Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

МОСКВАДА МИГРАНТТАРДЫ КУУГУНТУКТОО КҮБӨЛӨРДҮН КӨЗҮ МЕНЕН...

№574 01-ноябрь-07-ноябрь, 2013-ж


28-октябрь күнү Москва шаарынын «Садовод» соода борборунун аймагында полиция кызматкерлери масштабдуу операция жүргүзүп, миңге чукул мигранттарды кармашты. Анын ичинде кыргызстандыктар да бар. 13-октябрдагы Бирюлево окуясынан кийин Орусияда мигранттардын ишмердүүлүгүн текшерүү кадимки куугунтукту элестете баштады. Рейддер кандай түрдө өтүп жатканын мындай ишти жон териси менен сезип, көзү менен көргөндөр баяндап беришти.

ЖЫЛ БАШЫНАН БЕРИ 950 КЫРГЫЗСТАНДЫК ДЕПОРТАЦИЯЛАНДЫ
Москва шаарында жайгашкан ири базарлар менен соода комплекстери четинен полиция кызматкерлеринин текшерүү аянтчаларына айланууда. Анткени мындай жерлерде иштегендердин арасында эмгек мигранттары басымдуулук кылат. «Садовод» соода комплексинен полициялык участокторго жеткирилген Кыргызстан, Өзбекстан менен Тажикстандын миңге жакын жарандары Орусияда мыйзамдуу жүрөбү-жокпу, кылмыштарга тиешеси барбы-жокпу деген суроолор боюнча текшерүүдөн өтүшкөн. 28-октябрдагы «тазалоонун» жүрүшүндө 16 кыргызстандык да кармалганын Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги кабарлап, кийинчерээк сүйлөшүүлөр аркылуу алардын бошотулганы маалымдалды.
Рейддер, массалык кармоолор менен катар депортациялоо да күчөдү. Тышкы иштер министрлигинин жалпы консулдук маселелер боюнча бөлүм башчысы Бакыт Үмөтовдун айтымында, быйылкы жылдын башынан бери 9 айдын ичинде соттун чечими боюнча 950 кыргызстандык Орусиядан чыгарылган. Ушундай окуяга кириптер болгон Эльвира Рыскулова бизге буларды айтып берди: «18-октябрда жолдошум экөөбүз Бишкектен Москвага учканбыз. Шереметьево аэропортунда чек арачылар Орусиянын жарандыгын алган күйөөмдү бат эле өткөрүп жиберишип, мени бир бөлмөгө алып барышты. Анда 14 саат отурдум, кийин эч кандай түшүндүрүү иштерин жүргүзүшпөй эле учакка чейин узатып келишип, 3 жылдык мөөнөт менен депортациялап жиберишти». 
Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын диаспоралары Москвада тегерек стол өткөрүшүп, анда эмгек мигранттары мыйзамсыз депортацияланып жаткандыгы да айтылды. Бул боюнча Федералдык миграциялык кызмат «биз аткаруучу органбыз» деп актануу менен кутулушту. Жыйынтыгында диаспоралар Орусиянын президенти Владимир Путинге Москвадагы кырдаалды тартипке келтирүү боюнча кайрылуу жасашты.

МОСКВА МААНАЙЫ КАНДАЙ?
Биз SUPER.KG порталынын колдонуучуларынан Бирюлево окуясынан бери Орусияда кыргызстандык эмгек мигранттарына карата мамиле канчалык өзгөргөнүн, дегеле ал жактагы бүгүнкү кырдаал кандай экенин сурап көрдүк.

Аксана Жолдибоева:
– Мен гипермаркеттердин биринде кассир болуп иштейм. Акыркы учурда жумуш убактысында мигранттардын документтерин текшерүү күчөдү. Мыйзамсыз жүргөндөрүн депортация кылып жатышат. Ошондой эле мигранттар жашаган квартираларга чейин Федералдык миграциялык кызматтын өкүлдөрү түнгө карабай бастырып киришүүдө. Көчөдө да тынчтык жок болуп калды, орус жаштары ар жерде чогулуп алышып, жанынан өтүп бара жаткан мигрантты токмоктоп кетип жатышат. Автобус, метро, дегеле бардык жерде текшерүү катуу жүрүүдө. Биздин президентибизден азыркы кырдаалга байланыштуу кыргыз мигранттарына жардам берүүсүн көптөн-көп суранам.

Нурлан Арапбай уулу:
– Өзүм Москва шаарында басмаканалардын биринде жүк ташуучу болуп иштейм. «Садовод» базарында иштеген кыргыздар бир топ эле, алар ошол жерден акча таап, үй-бүлөсүн, ата-энесин багып келишкен.      
Бирюлево окуясына чейин деле орустардын мигранттарга болгон мамилеси жакшы эмес болчу. Андан кийин полиция кызматкерлери да мигранттарга карата күчөтүлгөн режимде иштей баштады. Акыркы ирет Курман айт намазына мигранттар текшерүүлөрдөн чочулап, жылдагыдан аз барышты. Өзүм да документтердин айынан бара албай калдым. Легалсыз жүргөн кыргыздарга кыйын болду, анткени документ жасатуу иштери 30-40 миң рублга айланып кетет. Акчасына чыдап документти даярдаткан соң да жакшы жумуш табуу оор болуп калды.
Өзүм жумушума метро, андан чыгып автобус менен барам. Жол бою жергиликтүү калктын жек көргөн көз карашына чыдап барууга туура келет. Эптеп жумушка жетсең, ал жакта да мигранттар тууралуу сөз кылышат. Эки жылдан бери үйүмө бара элекмин, азыр кетип калайын дейм, бирок жумушум менен айлыгымды таштап кетким келбейт, анткени Кыргызстандан мындай жумушту да, айлык акыны да таба албайм. Кечинде квартирага келгенде «качан ОМОНдор басып киришет...» деп уйку жок. Документтен кыйкым табышпаса, «жашаган үйдө катталбапсың» деп депортация кылышууда.
Жакында эле жеңемди ишканасынан кармап алышып, 5 миң рубль айып пул төлөтүп, он күндүн ичинде Орусиядан чыгарып жиберишти. Кийин бөлөмдү метродон токтотушуп, документтерин текшере келишсе, анысы жасалма болуп чыгып калыптыр. Сотко алып баратышкан жеринен
15 миң рубль пара берип алып калдым. Мындай кысым улана берсе, каякка бармак эле, мигранттар айласыздан өз мекенине кайтышат.

Мээрим Халмурзаева:
– 6 жылдан бери жеке компаниялардын биринин чыгданында иштеп келем. Бирюлеводо болуп өткөн окуя биринчи жолку көрүнүш эмес. Жергиликтүү калктын өкүлдөрү деле кылмыш жасашат. Бирок мигрант тарабынан жасалган кылмыш иштери көзгө илинери менен кээ бир күчтөр бул абалдан болушунча пайдаланып калууга аракет жасашат. Бат эле ЖМКларга, социалдык тармактарга жайылып, элдин кыжырдануусу ого бетер күчөйт.
Учурда рейд иштери жүрүп, өз көзүм менен күбө болгонумду эле айтайын, чогуу жашаган келин бир аптадан бери жумушуна бара албай жатат. Москвада бир күн ишке чыкпасаң, артка кетесиң. Анан да мигранттарды жумушка алгандар оңбогон акчага айып пулга жыгылып, жазага тартылып жатышат.
3 бөлмөлүү квартирада 5 үй-бүлө жашайбыз, анын ичинде кичинекей 5 бала да бар. Үнүбүздү катуу чыгарып күлбөйбүз, наристелерди «чуркаба, секирбе» деп эле отурабыз. Ашканабыз көчө жакта болгондуктан, кечинде жарыкты өчүрүп коюп тамактанабыз. Атүгүл жумушка жеткиче метродогу мас орусту көрүп калсам эле качан асылып, уруп жиберет экен деп коркуп турам.
Бул окуялар «Орусия – ашынган улутчул өлкө» деген пикирди жаратууда.

Эльвира Караева
politika@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(165)
04.11.2013. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллах озу колдосун мигранттарды ! азыр президентке кайрылганыбыз бекер... алар баары бир конул бурбайт ! москванын скинхеттерине кудай берди черныйларды кырып олтуро баштайт..... оз жерин болбосо кыйын экен эч нерсе колундан келбейт бироого барып жалоб кыла албайсын мамлекеттин экономикасы онолуп жакшы жашоо болсо кетип эле калмакбыз баш катып калды аман эле бололу
04.11.2013. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аман эле бололучу жакшы иштеп оз жерибизге кулуп жайнап кетсек экен
04.11.2013. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
мигранттар!Силердин эн 1-ден со0лук,аман-эсендигинер керек!Унутпагыла!
04.11.2013. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир чети жакшы деле болот,,, Булар деле мамлекеттин тынчтыгын кызыкчылыгын көздөп атышат да,,, кыргыздар айласын табабыз,,, Эч моюн сунбашыбыз керек,,, Россия менен эле күнүбүз бүтүп калбайт го,,, Байыркы КЫРГЫЗ эли байыртадан бери жашап келген анан эле ушул жүн баштардан күнүбүз бүтүп калмак беле,,, Мунун артында чоооң саясат жатат,,, Эптеп таможный союзуна кошуп алыштын аракетин кылып атышат,,, Ал союзга кирсек
04.11.2013. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чондор деген менен аларга да кыйын эми эле иш баштайын десе артын чукуп жиберет экинчиси. Мисалы келип суйлошоюн десе бажы биримдигине кошул деп жатса керек да эми жер орустуку болгондон кийин эмне кыла алмак биздин чондор.
04.11.2013. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ал союзга кирсек мындан хуже болот,,, Ошондо арман айтышабыз,,, так что ар бирибиз буларга баш ийип көз каранды болбошубуз керек,,,
04.11.2013. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да Москвада иштечумун.20кун болду келгениме.1айда кайра кайтам деп келип, тополонду угуп жазда барсамбы деп ойлонуп калдым эми
04.11.2013. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Орустар кооп кетиштиго. 41-жылкы согушта биздин кандай гана баатыр чон аталарыбыз "Москваны"коргойбуз деп олуп кетишкен. Орустар ошол убактарды унутушканго...
04.11.2013. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Asiyo жайында еле кел азыр толкда жок жумуш аз текшеруу коп болуп атат.....ментродо журуш болбой калды киргенинде кармайт или чыга бериште кутуп турушат ментер...
05.11.2013. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
sobr_89kG, биздин ночальнигибиз айтты силерге даагы жаман болот бул эч нерсе эмес, президентинер "баран" кечиресиздер укканым ушул, американын базасын чыгарганда силерге россияда "добро" болмок алардан акча, бизден акча алып журот шумшулундоп деп, баарына кайыл болуп иштеп журобуз айлак жок,
06.11.2013. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
STARS-BOYS88, американын базасы чон сумма толойт туура,россиянын канттагы базасы 1 тыйын толобойт союз мезгилинде калып кеткен
05.11.2013. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийликтегилердин тили отпойт окендерге, ошондуктан колу менен башын калкалап отурат да, козго илинбоонун айласын кылып.
05.11.2013. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
arimaz89, Бийликтегилердин тили кыска да, Россиядан которулган акчаларды болушуп алып чет олкодон уй, машина алышып.
05.11.2013. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кагылайын кыргыз элим,буйруса кырызстан онолот алтындарым.Ишенип койгула алтындарым деп койуп Атамбаев ушу жагын караса болмок
05.11.2013. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aman80-11,
Ооба, онолот албетте!
05.11.2013. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
capslock,
созго эле ишендире берип, канча жыл болду, артка эле кетип жатабыз. Эми бул жагы элди кыйнагандар же бар же жок болот.
08.11.2013. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aman80-11, оппоо кыргызстан биз баарыбыз оллуп баарыбыз тугонгондо онолот окшой азыр эч козум жетпейтго((
05.11.2013. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Карап корсон 16-тынчы жылдагы уркунго окшоп баратат,бизди кугунтуктап жун баштар.Комментарийлерди окуп отуруп ушундай ой кететда.
05.11.2013. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бирюлева дагы базар жабылгандан кийин азерлер даагы бир базардан бираз орун алышкан келлгендерине 2 кун болду иштешип баштаганына алар келгени ал базарга даагы кире албай калдык себеби менттер вароталарды тозуп турушат киргизбей ушуга окшогондор канча прованы даагы алмаштырасынар деп жатат чондорубуз эртэрээк жардам берсе жакшы болот эле
05.11.2013. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5 де прованарды алмаштырасынар деп даагы журокту тушуруп жатышат ошонун кереги жооек эле
05.11.2013. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chyngyz_0489, Прова дегенин эмне?
05.11.2013. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул консул-монсул, элчиликте иштегендердин жардам бердик деген создоруно ишенбей эле койгула туугандар, Москвага жети жылдан бери келип иштеп журом, бир кыргызга жардам берилгенин ушуга чейин уга элекмин. Кафе-ресторандарда майрамдагандан башканы билбесе керек алар, Москвада жарык коргон гезиттерден окуп калам
05.11.2013. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
betman, туура айтасыз, жардам эмес бизди уккулары да келбейт алардын. Маалымат алайын деп барсан кенкейип аран суйлошот.Жалкоолуктан. Жанындагы кафеден чыгышпайт, курсактарын сыйпалашып.
05.11.2013. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч кандай консул жардам бергенин уга элекмин мен,Аллахым бизди озу сактасын,президентибиз да мактанганды билет башка убадасы жок,чукулаган создору Кум тор,Россиядагы мигранттардын тагдырын ойлобойт,достор этият болгула кочодо айрыкча метродо,Аллахым озу силерди колдосун.Ассаллому алейкум ва рахматулло хи баракату
05.11.2013. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2 жылдан бери журом бир документ турулаган жокмун,мына окуя болгондон кийин жасадым) тагалар серезно чыкты.
05.11.2013. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кээ бир мигранттар келгенине 5 жыл, ошо 5 жылда бир эле жолу регистрация кылгандары бар да. Же чек арадан отпой эле метролордун биринен миграционный карточканы сатып алышып фальшивый регистрация кылып журушот го. Анан орусча атын ким дегенди тушунбогондор да бар да.Метро, автобустарда телефон м/н катуу кыйкырып суйлошкону аз келгенсип, озубузду обществ. жерлерде алып жургонду билбейбиз. Документин таза болсо эч кимден коркпой журсо болот.Мен эркин эле сезип журом.Ишимде жалгыз кыргызмын.Коллега
05.11.2013. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ларымдын мамилеси кудайга шугур. Кудайым биз менен болсун! Аман бололу!!!Сак болуш керек.Туну кочолобой, ичимдик ичпей.
05.11.2013. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийликтегилер эртерээк ойлонушунаар керек.ар бир мигрант учун бул маселелер бугун болсо бугун чечилиш керек.эгер бироо соттолсо же бироо бир нерсе болсо чондордон анын сразы айласын табасынар кандай жол менен чыгарышты.а бирок мигрантдардын департ болгону силер учун билбейм кандай ойлор болуп атат.ар бир мигрант учун карангы болуп жатат.бул маселени ким чечет деги же кыргызстанда заводдор фабрикалар болбосо.
05.11.2013. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kunnur,токойдогу жаныбарлар чогулуп Арстан айтат дейт келгиле муно чон сууга копоро салабыз ким барып Ак уйдон уруксат сурап келет деп айтат екен анан карышкырды жиберет екен каке барып келип менин тилимди укпай койду дейт анда тулкуну сен барчы сен кичине шар шуй емессинби деп тукени жиберет туке да келип мени кууп чыкты дейт анда аюу сен кучтурооксун сен бар деп аюуну жиберет аюуда мени кууп чыкты дейт эми емне кылабыз дешет анда ешекти жиберели дешет макул деп ешекти жиберет кетип еле жок дей
05.11.2013. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барып кыргызстанда эле жумуш кылайын десен.же жумуш жок элдин курсагы ач баягы эле бийликтегилердин карды ток болот.бирок элдин каргышына убалына каласынар.мигранттар иштеп жаткан учун бийликткгилер тынч иштеп жатышат.болбосо билбейм бул кунго чейин кандай болмок
05.11.2013. 03:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Америкада да орустар коп жашашышат. Кээ бир орустар бар 20-30 жылдан ашык жашаган. Кобунчо документтери жоктору, диний жак менен християнство аркылуу документ жасатышат.Алар Америкада эн эркин жашашышат. Бирок Америка олкосу Россиядай аларга жаман кылып депортация кылган жок, корот элем бизге Россияда жашаган кыргыздарга кылган мамилени аларга кылса эмне болмогун.
06.11.2013. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Paulina,
Orystar byt jakta.londondo dagy toltura.toje ozdorun erkin sezip ele jyrushaot..
Baikush kyzrgyzdar.
Men alardy jakshy tushunom.
Tolko za granitsaga baryp jashap i akcha tapkan kishi ele tushunot bizdi.;(
05.11.2013. 04:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аксана Жолдубаева,Нурлан Арапбай уулу,Меерим Халмурзаева, бул кишилер чындыкты айтып жатыптырго ,менда ушул кишилерге кошуламын бул чындык,аттин ай кыргызым!
05.11.2013. 06:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рф паспорт алгандарды да коибои жатышат ак кулактар прапискан кай жерде болсо ошол жерде жаша деп.камап салыптыр кыргыз балдарды 15суткага.
08.11.2013. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kurguz..., Паспорт болгону менен времен. регистрация кылыш керек да. Прописканы бастырып алып жургон кыргыздар канча. Башка региондон барган орустар да регистрация жасатышат.Аларды да жон койбойт штраф салып.Закон ошондой.
05.11.2013. 08:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаратканым озу колдосун,бизгеда жакшы кундор буюруп тургандыр.Баарыныздарга сабырдуулук,ден соолук каалаймын!
05.11.2013. 08:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Москваны таштайлы эми,туугандар. Эми Американы багындарбайлыбы мигрант болуп барып.
05.11.2013. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Байкуш чет элде жургон жараандарыбыз га кыйын болду.Чондорубуз бир чарасын коруп маселени чечишсе болмок.Эч болбосо Атамбаев оз ара суйлошуулор менен келишим тузуп,жардам берсе болмок.Ушшунча Москвада иштеп уй-булоосун багып ошол жактан оз кунун коруп жаткан жашоочулардын тиричилиги эмне болот.Мекенибизге келишсе жарытып жакшы жумуш жок,ушул суроолорго ким жооп берет дейм да?!
05.11.2013. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул маселени эки тарап менен карасаныздар. Эмнеге дипломунар бар болсо кыргызстандагы толтура жумуш турат ошого иштебейсинер? Ал жакка барып иштеп келип ден соолуктан аарылып жатасынар туугандар. Мейличи алар болсун, бирок уй-булоолуулор кетип балдары бул жакта калып жатат алар ата-эне мээрмин корбой осуп жатат. Талаада иштесе да балдарынын кашында болгн жакшы го. Тушунбойм, аракет жасап Кыргызстанда иштеген туура менин оюмча. Орусияга баргандардын 80% ден соолугунан ажырап, 10% маайып же бир б
06.11.2013. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
capslock, КР.нын айлык маянасын сен кошумчалап турасынбы? Ошол диплому бар мигранттардан улгу ал керек болсо! Ата-энесинин кадыр баркын бул жакта жургондорго караганда ошол жактагылар жакшы билет. КР.дагы айлык маяна 1адамга жетеби деги?!
06.11.2013. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
capslock, сен америкадан же башка олкодон жаны эле келген окшойсун .Кыргызстанда кайсы жумуш бар
05.11.2013. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
же башка бир башка кырсыктарга учурап келет. Айланайын кыргыз элим башка элге кул/, башка жерде кор болгонщч кыргызстанда эле жургулочу. Ошол жакта кылгпн кызмматты бул жакта оздоштургулочу. Эч нерсе тушунбой келем. Ошол коооооп иштеген акчанарды бул жакка келип ден соолугунарга жумшайсынар. Ошол аралыкта канчаа убактынар, омурунордун гулдой турган убагы башка жакта коркуп уркуп отуп жатат. Ошонун эмне кереги бар. Ал жакка кеткен уй улолуулор ажырашып жатат, ал жакта никесиз жашоо коп болуп балд
05.11.2013. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
capslock, 12-жаштагы баладай экен ой жугуртуунуз
05.11.2013. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sarabanda,
Кеп менин оюмда эмес, кеп чындыкта. Ооба, 12 эмес 10 жаштагы кызмын
05.11.2013. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
capslock, sen anda 10 jashta bolson 18 jashka chyksan anan bilesin.emne sebepten chet jaka ketip atkandardy
06.11.2013. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
capslock, КР.нын айлык маянасын сен
кошумчалап турасынбы? Ошол диплому
бар мигранттардан улгу ал керек болсо!
Ата-энесинин кадыр баркын бул жакта
жургондорго караганда ошол
жактагылар жакшы билет. КР.дагы айлык маяна 1адамга жетеби деги?!
06.11.2013. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
capslock, А что в Кыргызстане делать. Если ни чего не смогут предоставить. Кудайга шугур эптеп журобуз да. Жардам деген жок Кыргызстанда. Анда коро жет жакта журуп уйболун багыш к-к
05.11.2013. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Балдар торолуп таштандыга ташталып жатат, мындай кордукту коргондон коро жылуу жумшак оз мекенинерде жургулочу суранам. Ар бир адамдын ырыскысы бар, жашоо улана берет. Орусия кыргыз элиме эч кандай жакшылык алып келбей эле менин оюмча. Силерди жаман дебейм озумдун оюмду айттым, менин да туугандарым бар ал жакта, аларга ушул создорду аайтып келет дайыма.
05.11.2013. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
capslock, Кыргызстанда иш болсо,Россияга ким кетмек эле?Аябай эле артта калган неме окшойсун)
06.11.2013. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
capslock, балдар торолуп таштандыга ташталып жатат депсин, а РФда жургондордун эмне тийешеси бар, андай корунуштор оз мекенибизде деле болуп жатпайбы, адамдын ыймандуулугуна жашаган жери таасир этпейт, ал бир гана озунон
06.11.2013. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lili, эн туура
06.11.2013. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
capslock, кайдагы жумушту айтып жатасын .Мигрантардын баары кедсе олкобуздо акса калбайт го .мигрантар бар учун кыргызстанда аз да болсо иш бар алар келсе иш жок болуп калат.Себеби ошол мигранттар жоноткон акча менен кийим кече алынат.продукты дегендей.машине минишет .алар акча жонотпой койсо эмне болушун билбесен керек каарындашым
13.11.2013. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
capslock, Менин Кыргызстанда ишим бар эле,бирок айлыгым 15(он беш) эле мин болчу,озум сварщикмин.Ушул туурабы канча зыян алам ал сваркадан.А бул жерде эмгегиме жараша акча толойт,ыраазы элемин.Бирок,Мекениме кайра барам биротоло кудайым буйрук насип кылса,Кыргызстанды суйом!!!Баарынарга болок жерде аманчылык каалайм!!!
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: