Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

БАКПАГАН СОҢ БАЛАНЫ ТАППАЙ ЭЛЕ КОЮШСА...

№579 06-декабрь-12-декабрь, 2013-ж


Ата-эненин эң башкы милдети бул – баланы үй-бүлөдө асырап, ага мээрим төгүү. Бирок жумушсуздуктун, тиричиликтин айынан балдарын кароосуз калтырып же туугандарына табыштап кеткен ата-энелер жок эмес. Мунун кесепетинен балдар жапа чегүүдө.

«КИРДИН СУУСУН ИЧИРГЕМ»
Жаш балага ырайымсыз мамиле жасап, анын ооруканага оор абалда түшүшүнө себепкер болгон ГҮЛМИРА ДУБАНАЕВА аттуу аял милиция тарабынан кармалды. Үрөйдү учурган бул окуяга кошул-ташыл бала багуучунун көрсөтмөсү болду. Натыйжада жабыркаган наристе шаардык №3-балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Кылмышка шектүү наристеге кантип кордук жасагандыгы тууралуу айтып берди:
– Кайним келинчеги экөө 1 жаш 8 айлык Мирана аттуу кызын мага бактырышчу. Өзүмдүн 2 балам бар. Батирдин акчасын төлөш керек болчу, көмүр да алыш керек эле. Анан «сенин иниңдин деле кызын багып жатабыз го, иниң (ред. Мирананын атасы) акча берсин» деп күйөөм менен уруша кеткем. Ошого жиним келип жаткан. Анан Мирана төшөгүнө заара ушатып, заңдап да салган экен. Мен аны түртүп жиберсем, жерге катуу кулап түштү. Анан башы менен дубалды сүздүргөм. Тамакты да көп жегендиктен, ченеп берчүмүн. Ошол күнү кир жууп отурсам жаныма келгенде кирдин суусун ичирип койгом.


Мындан сырткары, көргөн күбөлөрдүн айтымында, Гүлмира кар жаап жатканда дагарага муздак сууну толтуруп, ага Мирананы отургузуп, аязга чыгарып койгон. Аял туруп, эне туруп ушул жорукка барганына таң каласың.

«БАШЫНДА АЙТСА, АКЧАСЫН ДЕЛЕ БЕРМЕКМИН...»
Кылмышка шектүү Гүлмиранын айтымында, жабыр тарткан Мирананын ата-энеси кызын багып берген акысына 2000 сом өлчөмүндөгү акча бермек экен. Ошол акчаны бербегендиктен кызын сабагам дейт. Бирок Мирананын апасы бул көрсөтмөнү төгүнгө чыгарды:
– Жолдошум экөөбүз тең автоунаа жуучу жайда иштейбиз. Кызымды караганга киши жок, өзүм менен ээрчитип алчумун. Бир күнү кайнагам көрүп, «бул жерде кызыңар буту-колу суу болот экен. Жеңеңер балдарга кошуп карап берсин, мен айтайын» деди. Эртеси кызыбызды жеткизип бердик. Бирок Мирананы берерде ортодо атайын келишим түзүп, «бакканың үчүн мынча сом берем» деген сыяктуу сүйлөшүүлөр болгон эмес. Эгерде айтса, кызымды ушунчалык кордотпой акчасын бермек экенбиз.
Кызымды мурда эле уруп-сабап жүрчү экен. Аны тергөө иштеринин жүрүшүндө жеңемдин 8-класста окуган сиңдиси айтып бериптир. Кызым комага түшкөнүнө бүгүн 11 күн болду, эсине келе элек. Колун бир аз кыймылдатып калды. Тамакты болсо ашказанына түтүкчө киргизип, ошону менен суюктук берип жатабыз.

2 БАЛАСЫН КАРООСУЗ ТАШТАШКАН
Балдарын эч кимге тапшырбай, кароосуз калтырып кеткен ата-энелер да бар экен. Жакында мектеп жашындагы балдар үйүндө көптөн бери ата-энеси жок күн кечирип жүргөндүктөрү тууралуу маалымат тараган. Бишкек шаарынын Ленин районунун аймагында бул факт катталган.
Бир туугандар окуган шаардагы №74-мектептин мугалимдери 9 жаштагы Айканыш жана 7 жаштагы Байбол Алимбаевдер окууга дайым кечигип жана кир кийимдер менен келишерин айтып укук коргоочуларга кайрылышкан. Сурамжылап көрүшсө, ата-энеси Ошко иштеп кетишип, балдар 3-4 айлап өздөрү жалгыз жашашчу экен. Биз дагы балдардын кандай шартта жашап жаткандыгын билели деп Ала-Тоо жаңы конушундагы бир туугандар жашаган дарекке бардык. Биз барганда бир туугандардын таякеси аларды ата-энеси турган Ош облусунун Араван районуна жөнөтүп жибергени дайын болду.

Бишкек шаарына караштуу Ленин РИИБинин жашы жете элек балдар менен иш алып баруу бөлүмүнүн башчысы ТУРАР БАЗАРАЛИЕВ балдар тууралуу жалпы маалымат берди:

– Жогорудагы Алимбаевдердин үй-бүлөсү 2 жылдан бери 3-класста окуган Айканыш жана 2-класста окуган Байбол аттуу балдарын узак убакытка калтырып, өздөрү Ош облусуна иштеп келебиз деп кетип калышкан.
Өткөндө балдар кандай шартта жашап жаткандыгын көрүп, ата-энеси менен байланышып алып кетүүлөрүн талап кылалы деп келсек, Айканыш камыр жууруп отуруптур. Комиссияга тиешелүү документтерди топтоп бергенибизде, балдардын ата-энесине эскертүү берилип, эгер жылыш болбосо, ата-энелик укуктан ажыратуу тууралуу документтер даярдала баштамак. Атасы Тагдыр менен байланышсак, ал 1 ай мурда балдарды таякеси Ошко салып жибергенин айтып, ал жакта мектепте окуп жатканын кабарлады. Бирок бул жактагы мектебинен балдардын өздүк делосу алына элек экен. Биздин өндүрүштөгү бул ишти Араван РИИБине тапшырып, бир айдын ичинде алардан жооп күтөбүз. Эгерде биз күткөн жыйынтык болбосо, анда атайын түзүлгөн комиссия балдар үчүн өз чечимин чыгарат.

«КУРМА ТЕРГЕНИ КЕТИШКЕН»
Алимбаевдердин салынып бүтө элек 2 кабат үйү бар экен. Ошол үйдүн күн батыш бөлүгүндөгү бир бөлмөсүндө 2 тестиер бала кароосуз күн кечирип келген. Ал эми өзүн ГҮЛНАРА АХУНБАЕВА деп тааныштырган Алимбаевдердин кошунасы жана жеңеси мындай нерсе жыл сайын кайталанарын айтат:
– Булар жылда эле ушинтип күзүндө балдарын таштап, Араван районуна курма терип келебиз деп кетип калышат. Бизге деле таштап кетсе карап турбайт белек. Кечинде аман-эсенби карап коёлу деп үйүнө барсак, эшикти бекитип алып ачпай коюшат. Апасы ошентип үйрөтүп койсо керек. Сырттан күйгөн жарыгын карап, «ии, үйдө экен» деп санаабызды тындырып кетебиз. Бир нерсе десең милицияга арыз жазып, «сен чогултуп келип жатасың» деп мени жаман көрүшөт. Үй-бүлөдө булардан кичүү дагы 3 баласы бар.

 


Ала-Тоо жаңы конушунан чыгып, сапарымды Айканыш менен Байбол окуган №74-орто мектепке уладым. Байболдун класс жетекчиси ГҮЛЗАТ АБДЫКЕРИМОВА буларды айтты:

–Байболдун окуусу канааттандырарлык эмес. Менин классым түшкө чейинки сменде окуйт. Ал эми Айканыш түшкү сменде сабакка келет. Ал сабактарын окуп аягына чыккыча Байбол эртеден кечке эжесин күтүп кетпей, мектептин айланасында кечки саат 6ларга чейин жүрө берчү экен. Байбол апасын «Дыйкан» базарында иштейт дечү. Бирок калп айтып коюптур, алар балдарды таштап, Ошко иштегени кетип калышыптыр.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



Наристени башы менен дубалды сүздүрүп, кирдин суусун ичирген

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Сергек Шатманов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(93)
11.12.2013. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах ыйман берсин!!!
11.12.2013. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1 айдын ичинде кирдин суусун ичирип,муздак сууга отургузуп койсо, 1 жыл бакса шымын булгадын деп печкага отко салып иймек...Кудай сактасын,бул аялды даарылатыш керек.
11.12.2013. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ene degen ele aty bolboso aibandyn iwin kylyptyr go
11.12.2013. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындай корунуштордон улам баланы жарык дуйного алып келуу бул чон жоопкерчиликти моюнга алуу экенин баары андап билишсе деген ой келет!Анан да балдардын укуктарын кенейтип мамлекеттик органдар ар дайым жетишпеген уй-булолорду тескеп,жардам берип турса жакшы болмок,мындай шумдук нерселердин алдына алып коомчулук да кайдыгер карабашыбыз керек!!!
11.12.2013. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мектептен кетпей эжесин куткон балага боорун ооруйт бала озу уйго барып эмне кылмак эле уйго барса тамагы жок жалгыз.
11.12.2013. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жараткандан суранам, баласы жокторго бала тилеп жургондорго бала берчи. Мындай канкор, жоопкерчиликсиз ата-энелер балалуу болууга татыксыз
SUPER.KG видео
12.12.2013. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айбан.... адам эмес айбанда баласын коргойт......
SUPER.KG видео
12.12.2013. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбан мээрими жок, тура айтасынар озуно кирдин суусун ичирип дубал суздургондо анан полго чапканда кором озунун сийип чычып ийбегенин.
SUPER.KG видео
12.12.2013. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тообоо кылдым айнып калган го бул аял,мирана тезирэээк сакайып кетсииин
12.12.2013. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Астагфираллах! Э ушундай да таш боор да эне болобу озу чоон наристеде не куно жанымда болсо ошол аялды атып салгым келди! би3 деле келинчегим экообуз акемдин 2 баласын карайбыз алар женем экоо россияда иштешет келинчегим аларды да оз баласындай карайт 2 жылдан бери башында кыйналчу алар жаш болгондуктан кичине кызын 1 жашында таштап кеткен бизге.Азыр акемдин балдары биздин озубуздун балабыздай болуп калган.
12.12.2013. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Астагфираллах! Э ушундай да таш боор да эне болобу озу чоон аял экенго наристеде не куно жанымда болсо ошол аялды атып салгым келди! би3 деле келинчегим экообуз акемдин 2 баласын карайбыз алар женем экоо россияда иштешет келинчегим аларды да оз баласындай карайт 2 жылдан бери башында кыйналчу алар жаш болгондуктан кичине кызын 1 жашында таштап кеткен бизге.Азыр акемдин балдары биздин озубуздун балабыздай болуп калган.
12.12.2013. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коомубузда,балдарга болгон зордук-зомбулуктун бир үзүмү гана.Арабызда андайлар жүздөп саналат.Биз коммент берүү менен гана чектелүүдөбүз.Бул абалды кантип өзгөртүү керек? маселе ушунда.Элибизде үй-бүлө деген баалуулуктун жоюлуп жатканы мына ушундан билинет.
12.12.2013. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буга Батыш,Чыгыш,орус,дунган күнөөлү эмес,ойрону чыккан дал өзүбүз күнөөлүбүз.Колубуздан эч нерсе келбей калганда болгон өчүбүздү балдарга жумшайбыз.Андай эмеспи?
12.12.2013. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дүйнөдөгү эң аёо,жан дүйнөсү баёо балдарды кор кылып курал катары колдонобуз,дары-дармек сайып коюп жертөлөдө кайыр сурайбыз,же арендага беребиз үч кошкондо көтөрүп кайыр сураганга. Кайран гана балалык бизге кор болгон!
12.12.2013. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол, наристени урганча озунду ура турган адам жок экен. Олуп кетейин азыр Жанымда болсон олтуруп салмакмын, комуп туйун менен жок кылат болчумун.кандай акын айбан! Ушунчалык да журок жокпу? Окуп алып ушунчалык ызааланып жиним кайнап турат!желаю по жизненно посадить ее. Это преступление.
12.12.2013. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунун бала кезиндеги коргондорун бироонун баласына корсотуптур келесоо.
13.12.2013. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир адамга зар дуйно, бир адамга кор дуйно!
13.12.2013. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланын убалынан коркуш керек!!!
13.12.2013. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбан, мыкаачы десе! Түбөлүккө кесилишине мен дагы макулмун. Антпесе бул эртең эле чыгып алып сайраңдап жыргап, баарын унутуп калат. Түбөлүккө кесилсе эсине келе түшөт. Менин оюмча, балдарды кордогондун баарын түбөлүккө камаш керек же жок дегенде 20-25 жылдап, "без амнистии" деп туруп
14.12.2013. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх!Гүлмираны кичинесинде Гүлира дечүбүз.Ушунчалык эрке анан татынакай кыз эле.Чоң ата, чоң энесинин колунда тарбияланган.Ошол чоң ата,чоң энеси бир айыл сыйлаган жакшы эле эмес,эң кадырлуу адамдар эле.Укканда ишене албай шок болдум.Жамандан жаан, жакшыдан бөөн деген ушул окшойт...
SUPER.KG видео
15.12.2013. 03:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айбан экенго. кирдин суусун ичип омур боюу бул дуйнодогу адамдардан жакшылык корбой кор болуп кет
15.12.2013. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне деген аял?баладан не куно бала эч нерсени билбейткоо акмактын иши соттош керек баланы эми мурдагы абалына кайтарыш кыйын
15.12.2013. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээх адамбдар кайда деги кайда баражатабыз. Курма тергени кетип балдарын таштап коюш акмактар. Кечке мектептен кетпей эжесин куткон баланы элестетип козумо жаш тегеренди.
16.12.2013. 08:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба кылайын тамакты кооп жейт эле ошого ченеп бурчумун деп ошол кичинекей 2жашар кыз кайсы тамагын жеп коду экен тооба кылайын эй алла озун пенделерине ыйман ынсап бере кор озу деле эне экенго кантип жаш баланы чыркыратып урганга колу барды экен дейм да анан да тошоко сийип чычканына жинимде дегенине бир жиним келди баардык бала сийип чычып чоноёт да эгер озу жакшы болсо тошоко сийдирбей убагында тосуп карап койсо болот просто озу генебес экен да.
16.12.2013. 08:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал эми жаш ымыркайга жараткан Аллах озу шыпаасын берсин. Эртераак айыгып кетсин... бул дуйно сыноочу дуйно адамдар акча акча деп эмес кичине акырет учун да иштеп коёлу туугандар
22.12.2013. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ее таким сделала жизнь. наша государство где нет ни денег ни работы. она виновата и на даж не сожалеет ни капельку. ее просто надо наказать . отобрать детей. жизнь теперь ее накажит
16.01.2014. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эч Качан авысындын баласын авысын жактырбайт ушуну Бир билип алгыла,жана бактырбагылаа,менинделе Кызымы кайненем багатле,авысыным куйугуп ошонуле жакшы корот деп,кайненеме корсотпой чымчыйт экенле,болбосо жоош корунот,чоюлат.эч ким ойлобойт аны чымчыйт деп.
SUPER.KG видео
23.01.2014. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akmak!!!
SUPER.KG видео
15.03.2014. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эки баланын энеси экенсин озундун балдарынды ойлосо болмок келесоо экен эне деген мындай болбойт да айбан наристеде куноо жокго...
12.06.2015. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Энелердин, баланын ширинин билгендердин баарынын журогу ооруду болуш керек. Кандай мээримсиз, журогу жок
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: