Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Клара Алибекова: «ЖАШТЫГЫМДАН ПАЙДАЛАНЫП КӨП ЫРЧЫЛАР КОЛДОНУШТУ»

№584 10-январь-16-январь, 2014-ж


Клара Алибекова деген ысым эстрада айдыңында жарк этип пайда болду. Аны алгач эл алдына алып чыккан айылдагы жөнөкөй агайы болсо, кийин көп ырчылардын талашына түшкөн. Бул жолу биз ырчынын кичинекей жылдыз болгонунан баштап бүгүнкү күнүнө чейинки жолуна сереп салгыбыз келди.

«АЛ КЕЗДЕ АКЧА ЭМНЕ ЭКЕНИН ТҮШҮНГӨН ЭМЕСМИН»
-Мен 3-класстан ар кандай ийримдерге катышып, ырдап-бийлеп баштагам. Ал кезде атайын эстрадалык ансамбль бар эле. Анын жетекчиси Айтбек Толубаев мени ансамблине чакырып калды. Бир күнү Тургуналы Нурматовдун «Кыргызымдын жигиттери» деген ырын сунуштады. Ушул ырдан тушоом кесилди десем болот, эл аябай жакшы кабыл алды. 7-классымда Айбек Карымовдун жаш таланттар үчүн жарыяланган сынагына катышып, баш байгени уткам. Андан кийин «Нур» тобунда ырдап калдым. Ошондон тарта Кыргызстанды кыдыра баштадык.
Ал кезде акча эмне экенин деле түшүнгөн эмесмин. Сахнага чыгып ырдап жатканыма эле бактылуу элем. Кийин көп ырчылар менен, алардын катарында Айчүрөк Иманалиева, Гүлшайыр Садыбакасова менен иштешип калдым. Азыр ойлонуп, эмне себептен «Нур» тобунан кеткенимди дале билбейм. Айчүрөк эже «мен мындай форма тиктирип берем, ыр жаздырып берем, чет өлкөгө алып барам» десе азгырылып кеттим көрүнөт. Жаштыгымдан улам мени көптөр пайдаланышканын азыр гана түшүнүп калдым.
7-классымда туулган жерим Көк-Жаңгактан Жалал-Абад шаарына келип окудум. Мектепке барсам да баары эле «Клара Алибекова келе жатат» деп жардана карап калышчу. Балдар тийишип, сүйүүсүн арнашат, кыздар болсо жигиттерин кызганышат. Айтор, укмуш эле болчу. Гастролго көп чыгып жүрүп сабактарыма жетишпей жаттым. Бирок мугалимдер талантымды баалап «бул ырчы кыз» деп жакшы эле көтөрмөлөштү.
Негизинен, чыгармачылыкта бактымды ачкан Айтбек Толубаев деп билем. Ал өтө кичи пейил, жөнөкөй адам болчу. Азыр көзү өтүп кетти. Ырчылар «бизге бербейсизби» деп мени сурашса, «силер кызымды азгырып жатасыңар» деп кадимкидей кызганчу.
Азыр ошол күндөрдү эстесем, башкалар 11-классты бүтүп үйүнөн кетсе, мен 5-классымда эле ата-энемдин коюнунан чыккан экем. Жаштыгымдын баары төрт дөңгөлөк үстүндө гастроль менен өттү. Бирок өткөн күндөрүмө өкүнбөйм, баары бир маңдайга жазган нерседен качып кутула албайбыз.

Айбек Карымов, ырчы:«ТЫТЫНЫП, «ӨӨП АЛАЛЫ» ДЕГЕНДЕР ДА БОЛГОН»
Ырчы Айбек Карымов бир кезде «Нур» аттуу топту жетектеп, анда Клара Алибекова ырдачу. Топто 3 жыл ырдап, Клара чыгып кетет. Айбек мырза анын жаштык кылып койгонун айтат.

-Кларанын бала кездеги популярдуулугуна азыркы жылдыздардын бири да жеткен жок. Клара биз менен үч жыл ырдады. Мен аны жылдыз кылдым деп айта албайм. Ал бизге бышкан кезде келди. Клараны Клара кылган Айтбек деген агайы. Мен өзүм деле ырдап калбадымбы, башкалардан деле көргөн жокмун, Кларанын угармандары укмуш көп болчу. Аны келет дегенде тээ тоонун башынан атчаны атчан, эшекчени эшекчен, жөөсү жөө, кемпир-чалдар бала-чакасын көтөрүп алып келишчү. Көп киши клубга батпай, концертти 2-3 сеанстан койгон күндөрүбүз болду.
«Клараны өлтүрүп кетиптир», «антип кетиптир-минтип кетиптир» деген ушактар чыкты. Андай популярдуулукту мен батыш жылдыздарына, мисалы, Майкл Жексонго салыштырмакмын. Тытынып, «ушул кызды бир өөп алайынчы» дегендер канча болду. Атайын бир баланы Клараны кайтартканга алганбыз. Өткөөл курак, ага кошумча «жылдыз» оорусу болуп, үнү да жакшы эмес жакка өзгөрүп кетти. Анын акчасына азгырылып, бирок андан ары өнүктүргөн киши болбоду. Чынын айтканда, азыр Клара 94-95-жылдардагы Клара Алибекова деген бренд менен чыгып келет. Мурункудай популярдуулукка жетиш үчүн кайра жаралыш керек болот деп ойлойм.

Орозбү Алибекова, апасы:«ЫРЧЫЛАРДЫН АРАСЫНДА КАТУУ ТАЛАШКА ТҮШТҮ»
Кичинекей кыздын кең келечеги ырчылар ортосунда талашка түшкөнүн көптөр айтышты. Эне өзгөчө жан болот эмеспи. Чырпыктай кызынын баш айланткан популярдуулугун эне жүрөгү кандай кабыл алды? Аны апасы төмөнкүдөй эскерет:
-Клара кичинесинде белине жоолуктарды ороп, кээде биз уктап жатсак үстүбүздү тебелеп бийлей берчү. Чоң атасы Артистка деп ат коюп койгон. Балдарымдын арасынан такыр башкача кыз болду. Ийримдерге катышып, эл көзүнө көрүнүп калганда Айтбек деген жигит «кызыңызды ырдатайын» деп үйгө келип жүрдү. Анда азыркыдай машина көп жок. Кар жааса ат менен келип, учкаштырып кетчү. Түндө кайтканда Клара уктап калган болот, көтөрүп келип жаткырып коюшат. Эртең менен турса эле коюну толо акча! Көрсө, тойдо ырдаганда акчаны коюнуна кыстара беришчү экен.
Бир күнү «Айланайын Айтбек, менин бүргөдөй кызымды каякка алып барып жатасың?» десем, «Эже, сиз түшүнбөйсүз да, биз сонун иштеп жатабыз. Элдин тосуп алганын айтыңыз» деп калган. Бир жолу концерт уюштурушкан экен, мени чакырып, алдыңкы катарга отургузушту. Концерт башталды. Бир маалда эле кызым чыгып ырдап жатат, эл шатырата кол чаап жатышты, кызымды көрүп ыйлай баштадым. Ошентип, тойлордон акчаны аябай көп таап келет. Болбосо койлорду тирүүлөй алып келишет да, экөө союп, бөлүшүп алышат. Эл да колдоп, сый үстүндө жүрүштү.
Кийин Айбек Карымовдун тобунда иштеп жаткан. Жалал-Абаддан көп кабаттуу үйдөн батир сатып алып, байкеси, жеңеси менен ошол жакта жашап калышты. Бир күнү мага чалышып «кызыңыз үч күндөн бери Айчүрөк менен кетем деп болбой жатат» дешти. Бардым, Клара мени укчудай эмес, бакырып-өкүрүп ыйлап, «барбасам 4-кабаттан боюмду таштап жиберем» деп такыр болбой койду. Аргасыздан жөнөттүк. «Жалал-Абаддан чыккан боюнча Бишкекке келгенге чейин концерт коюп, 100 миң сом акча түштү» деген Айчүрөктүн интервьюсун окуп калдым кийин. Бир күнү «Клараны Айчүрөк менен чет өлкөгө барат экен» деп угуп калдык. Кийин өзү эле кеткени белгилүү болду. Ошондо агасы келип Кларанын шартын көрүп, алып кетип калган. Айта берсең абдан көп, канчалаган ырчылар Кларанын атын колдонуп алып, артынан болбогон кептерди да айтышты. Ортодо ырдатпайлы десек, 2-3 күндө буулугуп, колуна эмне тийсе ыргытып талкалап, сахнага чыгып келгенден кийин эле жакшынакай болуп калчу.
Клара кичинесинде шумдук тарсылдаган кыз эле. Гастролдон келгенде түнкү саат 3төрдө «шишкебек жейм» деп кыйначу. Айбектер түн экенине карабай таап келип беришчү. Кийин гастролу көбөйүп, талашка түшүп кетти. Артисттер күн-түн дебей «бизге бергиле» деп келишет. Милициянын килейген кызматкерлери «шеф буюрду, кайдан болсо да ошол кызды таап, тойго алып келгиле деди» дешчү.
Чынында, аты катуу чыкты. Кызыма элдин көзү тийдиби, же артисттердин окуткан-чокутканы болдубу, же турмушу тайкы болгондон кийинби, айтор, ушундай жумшак болуп калды. Азыр чыгармачылыгын кайра уланталы деп Бишкекке көчүп келдик.

«6-класска чейин активдүү окуучулардын катарында элем. Ырдап жүрүп сабактан да четтеп кеттим».


Жаныбек Алыкулов, куудул:«КЛАРАНЫН АЙЫНАН ДОСУМ МЕНЕН МУШТАША КЕТКЕМ»
Клара Алибекова деген ысымдын калың элге таанылышына куудул, пародист Жаныбек Алыкулов, ырчы Абидин Темировдордун салымы чоң. Экөө биринчи жолу аны Бишкектеги чоң сахнага алып келишкен экен.
-1994-жылдары мен Жалал-Абад университетинде окутуучу болуп иштеп жаткам. Анда Клара Жалал-Абаддын жылдызы болуп, аты дүңгүрөгөн кез эле. Ушундай талант айылдык ырчы болуп кала бербесин, республикага чыгаралы деп Абидин Темиров экөөбүз Кларанын ата-энесине «борборго алып барып ырдаталы» деп сунуш киргиздик. Алгач ата-энеси каршы болушту. Анткени мага чейин деле көп белгилүү ырчылар көп нерсени айтып, жаш кызга баарын убада кылып, бирок аткарбай коюшкан экен. Эптеп ата-энесин көндүрүп, Клараны Бишкекке алып келдик.
Биринчи жолу ал Бишкекте чоң сахнада «Мыскыл жана тамаша» концертинде «Кыргызымдын жигиттери» ырын аткарып чыкты. Эми элдин кол чаап, жылуу кабыл алганын айтпа.
Ошентип, концерт бүткөндө студияга барып Клара тууралуу сюжет даярдап, кайра Жалал-Абадга учканга билетин колуна карматкам. Көп өтпөй облустук билим берүү башкармалыгынан чалып жатышпайбы, «Клара келген жок» деп. Көрсө, бул жакта ал Тургуналы Нурматов менен да ырдап калган экен. Ал киши жакын досум эле, Кларанын айынан аны менен мушташа кетип, досумдан айрылгам. Кийин Жалал-Абадга барсам, мен тууралуу «жаш кызды Бишкекке алып барып, ар кимдин колуна берип коюптур» деген сөздөр чыгып кетиптир. Унчуккан жокмун, убакыт өзү тараза дедим. Ал кезде чынында эле Клара чоң тамгалуу жылдыз болчу. Ушунчалык таланттуу, жылдыздуу кыз эле...

Тургуналы Нурматов, обончу:«КЛАРА ЫРЫМДЫН БАГЫН АЧТЫ»
Клара Алибекова «Кыргызымдын жигиттери» ырын аткарып эл-журтка аты чыкты. Бул ыр анын багын ачтыбы же Клара ырдын багын ачтыбы, бул суроого ырдын автору мындайча жооп берет:
-Бир жолу мага обончу Алтымыш Кадыров келип, «сиздин ырыңызды бир кыз аябай жакшы ырдап жатат» деп калды. Анда деле көп маани бербей, угуп көрөлү деп койгом. Көп өтпөй эле радиодон ырым жаңырып калды. Мотурайган бул кыздын жаңылап чыкканына абдан сүйүндүм, чынында. Ошондон тарта ырымдын кадыр-баркы да өстү. Клараны бир жаралган кыз экен дегем ошондо.
Кийин Көк-Жаңгакка гастролго барганда атайын ага кезигип, ыраазычылыгымды айттым. Менимче, ырдын багын Клара ачты, анткени ал башкаларды деле сонун аткарбадыбы.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg



"Жаштыгымдан көп ырчылар пайдаланышкан экен" дейт Клара Алибекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  13 
Комментарийлер(171)
14.01.2014. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
5-класстан сахнада журсо кудай берген унуно талантына,атактуулугуна, акча тапканына ишенип журду да окууга тапшыруу оюна да келбей..
14.01.2014. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Клара эже сизге Жараткан ден соолук бакыт берсин. Азаматсыз азыр да кеч эмес сиз мурдагыдан да сулуу болуп калдыныз эми накта жылдыз болушунузду тилейм .
14.01.2014. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Клара ийгик сага жаны чыгармаларды кутобуз.
14.01.2014. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Клара эже менин эжем менен тен экенсиз! Мен да сизди кичиненизден тааныймын. Сизден кичуу болсом да, сизге кенеш берип кетким келди, откон нерсе сизге сабак болсун! Эч качан отконго окунбо да, ал учун бироону куноолобонуз! анткени ал учурунда сиздин тандоонуз болгон. Мен сизди абдан сыйлаймын, мындан кийин баркынызды тушурбоо учун жана келечекте маданият кызматкерлери менен ынтымактуу болууну кааласаныз откондун темасын талкуулабаганыныз жакшы,мен баарын жаныдан баштадым деп эч кимге таарынбаныз
15.01.2014. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Даа... Еще не поздно Клара. Просто она слишком наивная, интервьюсуна караганда. Анжеликадай как тулку болушун керек болчу,тагдырынды тиши байыш ебр бузду да. Кайра келем десен 1-стилисттер мн 2-жакшы акындар мн иштеш анан 3-кайра Клара деген атактуулукту кайрып ал себеби сени эл тааныйт ырларынды билет, удачи тебе!
15.01.2014. 02:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Вааай 97- жылы концертине кире калып,бир жума кыйналгам уктай албай. Олллло суйуп калгамда!!! Мин чакырым деген ыры жагат та мага. Азыр да угуп жатам.
15.01.2014. 05:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
таланты бар адам эч убак унутулбайт туугандар ит уро берет кербен журо берет демекчи Элдер айта берет сен бир кездеги жылдызсын унутулбайсын балан менен бактылуу бол кудайдын айтканы болот...
15.01.2014. 06:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айбек жаныдан торолуш керек дедиго чон атамдай болуп
шумдугун кургур [adm]
Модератор jaina түзөттү 16.01.2014 08:59
15.01.2014. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Клара жылдап куттурдун го бизди. Сахнага кайрылып келгенине абдан кубанычтамын, кубанганымдан ыйлап да алдым. Сенин ырларынды укканда эч кайгы-капасы жок балалык кез эске келет.Эми жаны, жакшы ырларды кутобуз. Кыргыз шоу бизнесте сенчелик популярдуулука жеткен эч ким боло элек деген созго мен да кошулам.
15.01.2014. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер-Инфо сиздерге кыргыз элинин атынан чоооон рахмат! Ушинтип эл суйгон, эл сагынган ырчылар менен бизди кабардак кылып турганынарга.Эл суймончулугуно ээ болуп журо бериниздер.
15.01.2014. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жасалма кулгону эле жакпайт болгону. Жаны жакшы ыр жаздырып же эски ырларын римэйк кылып ырдаса кайрадан эле популярдуу болот го. Шатунов деле журбойбу.
15.01.2014. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Многу Тургунаалы Нурматов деген ырчы Расул кызы Айгеримдин чыныгы атасы болот.
15.01.2014. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
atambai, сен кайдан билесин?
15.01.2014. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Клара эже менин кумирим аябай жакшы кором мага жагат
16.01.2014. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айгерим Расулдун кызы емеспи ошондо.
17.01.2014. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
alemdar1988, ооба Айгеримдин атасы Тургунаалы Нурматов.
16.01.2014. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
талант эч качан КАРЫБАЙТ.алга Клара
16.01.2014. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Клара мени сени жакшы билем ото назик, суйкумду, боорукер кыз элен, сени булар гана эмес Диля Момунова дагы пайдаланды Ошто Жиля эже менен иштешип жургонундо сени менен биз кошуна болуп турдук кээде сен чакырсан чайка кээде биз чакырып талантынды дайыма баалап келгем дагы да баалай берем. Айтоор алдыга койгон кадамдарын ишке ашышына тилектешмин жана сени теледен кана эмес Кыргызстанды дагы бир айланышында каалайбыз жана сени кутуп келебиз
16.01.2014. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омеей ай, кыргыздар Гуглдан да отуп кеткен го ))) Мындай маалыматты анчы мынча жерден таба албайсын. Маалымат капчыгымды ушул жерден эле жанылап турбасам мындан кийин....
16.01.2014. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Карып калгансып:"Жаштыгымдын баары төрт дөңгөлөк үстүндө гастроль менен өттү" - дептирда,балалыгым десе тагыраак болот беле?Жаныдан 30 дан ашса керек.
17.01.2014. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ла ла ла
17.01.2014. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик сага
17.01.2014. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Клара эч кимге кулак салба.Эми да кеч эмес.Кудайым да ар бир адамга талант бере бербейт.Мен да сенин концертине барганмын.Гостролдо жургонундо.Ийгилик сага.Максатына жет.
17.01.2014. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Данияр Эрматов менен ырдап чыкканын коруп абдан кубандык. ийгилик сага.
SUPER.KG видео
17.01.2014. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
мен суйомго Клараны ийгилик каалайм...сахнага кайтышыны кутобуз...
SUPER.KG видео
17.01.2014. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Клара Алибекованын ырлары менен жаштыгым өттү го, чиркин.
SUPER.KG видео
17.01.2014. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Клара эже,куйормандарымдын суроосу менен чыгармачылыкка кайттым деп туура кыласыз.Сиздин онунузду да,унунузду да жана ырларынызды куткондордун арасында мен да бармын.Озунузго айтпагандары дагы толтура.Сизге эн башкысы:"кайрат,куч,чыгармачылык ийгилик"...
SUPER.KG видео
17.01.2014. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кайрадан мурдагы "популярдуулугунуз"пайда болот,озунуз айткандай жакшы аракет кылсаныз...Анткени,ошол эле куйормандарыныз азыр да жашап журот жана сиздин талантынызды унутушкан эмес!
SUPER.KG видео
17.01.2014. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
сизге ийгилик каалайм!эч кимге,эч нерсеге карабастан сахнага чыга бериниз..сизди жактырып,унунузду баалаган адамдардын саны дале коп деп ишенем!!!
SUPER.KG видео
17.01.2014. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жаштык кез Клара эжени суйуп оттук.
SUPER.KG видео
17.01.2014. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
кутобуз кутобуз кутобуз!!!
SUPER.KG видео
17.01.2014. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жаны ырларды кутобуз!!!!
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: