05:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жогорудагы сулуу жазып докум ди таза алып журсонор эч ким тийбейт дегендерге жоооп!!!!!!!:::
Эмне силер көрсүңөрбү? Метронун ичинде эле орустар сабап кетип жатпайбы?!!!
Анан док таза болуп 2 комнаталуу квартирада 45000р берип жашайсынбы?
06.11.2013. 05:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ааз калды чыдагыла вася мамлекетинде жургон боордоштор, жаны жылдан кийин текшербей деле калат ))
06.11.2013. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чын эле азыр Москвада журуш ото опасный болуп калды.
06.11.2013. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akylyn menen bolson karyndashym 1,5 milion adam kelsin sen ish taap ber anda
20.11.2013. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
laim-limon,кеп ФМС, депортация, документ жонундо болуп жатат. Жогорудагы билдируулорду окуп анан жазсаныз.....
Модератор admin_media түзөттү 21.11.2013 10:44
06.11.2013. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акаев жаман болсода Россия менен келишим тузуп паспорт алганга жардам берген Атамбаев тен эч толк чыкпады
06.11.2013. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Документин жайында болсо деле черный дем уруп кетип жатышбайбы топ ,топ болуп.КВАРтирага регистрация кылынбаптыр деп кармап кетип жатышбайбы.Москвада кв эн кымбат жана бир болмолу квартира тапсан айына 35минден жогору толойсун кара жумуш кылып алган акыны кв берип отуруп калат белен ошон учун коп жашайт
06.11.2013. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин мамалекетибизде деле канча ар улутун адамдары иштейт ошолорго деле налог разрешения регистрация дегендерди жасаса Кичине болсо да бюджетке акча тушмок биздин чоондор эмне ооздорун ачып отурушат билбейм оз элибизе жерибизде туруп башка улуттардан кордук коробуз орустун биросун олтурду эле канча улутардан оч алып жатышат биздикилер оз элин коргой алышпайт ушул орустардан сабак алса жакшы болмок анан Кыргызстан наш общий дом деп баарын киргизип албай
06.11.2013. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Men da baram korkup atam...
06.11.2013. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3

кудай буюрса баары жаекшыыболот мекендештер
Модератор admin_media түзөттү 07.11.2013 09:38
06.11.2013. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин да келинчегимин да дипломубуз бар,мекенибизден жумуш таппай москвада журобуз.Балдарыбыз бизге окшоп тентиребесин деп кемчилигибизди толуктап журобуз,балдарыбызды ата-энени сагынып аларды сагындырып жыргаганыбыздан журот белек.документибиз таза болгону жашаган жерибизге катталган эмесбиз.Кудай сактасын деп жашап журобуз урматтуу capslock,saymon91
06.11.2013. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бугун жумуштан кайтып келе жатып орус жаш балдар нападения кылышты элдер коп болгондуктан жагдайдан кутулуп чыгып кеттик,туугандар этият болуп жалгыз ээн журбогуло
07.11.2013. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ээээх ушул корунуш качан токтойт экен.орустар мигранттарды адам катары корбой калдыгоо.кун сайын жанылыктардан кырсыктаган мигранттарды окуп,журок опкоолжуп турат.кийинкиси ким болот экен деп.Улуу Урматттуу АША ушул койгойлорду чечип берсе жакшы болот эле.Путин менен туз суйлошуп дегендей.
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: