
ИРАН
60 ЖЫЛДАН БЕРИ ЖУУНА ЭЛЕК АДАМ
Ирандын түштүгүндөгү Фарс провинциясындагы чакан кыштакта жашаган Амоа Хаджи 60 жылдан бери жууна элек. Кирдегени ушунчалык, терисине жабышкан кир, ылайлар кабатталып, кайра четинен көчүп түшүп турат. Жуунбаганынын себебин ал «оору – тазалыктан келип чыгат» деп түшүндүрөт.
Амоа учурда 80 жашта жана мындан 60 жыл мурун башынан бир нече кайгыны өткөргөндөн соң тентип кеткен. Үйсүз абышка казылган чуңкурда жана айыл эли боор ачып тургузуп берген эшиги жок сарайчада баш калкалайт.
Өлгөн жаныбарлардын этин жеп, эл берген тамактарды карабайт. Жаныбарлардын кыгын тамеки ордуна тартат.
АКШ
ТҮРМӨДӨГҮ АДАМ РОМАН ЖАЗГАНЫ ҮЧҮН СЫЙЛЫК АЛДЫ
Учурда Түштүк Королинанын катуу режимдеги түрмөсүндө мөөнөтүн өтөп жаткан 44 жаштагы Аларик Хант жазган детективдүү романы үчүн адабий жана акчалай (10 миң доллар) сыйлыкка татыды. Келишим боюнча эми анын романы басылып, сатыкка чыкмакчы.
Аларик 1988-жылы адам өлтүрүү, тоноо жана өрттөө кылмыштары боюнча өмүр бою түрмөдө отурууга буйрулган. Детективдүү романдар үчүн сынак жарыяланганын окуп калган ал өз күчүн сынап көрүүнү чечкен. Романын 9 айга жакын убакта жазып бүтүргөн.
ФРАНЦИЯ
БИР ЖЫНЫСТАГЫ 7 МИҢ ТҮГӨЙ БАШ КОШКОН
2013-жылдын майынан тартып 2014-жылдын январына чейин Францияда 238 миң түгөй баш кошкон болсо, алардын 7 миңи бир жыныстагылар. Тагыраак айтканда, гомосексуалдар. Бир жыныстагылардын баш кошуусунун туу чокусу 2013-жылдын сентябры болгон. Күздө 1,5 миң гомосексуал никеге турган.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg
Сизге эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.