Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«Жылдын супер ыры» наамынын ээси Гүлжигит Сатыбеков:«ЖОЛУН ТААП ҮЙ-БҮЛӨМДҮ САКТАП КАЛЫШЫМ КЕРЕК ЭЛЕ...»

№582 27-декабрь-2-январь, 2013-ж


Айрым адамдар менен канча сүйлөшсөң да жаңы сырлар ачыла берет эмеспи. Менин бүгүнкү маектешим Гүлжигит Сатыбеков да ачылбаган сандык сыяктуу туюлду. Ырчы мырза муңдуу көздөрүнүн артындагы сырлары менен бөлүштү.

– Саламатсызбы, Гүлжигит мырза? Концертиңизди ийгиликтүү өткөрүп алдыңызбы?
– Саламатчылык, рахмат, концерт жакшы өттү. Бирок аягында элдин маанайын көтөрүп, энергия берейин деген маалда аппаратуралар өчүп, бир аз маанай түшүп калды.

– «Жылдын супер ыры» наамын алганыңызды жакындарыңызга «жууп» бердиңизби?
– «Качан бизге майлап бересиң?» дегендер эле көп. Концертти өткөрүп алдык, эми сурагандарга чекеден «майлап» баштайм го.

– Чыгармачылыкка катуу киришип, жеке жашоо унутта калган жокпу?
– Чынында, чыгармачылыкты биринчи орунга коюп, үй-бүлө экинчи планда калып кетти. Азырынча эргүү келип, ушунча күйөрман топтогон учурда чыгармачылыгымды таштабай, ырларды жарата берем. Бирок «качан, кимге үйлөнөм?» деген суроо да көптөн бери жүрөгүмдү өйүп келет. Насип деп коёт эмеспи. Качан Кудай маңдайга жазып койгон болсо, ошондо болот. Акыркы убакта эң тажаткан суроо да ушул болуп жатат. Апам менен сүйлөшсөм дагы качан ушул суроону айтат экен деп телефонду өчүргөнчө шашам.

– «Лейлектик кызга» деген клибиңизде башкы ролду жараткан бийкеч менен мамилеңиздер бар деп уктук эле?..
– Экөөбүз кез-кезде телефон чалышып, абалыбызды сурашып турабыз. «Супер концертке» ал кызды алып келем деп жакшы эле сурандым. Эгер экөөбүз кыз-жигит болсок, алып келмекмин да. Алып келе алган жокмун, демек, эл ойлогондой мамилебиз жок.

– Биринчи никеңизден уулуңуз канчага чыгып калды? Кабар алып турасызбы?
– Балам быйыл 8ге чыкты. Дайыма кабар алып, колумдан келген жардамымды берип турам. Апасы менен деле жакшы сүйлөшөбүз. Буюрса, Жаңы жылга жакшы белек берейин деп жатам. Жазында балам «Алиппе майрамында «Исфананы» ырдадым. Дагы ырдап бер деп суранышты эле, ырдабай койдум» деп жатпайбы. Анан да кечээ жакында айылга барып келатып уулума жолуга келгем. «Сага жаңы апа алып келем, ээ?» деп тамашалап койсом, таарынып калгандай сезилди. Кийин ушуну айтпай эле койсом болмок экен деп калдым.

– Эгер сыр болбосо, эмне себептен ажырашып кеттиңиздер эле?
– Ал убакта экөөбүз тең жаш элек. Чоң деле себеп болгон жок. Мен аны күнөөлөйм, ал мени күнөөлөйт. Балким, кайын журт тараптан кийлигишүүлөр болгондур... Азыр бул жөнүндө эч нерсе айта албайм.

– Сүйлөшүп баш коштуңуздар беле?
– Ооба, сүйүшүп үйлөнгөнбүз. Ал менден 20 чакырым алыстыкта жашачу. Түнкү саат эки болобу, бирби, үчпү, жамгыр жааса да жөө каттаган күндөр өттү. Бардык нерсе өз убагы менен экен да. Ал сезимдер азыр жок, убакыт баарын дарылады. Жаңы жашоо башталды, жаңы барактар ачылды дегендей. Бир акылмандын сөзү бар экен, «өзүңдүн сүйүүңдү, өзүңдүн жашооңду сактап кала албасаң, өзүң гана күнөөлүүсүң. Сен өзүңдүн жашооң үчүн эч качан бирөөнү күнөөлөбө» деген. Анын сыңары канча карама-каршылык, келишпестиктер болгон күндө да мен бир жол таап тоскоолдукту жоюп, үй-бүлөмдү сактап калышым керек эле... Эми бардык нерсе болушунча болду, өткөн нерсени кайрып ала албайт экенбиз.

Келиңиз эми, кайра чыгармачылыкка кайталы. Артка кылчайсаңыз, ырчы болуп таанылуу үчүн кандай жолдорду басып өткөнсүз?
– Менчелик ырчылар көп кыйналышпаса керек. Биз 2006-жылдан баштап бул ишке кириштик. 7 жыл аралыгындагы кыйынчылыктар дагы деле көз алдымда турат. «Коштошуу» деген ыр элдин жүрөгүнө жетип, популярдуу болуп турган маалда мен көчөдө таш төшөлгө (брусчатка) төшөп, элдин үйүнө канализация орноштуруп, чоң-чоң имараттарга ысык-муздак суу киргизип иштечүмүн. Көчөдө таш төшөлгө төшөп отурсак жаштар, улуулар соткада менин ырымды угуп өтүп кетишер эле. Аны укканда аябай жаман болгонумду айтпа. Алар ырымды билишет, мени таанышпайт эле.
Чыгармачылыкка аралашкандан бери канча ызы-чуу, интригалар болду. Мен тууралуу канча жаман ушактар айтылбасын, бардык нерсени убакыт таразалайт деп эмгектенип келатам.

– «Айдын 15 күнү караңгы, 15 күнү жарык» демекчи, качан анан кубанычка батып, көзүңүзгө жаш алдыңыз?
– Кечээ концертимде сахнага чыгып, «Таенем» деген ырымды аткарып жатып көзүмө жаш алдым. Таенемди ушул кылган нерселеримди көрсө болбойт беле деп (көпкө сүйлөй албай, мукактанып, көзүнө жаш алды)... Ал кишинин ырчы болушума өтө чоң эмгеги бар... Ишенесиңби, үйгө барып алып да ушунчалык буулугуп ыйладым.

Түшүнүп турам. Бул деген мыйзам ченемдүүлүк экен да...
– Туура айтасың. Кайдан эле «Канча жолу ыйлабаймын десем да, Тагдыр мени сынаганын койбоду...» деген ыр саптары чыга берет десем, кусалык, сагыныч ичимде бар экен.

– Мурун «менин ырларымды айрым радиолор албайт» деп жүрчү элеңиз. Абал өзгөрдүбү?
– Азыр деле кабыл алышпайт. Мен айрымдардай болуп ырымды чыгарып кой деп бирөөгө чай берип, ортого тааныш салдырып чуркабайм. Ырларымды элдин сынына коём. Кечээ концертте бирөө «элитадан аябай аз болду» деп жатпайбы... Кыргызстанда негизи карапайым калк жашайт. Өткөндө эле «ырчылар фирмачы жана колхоз ырчылар деп экиге бөлүнөт» дегенди угуп шок болдум. «Мен кайсынысына кирет экем?» десем, «колхоз ырчыга» дейт. Мейли, колхозуна киребизби, совхозунабы, негизгиси эл баалап-угуп жатат, ошол мага маанилүү.

– Майрам астынан эсиңизде калган Жаңы жылды эскерип бериңизчи?
– 1998 же 1999-жыл болсо керек. Студент кезде чөнтөгүмдө бир сом акча жок, ачка, Ошто батирде жалгыз Жаңы жылды тоском. Ошондо ырчы болсом деп аябай ниет кылчумун. Аккордеонду жаңы колго алгам, бирок ойногонду үйрөнө элек элем. Ар баскычтарды баскылап обондорду издеп коём улам. Катып калган нанды сууга жибитип, жумшарып калганда вилка менен сайып көрүп, көктөрүн тазалап жегем. Сааттын жебеси 12ни какканда балконго чыгып шаарды карасам, ар жактан тарс-турс деп салюттар атылып жатат. Ошондо кандай бактылуу адамдар салют атат экен деп аябай суктанган элем.

– Кызык экен. Эми Жаңы жыл астында элге каалоо-тилегиңизди айтып кетпесеңиз болбос...
– Кыргызстандын ар бир жашоочусу бирден алтын балык кармап алса, ошол жетмек баарына.

«Уулумду «жаңы апа алып келем» деп таарынтып алдым».

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg



Гүлжигит Сатыбеков: "Качан үйлөнөсүң деген суроо тажатты"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(107)
SUPER.KG видео
30.12.2013. 06:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы жашшосун айтып отту ийгилик каалайм сизге,бирок радиого албай кысым коргозгонуно кейидим,чыныгы жашоо ушундай болот ак меенет мн маарага жетип!
30.12.2013. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аллахым жакшы коргон адамдарына кыйынчылыктарды, сынооду коп берет дешет го, сиздин да башыныздан коп кыйын кундор отуптур, демек Алланын суйгон пендеси экенсиз. Чыгармачылык жолунузга ийгилик, жашоонузга сабырдуулук каалайм!
30.12.2013. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Туура айтасыз,эн башкысы сиз ырдаган,сиз жараткан ыр элге синип,кары-жашы дебей суйуп угуп жаткан сон *колхоз*деген соройлорго маани бербей эле койун.
30.12.2013. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ишинизге ийгилик эч артка кетпей алдыга умтула бериниз кудайым сизге куч кубат берсин
30.12.2013. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чынармачылык жолунузга ийгилик!!!
30.12.2013. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
ой бир шумдук ырларды ырдайт ко
30.12.2013. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Уй-булоону сактап калыш керек эмне болгон кундо да. 8 жаштагы уулунду жаны апа алып келем деп конулун катуу сындырыпсын, эл тааныган ырчы болгонун менен берген маегинден сенин кандай адам экендигинди байкадым Гулжигит. Сага айтаарым, интервью бергенде бир мындай ойлоп суйлогонду уйронсонор, бул бир эле Гулжигит эмес, копчулук артист, ырчыларга да тиешелуу!
30.12.2013. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Almabek аке сизда кызыксыз. Башка ырчыларга окшоп жасалма суйлош керек беле. Интервьюну неге берет? Жасалма суйлош учунбу? Чын дилинен чыккан со3дорду айтып атпайбы.

Ал эми Гулжигит авама келсек. Жакшы ырдайс. Ырыны3да сонун. Эл си3ди суйот. Карапайым, ачык муноз адамсы3. Ырларыны3ды дагыда жарата берини3 демекчимин. Айрыкча лейлектик кы3га деген ырыны3 си3ди гана эмес досторумдун алдында менида попул9рдуу кылдыго.))))))
30.12.2013. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
saidka, вот именно, интервью бергенде жасалма суйлоптур, жасалма суйлобош керек. Ырларында соз жок, талантына беш, бирок мен берген интервьюсуна таянып оз оюмду айттым. Аванарды катуу сындап койсом кечирип койгула.
05.01.2014. 07:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Almabek, кайсыл жеринде жасалма суйлоптур. Уйлонгондо деле баласы билет да баары бир, реакциясы кандай болоор экен деп айтып коргондур, озу деле айтпай эле койсом болмок экен дептир го. Тим эле ар бир созунон кынтык издеп турмайыбыз бар да.
30.12.2013. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Almabek, менимче туура эле жазган оюну келгенин оз жолу менен тушундургон анын эч кандай окуусу жок сиз деле озунуздун оюнузду ар кандай айттып койдунуз мен деле тушундум сиздин кандай адам экенинзди муну кандай дейсиз?
30.12.2013. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
cf.janka, туура, мен деле ушул жазгандарынды окуп коруп сенин кандай адам экендигинди билип койдум.
30.12.2013. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Almabek,Тагдырдан качып кутула албайбыз.Кудай эмнени пешенеге жазган болсо коро беребиз.Бир эле Гулжигит эмес,андан улуу,доктор,профессор кишилерибиз ажырашып жатпайбы азыр.Гулжигит ото жонокой жигит экенинин элдин баары мурун билбесе азыр билип калышты.Мурун коп ушак айын кептерди угат элек,бирок Гулжигит сынып калган жок,тескерисинче чыйралып,бутка туруп кетти.Эл озу таразага салып,Гулжигит салмактуу жигит экенин баалап калды.
30.12.2013. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Almabek, чындыгында эле башка ырчыларга окшоп жасалма интервью бериш керек беле сизге эмне? Адам бироонун башындагы чопту корбой алгач озунун башындагы тоону коро билиш керек
30.12.2013. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
SweetLady, жасалма эле суйлогон Гулжигит, анын эмнесине чычалайсынар, анын башынан чоп корбодум, болгону оюмду айттым, чыны балама жаны апа алып келем дегени ачуумду келтирди. Ошон учун любой адам эл алдында суйлогондо оозддон чыкканын айтпай, ойлонуш керек.
SUPER.KG видео
30.12.2013. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылыкка ийгилик! Ырларын чыны журоктон оорун таабат!Озунду жана чыгармачылыгынды барктай билген туболук жарынды таап бактылуу болушуна тилектешпиз!
SUPER.KG видео
30.12.2013. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигиттин ырлары радиосуз эле элге жетет.Ага капа болбо Гулжигит. Бул да болсо сенин чыгармачылыгына кайра куч берет.Бизде ушундай аты чыгып алдыга оозгондорду колдоп коштогондун оордуна тизгинден тартканды жакшы корушот.
30.12.2013. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик каалайм сизге
SUPER.KG видео
30.12.2013. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ehh....ushunday jonokoy adamdar da bar eken bul duynodo bravooo demekchimin
30.12.2013. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
озунуздун аялыныз менен эле жарашып албайсызбы ортонордо бир баланар болсо аялыныз деле каршы чыкпаса керек
30.12.2013. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asil-08, азаматсын, оз аялы менен жарашып кайра жашаса эн сонун болмок, жаны апа алып келбей.
30.12.2013. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз Гулжигит талантынызга таазим.Эн окунучтуусу сиз менен тушкон суротумду жолдошум очуруп таштаганы эстелике деп аран тушкон суротум эле :(((((((((((((
30.12.2013. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
4ok4oloi, менделе пермге келгенде Гулжигит м.н. Тушкон суротумду куйоом карап карао коёт. Очуруп салбасын деп чыгартып айылга апамдарга салып жибергем.))
02.01.2014. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
saidka, куйоон болсо анын суротунун не кереги бар,чыр чыгышы толук мумкун да.
30.12.2013. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайгылуу ырларды, жүрөкө жеткире ырдайт го.
Колхоз деп жанагындай 1 2 ыры бар, анын да мааниси жок ырдагандарды айтуу керек . Чыгармачылыгыңызга ийгилик. "Көз жаш "деген ырын уккандан тажабайм.
30.12.2013. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lazygirl, туура айтасыз. Ырларынын эн мундуусу "коз жаш" болсо керекго. Ал ырдында ба9ны менен айтып берген. Москвадагы тажикти суйуп калган кы3. Жонундо. Ал кы3ды суйгону 2 айга 2 комната толо тажик эркектерине сатып жиберип ал кыргыз кызы кордук коруп, боюнда болуп, торойн деп анданда эн коркунучтуусу жашагысы келбей калганын Гулжигит концерт коюп барганда айтыптыр. Анан Гулжигиттер колунан келген жардамын корсотуп, кайра жолун улаптыр. Ушуну би3дин пермге келгенде айтты:
-о3убу3дун к
30.12.2013. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
озубуздун кыргы3 балдары турганда башка улуттка тийбей эле койсунчу-дегенде ушунчалык патриоттук сезим кучоп, залды жаргыдай кол чаптык. Ошондо концертке баргандай болгом.
30.12.2013. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
От души интервью бериптир
30.12.2013. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чын эле аялдын бактылуу кылган, уй-булосун сактап сырттан коргогон эркектерди кучтуу деп билем, бирок дагы да болсо кеч эмес Гулжигит мырза
30.12.2013. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Osho kolhoz deep bolgondor koro albagandar,chyndygynda talantuu yrchy,ak yilet birok-birok synbait,Guljigit uje onugup baratat.
30.12.2013. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бар болун
30.12.2013. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишинизге ийгилик!!эч чокпонуз жаратканым суйгон адамын гана ары калчап бери калчап сынайт Ошол сыноолоду кучтуу адам катары которуп ушул даражага жеткениниз кудайга мин мертебе шугур
30.12.2013. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир кезде Салам-Алик деген айылда озунуздон бир топ жаш улуу аял менен жашаганыныз жонундо эч бир ооз ачпайсыз гоо...
30.12.2013. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Токтолумуш болуп калган го кыз алам деген ушул ырчы беле
02.01.2014. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
zeta, ооба ушул, мен да дароо эле ошол маегин эстедим.
05.01.2014. 07:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
zeta, ал маегин кобу эле билет, жанылбас жаак болбойт дегендей, токтолумуш болбой эле токтолсо токтолгондур.
30.12.2013. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
maxa90 мен ошол айылдан болом.сен жазгандай болгон эмес..болбогон жалган созду жазып элге Гулжигитти жаманатты кылганын болбойт карындашым.
30.12.2013. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maxa90 мен ошол айылдан болом.сен жазгандай болгон эмес..болбогон жалган созду жазып элге Гулжигитти жаманатты кылганын болбойт карындашым.
31.12.2013. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Артка карап кыйчалбай дайыи келечекти карап жанан, байке сизде эл баалайт талантынызга таазим.
SUPER.KG видео
31.12.2013. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
братан ийгилик менин тойумда сосуз ырдайсыз буйруса....
31.12.2013. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага жаккан эки ырчынын бири гулжигит ишинизге ийгилик!!!
31.12.2013. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырчылар 2 ге болунгону кулкунду келтирет. Элита, колхоз деп. Кимдер озун элите сезеткен мага кызык жаратты.
31.12.2013. 05:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Быйыл супер ырчы наамын алат болуш кк десем Нурлан алып кетти ал деле татыктуу бирок быйыл Нурланга караганда Гулжигит кобуроок мээнет кылгандай эле,корсо калхоз элита деген болумдор бар турбайбы ошонун айынан албай калды наамды ето точна!Бирок элдин супер ырчысы бул эн негизгиси кары жашы дебей той тамашада Гулжигиттин ырларысыз отпой калдыго, дагы эн окунчтуусу аялыныз мн кайра жарашсаныз элдин баары суйунмок менин ойумча баланыз ата энем чогуу жашаса кана деп энсейтда мындай нерсени мен жакшы
31.12.2013. 05:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мен жакшы тушунном себеби менде ошентип энсеп кумсап чонойдум,балким уулунузда мен сыяктуу чонойуп жаткандыр,Мен сенден кетийинчи деген ырынызды аялынызга арнап чыгаргандай деп ойлой берем,эгер конулунуз болсо жарашып бактылуу ата булушунузду каалайм ийгилик сизге!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: