Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

КРнын Эл артисти Айтурган Темирова:«ЧЕТ ЖЕРДЕ ЖҮРСӨМ ДА, СӨӨГҮМ МЕКЕНИМЕ КОЮЛАТ»

№583 3-январь-9-январь, 2014-ж


Таланттуу актриса мекенин жылына эки-үч жолу гана көрөрүн айтып өттү. Балпайган чоң эне, чехтердин келини Айтурган Темирова менен маектешип, анын адамгерчилигин, ачыктыгын, сөз көрөңгөсүнүн байлыгын бааладым.

– Жылкы жылынын кирип келерине аз күн калды. Жаңы жылды Кыргызстанда, уулуңуздун, кызыңыздын жанында тоссоңуз болбойбу?
– Чехияда жүргөнүмө 15 жыл болду. Ал жактагылар Жаңы жыл тосушпайт экен, Рождествону белгилейбиз. Албетте, уул-келиним, кыз-күйөө менен тоссом жакшы болмок. Бирок тиги жакта жолдошум күтөт да. Жаңы жылды кандай тоссоң, жыл бою ошондой болосуң дешет го, ырым кармаган адам катары жолдошум Павел менен тосууну чечкем.

– Cыйлыгыңыз кут болсун! Казактар сыйлык бербесе, бизге деле келмек эмес болушуңуз керек, ээ?
– Ооба, бул жакка келүү планымда жок болчу. Казак туугандар мага сюрприз кылышты. «Снайперлер» тасмасындагы Алия Молдагулованын ролу үчүн «Достук» орденин тапшырышарын 4 күн калганда айтышты.

– Ал ролго сизди ким сунуштады эле?
– «Бөрү зындан» тасмасынын сценарийи казактардыкы. Тартуу иши Болот Шамшиевге берилген. Казакстанда көрсөтүлгөндө аябай жакшы кабыл алышып, эл дуу болду. Ошол учурда «Снайперлер» тасмасынын сценарийи жазылып, башкы ролду кимге беришти билбей турушкан экен. Борбордук комитеттин маданият бөлүмүнөн Шамшиевге «Снайперлерди» тартуу сунушу түшкөн. Ал «согуш туурасында кино тартып көргөн эмесмин» деп макул болбой койгон. Анан Борбордук комитетке айттырып жатып араң көндүрүшкөн. Ошентип, мен согуш учурунда Ленинград блокадасында баатырдык менен курман болгон Алия Молдагулова деген казак снайпер кыздын ролун ойногом.
Ал кыз турмушта чын эле мага окшош болуптур. Тартылган соң «Эмнеге биздин сыймыгыбызды кыргыз кызы ойнойт, режиссёру да, оператору да кыргыз...» дешип казактар баалабай келишкен эле. Акыры мыкты фильм болгонун моюнга алышты.

– Жакшы. Эже, Чехияда Рождествону кандай тососуздар?
– Жолдошумдун бир кызы, бир уулу, энеси бар. Алар, карындашы, иниси аялы менен келишет. Ар бир үйдө хлебушка деген улуттук тамак жасалат. Нандын үстүнө кооздоп колбаса, жумуртка сыяктуу ар нерсе коёбуз. Кандай жасаш керек экенин мага Павел үйрөтүп койгон. Анан бири-бирибизге белек беребиз. Кимге эмне керек деп ойлосом, аны коробкага салып, сыртына аттарын жазып коём. Алар бизге белек алып келишет.

– Жолдошуңуздун балдары сизди эже дешеби, алар эмне менен алектенишет?
– Жок, атымдан айтышат. Кайненеме «сиз» деп кайрылсам, «жок, мени Людмила де» дейт. Уулу Кембриджде докторлугун жактап жатат, кызы студент.

– Мекениңизге келгенде төркүнүңүзгө барып учурашып турасызбы?
– Ата-энемдин көзү өтүп кеткен. Сиңдим, иним Бишкекте турушат.

– Бала чагыңызга токтоло кетсеңиз, кантип актрисалыкка кадам таштагансыз?
– Атам аскер адамы болгондуктан, Кытайдын Кулжа деген шаарына барып жашап, ошол жакта төрөлгөм. Мен мектепке кирерде Фрунзеге көчүп келгенбиз. Кыргызча да, орусча да түшүнбөйм, жалаң кытайча сүйлөйм. Тил билбегендиктен, мени бир жыл мектепке албай коюшкан. Экинчи жылы комиссия түзүлүп, менден экзамен алышты. Бир кыргыз киши атымды сураса, мен түшүнбөй эле Айтурган деп койгом. «Мына жооп берди, кыргызча түшүнөт турбайбы» деп кыргыз мектеп-интернатына беришти. Жарым жылга жетпей кыргызча үйрөнүп, жалаң «5ке» окуп калгам. Мугалимдер начар окугандарды «карачы Айтурганды, кыргызча билбей келип, жалаң «5ке» окуйт» деп урушушчу.
Жогорку класс болуп калганда Болот Шамшиев баштаган кино тартуучу топ «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» тасмасына кыз издеп биздин мектепке келишкен. Эжейлерибиз «кыз издеп эмне кыласыңар, Айтурган эле ойнойт» деп мени сунушташкан. Майрамдарда дайыма «Беш ыргайды» ырдап-бийлечү элем да. Наталья Аринбасарова, дагы бир балерина үчөөбүздү кинопробадан өткөрүшүп, комиссия мени тандап алган.

– Кызыңыз Сүйүүтай менен уулуңуз Чыңгызды эл жакшы тааныйт. Ал эми күйөө балаңыз менен келиниңиз туурасында айтып берсеңиз...
– Күйөө балам Бакыт көлдүк, абдан жакшы адам, жеке ишкер. Кызым жакшы күйөөгө туш болду. Үч эркек неберем бар. Улуусу 2-курсту аяктап, чет өлкөгө окууга кеткени турат. Уулум Чыңгыздын үйлөнгөнүнө 3 жыл болду. Келиним Айнура ак көңүл, назик, үйүнө карамдуу. Мени неберелүү кылган.

– Кандай чоң энесиз?
– Аябай жаман чоң энемин. Неберелеримди эркелетчү учурда, таене болгондо Чехияга кетип калдым. Неберелерим менен эркелешип, интернет аркылуу сүйлөшкөнүм менен, ичимден аябай уялам. Мен алардын ар бир кадамына сүйүнүп, жандарында болушум керек эле. Бирок жакшы кайненемин. Мен убагында көргүлүктү кайненемден жакшы эле көргөм. Бир жагынан ал кишиге ыраазымын, андан көп нерсени үйрөндүм. Ал киши медицина илимдеринин доктору болчу. Балким, чын эле менден кеткен чыгар, анткени ал убакта өзүм жаш болчумун. «Мен келиним менен эч качан чогуу жашабайм, мага малайдын кереги жок» деп илгери эле айткам. Эң башкысы, баламды сыйласын, жакасын кирдетпесин, курсагын ач койбосун дечүмүн. Балдарым бактылуу болсо болду. Балдарымды сагынып, интернеттен эркелетип жатканымды көргөн жолдошум «өзүң бул жакта болгонуң менен, жан дүйнөң Кыргызстанда» дей берет. Мен «чоң энеге үйлөнүп жатканыңды билгенсиң да» деп каткырам.
Жолдошум кыргыздын салтын жакшы билет, Кыргызстанда геолог болуп он жылдай иштеген. Азыр деле Европада геолог болуп иштейт. Экөөбүз үйлөнгөндөн кийин деле Бишкекте үч айлап, жарым жылдап иштеп кетчү.

– Канча тил билесиз?
– Кытайчаны кичинемде эле мээмден алып салышты. Орус, кыргыз, чех, англис тилдерин билем.

– Чехиянын суусуна, абасына көндүңүзбү?
– Эгер мен 18 жашымда турмушка чыксам, балким, көнүп кетмекмин. 40 жаштын тегерегинде ошол жактык боло албайт экенсиң. Ал жакта достор, тааныштар бар, бул жерге караганда бардык жагынан өнүккөн мамлекет, бирок өзүмдүн үйүмдөмүн деп сезе албайм. Бул жактын транспорттору эски, жолдору жаман, кир болсо да сагынып келем. Чехияга кетким келип эмес, үйгө барайын деп кетем.

– Пенсияга чыктыңыз беле?
– Чыга элекмин, жакындап калды. Театрга барайын деп, бирок кайра айныдым. Анын үстүнө мага күндө иштеген жумуштун кереги жок. Күйөөм геолог болгондуктан, кайсы жакка барса да мени жанына ала жүрөт. Финансы жагынан да муктаждык жок. Үйдө жөн отурбай, кыргыз режиссёрлору тартса деп үч сценарий жаза келдим.

– Тартуу үчүн Болот Шамшиевге беришиңиз мүмкүнбү?
– Муну ойлобоптурмун.

– Ал киши менен жакшы эле мамиледесизби?
– Биз урушуп-талашпай, түшүнүшүп эле, цивилизациялуу адамдардай ажырашканбыз. Балдарыбыз чакырса, ал өзүнүн, мен өзүмдүн үй-бүлөм менен келем.

– Ар бир өлкөдө бай, кедей бар. Силер Чехияда кайсы катмарга киресиңер?
– Күйөөм айткандай, биз ачка эмеспиз, кийимибиз бүтүн, үстүбүздө чатырыбыз бар. Акча топтойлу деп да жулунбайбыз, анткени бизге азыр эч нерсенин кереги жок. Жаш ортолоп калганда жер кыдырып эс алганга акчабыз жетсе болду дейбиз. Биз өтө бай эмес, кедей да эмес, орто жашагандарга киребиз.

– Ырчы болом деп жүрбөдүңүз беле?
– Мекенимди сагынып бук болуп ыйлай бергенимде жолдошум «ырдап чык, мага ырдаганың жагат» деген. Кыргызстанга келип музыкасын жаздырып кеткем, үнүн Чехиядан кошуп, бир жыйнак чыгаргам. Ошону менен ырдагым келбей калды.

– Кыргызстанга көчүп келүү оюңузда барбы?
– Мен бир гана нерсени билем, качандыр бир кезде сөөгүм сөзсүз Кыргызстанга коюлат. Бул менин акыркы каалоом.

– Пластикалык дарыгерлердин кызматынан пайдаланасызбы?
– Пластикалык операция жасаткандар бири-бирине окшош, билинип турат. Андай нерсеге жологон эмесмин. Мен актрисамын, эртең мага таененин ролун берсе кантип ойнойм, тартылган бетим менен? Таененин же жаш кыздын ролун ойной албай отурсам уят эмеспи. Бетиңди жылмалап алганың менен, картаң экениң көзүңдөн билинип турат.

– Маегиңизге рахмат!


«Мыкты фильм, мыкты образ экенин казактар акыры моюндарына алышты».

«Сүйүүтайымдын балдары менен. Павел неберелеримди өз балдарындай көрөт».

«Кыргыздын алгачкы «Наристе» эстрада тобунун ырчысы да болгом».

Сүйүн Кулматова
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(24)
06.01.2014. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкты айым
06.01.2014. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин таланттуу эжекебиз!!дайыма ден-соолукта болуп бактылуу жашаныз биз сиз менен сыймыктанабыз.
06.01.2014. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ден соолукта болунз! Сиз менен сыймыктанбыз! Бактылуу болнунз!
06.01.2014. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сүрөттө неберелери аябай шириин го)
06.01.2014. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул эже мага аябай жагат да.Талантынызга таазим!!!
06.01.2014. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнегедир канаттандыраарлык сыймыктана албайм...
06.01.2014. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундай таланттуу айым бизде эмес чет өлкөдө жашаганы өкүндүрөт да.Кыргыздын шедевр кинолорун жараткан улуу инсандардын тагдыры ушундай аяктаганы кандай өкүнүчтүү.Билбейм менин ичим аябай ачышат.
07.01.2014. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бар болгула !Биз силерге окшогон кыргыздын кызына сыймыктанабыз.Талантынарды сыйлайм.
08.01.2014. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
gulira-f, Анда Өзбек,Тажик,Түрккө тийгендерге деле сыймыктанайлы,эмнеге аларды уруп атышат анда биздин патриоттор?
07.01.2014. 05:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында копту коргон эже экен.
07.01.2014. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
stt - 5 күнгө БАНга!
1. Курамы окшош сайтты жарнама кылууга тыюу салынат.
2. Интервью Сүйүн Кулматова тарабынан Айтурган Темированын өзүнөн алынган. Андыктан Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарийлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
07.01.2014. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Козу барда сыйлай албайбыз анан козу откондон кийин мактап чактап эле жатып калабыз,биздин жеп ичер атка минерлерибиз ушул искусство адамдарына деле кобуроок конул болуп койсо материалдык жактан жардам берсе жакшы эле онугуп осмок да
07.01.2014. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн мыкты,биз сыймыктана ала турган актриса да.......!!!!!!!!Бар болсун ылайым!!!!!!!!!!
07.01.2014. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Павелге тийип кеткени жакпады..андан коро неберелеринин мандайындале болсо жарашмак!бул менин жеке ойум..
07.01.2014. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунчалык суктанчу элем кичинемде,аман болунуз.
08.01.2014. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кандай сонун,таланттуу инсан.Куйоонуз менен бакытта жашаныз.
08.01.2014. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эженин белгилуу деген балдары ким болот? :) Ырчыларбы?
09.01.2014. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nuska587, Саламатсызбы!
Белгилүү режиссёр Болот Шамшиев менен Айтурган Темированын ортосунда Сүйүүтай аттуу кызы, Чыңгыз деген уулу бар. Сүйүүтай Шамшиева - актриса. Эң алгачкы ролу "Ак кеме" тасмасындагы бешиктеги бала. Анда 6 айда болчу. Ошол бешиктеги бала көпчүлүктүн эсинде калган. Кийин "Эл арасында", "Эрте келген турналар", "13 небере", "Улыбка" аттуу тасмаларда роль жараткан.
09.01.2014. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nuska587, Ал эми уулу - Чыңгыз Шамшиев. Учурда 35 жашта. Жаш болгонуна карабай Чыңгыз мырза Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору кызматын аркалап келет.
09.01.2014. 03:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kurguzdan baktusun tappasa tuiet da Pavelbi kimisi bolso. Emne bolso da baktuluu bolsun , neberelerinin mandaiuna oturganda kyioosyncho ech kim suilabait. Abushkasu ekoono bakut.
10.01.2014. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asiia03, Созунузго толугу менен кошуламын!Отуз балам болгончо осурак чалым болсочу деп кыргызда бекер айтылган эмес го дейм,суйуктуу жолдошун жанында болсо мындан откон бакыт барбы???
09.01.2014. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ким болсода мусулман болсо болдуда бактулу болсун
11.01.2014. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beka_89_kg, кеп ошол мусулман болбогонунда болуп атпайбы.(((Павел..Хм.
13.01.2014. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kanybek_kg,
Коомдук адепке туура келбеген билдирүүсү үчүн 3 күнгө БАНга!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: