Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«Жылдын супер ыры» наамынын ээси Гүлжигит Сатыбеков:«ЖОЛУН ТААП ҮЙ-БҮЛӨМДҮ САКТАП КАЛЫШЫМ КЕРЕК ЭЛЕ...»

№582 27-декабрь-2-январь, 2013-ж


Айрым адамдар менен канча сүйлөшсөң да жаңы сырлар ачыла берет эмеспи. Менин бүгүнкү маектешим Гүлжигит Сатыбеков да ачылбаган сандык сыяктуу туюлду. Ырчы мырза муңдуу көздөрүнүн артындагы сырлары менен бөлүштү.

– Саламатсызбы, Гүлжигит мырза? Концертиңизди ийгиликтүү өткөрүп алдыңызбы?
– Саламатчылык, рахмат, концерт жакшы өттү. Бирок аягында элдин маанайын көтөрүп, энергия берейин деген маалда аппаратуралар өчүп, бир аз маанай түшүп калды.

– «Жылдын супер ыры» наамын алганыңызды жакындарыңызга «жууп» бердиңизби?
– «Качан бизге майлап бересиң?» дегендер эле көп. Концертти өткөрүп алдык, эми сурагандарга чекеден «майлап» баштайм го.

– Чыгармачылыкка катуу киришип, жеке жашоо унутта калган жокпу?
– Чынында, чыгармачылыкты биринчи орунга коюп, үй-бүлө экинчи планда калып кетти. Азырынча эргүү келип, ушунча күйөрман топтогон учурда чыгармачылыгымды таштабай, ырларды жарата берем. Бирок «качан, кимге үйлөнөм?» деген суроо да көптөн бери жүрөгүмдү өйүп келет. Насип деп коёт эмеспи. Качан Кудай маңдайга жазып койгон болсо, ошондо болот. Акыркы убакта эң тажаткан суроо да ушул болуп жатат. Апам менен сүйлөшсөм дагы качан ушул суроону айтат экен деп телефонду өчүргөнчө шашам.

– «Лейлектик кызга» деген клибиңизде башкы ролду жараткан бийкеч менен мамилеңиздер бар деп уктук эле?..
– Экөөбүз кез-кезде телефон чалышып, абалыбызды сурашып турабыз. «Супер концертке» ал кызды алып келем деп жакшы эле сурандым. Эгер экөөбүз кыз-жигит болсок, алып келмекмин да. Алып келе алган жокмун, демек, эл ойлогондой мамилебиз жок.

– Биринчи никеңизден уулуңуз канчага чыгып калды? Кабар алып турасызбы?
– Балам быйыл 8ге чыкты. Дайыма кабар алып, колумдан келген жардамымды берип турам. Апасы менен деле жакшы сүйлөшөбүз. Буюрса, Жаңы жылга жакшы белек берейин деп жатам. Жазында балам «Алиппе майрамында «Исфананы» ырдадым. Дагы ырдап бер деп суранышты эле, ырдабай койдум» деп жатпайбы. Анан да кечээ жакында айылга барып келатып уулума жолуга келгем. «Сага жаңы апа алып келем, ээ?» деп тамашалап койсом, таарынып калгандай сезилди. Кийин ушуну айтпай эле койсом болмок экен деп калдым.

– Эгер сыр болбосо, эмне себептен ажырашып кеттиңиздер эле?
– Ал убакта экөөбүз тең жаш элек. Чоң деле себеп болгон жок. Мен аны күнөөлөйм, ал мени күнөөлөйт. Балким, кайын журт тараптан кийлигишүүлөр болгондур... Азыр бул жөнүндө эч нерсе айта албайм.

– Сүйлөшүп баш коштуңуздар беле?
– Ооба, сүйүшүп үйлөнгөнбүз. Ал менден 20 чакырым алыстыкта жашачу. Түнкү саат эки болобу, бирби, үчпү, жамгыр жааса да жөө каттаган күндөр өттү. Бардык нерсе өз убагы менен экен да. Ал сезимдер азыр жок, убакыт баарын дарылады. Жаңы жашоо башталды, жаңы барактар ачылды дегендей. Бир акылмандын сөзү бар экен, «өзүңдүн сүйүүңдү, өзүңдүн жашооңду сактап кала албасаң, өзүң гана күнөөлүүсүң. Сен өзүңдүн жашооң үчүн эч качан бирөөнү күнөөлөбө» деген. Анын сыңары канча карама-каршылык, келишпестиктер болгон күндө да мен бир жол таап тоскоолдукту жоюп, үй-бүлөмдү сактап калышым керек эле... Эми бардык нерсе болушунча болду, өткөн нерсени кайрып ала албайт экенбиз.

Келиңиз эми, кайра чыгармачылыкка кайталы. Артка кылчайсаңыз, ырчы болуп таанылуу үчүн кандай жолдорду басып өткөнсүз?
– Менчелик ырчылар көп кыйналышпаса керек. Биз 2006-жылдан баштап бул ишке кириштик. 7 жыл аралыгындагы кыйынчылыктар дагы деле көз алдымда турат. «Коштошуу» деген ыр элдин жүрөгүнө жетип, популярдуу болуп турган маалда мен көчөдө таш төшөлгө (брусчатка) төшөп, элдин үйүнө канализация орноштуруп, чоң-чоң имараттарга ысык-муздак суу киргизип иштечүмүн. Көчөдө таш төшөлгө төшөп отурсак жаштар, улуулар соткада менин ырымды угуп өтүп кетишер эле. Аны укканда аябай жаман болгонумду айтпа. Алар ырымды билишет, мени таанышпайт эле.
Чыгармачылыкка аралашкандан бери канча ызы-чуу, интригалар болду. Мен тууралуу канча жаман ушактар айтылбасын, бардык нерсени убакыт таразалайт деп эмгектенип келатам.

– «Айдын 15 күнү караңгы, 15 күнү жарык» демекчи, качан анан кубанычка батып, көзүңүзгө жаш алдыңыз?
– Кечээ концертимде сахнага чыгып, «Таенем» деген ырымды аткарып жатып көзүмө жаш алдым. Таенемди ушул кылган нерселеримди көрсө болбойт беле деп (көпкө сүйлөй албай, мукактанып, көзүнө жаш алды)... Ал кишинин ырчы болушума өтө чоң эмгеги бар... Ишенесиңби, үйгө барып алып да ушунчалык буулугуп ыйладым.

Түшүнүп турам. Бул деген мыйзам ченемдүүлүк экен да...
– Туура айтасың. Кайдан эле «Канча жолу ыйлабаймын десем да, Тагдыр мени сынаганын койбоду...» деген ыр саптары чыга берет десем, кусалык, сагыныч ичимде бар экен.

– Мурун «менин ырларымды айрым радиолор албайт» деп жүрчү элеңиз. Абал өзгөрдүбү?
– Азыр деле кабыл алышпайт. Мен айрымдардай болуп ырымды чыгарып кой деп бирөөгө чай берип, ортого тааныш салдырып чуркабайм. Ырларымды элдин сынына коём. Кечээ концертте бирөө «элитадан аябай аз болду» деп жатпайбы... Кыргызстанда негизи карапайым калк жашайт. Өткөндө эле «ырчылар фирмачы жана колхоз ырчылар деп экиге бөлүнөт» дегенди угуп шок болдум. «Мен кайсынысына кирет экем?» десем, «колхоз ырчыга» дейт. Мейли, колхозуна киребизби, совхозунабы, негизгиси эл баалап-угуп жатат, ошол мага маанилүү.

– Майрам астынан эсиңизде калган Жаңы жылды эскерип бериңизчи?
– 1998 же 1999-жыл болсо керек. Студент кезде чөнтөгүмдө бир сом акча жок, ачка, Ошто батирде жалгыз Жаңы жылды тоском. Ошондо ырчы болсом деп аябай ниет кылчумун. Аккордеонду жаңы колго алгам, бирок ойногонду үйрөнө элек элем. Ар баскычтарды баскылап обондорду издеп коём улам. Катып калган нанды сууга жибитип, жумшарып калганда вилка менен сайып көрүп, көктөрүн тазалап жегем. Сааттын жебеси 12ни какканда балконго чыгып шаарды карасам, ар жактан тарс-турс деп салюттар атылып жатат. Ошондо кандай бактылуу адамдар салют атат экен деп аябай суктанган элем.

– Кызык экен. Эми Жаңы жыл астында элге каалоо-тилегиңизди айтып кетпесеңиз болбос...
– Кыргызстандын ар бир жашоочусу бирден алтын балык кармап алса, ошол жетмек баарына.

«Уулумду «жаңы апа алып келем» деп таарынтып алдым».

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg



Гүлжигит Сатыбеков: "Качан үйлөнөсүң деген суроо тажатты"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(107)
SUPER.KG видео
31.12.2013. 07:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emnege radio albait men tushungon jokmun yrdyn sapaty nachar dep albaiby je kandai tushunboi kaldym!
31.12.2013. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жан эргиткен ырларды ырдайт Гулгижит алдыга гана умтула бер
SUPER.KG видео
31.12.2013. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо Гулжигит Сатыбеков менен байланыштырып койбойсунарбы сураныч...
SUPER.KG видео
31.12.2013. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таланттынызга таазим,бактылуу болунуз! Мага агентти жагат биздин турмуштуу жазган деп угабыз.)))))
01.01.2014. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Катын жолдо, бала белде деп койчу беле . Ит уро берет кербен журо берет Гулжигит алга! Жаны барактан жашоо башта .
01.01.2014. 03:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ал тиги фирменный ырчыларга караганда сиздин колхозбай ырларыныз уккулуктуу жана ар бир еле маанисин тушунуп уккан кишиге жагат...антип айткан киши нак озу колхозбай...
07.01.2014. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oruktu_city, Колдойм)))
01.01.2014. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Талантына таазим,аябай укулуктуу ырларды ырдап унуда сонун. Аялы менен эле жарашып алса,баласынада жакшы болмок,башка аялды не кылат алып. Чыгармачылык ийгиликтер болсун. Ошто бир жолу концерт бергенде барып менда концерт коргондой эргуу алып келген элек. Азаматсыз.
03.01.2014. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shazi, ой мумкун аялы турмушка чыгып кеткендир.
01.01.2014. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таланттуу жигит.Онорун оркундой берсин!
02.01.2014. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жигиттин гулу болуп журо Бер байке Сенин артындан бизда орчуп курчуп улгу алалы,Элиталардын ыры уже ырдалбай калды алардын ырлары эки кунго Сенин ырларын Элиндин куйормандарындын журогундо...
02.01.2014. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аксылык акемда чыгармачылык ийгилие
02.01.2014. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылык ийгилик!
02.01.2014. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
гулжигит азыр бир кыз мн жашайт мен сенден кетейинчи деп ал кызды суйбосо керек атын унутуп калдым
02.01.2014. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жалгыз жаны жыл тоскон жери аянычтуу экен ошо 99жылдар менинда бойдокчулугум башталган мен элестеттим Гулжигиттин ошондогу акыбалын башыман откон менинда.
03.01.2014. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tokitok сенин айтканын ушак чынынды эгер чын болсо далил барбы?? Далил жок болсо айтам « сен уро бересин, Гулжигит журо берет»
03.01.2014. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сезимдер жоголду дебей балан учун кайра жарашсан боло? Ортодо аны кыйнабай. А чыгармачылыгына келсек, алдынкы арчыларга эле киресин. Озун ай корсоткон ырчылар же ыр токуй алышпайт, кийимдерин гана корсоткону чыгышат, анан да эски ырларды жанылап нан таап жаткандай. А сен болсо, эч бир эски ырды жанылап ырдаганынды коро элекмин, азаматсын! Себеби ал ырларды эч ким жакшыртып ырдай албайт. Ийгилик сага!
03.01.2014. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
yrlarynyzdyn baaary baary sonun
04.01.2014. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uy buloondu saktap alarga kam kor
04.01.2014. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bugun yr4ysyn erten kimsin any jalgyz kuday bilet a uy buloo bolso tuboluktuu bolot
04.01.2014. 05:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
башка тушконду коз корот дейт тагдырга эмне жазылганын билбейбиз, бирок кээде озубуз себепкер болобуз, эмнеси болсо да чыгармачылык ийгилик, ырларыныз абдан сонун
SUPER.KG видео
04.01.2014. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз Гулжигит аке уй-булоолук бакыт жана чыгармачылык ийгилик каалайм! КУМУШ кулдун ичинде жаркырайт демекчи. Эл озу эле таразалап алат сиз коро албагандарга эч капа болбон. Жаны жыл жалан ийликтердин жакшылыктардын котоошунда отсун!
SUPER.KG видео
04.01.2014. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чет жерде журсокда Сиздин ар бир ырынызды чыдамсыздык менен кутуп угабыз.
04.01.2014. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маек болуптур, озуда таланттуу жан кайгылуу ырлырды жеткире ырдайтго. "Сагынам" деген ыры олло жакты ийгилик!
05.01.2014. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аял менен жашайбы ,кыз издейби ?эркек кишиге жараша берет .далили жок созду жазбай эле ,кара озгойлугунорду токтотуп ,кыргызстандын атын чыгарган эр азамат деген баа берсен болмок.гулжигиттин айылында мен жашайм .сен билесинби же селсовет билеби деген бар .
05.01.2014. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чыгармачылыгына ийгилик ,гулжигит аксынын атын чыгарган.гулжигиттин ырлары маанилуу жанан журоктун эн терен жеринен орун алат .ар дайым алга!!!!!!
07.01.2014. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким менен кандай жашаган, Ким менен кандай жашайт, ал ар бир адамдын оз иши. Чындыгында таланттуу ырчы, жакшы ырларды ырдайт. Бирок баягы "братвалар" темасындагы ырлары жагымсыз... (((
07.01.2014. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Guljigit azamatsyn chygarmachylygyna iygilik biz senin talantyndy baalaibyz eldin jurogunon tunok tapkan dagy kop yrlardy jarat aman bol
09.01.2014. 04:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сага да махабатка таарынамын,
Бактылуу кундорумду сагынамын...
Бул ырын суйом да, суйом.
Бактылуу болунуз.
Ит уро берет, кербен журо берет.
Артыныздан суйлогондор дайым артынызда журушкон, жана да дайым артынызда кала бермекчи. Андыктан "алардын" кээ бир создоруно кулак салбаныз...
Чыгармачылык ийгилик!
09.01.2014. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигиттин ырлары уккулуктуу.ушунуздан жазбаныз.а жеке жашоосу мени кызыктырбайт.ар кимдин оз жашоосу бар дегендей.
SUPER.KG видео
16.01.2014. 05:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырдын булагын тапкан байке да ыры кыйын абалда жардам берет да ойлондурат да боорду эздирет. "Сагынам"деген ыры мен куткондой жаралыптыр сизге 5).Алга Алла колдосун сизди!!!
SUPER.KG видео
08.03.2014. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жонокойлук сапатынызды бааладым агатай
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: