Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

АЙЖАМАЛ КАБЫЛОВА:

№314 7-13-ноябрь, 2008-ж.


Кыскасын айтканда...

  • Москвада жүргөндө күндө эртең менен жолдошумду жумушка узатып, кечинде кайра тосуп алуу менен күнүм өтчү.
  • Көз тийбесин, жолдошум менен бир да жолу уруша элекмин.
  • Жолдошумду баары эле «кыргыз эмес» дей беришет. Чындыгында эле кайнатамдын таятасы түрк экен.
  • Жамгырдын жаап турганынан рахат алам. Кызыгы, жыл сайын туулган күнүмдө белек катары жамгыр жаайт.
  • Бир күнү жолдошум: «Мен да сенин артыңдан популярдуу болуп кетиптирмин. Мени көчөдө “Айжамалдын күйөөсү” деп таанып жатышат»,- деп келди.
  • Сүт азыктарын таптакыр жей албайм.
  • “Сволочь” деген сөздү көп айтам. Өзүм байкап калып өзүмө жиним келе берет.
  • Мурда мурунду тартканда үстүнкү эринимди мурдума тийгизип алмай адатым бар болчу. Гүлшайыр эже урушуп жүрүп калтыртты. Азыр анте албай
  • калыптырмын.
  • Мурда аябай таарынчаак болуп кеч жазылчумун. Азыр деле таарынчаакмын, бирок, бат эле жазылып кетем. Ал эми Азаматка болсо таптакыр таарына албайм.
  • Мешке ар кандай таттуулардын түрлөрүн бышыра алам. Баарынан да ашты жакшы басам.
  • Ачуу тамактарды жакшы көрөм.
  • Өзүмө токтоолук жагат. Жинимдин тезирээк келген жагы жакпайт.
  • Мүнөзүмдө бир аз көк­түгүм бар. Кылам деген ишти кылмайын көңүлүм тынбайт.
  • Мен Азаматты видео тасмага тартканды жактырганынан “режиссёрум”, “козум”, “ашкым” (өзү мага түркчө үйрөткөн) деп эркелетем. Ал мени “жаным”, “ханышам” деп эркелетет.

– Айжамал, бир жылдан бери сахнага чыкпай күйөрмандарыңды катуу сагындырдың го.
– Күйөрмандарымдан мурда өзүм аларды көбүрөөк сагынып калдым окшойт.
– Эми сени качан кайра сахнадан көрө алабыз?
– Москвадан келгениме мына эми гана бир жуманын жүзү болду. Жакшылап жайгашып алсам, анан кызым дагы бир аз торолуп калса эле сахнага чыга баштайм. Азырынча конок күтүү менен эле күндөрүм өтүп жатат.
– Чыныгы келин болуп жүгүрүп жаткан экенсиң да...
– Ошондой десем да болот. Кечээ, дем алыш күнү ата-энем кызыма бешик алып келишти. Ошондон бери үйүбүздөн конок үзүлө элек. Мурда мен кыргыздын анча-мынча салттарына көп деле көңүл бурбай келиптирмин. Көрсө, жакшылап байкай келсең салт деген сонун турбайбы! Бешик алып келет десе эле мен беш-алты киши келип, бешикти таштап кетишет чыгар дептирмин. Жыйырмага жакын жалаң аялдар келишет экен. Анан баланы ошол күнү бешикке бөлөп, үстүн атасынын кийими менен жаап коёт тура. Менимче, атасынын жыты менен жакшы уктасын дегени болсо керек. Тынчы жок кызым бешикке жатары менен үч сааттай ойгонбой уктаса болобу! Мурда кыз баланы бешикке жаткыра берсе башы жалпайып, сулуулугу кемип калабы деп коркчу элем. Ошентсе да, суукта кышкысын жаткырган оң экен.
– Кызың ыйлаак эмеспи?
– Ыйлаак. Кыркы чыккыча аябай эле көп ыйлачу. Же азыр бир аз чоңоюп калдыбы, айтор, Москвадан келерибиз менен эле жоошуп калды. Ыйлаганда, урушуп койсоң, таптакыр басылбайт. Ага сөзсүз жалдырап жатып басылтам. Баарынан кызыгы, сүрөткө түшкөндү билет. Атасы төрөлгөндөн бери эле сүрөт менен видео тасмага тарта берип көнүп калды. Тартайын дегенде эле камераны тик карап калат. Негизи, эрке кыз болот окшойт. Анан да азыр баарыбыздын эле көңүл борборубузда Жыпара болуп калды. Кайната, кайненемдердин да тун небереси. Үйдөгүлөр анын катуу үнүнөн улам «ырчы болот го» деп калышат. Антсе, атасы: «Жок, менин кызым ырчы болбойт. Муз үстүндө бийлеген фигурист болот»,- дей берет.
– Сыягы, жолдошуңа ырчылык кесип анча жага бербейт окшойт...
Жок, менин ырдаганыма каршы деле эмес. Башында сүйлөшүп жүргөнүбүздө «үйлөнгөндөн кийин ырдатасыңбы?» десем, ооба же жок дебей унчукпай койчу. Ошонусунан улам ырдатпайт окшойт деген ойдо калчумун. Азыр ырдаганыма каршы эмес. Өзү да жакшы ырдайт. Мен аны тамашалап «экөөбүз ырдап чыкпайлыбы?» деп калам. Бирок, Азамат ырдаганды жаман көрөт. Ал эмес, үйдө кайненем да жакшы ырдайт экен. Өткөндө ырдаганын көрүп таң калган конокторго “келиним мени тарткан да. Кайнененин камырынан деп коёт эмеспи» деп тамашалап жатпайбы. Анын сыңары, мен ырчылык жактан кайненемди тарткан окшойм. Кайнатам болсо жакшы бийлейт. Айтор, өзүмдүн эле чөйрөмдөгү адамдын үй-бүлөсүнө туш болуптурмун.
– Кайындарың да ырдаганыңа каршы эмеспи?
– Жок. Алар да менин чыгармачылыгымды колдоп “талантың бар, ырда. Өнөрүңдү өркүндөтө бер ” деп турушат.
– Кайындарың туурасында бир аз айта кетсең...
– Мен бул үй-бүлөнү кичинекейимден бери эле таанычумун. Кайненем мектепте иштечү. Азамат экөөбүз бир мектепте окуганбыз. Бир эжеси, эки иниси бар.
– Келин болуп баргандан кийин көнө албай кыйналган учурларың болдубу?
– Чындыгын айтсам, ашкана жагын толугу менен эле өздөштүрүп алгам. Ошол себептен көп деле кыйналган жокмун. Болгону, салаттарды анча даярдай албайм. Калган үй жумуштарынын баары эле колумдан келет десем болот. Баса, кош бойлуу кезимде бир аз кыйналдым. Эсимде, Москвада болчубуз. Бир күнү ыйлагым келе берди. Анан эч кандай себеби жок эле аябай ыйладым. Азамат “эмне болду? Мен сени капа кылдымбы?” деп өзүнчө бушайман болот. “Жок” деп коюп эле ыйлай бердим. Акыры себебин издеп отуруп апамдарды сагындым окшойт деп чечтим. Кийин ойлосом, ал күнү мен сагынычтан эмей эле кош бойлуулуктун чыргоолорунан кыйналып жатыптырмын. Негизи, айымдар кош бойлуу кезинде аябай эле чыргоо болуп калат турбайбы.
– Эмнеге талгак болдуң?
– Көпчүлүк аялдардан өзгөчөрөөк болдум окшойт. Чымчыктын үнүнө талгак болдум. Чымчыктардын сайраганын уксам эле токтоп калчумун. Ал эми жеген жагынан таттууну көп жедим окшойт. Атайын бир нерсеге деле талгак болгон жокмун. Көчөдө бирөөнүн колунан жей турган нерсе көрсөм эле ошону жегим келе берчү.
– Эми маегибизди башка нукка бурсак. Айжамал, айтсаң, ырдагандан башка да эмнеге шыгың бар?
– Балалыгымда тигүүчү болом деп кыялданчумун. Бул жаатта бир аз шыгым бар. Турмушка чыгардан мурда үйгө барып төшөк тигип жатсам, кошуналарыбыз көрүп алып “сен да төшөк тиге аласыңбы, ээ?” деп жаман таң калышкан. Баса, унутуп калайын дептирмин, жип менен кийим токууну үйрөнүп жатам. Буюрса, жакшы өздөштүрүп кетсем Азамат менен Жыпарага сонун кийимдерди токуп берем. Бирок, кантсе да, ырчылыкты менин биринчи жана такшалган шыгым десем болот.
– Ырчылыкты канча жашыңа чейин аркаласам деген оюң бар?
– Кудай буюрса, ырдаганга алым келип, мүм­күн­чүлүгүм болуп турганда ырдай берем деп ойлойм. Мен мындан башка жол издеген эмесмин. Издебейм дагы.
– Сенин 12 жашыңдан бери сахнада жүргөнүңдөн кабарыбыз бар. Бул тармакка таштаган биринчи кадамың эсиңдеби?
– Кичинекейимде тойлордо ырдап жүрчүмүн. Анан ошондой тойлордун биринде атама бирөөлөр “бул кызыңдын талантын колдошуң керек экен” дептир. Ошондон көп узабай эле атам мени Оштогу филармонияга алып келген. Ал жерден раматылык Алтымыш Кадыров “бул кыз “Кыз Буракка” ылайык экен” деп Гүлшайыр эжеге жиберген. Барып алып сүрдөгөнүмдөн атама «кайра айылга кетем» деп ээрчип ыйлаганым эсимде. Чынын айтканда, атамдын мени кыйнап калтырып кеткенинин артынан эле ырчы болуп кеттим. Калганынын баары Гүлшайыр эженин колунда болду. Азыр мени Гүлшайыр эженин колуна туш кылган тагдырыма ыраазымын. Ал киши мага эне да болуп калды.
– Ошентсе да, көптөгөн ийгиликтерге жетишпедиңби. Жаңы ырларыңа качан күбө болобуз?
– Кудай буюрса, мына эми кирише баштайм. Бала жөнүндө жакшы ыр даярдалып жатат. Бул ырым даяр болору менен биринчи сиздердин WWW.SUPER.KG сайтындагы Медиа-порталга берем деп сөз бере кетейин. Бул сайтка мен Москвада жүргөндө да күн сайын кирип андагы жалаң жаңы ырлар жүктөлгөн Медиа-порталдагы ырлар менен таанышып турчумун. Алыстыкты сездирбеген жакшы сайт.
– Айжамал, кызыңдын ыйлаганына карабай убактыңды бөлүп бизге келип маек куруп бергениң үчүн чоң рахмат. Ден соолукта чоңоюша бергиле.
– Сиздерге да чоң рахмат. Ийги­лик.

Маектешкен Чолпон Сүйүнбаева



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: