Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ОБАМА ДА ЖАРДАМ БЕРЕ АЛБАГАН БАРАК АЙЫЛЫ

№586 24-январь-30-январь, 2014-ж


Гезитибиздин «Элет үнү» рубрикасынын астында мекенибиздин айылдарын кезеги менен чыгарып турууну чечтик. Айылдардын абалы, көйгөйү, башкаларга окшобогон өзгөчөлүктөрү жана кызыктары менен тааныштырабыз.
Анда күтүңүз, биз сиздин айылга да барабыз. Өзүңүздүн айылыңыздагы кызыктар, көйгөйлөр тууралуу маалымат бергиңиз келсе, koom@super.kg электрондук дарегине кат жөнөтүңүз.
Барак эксклавына өзбек чек арачылары бир да ММК өкүлдөрүн киргизишпейт. Жергиликтүү элге да фото, видеоаппаратураларды алып кирүүгө- алып чыгууга уруксат жок. Буга чейин Барактын абалын чагылдыруу максатында чек арадан өтүүгө аракет жасап, бирок андан майнап чыккан эмес эле. «Учурда Барак айылынын элинин көпчүлүгү Ош шаарынын айлана-тегерегинде, түйүнчөктөрүн көтөрүп ар кимдин үйүндө күн кечирип жүрүшөт» деген кепти угуп айылга кире албасак да, алардын жашоосун өздөрүнүн айтуусунда чагылдырып берүүгө далалат жасадык.

Айыл тургундары жыйналыш өткөрүп, көйгөйлөрүн кантип чечүүнү акылдашууда.

БАРАК ТУУРАЛУУ
Барак – Өзбекстан аймагындагы Кыргызстанга караштуу эксклав (эксклав – бир же бир нече мамлекеттин аймагы менен толук курчалган бир өлкөнүн аймагынын бөлүгү. Барак - биздин өлкө үчүн эксклав болсо, Өзбекстан үчүн анклав болот). Өзбекстандын Анжиян облусу курчап турат. Оштун Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнө карайт. Чек арадан 1,5 чакырым алыстыкта орун алган. Аймагы 4 чарчы чакырым. Айылда 158 түтүн, 2 миңге жакын жаран жашайт.

«Айылга Кыргызстан тараптан дан азыктары менен мөмө-жемиштерди гана киргизүүгө уруксат берилген. Эт жана башка азыктарды, шириндиктерди биздин балдарыбыз тоё жешпеди»,- дешет жашоочулар.

Саткын Зиаидинова:«ӨЛСӨМ СӨӨГҮМ АЙЫЛЫМА КОЮЛБАЙ КАЛАБЫ ДЕП КОРКОМ»
– Барактыктар кыйынчылыкты аябай эле тарттык. Мурунку азаптары аз келгенсип, былтыр 17-январда өзбек тарап Сох анклавына байланыштуу жолду жаап, чычкан өткүс кылып коюшту.
Министрлер келишет, бир буудайдын данынчалык пайдасы тийбей кайра кетишет. Эки ирет мамлекеттен жардам киргизишти. Анын да бир жолкусунун унун бекер, ал эми май, пияз, картошка, самындарын карызга беришти. Акчасы барлар төлөштү, жоктор төлөй албай азыркыга чейин кыйналып жүрүшөт.
Биз көргөн күндү ит да көрбөсүн. Базарыбыз алыс, дарыгерибиз жок. Дарыгер бар болсо дарысы жок, дарысы болсо ийнеси жок, дары, ийне болсо дарыгер өзү жок. 15 мүнөттүк жолду жаап салып, 12 саат айланып Оштогу ооруканага жеткенче өлүп калган балдарыбыз да болду. Аябай кыйналганда былтыр май айынан баштап үйлөрдү бекитип, казан-аяк, кийим-кечектерибизди алып Ош шаарынын тегерегиндеги ар кимдин короосуна отурукташа баштадык. Айылдан бир тоок, бир мал алып чыга албайбыз. Жашообуз дыйканчылык менен өтчү, жыйналган дан эгиндерибизди да сата албайбыз. Малды сата алгандар сатып чыктык, азыраак малы калгандардын үйлөрүндө бир-экиден адам жашап жатат.
Азыр биз бейтааныш эле бирөөнүн үйүндө күн кечирүүдөбүз. Жакшы адамдар экен, үйүнүн 2 бөлмөсүн жашап турганга берип, өздөрүнө азык-түлүк, көмүр алса бизге да кошо алышат. Кызымдын 3 баласы менен кошо чыкканбыз, менин 4 миң сом пенсиям менен жашап жатабыз. Жашоо татаалдашып баратат.
Жашым 86да, баарын көрүп бүткөм, менин бир гана өлөрүм калды. Тилегибиз – артыбыздагы балдарыбыздын жашоосу жакшы болсо. Анан бирөөнүн үйүндө жүрүп өлүп калсам, сөөгүм өзүбүздүн үйдөн чыкпай, өзүбүздүн көрүстөнгө коюлбай калабы деп корком.

Диларам Мурзаева:«БИЗ КЕТСЕК ЖЕРИБИЗДИ ӨЗБЕКТЕР ЭЭЛЕП АЛЫШАТ»
– Баракта малыбыз да көп уурдалат. Короо-короо койлор, бир нече баш уйларды айдап кетишет. Чоңдор «сабыр кылгыла, чыдагыла» дегенден башканы айтышпайт. Чыдаган сайын өнүкпөй, артка кетип жатабыз. Эл чыгып кетебиз деп жатат, анда жерди өзбектер ээлеп алышат. Өкмөт шарт түзүп берсе, айылда эле жашап, жерди коруп бермекпиз.
Мектепте онго жетпеген окуучу, музыка, кол эмгек жана дене тарбиядан сабак берген 3 эле мугалим калды. Бир бөлмөдө бир тактаны 3-4кө бөлүп, бир бөлүгүнө 3-класска тийиштүүсүн жазышса, экинчи бөлүгүнө 4-класска тийиштүүсүн жазып, 3 мугалим кыргыз тилин да, математикасын да окутуп жатышат. Калганы чыгып кетишкен, балдарыбызды бул жактагы мектептерге, интернаттарга бердик. Балдар бирөөнүн үйүнүн кайсы жерин чийип коёт деп кооптонуп жашайт экенсиң.
Постто туруп суук, шамал аркыраган жерде ички кийимиңден бери 2-3 саат текшеришет. Өткөнчө балдарыбыз эмес, биз да ооруп калабыз.

Чек арадан өтүү учурунда посттогу ажатканага Барак айылынын тургундарын киргизишпейт экен. «Кирбегиле, кыргыздарда микроб бар» деп айтышат. Эгер кирип калсак, кайра алып кирип ажаткананы жуудуруп, анан чыгарышат»,- дешет айыл тургундары.

Азада Мамытова:«АЧ КАЛГАН ИТТЕР БИРИН-БИРИ ЖЕЙ БАШТАШТЫ»
– Бул жакта жүрүп айылыбызды сагынабыз. Көчөдөн барактык кошунабызды көрүп калсак ыйлап-ыйлап алабыз. Айылга барсаң ээн, мурдагы шаңдуу, бакылдаган эл жок. Көпчүлүк үйлөр бош калып, иттер ачкалыктан бирин-бири жей башташыптыр. Аларды атканга айыл боюнча бир да курал жок, дары берип араң өлтүрүштү.
Айылыбыз аябай берекелүү жер. Бир жылда 2 жолудан, кээде 3 жолудан эгин жыйнап алчубуз. Кыргызстанга өтчү жолду ачып берип койсо жашай берет элек. Анте алышпаса, Оштон эле жер үлүшүн беришсе, Барактагы үйлөрүбүздү бузуп келип ушул жакка там тургузуп алмакпыз.
Жакында кыз бердим, үйүм жок, кудаларым бир келгенде тууганымдын үйүнө коноктодум, экинчи келишинде башка тууганымдыкында коноктодум. Кызымды узатканда дагы бир тууганымдын үйүнөн чыгардым. Бойго жеткен балдарыбыз бар, аларды үйлөнтүш керек. «Кайдан үйлөнмөк элек?» деп коюп жүрүшөт, ойлоп алып ыйлайм. Ылайдан дубал тургузуп, үстүн жаап, терезесин кагаздан тосуп болсо да үй куруп алсам арманым жок эле. Алачыкка да зарбыз. Көпчүлүгүбүздүн балдарыбыз мигрант болуп жүрүшөт. «Келгиле» десек «Барганда кайда жашайбыз?» дешет.

Шааркан Мырзаева:«БАРАК ОБАМАГА КАТ ЖАЗГАНБЫЗ»
– Мурун кыйналганда «бул жерден кетебиз» десек, абышкам так секирип «кичи мекенимди, элимди таштап эч жакка кетпейм» дечү эле. Оңолбосуна көзү жетти окшойт, эми «кетпесек болбой калды» деп, Ошко келдик. Азыр ар кимдин үйүндө жүрөбүз.
Айылыбызды 2 жыл мурун бай уулу деген канаттуу каптап кеткен. Ал үкүгө окшогон, бирок тумшугу узунураак канаттуу. Илгертеден «бай уулу байырлаган жерде адам калбайт» деп айтылган кеп бар. Ошол сыңары биздин айылда да адам калбады.
Мектепте иштеген чет тили боюнча мугалим бир күнү үйүбүзгө келип калган экен. Менин абышкам «Ай, Дөөлөт, Барак Обамага кат жазып көрбөйсүңбү, сенин атыңда айыл, ал айылда аябай чоң көйгөй бар деп» дегенинен ал мугалим Барак Обамага кат жазган. Аз убакыттын ичинде эле «Мен эки мамлекеттин чек ара иштерине кийлигише албайм. Эгер силерге жер берилип калса, ал жерге оорукана, мектеп куруп берүүгө жардам берем» деген жооп келди.
Сары-Колоттон жер беришти. Төрт ашуу ашып бир колотко барат экенбиз. Жеткенче унаабыз чаң болуп, айнегинен сырт тарап көрүнбөй калды. Ал жерде кантип жашаарыбызды элестете албай жатабыз.

Элдин учурдагы абалына ыйлагың келет. Көздөрү үмүттүү карап, «кайсы чиновник келип, жол маселесин чечип берер экен...» деген сөздү айтып жатышты.

Барак айылынын көрүнүшү.

Айылдагы жалгыз оорукана.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(79)
27.01.2014. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Soz jok ... jon le jurogun ooruit
27.01.2014. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайран кыргызым сабыр кылгыла мезгил келет эл учун куйгон бироо келеер?

27.01.2014. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чондорго мин жолу наалат, башка соз ашыкча, Ашанын камандасы креслонорду кучактап жата бергиле, силерге бийлик еле керек,
27.01.2014. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эээхх ушундайларды окуганда биздин чон баштарды бышпаган ашкабакка эле тенейм ак уйдон чыгалбай эле отурушат
27.01.2014. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мына кыргыз жузу коруп ал
27.01.2014. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Курсактары ченейген депутаттар бири бирин андышкандан коро,ушундай маселелерди чечишпейби?Окуп отуруп журогун ооруйт.
27.01.2014. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хххххх кыргыз ушул кундорго калдыбы
Модератор admin_media түзөттү 27.01.2014 13:23
27.01.2014. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул чек арадан 1.5км алыстыкта экен. Коридор ачуу учун коп болсо эки гектар жер керек. Ошол аралыкты сатып алып же башка жактагы жерлерге алмашса болотко. Ким оз айылын таштап кеткиси келет эле
27.01.2014. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
иий эми эмне деп айтса болот?чондор сабыр кылгыла деп айтышыптыр...канчага чейин чыдаш керек же акыр заманга чейинби?Озу "Москва слезам не верит:деп айтышат! Азыр чындап Караганда "Кыргызстан слезам не верит"болуп калды!
27.01.2014. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
кыргыздырды колунан келбейт окшойт кыргызстанды ондоп онуктуруу орусияга эле кошулуп алсак жакшы болмок
27.01.2014. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aidai2010, мындай макала чыкканда дымын чыкпайтко, каяктасын? Байкен кандай иш кылып жатканын кортасынбы? Бираздан чыгышын мумкун убакыт бергиле иштейт да деп,
Модератор admin_media түзөттү 28.01.2014 10:53
27.01.2014. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurel50, бул кечээ эле чыга калган проблема бекен?
28.01.2014. 05:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jumatone, ойлонуп отуруп ушул созду таптынбы? Не атам заманыдан бери келейткан проблема деп еки колду оозго тыгып отура бериш керекпи? К стати, кана Айдай ежен, чакыр анында оюн угуп коелу
Модератор admin_media түзөттү 28.01.2014 10:35
29.01.2014. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kanybek_kg, tapkan ekensin Orusiany,kowulgun kelse birotolo kowul ozun.
27.01.2014. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озубуздун койгойубузду чече албай жатып Союзный таможняга отобуз деп койушат.
27.01.2014. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Алмазбек Атамбаев ушундай нерселерди эмнеге укпайт ыя?
29.01.2014. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nelli85, al dagy ketsinizm rejimine jakyndap kaldy .
27.01.2014. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Окуп алып куйбогон жерим кул болду. Чондорго 10000000000000000000 НААЛАТ!!!
27.01.2014. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Супер-Инфо жамаатына терен ыразычылык билдирем эн койгойлу маселени алып чыктыныздар Эми мына чиновниктер чечип бере бекен,кайдан олкобуздо Алмазга окшогон адам турса кайдан чечилет.
27.01.2014. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен Айбалаевдин методун колдойм айылдарды алмаштырыш керек.Мына жолду чечип койду элэ ар откон машинадагы эл ушул жолду Айбалаев чечкен деп ар бир ошол жолдон откон сайын эстэйбиз.Чек ара маселесин чечкенге эмнеге бул кишини тартпайт бийлик тушунуксуз
29.01.2014. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
misha00, Mamat aibalaevden tajikter korkot , anyn u4urunda tajikter baw kotoro alyw4u emes , al kelet birok Atambai menen Satybaldy keliwine jol berbeit Aibalaevdin . Any alypkelse biznesteri toktop kalsa kerek.
27.01.2014. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Олдо байкуш кыргызым ай,ушул озбек менен тажикке жаман кор болдук го...Бычакка сап болоор, намыской, КЫРГЫЗ деп журогу соккон адам келбеди го тактыга...Ыйлагым келип кетти...Баарынан да "кыргызда микроб бар" дегени отту го сасыган с...тардын...Оздору кайдан пайда болгонун,тупку атасы ким экенин билбейт окшойт и.тер.!!!
31.01.2014. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Liza83, /((( чынында мен дагы эркекмин бирок козумо жаш алдым!!!!! тонкоруш уюштура турган бироо жарым барбы? бар болсо чогулткулачы мен да барам
27.01.2014. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайран гана кыргызым
27.01.2014. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жон эле боорун ооруйт. Эх Кыргызстан качан онолот.
27.01.2014. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чондорго наалат айтыштан майнап чыкпайт, аларга карапайым калк арызданса, оздорун ансайын ийгиликтуу сезишет... андан коро азыркы жаш муун башкаруунун башкача системасын ойлоп чыгарыш керек, жаштар, келечек биздики, биз келечекте ынтымактуу болсок,биздин жарандарга эч ким кордук коргозо албайт!
27.01.2014. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Boorum oorup ketti ozboktor sassyk bolot ko yssykta aldydan otup bolboit
27.01.2014. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Союзный таможняга кирип эмне кыласынар украиня орустардан болуно албай жатса.
27.01.2014. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул эмне деген гана кордук? 13район фильмди коргонсунорбу ал бул жакта эле калат го? 5милион кыргыз кантип 2000 боорубузду куткара албайбыз? Чондорго келип кеткен президенттерге ишенбей аракет кылсак албетте жыйынтык чыгат.
27.01.2014. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Интересно биздин окмот дагы окуй бекен ушуга окшогон койгойду, же озунун капчыгыны ойлогондорбу?
29.01.2014. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
misster88,
окмот мындай турсун,ОБАМА окуп жатат брат,ОБАМА!Элестет.
Уят эле!
27.01.2014. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушу озбектерге кучубуз жетпей калдыбы туугандар.ажатканага кирбегиле дегенин карасан озбектин.Ушу чондор не кылып журот ак уйдон бир кадам чыгып айланага коз чаптыргылачы кыргыздар не деген кордукту коруп жатат
Модератор admin_media түзөттү 28.01.2014 10:56
29.01.2014. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bad.girl, kreslodon turup ko4ogo 4yga turgan bolso jumurtkasy muzdap kalat alardyn . Jakwysy bawty iwtetip iw kylyp eldin ertenki kele4egin oilogon prezidenntike tatyktuu bir insandy wailaibyz dostor,SDPK menen Atambaievge dobuw berbegile emi ketsin beker oturbai,paidasy joktu ketiriw kerek,Eldi oilogon adam keliw kerek.
27.01.2014. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
бийликти жаштарга откоруп бергиле деп митингке чыгат окшойм аа чыдабай баратам
27.01.2014. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
баткендеги сох анклабын кыргыздарда тосуп салыш керек.
30.01.2014. 08:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kuba-kg1987, алмаштырыш керек.
31.01.2014. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Multicam, Урматтуу жердештерим, бул макаланы окуп менин дагы башкача сезимдерим ойгонуп атат, мигранттардын баары КРге барып туруп билйикти баш оту менен алмаштырсак кантет???
27.01.2014. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ташиевдин баласын эрмектебей,Мырзакматов менен мышык чычкан ойнобой, ушундай проблемаларды чечсе, элдин батасын алмакго,бийликтегилер!
27.01.2014. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kg.lady, +100000
27.01.2014. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Памирдеги Кыргыздарды алып келишке, кандай бийликтин кучтору жетпейт деп ойлоптурмун. Корсо жаныбыздагы эле Кыргыздар дагы бар турбайбы, бийлик кормоксонго салган!
27.01.2014. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
"Азыркы бийлик жакшы иштеп жатат" дегендердин уну чыкпайтко ))
31.01.2014. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Brat_Kuba, туура айтасын, чечсе эчак чечишет элего
02.02.2014. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Brat_Kuba, азыркы бийлик жакшы иштейт деген соз кудайга да жакпайт,акмак жегич козу корлор алардын баарын кемеге салып чоктуруп жиберуу керек камасан да кайра эле чыгып тажатып жиберет
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: