МАЙРАМБЕК ОСМОНОВДУН СОТ ИШТЕРИ УЛАНУУДА
№585 17-январь-23-январь, 2014-ж

Ырчы Майрам бек Осмонов менен жубайынын ортосунда келишпестик чыгып, гезиттер аркылуу акыйнек айтышкандарына күбө болгонсуздар. Акыйнек менен гана токтолуп калбай, мыйзам чегинде чечишүүнү көздөгөн эки тарап сотко кайрылышкан. Үй-бүлөлүк маселени жубайынын коомчулукка биринчи жар салып чыкканына нааразы болгон ырчы аялынын кечирим суроосун талап кылган эле. Учурда сот ишине чекит коюла электигин кеңсебизге келген Осмонов айтып отурду. «Калматова (ред. мурунку жубайы) мени «саунадан көргөм» деген жана башка оюнан чыгарылган сөздөрүн далилдей алган жок. Анын айткандарын Ленин райондук соту канааттандырбагандыктан, ал шаардык сотко кайрылды. Бардык сот процесстери аягына чыкканда жалпы журтка жыйынтыгын өзүм билдирем»,- дейт Майрамбек Осмонов.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
2
Тоооба,эркек эркетей болсочу!
дегинибизди журналисттер карабай калса керекда,озуну пиарлаганыбы?Терен
ойлонуп эркектик кылып койсо болмок,аялыныкы 100%туурадай
Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.