Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174   1175  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

МИРБЕК АТАБЕКОВ: «ПРОДЮСЕРИМЕ ТААРЫНЫП, БИР КҮН СҮЙЛӨБӨЙ ЖҮРДҮМ»

№200 1-7-сентябрь, 2006-ж.


– Мирбек, сенин балалыгың айылда өткөнбү же шаардабы?
– Мен өзүмдү айылдык эле баламын деп эсептейм. Талас районунун Жонарык айылында төрөлгөм. Мен эки жашка чыгып, карындашым жаңы төрөлгөн жылы атамды поезд тебелеп кетип бул дүйнө менен кош айтышкан экен. Кийин апам үч баласын алып шаарга келип оокат кылмай болгондо чоң ата-чоң апаларым мени өздөрүнө алып калышыптыр. Ошол бойдон атамдын агасын атадай көрүп, балдары менен бир туугандай болуп 6-классыма чейин айылда чоңойдум. Анан бул жакка, апам менен бир туугандарыма келүүгө туура келген.

– Анда сенин ырчы болушуңа айылдын таасири тийген экен да.
– Ооба. Таласта окуп жүргөн кичинекей кезимде эле ырдаганга кызыкчумун. Мектептен келгенимде «бүгүн канча алдың?” деп сурашса, “музыкадан беш алдым!” деп сыймыктануу менен айтчумун. Эсимде, 5-6-класстарда окусам керек эле, эл көп чогулган кайсы бир майрамда “Таласым” аттуу ырды ырдап жаткам. Анда үнүм да ичке болчу. “Таласы-ы-ым...” деп созгон жерине келгенде үнүм чыйылдап такыр жетпей калды. Ага болбой эле созуп жатам. Элдин баары каткырып күлүп жатышат. Мен эч нерседен уялчу эмесмин, үнүмдү оңдоп туруп кайра ырымды улантып кеткем.

– Таластан Бишкекке келгенде шаар турмушуна көнө албай кыйналгандырсың?
– Эмнегедир бат эле көнүп кеттим. Эмнеси болсо да өз апамдын жанына келбедимби. Анын үстүнө каникул сайын Бишкекке келип турганым үчүн шаар турмушу мага жат эмес эле. Бир жери, шаарга келгенден кийин менин музыкага болгон табитим негедир түп-тамырынан өзгөр­дү. Мурда нукура кыргыз ырларына кызыгып, ошолорду ырдап жүрсөм, эми батыш стилиндеги чет эл музыкаларына кызыга баштадым. Магнитофонду коюп алып угуп отура берчүмүн. Ушул кызыгу­ум­­дун артынан кийин кафеде да ырдап жүрдүм.

– Кафеде ырдаганың мектептеги окууңа тоскоол болчу эмес беле?
– Алгач кафеге 10-класста окуп жүргөндө келдим. Ал кездерде сабакка зыянын тийгизбей тургандай кылып иштечүмүн. Канчалык кеч келсем да эртең менен эрте туруп, сабакка барчу элем. Анда акча таппасам да жөн эле ырдаганыма корстон болуп жүрө берген экенмин. Эгер жүз сом таап калсам, сүйүнгөн бойдон үйгө алып барып, апама берчүмүн. Ал эми 11-класс болуп калганда ырга берилип сабактан кача баштадым. Көп учурларда барбай да койчу бол­дум. Анын үстүнө анда көп акча тапканга үлгүрө баштаган элем. Кыскасы, мектепти ырдап жүрүп эле бүттүм.

– Экзаменде мугалимге ырдап берип баа алганың чынбы?
– Ооба, биология сабагы болчу. Мугалим “Мирбек, сен ырдайт турбайсыңбы?! Ырдап берчи?” деп калды. Билетке даяр эмес элем, ичимден “кым” дей түштүм да, “Сары ойду” созолонтуп кирдим. Эжеке: “Азамат, сен жакшы ырдайт турбайсыңбы? Сенин минтип жүргөнүң жарабайт. Чоң сахнага ырдап чыгышың керек экен” деген жакшы сөздөрүн айтып, “беш” деген баа боюп берген. Ошол эженин сөздөрүнө эрдемсип бир топ күч-кубат алгандай болдум.

– Анан мектепти аяктаган соң музыкалык окуу жайга эмне үчүн тапшырган жоксуң?
– Ал кезде мен азыркыдай популярдуу болуп чыгып кетем деп күткөн эмес элем. Ошондуктан, ырчылыкты жөн гана хобби катары алып кетүүнү максат кылып, музыкалык окуу жайга эмес, Улуттук университеттин экономика факультетине тапшыргам. Азыр анда 3-курс болуп калдым. Балким, кийинчерээк музыкалык билим да алып алсам ашыкчалык кылбастыр.

– Сени өзгөчө популярдуу кылган “Сени гана” ырың кимге арналган?
– Эч кимге деле арналган эмес. Ушул ырымды жаратканым эсимде. Кеч күз болчу. Бир күнү кечинде адатымдагыдай эле интернет-клубга кирип, ойногондон тажаганда кино көрүүгө өттүм. Ал кинодо сүйүү укмуш чагылдырылыптыр. “Ушундай сүйүү кинодо эле болбой, жашоодо да болбойбу” деп ойлоп, ошол мелодрамадан катуу таасирленгеним эсимде. Анан бир аз музыка уктум да, эшикке чыксам, аппак кылып кар жаап коюптур. Мына сулуулук! Мен интернет-клубга кирип баратканда жер капкара болчу. Табиятка суктанып, карды кечип үйгө жөнөдүм. Түн болсо бир оокум. Кыңылдап баратсам, өзүнчө эле жагымдуу кайрыктар биринин артынан бири шыр жаралып жатат. Ошентип, үйгө жеткенге чейинки он мүнөттүн ичинде толук бир обон жаралып калды. Үйгө бара калып соткамдын диктофонуна ырдап жаздырып койдум. Ошол түнү эмнегедир көпкө чейин уктабай жаттым. Таң атаары менен досум Ильяз Абдразаковго барып сөзү жок эле обондун аранжировкасын жаздырдым. Сөзүн болсо кийинчерээк өзүм жаздым. Бирок, бул ырдын жаралышы тез болгону менен жарыкка чыгышы аябай кеч болду. Ырдын жазылышы өзүмө жакпай, үчүнчү студиядан жаздырганда араң жаккансыды.

– Ошол кезде ырыңдын азыркыдай популярдуулукка жетишин сездиң беле?
– Сезгем. Бирок, кооптонгон жерим бар болчу. Анткени, мындан мурунку “Жүзүң” деген ырымды хит болот деген чоң ишеним менен жараткан болчумун. Тилекке каршы, негедир мен күткөндөй болгон жок. Башкача айтканда, элге сиңип кете алган жок. Жаңы ырым да ушунун кейпин кийип калбаса экен деп чочуладым. Бактыга жараша, “Сени гананы” радиого берээрим менен эки жуманын ичинде эле элге жайылып кетти.

– “Сени гананын” каарманы барбы? Бул ырды ырдап жатканыңда көз алдыңа кимди элестетесиң?
– Бирөөнү элестетейин десем эле өзүмдү адашып кетчүдөй сезе берем. Анын үстүнө бул ыр эч кимге деле арналган эмес.

– Негизи, сага сүйүү келди беле?
– 10-класста окуп жүргөнүмдө бир кызды сүйгөм. Эгер мага бир кыз жөн гана жакса, кандай болсо да ыгын таап, таанышып, сүйлө­шүп кетем. Башкача айтканда, мен кыздардан такыр уялбайм. Ошол кызды чындап сү­йүп калганымды ушундан билгем, такыр сүй­лөй албай, оозума сөз келбей калган. Толкунданып, тартынып жүрүп эптеп тиги кызга сү­йүүмдү билдиргем. Ал да менин сүйүүмдү четке каккан эмес. Бирок, кайсы бир себептерден улам экөөбүздүн сүйүүбүз андан ары уланып кете алган жок. Ошондон ушул күнгө чейин бир да кызды жанагыдай болуп сүйүп көрө элекмин.

– Концертте күйөрмандарың берген гүлдөрдү эмне кыласың?
– Мен концертке келгенде жумуштан бир саатка эле суранып, араң чыгам. Ошондуктан, такай шашып келип, ырдай коюп кайра шашып кеткенге туура келет. Ушундай убактарда кээде гүлдөрүмдү калтырып кетип калам. Бирок, көбүнчө алып кеткенге аракет кылам. Анан да мага күйөрмандарым жумшак оюнчуктарды көп беришет. Аларды сөзсүз үйгө алып барам. Азыр үйдө жумшак оюнчуктардын өзүнчө эле чоң топтому бар.

– Сени күйөрмандарың менен сүрөткө түшүүдөн баш тартат экен деп айтышат.
– Күйөрмандарым ар кандай учурда сүрөткө түшүүгө чакырып калышат. Мисалы, мен өзүмө өзүм жакпай турганда. Же болбосо алар ар кандай фотоаппараттар менен тартышат да, сүрөт сапаты жаман болуп чыгып калышы мүмкүн. Ушундай учурларга жараша чын эле кээде сүрөткө түшүүдөн баш тартып коём.

– Азыр кызуу кандуу мезгилиң эмеспи. Балдар менен мушташкан учурларың болобу?
– Мушташпаган эркек болбосо керек. Анын сыңарындай мен дагы көп мушташам. Акыркы жолу бир мас менен мушташтым. Спорт Ордосунан концерттен чыгып, таксиге тү­шө­йүн деп жатсам, күйөр­ман кыздарым келип автограф сурап калышты. Аларга автограф жазып берип жатсам эле ары жактан бир мас келип: “Эй, ты что, красавчик что ли?” деп өзүн­чө эле мага тийишип калды. Теңелбейин десем да болбойт. Ошентип, экөөбүз мушташып кетип, мастын катыгын колуна карматтым. Өзүм­дүн болсо анча-мынча колдорумдун көгөргөнү болбосо, катуу сокку жеген жок­­мун.

– Сен дагы продюсериңден кетип калбайсыңбы?
– Мен андай жорукка бара албайм. Башында чыгармачылыкка аралаша албай жүр­гөн­үмдө Канат байкеге “байке, мен сиз менен иштешейинчи?” деп өзүм келгем. Мына, эми Канат бай­кенин жардамы менен сахнадан өз ордумду тапкандай болдум. Анын жак­шылыгын унутууга менин акым жок. Келишим аягына чыкмайынча мен продюсеримден эч жакка кетпейм. Темир кеткенде Канат бай­кенин “эми эч ким менен иштешким келбей калды...” деп гезиттерге берген интервьюсун окуп алып, бир күн ага сүй­лөбөй таарынып жүрдүм. Анткени, Канат байкенин бул сөзү түздөн-түз эле мага тийди.

Даярдаган Азиза Сатимбекова



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: