Супер-Инфо / Шоу дүйнө

КЫЛЫЧБЕК СУЛТАНОВ КЕЗЕКТЕГИ КЫЗМАТКЕРИНЕ ТЕМИР ТУЛПАР БЕЛЕК КЫЛДЫ

№575 08-ноябрь-14-ноябрь, 2013-ж


Гезитибиздин негиздөөчүсү Кылычбек Султанов жыл сайын үлгүлүү кызматкерлеринин бирине унаа белек кылат. Бул жылы таланттуу журналист, мээримдүү эне, 7 жылдан бери «Суперде» эмгектенген кесиптешибиз Нуржамал Жийдебаевага 7-ноябрь – журналисттердин кесиптик майрамына карата Ниссан Премьера үлгүсүндөгү темир тулпар тартуу кылды. Бул кесиптешибиз сандан-санга ээрчиткен курч окуялуу чыгармалары, жүрөк толкуткан аңгемелери аркылуу биздин окурмандарга таанымал. Кесиптешибиздин күмүш түстөгү темир аргымагы кут болсун, өзү дайыма аман болуп, ийгиликтердин үстүндө жүрсүн! Анан да Кыргызстанда Кылычбек Камчыевич сыяктуу иш билги, күйүмдүү жетекчилер көп болсун дейбиз!

star@super.kg



SQLSTATE[08004] [1040] Too many connections Fatal error: Call to a member function prepare() on a non-object in /var/www/super.kg/module/article/model.article.php on line 632