«FONEX» БАНКРОТ...
№585 17-январь-23-январь, 2014-ж
2013-жылы «Түндүкэлектр» ишканасына электр энергиясынын керектөөчүлөрүнөн түшкөн сумма 4,2 МИЛЛИАРД сомду түздү.
- Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, өткөн жылы өлкөдө 80 миң тонна ТӨӨ БУУРЧАК өндүрүлүп, 40 миң тоннага жакыны дүйнөнүн 16 өлкөсүнө экспорттолгон.
- 14-январда күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен болуп өткөн кеңешмеде президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ чек арага жакын жайгашкан райондун жашоочуларынын коопсуздугун камсыз кылууну, ал аймактардагы инфраструктураны жакшыртуу тапшырмасын берди.

- 1-марттан тарта укук коргоо органдарынын жана аскер кызматкерлеринин айрым категорияларынын ЭМГЕК МАЯНАЛАРЫ 37 пайызга жогорулайт.
- Түштүк Кореянын Ханяң университетинде окуган жердешибиз Нурсултан Алтыбаев аталган өлкөдө КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАҢГАГЫ сатылып жатканын жана жогорку суроо-талапка ээ экенин маалымдады.
- СОВЕТБЕК АРБАЕВ Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Ал буга чейин ИИМдин Ички аскерлер бөлүгүнүн кол башчысы болчу.
- Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечими менен «АкТел» ЖЧКсы («FONEX») 2013-жылдын 22-ноябрынан тартып БАНКРОТ деп табылды.
Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
1