Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Ташкент кызы Гүл: «ЫРЫМДЫ БИРӨӨГӨ БЕРГЕНДЕ, КЫЗЫМДЫ КҮЙӨӨГӨ УЗАТЫП ЖАТКАНДАЙ БОЛОМ»

№242 22-28-июнь, 2007-ж.


Мындан туура бир жыл мурун чоң сахнага алгачкы жолу чыгып, шоу-бизнеске жаңыдан аралаша баштаган болсо да, бүгүнкү күндө Гүлдүн ысымы жетишээрлик эле кыргыз журтчу-лугуна таанымал болуп калды. Кыргыз эстрадасынын өнүгүшүнө салым кошуп жатканына сыймыктанган Ташкент кызы Гүл 1986-жылы 1-майда Талас районунун Манас айылында туулган. 6 бир туугандын экинчиси. Бойдок.

– Гүл, сенин мындай өзгөчө ысымың азан чакырылып койгон атыңбы?
– Менин азан чакырылып койгон атым Гүлзат. Гүл – чоң сахнага чыгаарда өзүм коюп алган атым. Негизи, мен бардык жактан башкалардан өзгөчөлөнүп турганды жакшы көрөм. Атымды алгач Гүлханыша деп өзгөрт­күм келген. Жатаканада чогуу жашаган курбуларыма айтсам: «Бул эмне деген ысым? Муну элдер угушса күлүшөт»,- дешти. «Анда Гүл коём»,-десем, ага да каршы болушту. «Тескерисинче, күлгөнү жакшы. Ошондо элдин эсинде жакшы сакталам»,- деп болбой эле өзүмдүн Гүлзат деген атымды Гүл деп өзгөртүп алгам.
– Фамилияңды да кийин өзгөрт­түң беле?
– Фамилиямды болсо мектепти бүтүп жатканда өзгөрткөм. Мектепте окуп жүргөндө бир классташ кызым экөөбүздүн фамилиябыз окшош эле. Экөөбүздүн аталарыбыз бир тууган болчу да. Ал начар окучу, мен болсо эң жакшы окучумун. Экөөбүздүн фамилиябыз катар тургандыктан, мугалимдер журналга көбүнчө экөөбүз­дүн бааларыбызды алмаштырып коюп алышчу. Анын «3»төрү мага түшүп калса мен ыйлап, атам мектепке келип, завучка журналды алпарып, бааларыбызды оңдоп эле ызы-чуу боло берчүбүз. Атама «фамилиямды өзгөр­түп бериңиз» десем көп маани берчү эмес. Мектепти бүткөндө аттестат жазган эжеге барып: «Эже, мен фамилиямды Ташкент кызы Гүлзат деп өзгөрттүм»,- деп калп айтып, аттестатыма ушинтип жаздырып алгам. Атама келип мугалимди алдаганымды айтсам, атам алгач мени урушту. Анан чуркап жүрүп бир айдын ичинде фамилиямды өз­гөр­түп берүүгө аргасыз болгон. Паспорт алган соң атам: «Турмушка чыкканыңда күйөөңдүн фамилиясына өтсөң капа болом. Сенин фамилияңды өзгөртүш үчүн мен канча убаракерчилик тарттым»,- деп калчу. Ошондо «Кудай буюрса, атамдын атын сөзсүз чыгарам» деп өзүмө-өзүм сөз берген элем. Мына, эми ошондогу тилегим орундалып жаткандай.
– Ошондо эле популярдуу ырчы болооруңду сезгенсиң го?
– Ал кезде атүгүл ырчы болуу оюмда да жок болчу. Бирок, ырчылык жактан болбосо да башка жагынан элге таанымал адам болоорумду сезчүмүн.
– Анда чыгармачыл чөйрөгө кокусунан келип калсаң керек?
– Мен кичинекей кезимден эле таланттуу болуп чоңойдум. Бийлегенди, ырдаганды өтө жакшы көрчүмүн. Бирок, менин ырдаганымды уккан бирөө бир жолу «үнүң аябай акырын чыгат экен» деп койгон болчу. Ошондон баш­тап бирөөлөрдүн көзүнчө ырдаганымды тып токтотком. Үйдө бир бөл­мөнүн эшигин жаап, эч кимге көрүнбөй көл-шал түшүп тердеп, суй жыгылганча ырдап-бийлечүмүн да, чарчаганда эч нерсе билмексен болуп сыртка чыгып калчумун. 4-5-класстарда окуп жүргөндө болсо ыр жаза баштагам. Биринчи жолу апама арнап ыр жазып, аны окуган апамдын аябай сүйүнгөнү эсимде. Эртеси күнү апам бир аз какыс-кукус кылып койсо, баягы ыр жазылган дептеримди отко салып жибергенимди да эстеп, азыр өкүнөм. Комуз, гитараны жогорку класстарда окуп жүр­гөндө кыңылдатып жүрүп өз алдымча эле үйрөнүп алгам. Ушул аспаптарды үйрөнгөн соң алгачкы обондорум жаралган. Азыр ырдап жүр­гөн «Мен өзгөрүп баратам», «Барам са­­га» – ­­ошондогу ырларым. Ошентсе да «менин үнүм бийик эмес да, баары бир ырчы боло албайм» деп ойлочумун. Мектепти бүткөн соң республикалык тестирлөө сынагына катышып, актёрлук бөлүмгө кабыл алындым. Анда бир жыл окуган соң музыка боюнча сабак өтүү бөлүмү­нө которулуп алгам. Анан тагдырдын буйругу менен минтип чыгармачыл чөйрөгө туш болуп калдым.
– Өзүңдүн чоң сахнага чыгып ырдашың керек экениңди качан түшүндүң?
– Жатаканада жашаганда гитара менен ырдасам башка бөлмөдө­гүлөр да келип, муюп угуп калышаар эле. Ошондо чогуу жашаган бөл­мөлөш­төрүм: «Сахнага чыксаң сенден жакшы ырчы чыгат»,-дей беришчү. «Убакыт-сааты келгенде чыгаармын» деп ойлоп, мен алардын сөзүнө көп деле маани бербегем. Мирбек Иманбеков да: «Сахнага чык»,- деп көп айтчу. Өзүм ойлогондой убакыт-сааты келген экен, биринчи жолу сахнага Мирбек Иманбековдун алгачкы концертинде чыккам.
Сен аткаруучу эле эмес, бир топ популярдуу ырлардын автору катары да белгилүү болуп калбадыңбы. Башка ырчыларга ырларыңды сатасыңбы же жөн эле берип коёсуңбу?
– Ырчылардын көпчүлүгү менен бартер түрүндө иштешем. Башкача айтканда, мен аларга ыр жазып берсем, алар мага башка жагынан жардам беришет. Өзүбүзчө ушундай келишим түзүп алганбыз. Айрым учурларда гана сатам. Башында такыр сатчу эмесмин. Бир агайымдын: «Ырларыңды бекер берсең эмгегиңди талаага чачкан болосуң. Сатышың керек»,-деген сөзүнөн кийин сатууну чечкем. Эң биринчи жолу Семага бир ыр сатып, кызыктай абалда калгам.
– Эгер сыр болбосо бир ырың канчага сатылат?
– Элүү доллардан кем эмес.
– Каалоочулар сендеги даяр ырларды сатып кетишеби же заказ беришеби?
– Заказ менен жазам. Алгач кандай темпте, эмне жөнүндө, кыскасы, баарын сурап алам да, анан жазам. Мага бирөөгө берген ырларым кызымдай, өзүмдө калган ырларым болсо уулумдай сезилет. Ырымды бирөөгө берип жатканда кызымды күйөөгө узатып жаткандай болом. Анан ага «бул ырды сөзсүз хит кыласың» деген талап коём. Эгер менин ырларым чын эле хит болсо, анда кызы жашоодон өз ордун таап, бактылуу жашап жаткан энедей кубанычым коюнума батпай сүйүнөм.
– Султан Садыралиев экөөң таарынышып жүрдүңөр эле. Азыр мамилеңер калыбына келдиби?
– Ырчылар менен ар кандай жолдор менен кызматташам деп жогоруда айтпадымбы. Бир кездерде Султан убадаларын аткарбай, өз ара түзүлгөн келишимди бузгандыгы үчүн мен ага таарынып, ырларымды ырдоого тыюу салган элем. Бирок, менин жума намазга барып, динден сабак алып жатканым мени бир топ эле кечиримдүү­лүк­кө үйрөтүптүр. Ойлонуп отуруп Султанды кечирүүнү туура көрдүм. Азыр мамилебиз мурдагыдай.
– Жазган ырларыңдын арасында өзүңдүн турмушуңа байланышып жазылгандары да барбы?
– «Мен өзгөрүп баратам» деген ырым алгачкы ырларымдан дебедимби. Ушул ырдын өзүмө байланыштуу жактары бар. Окуучулук кезимде үч жыл сүйлөшкөн жигитим бар эле. Мен шаарга окууга келгенде ал аскер кызматын өтөө үчүн келген. Шаарга келип чөйрөмдүн алмашканы таасир эттиби, эмнегедир жигитиме болгон мамилемдин өзгөрүп баратканы өзүмө да сезилип жатты. Ал да «сен өзгөрүп баратасың» деп көп айтчу. Мен болсом өзгөргөндөн өз­гө­рүп отуруп, мунун акыры экөө­бүздүн «ажырашуубузга» алып келген. Ушул окуяны мен ыр кылып жаза койгон элем. Бирок, ал жигит ырды өз убагында эмес, кийин популярдуу болуп, элге тараганда радиодон угуптур. «Ырдын мага арналганын дароо эле билдим. Угуп жатканда аябай кызыктай болуп, ыйлагым келди»,- деп жатпайбы кийин кокусунан жолугуп калсак.
– «Барам сага» ырыңдын клиби сенин чыгармачылыгыңдагы биринчи клибиң болсо керек?
– Ооба, биринчи клибим. Негизи, өзүмдүн оюм боюнча ал клиптин сценарийи такыр башкача болуш керек болчу. Режиссёр ошентип өзгөртүп салганда мен да каршы болгон жокмун. Ал клип тартылып жаткан учурда көп кызык нерселер болду. Биздин клип тартып жүргөнүбүздү билишпей жолдон өткөндөр машиналарын токтотуп, куттуктап жатышты. «Бул үлпөт көйнөгүн кийип алып эмнеге күйөөсү жок жалгыз жүрөт?» дегенсип таң калып карагандар да болду.
– Клиптегидей болуп жашооңдо качан үлпөт көйнөгүн киесиң?
– Азыр жаш эмесминби. Турмушка чыгууну 25тен өткөндөн кийинкиге пландаштырып жатам.
– Баса, силердин Акбар Сүйүн­баев экөөңөрдүн жеке мамилеңерди билгендер аз эмес экен...
– Акбар экөөбүздүн мамилебиз сүйүүгө чейин жеткен эмес. Болгону Акбар экөөбүз аябай көп сырдашаар элек. Эч кимге айтпаган сырларыбызды экөөбүз бири-бирибизге айтчубуз. Ушундан улам эле биз тууралуу «кыз-жигит катары сүйлө­шүшөт» деген сөз чыгарып алышкан. Менин чыгармачылыкка тиешеси жок башка жигитим бар. Ал Акбардын досу. Акыркы кездерде Акбар экөө­бүз жөнүндөгү имиштерди уга берип ал мени Акбардан кызгана баштады. Ушунун айынан достордун ортосуна жарака кетип кал­баса экен деп кээде чочулайм.
– Сен башкалардыкынан өзгөчө стилиңди өзүң тандап алгансыңбы?
– Мен кичинекей кезимден эле эч кимге окшобой, өзгөчө болуп жүргөн­дү жакшы көрчүмүн. Ошол адатым азыр деле калган. Чачтарачканага барганда чачымды даяр журналдардан көрүп кырктырбай, өзүмдүн оюмдан чыгарган прическамды жасатам. Формаларымды да өзүм ойлоп табам. Жаңы кийимдерди сатып алам да, аларды бири-бирине кошуп же бир жерин кыркып салып башка жерине кошуп эле бир нерселерди жасай берем. Мен өзүмдүн жеке «чыгармачылыгымды» колдонуп, ушундай стиль тандап алгам.
– Жеке концертиңди берүү тууралуу пландарың барбы?
– Буюрса, күзүндө жеке концертимди берейин деп даярданып жатам. Азыр ошого даярдык көрүп чуркап жүргөн убагым.

Маектешкен Азиза Сатимбекова



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: