Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

АЙГҮЛ ЧАЛОВА: «МЕНИН ОРДУМА ЖИГИТИМ ЧУРКАЙТ»

№284 11-17 апрель, 2008-ж.


Кыргыз шоу-бизнесинде Айгүл Чалова деген ысымдын пайда болгонуна бир жыл болду. Айгүлдүн аткаруусундагы “Сүйүү арманы” аттуу ыр алигече таасирдүүлүгүн жоготпой, канчалаган адамдардын жүрөк кылдарын титиретип, канчалаган адамдардын көздөрүнөн жаштарын агызып келет. Бул ырды өз калеминен жараткан Айгүл 1983-жылы 25-июлда Токтогул районунун Терексуу айылында төрөлгөн. Жер иштетип, мал баккан карапайым эле айылдык үйбүлөнүн беш баласынын эң улуусу.

– Айгүл, сени көптөр сахнага кокусунан эле келип калгандай ойлошот экен. Өзүң да ушинтип ойлойсуңбу?
– Андай деле эмес болсо керек. Анткени, ырчы болуу – менин кенедей ке­зимден берки максатым болчу. Бирок, көпкө чейин талантымды ача албай жүргөм. Класстагы талант­туу кыздар-балдарды көрүп менин деле өзүмчө ырдап-бийлегим келгени менен тартынчумунбу, “мен ырдайм” деп чы­га алчу эмесмин. Анан бир күнү апама болбой жатып сапсары кездемеден кыргыз көйнөк тиктирип алдым. Же аным жарашсачы?! Ушундан кийин класстар аралык жарыштарга катышып, анча-мынча аралаша баштадым. Ал эми колума микрофонду биринчи жолу 10-классымда кармагам. Айылыбызда өтө турган кандайдыр бир марафонго мугалимдер даярданмай болушуп, “ким ырдай алат?” дегенде классташтарым мени чыгарып коюшкан. Ушунчалык толкундангандыгымданбы, башым тегеренип жатса да ырымдын аягына чыктым. Ошондо ырдаганым баарына жагып, көпчүлүк үчүн менин талантым ачылган. Атүгүл менин ырдаганым атам үчүн да жаңылык болгон. Ага чейин менин “ырчы болом” дегениме атам таптакыр көнчү эмес. Марафондо ырдаганымды биринчи жолу көрүп: “Кызым, мени кечирип койчу, мен сага көңүл бурбай жүрүптүр­мүн. Көрсө, сен жакшы ырдайт турбайсыңбы. Эми каалаган окууңа тапшыра бер”,- деп көзүнө жаш алганга чейин барган.
– А сенин каалаган окууң ырчылык эле да?
– Албетте. Ошол кезде Гүлнур эжени сыналгыдан көрүп алып “ушул эжедей ырчы болсом...” деп кыялданаар элем. Анда атам “койчу, ушинтип ырдагандан көрө ырдабай эле койгон жакшы” десе, “аа, атама ушул Гүлнур эженин ырдаганы жакпай жаткандан кийин менин ырдаганым деги эле жакпайт да. Анда мен башка окууга окубайм, күйөөгө тийем” деп өзүмдү ошол ойго багыттап койгон болчумун. Атамдын макулдугун алганда кубанычым коюнума батпай өзүмчө толкунданып жүргөм. Мектепти бүткөн соң атам өзү Бишкекке алып келип, филармониянын алдындагы эки жылдык студияга тапшырткан. Тилекке каршы, анын биринчи турунан эле кулап калгам.
– Анан эмне кылдыңар?
– Бул жакта жашаган атамдын кичүү инисиникине келгенбиз. “Биринчи турунан эле кулап калыптыр” дегенден намыстандыкпы, эмнегедир аларга “өттүк” деп койдук. Кийинки күнү эч кандай максатыбыз жок эле атам экөөбүз үйдөн чыгып кеттик да, парктарда каруселдерге түшүп кечке чейин жүрө бердик. Кечинде барсак, байкем “эмне болду?” деди эле, “экинчи турунан да өттүк” деп койдук. Анан кайра парктарда жүрмөй. “Үчүнчү турду” күтүшүбүз керек да. Анан бир күнү “үчүнчү турдан өтпөй калдык” деп бардык. Анда байкем: “Эки турунан өтсөң, демек, сенде талант бар турбайбы, эч нерсе эмес, башка окууга тапшырабыз”,- деп көңүлүмдү көтөрүп, эртеси күнү эч кандай экзамендери жок эле Искусство институтуна өткөрүп койгон.
– Көктөн издегениң жерден табылгандай болгон экен да?
– Ооба да. Студияга өтпөй калганымда тим эле ушуну менен жашоо токтоп калгандай болуп өксүп ыйлаган элем. Анан эч кандай эмгек кылбай эле Искусство институтунун студенти болуп калуу мен үчүн жомоктой эле болду. Ант­кен менен жакшы эле кыйналдым. Айылдан жаңы эле келсем, музыка боюнча түшүнүгүм жок болсо... Бир жолу агайым мени ары каратып отургузду да, пианинодон бир нотаны басып, “кайсыны бастым?” деп жатпайбы. Агайдын жанында Съездбек да отурган. Экөөбүз бир группада окучубуз да. Анан мен аларды карап туруп: “Агай, сиз эле бастыңыз”,- деп жатпаймынбы. Мен “экөө­бүз­дүн кимибиз бастык?” деп сурап жаткан экен дептирмин. “Мен кимдин басканын сураган жокмун, кайсы нотаны бастым деп жатам?” деди эле, “аа, билбейм, агай. Мен ноталарды билбейм да, үйрөнөйүн деп ушул жакка келбедимби. Эми силер үйрөтөсү­ңөр да”,- десем, агай же күлөөрүн билбей, же урушаарын билбей туруп калды. Съездбектин болсо ага чейин эле музыкалык билими бар болсо керек, ал оозун ачып эле мени карап калды. “Бул кайдан келген колхоз?” деп ойлогон болуш керек. Кийин деле көнө албай кыйналдым. Курсташтарымдын баары орустар, казактар болчу. Аларга кошула албай эле Съездбек менен Руслан деген группалашым бар эле, экөөнү ээрчип жүрө берчүмүн. Экөө сабактан качса, мен да артынан кете берчү экенмин. “Сен каякка? Бар, сабакка кир, окуудан айдалып кетесиң”,- дешсе, “өлүп кетпейби” деп колду шилтеп коюп кете берчүмүн. Башка курсташтарым мени шаардык деп ойлошчу экен. А менин айылдан келип эч нерсе билбей жүргөнүм менен иштери жок.
– Ошол кездерде эле сахнага чыгуу тууралуу ойлогон жок белең?
– Ал кезде агайыбыз бизди “азыр бир эле ырга аранжировка жаздыруу үч миң сом турат” деп коркута берчү. Анда болгону 100 сом стипендия алсак, кайдагы үч миң? Андай акча укмуш чоң көрүнчү да. Анан “окуумду бүтүп, ишке орношуп акча таба баштаганда ырдап чыгам” деп ойлоп, аракет да кылчу эмесмин. Съездбек да: “Ай­гүл, сенин үнүң бар, ырдап чыксаң”,- деп көп айтчу. “Ой, сен эле кый­рата берчи”,- деп анын айтканына маани деле берчү эмес экенмин.
– Өзүңдү сахнага кеч келдим деп ойлобойсуңбу?
– Жаш эле кыздардын ырдап жүр­гө­нүн көрүп кээде ошентип ойлоп кетем. Ошентсе да убакты-сааты келбесе эч нерсе болбойт экен да. “Сүйүү арманы” бактымды ачпаса, балким, эми деле чыга албай жүрө бермек белем.
– Чын эле сени популярдуу кылган ушул ырың болбоду беле. Негизи, бул ыр кандайча жаралып калды эле?
– Мунун өз башымдан өткөн окуядан улам жаралган ыр экенинен айрымдар кабардар. Тактап айтканда, студент кездеги сүйүүм­дөн айрылганда катуу эргүү келип, сөзү менен обону бир мезгилде өзүнөн-өзү куюлуп чыгып кеткен. Бирок, көпкө чейин “мен же акын болбосом, же обончу болбосом, анан кантип эле ушул ырды өзүм жараткан болоюн?” деп өзүмө-өзүм ишенбей жүрдүм. “Ушундай ыр жокпу?” деп тааныштарымдын баарына ырдап берип жаттым, баары эле укпагандарын айтышты. Радиону аңдып, алты айдай ырлардын баарын кунт коюп угуп жүрдүм. Акыры өзүмдүкү экенине көзүм жеткенден кийин жаздырууга кириштим.
– Ушул ырың жаңыдан чыкканда көпчүлүк Роза Шакированын ыры деп ойлошуптур. Өзүң да ушул жөнүндө уктуң беле?
– Ооба, бири “Роза Шакированыкы экен” десе, экинчиси “Ташкент кызы Гүл­­дүкү экен” деп чыгышыптыр. Мен булар ырымды чын эле тартып алып коюша тургансып экөөнү тең тим эле жаман көрүп алыптырмын. Атүгүл кээбир тааныштарым “сенден бул ырыңды жөн эле тартып алып коюшу мүмкүн” дешсе коркуп ырдын өзүмдүкү экенин тастыктоочу документтерди даярдай баштагам. Бир күнү Фарида Карбозова экөөбүз кафеде отурганда бул тууралуу айтсам, ал Гүлгө телефон чалып: “Гүл, “Сүйүү арманы” деген ыр сеникиби?”- деди эле, ал “жок, аны Айгүл Чалова деген ырдап жатыптыр го” деп жатпайбы. Ушуну уккандан кийин гана “өх!” деп өзүмө келбедимби. Кийин Роза менен таанышсам, анын ырды тартып алайын деген деле ою жок экен. “Элдер айта берет турбайбы, бул байкуштарды жөн эле жаман көрүп жүрүптүрмүн” дедим өзүм­чө. є
– Ушул ырың алигече кээбирлерге катуу таасир берип, укканда ыйлагандар бар экен. Мындайларга өзүң күбө болдуңбу?
– Балким, ыйлагандар меникиндей сүйүүгө туш болгондор болсо керек. Атү­гүл өзүм деле башында ырдаганда алгачкы сүйүүм эсиме түшүп, ыйлап ырдаган күндөрүм болгон. Бир жолу да кайсы бир концертте ырдап бүтүп, сахнанын артына өтсөм ырчы кыздардын бири ыйлап отурат. “Ушунчалык жеткиликтүү кылып ырдап, ыйлабаган адамды ыйлатат экенсиң”,- дейт. Менден кийин эле анын кезеги болчу. Ошентип, көзү-башын аарчып алып эле сахнага чыгып кеткен.
– “Сүйүү арманынан” кийинки ырларың эмнегедир мынчалык популярдуулукка жеткен жок...
– Ар бир ырдын өзүнүн тагдыры бо­лот экен. “Сүйүү арманынан” кийин төрт ыр жаздырдым, бирок, алар чын эле биринчи ырымдын деңгээлине жете алган жок. Бул өзүмдүн жалкоолугумдан да болсо керек. Ырларымды тигил жакка, бул жакка алпарып, элге жайылсын деп аракет кылгандан зеригем.
– Анда ушул убакка чейин бир дагы клип тарттыра электигиң да жалкоолугуңа байланыштуу го?
– Туура айтасың. Мен “минтиш керек эле, тигинтиш керек эле” деп коюп эч нерсе кылбай жүрө берем. Менин ордума жигитим чуркайт. Азыр да “Сүйүү арманына” клип тарттыруу үчүн чуркап жүрөт. Буюрса, мына-мына баштайбыз деп турабыз.
– Чыгармачылыгыңды түшүнгөн жигитке туш келсең, демек, бактың бар экен да?
– Ооба, аны менен дал ушул чыгармачылыктын артынан таанышкам. Мен ырдап чыккандан баштап эле мага көңү­лү түшүп жүргөн экен. Алгач мен катардагы күйөрманым катары эле кабыл алгам. Анткени, мага буга чейин деле жардам бергиси келип жүргөндөр көп болчу. Алардын ичиндеги оюн окуй албаган соң эмнегедир жардамдарынан баш тартып койчумун. А жигитимден мен чын жү­рө­гүнөн берилгендикти байкадым. Чын эле ал мен үчүн баарына даяр.
– Чыгармачылыктан алыс адамбы?
– Чыгармачылыкты баалаганы менен таптакыр алыс. Тагыраак айтсам, шаардагы ири ишканалардын биринин жетекчиси. Менден алты жаш улуу. Түпкү теги Ысыккөлдөн болгону менен Бишкекте жашайт.
– Машина белек кылды деп уккан элек?
– Мурун “машина алып берем” деп айтып эле жүрчү. 8-Мартта автобазарга алып барып өзүмө жаккан машинаны тандатып, сатып берди.
– Азыр айдап жүрөсүңбү?
– Азыр эмнегедир кызыгы тарап калдыбы, баштагыдай көп көңүл бурбай калдым. Бир чети, шаарда автотыгын көп болгонго, экинчиден, айдоочулук күбө­лү­гүм жок болгондугуна байланыштуу көп айдагым келбей калды.
– Айдоочулук күбөлүгүң жок болсо, МАИчилерге кармалган жоксуңбу?
– Айдап чыккандын эртеси күнү эле кармалдым. Жигитим: “Бар, өзүң жооп берип үйрөн”,- деп түшүрүп жиберди эле, МАИчиге барып, “байке, мен Айгүл Чаловамын” деп жатпаймынбы. Ырчылар ушинтишет экен дедим да. Бактыма жараша, ал да мени тааныйт экен, “аа, ошолсуңбу? Праваңды көрсөт­чү?” деди эле, “азыр ошол жакка права алганы баратам”,- десем, ал да куттуктап, коё берди.
– Турмушка качан чыкканы жатасың?
– Күзгө чейин жеке концертимди өткө­рүүнү пландаштырып жатабыз. Ушундан кийин буюрса, үйлөнүү тоюбуз болот.

Маектешкен Азиза Сатимбекова



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: