Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Жамал Сейдакматова, КРнын Эл артисти:«ОКУУМДУ ТАШТАП, АРТИСТ БОЛОМ ДЕП КЕТИП КАЛГАМ»

№586 24-январь-30-январь, 2014-ж


Жамал Сейдакматова деген ысымды тааныбаган кыргыз болбосо керек. Анын актрисалык жолу, атактуулукка кантип жеткени элге да кызык. Актрисаны жакшы билгендер анын аяр, акылдуу, керек кезде амалкөй да экенин айтып беришти. Анда Жамал Сейдакматова кесиптештеринин көзү менен...

«ЭРТЕҢ МЕНЕН ЧУРКАП, ЙОГА МЕНЕН МАШЫГАМ»
-Мен атамдын алтынчы аялынын тун кызымын. Беш аялынан бала көрбөй жүрүп мени көрүптүр. Аябай эрке өстүрүштү. Эркеликтин азабын кийин жакшы эле тарттым. Бирөө кичине катуу сүйлөсө эле бышактап ыйлап калчумун. Мыкты билим алсын деп Ысык-Көлдүн Темир айылынан борборго жөнөткөн. Мектепти аяктап инженер-технологдун окуусуна Москвага тапшырдым. Ал окууга өтүп, окуй баштаганым менен, жан дүйнөм искусствону каалап турду. Анан ата-энемдин каршы чыккандарына карабай Кыргызстанга келип Кыргыз драма театрына кирип алдым. Алар мени ырдатып, бийлетип көрүп эле кабыл алышты. Дароо эле «Алыскы тоолор» тасмасына тартышты. Андан ары эле спектаклдерде байма-бай ойноп жаттым.
Театрда менин тууганым, таанышым деле жок. Муратбек Рыскулов, Даркүл Күйүкова сыяктуу кыргыздын чыгаан инсандары «бирөөнүн жаш, жакшы баласы экен» деп жардам берип жатышты. Мени «артисттик билими жок» деп эч ким бөлгөн жок. Азыркыга чейин «билим албай калдым» деп өкүнбөйм, «туура кылыптырмын» деп сүйүнөм.
Ролго жетпей калган күндөрүм болгон жок, ролду чыгара албай кыйналчумун. Ошондо менин устаттарым үйлөрүнө алып барып мени менен чогуу иштешчү. Ошолордон алган тарбиям мени Жамал Сейдакматова кылып элге таанытты.
Жаш кезимде аябай жакшы ырдачумун. Концерттерге такай катышчумун. Бир чыкканда азыркыдай фонограмма менен эмес, 10-15 ырды ырдачумун. Ырдаган соң сахнанын артына барып муздак суу иче берип үнүмдү бузуп алгам. Мурункудай шаңкылдап чыкпай калды. Казактардын «Айгөлөк», кыргыздын «Комузчу» ырларын аткарчумун. Кыргыз радиосунун «Алтын фондунда» сакталуу.
Байкеңер менен таанышканда (ред. Садырбек Назаров) мен райондук кеңеште депутат болчумун. Ал шаардык кеңештин депутаты эле. Депутаттар жолугуп сүйлөшүп, ар кандай маселелерди талкууга алчубуз. Ошентип таанышып, баш кошконбуз. Аңгыча Союз урап, эл алапайын таппай кыйналды. «Ура-а, демократия келди!» деп шапкасын көккө ыргыткандар керек болсо биттегенге чейин барышты. Ошондо жолдошум сыяктуу окумуштуулардын окуучулары арак сатып базарга чыга башташты. Мен ал кезде азыркы «Туңгуч» театрын алып ремонт кылайын деп жүргөм. 35 жылдан бери оңдоп-түзөө иштери болбогон имаратты жолдошум өзү ремонттотуп берди. Ошондон тарта театрга директорлук кызматты аркалай баштады.
Садырбек турмушта чын эле бир аз орой. Бирок жүрөгү таза, чынчыл, принципке катуу турган адам. Жаш өткөн сайын аял менен эркек үй-бүлөдө бир туугандай болуп калат экен. Азыр бири-бирибизден сыйыбызды аябайбыз.
Турмушта үч нерсеге катуу сүйүндүм. Биринчиси, уул-кызым төрөлгөндө, экинчиси, ширин неберелерим төрөлгөндө. Азыркы менин сүйгөн адамдарым, сагынган адамдарым, жанымды берүүгө даяр адамдарым бул – неберелерим. Үчүнчүсү, Союз тарап, демократиялык өлкө болдук дегенде. Чынында, ал кезде демократия деген эмне экенин билбептирмин, башкача турмуш башталат деп сүйүндүм окшойт.
Эмне деген гана ролдорду ойногон жокмун. Убагында «бул ролду ойнобой калдым» деп өкүнгөн учур болгон. Бирок адам топук кылып жашаш керек экенин түшүндүм.
Жаш өткөн сайын көп нерсеге башка көз караш менен карап калат экенсиң. Бар-жогуна акылың жетип, бирок кыймылың жайлап, ден соолуктун начарлаганы көп иштердин бүтүшүнө тоскоол болот экен. Жаш кезде керт башымды ойлосом, улгайган сайын эл-жериме тынчтык, бейпилдик, өсүш тилеп калдым.
Акыркы учурда унутчаак болуп кеттим. Ойлонуп кетемби билбейм, көчөдө кетип баратып эле бакты же дубалды сүзүп алам.
Күнүгө эртең менен өзүмө кам көрүүдөн эрикпейм. Күнүгө эртең менен чуркап, йога менен машыгам. Ар түрдүү көнүгүүлөрдү жасайм.

«Көп жыл бирге жашасаң, жолдошуң менен бир туугандай эле болуп калат экенсиң».

Актрисанын жаштыгынан бир элес. Көптү суктандырган Сейдакматованын азыр деле көздөрүнүн нуру өчө элек.

Кеңеш Курманалиева, КРнын Эмгек сиңирген артисти:«ЖАМАЛГА КҮЙӨӨСҮ ӨЛЧӨП ТАМАК БЕРЧҮ»
-Биринчи жолдошу Болот аябай жакшы адам болчу. Жамалды аздектеп карачу. «Семирип кетесиң» деп өлчөп тамак берет эле. Жамал байкуш тойбой калып, «дагы жейм» десе болбойт, «семирип кетесиң» деп.
Жамалды «Таттыбүбүгө бут тоскон, экөө начар мамиледе болушкан» деп жүрүшпөйбү. Бул бекеринен чыккан эмес. Атаандаштык мугалимдерде, дарыгерлерде, кыскасы, бардык кесипте бар. Ал сыңары режиссёр деле «бул ролду тиги артист ойносо жакшы чыгат» дейт. Мисалы, театрда режиссёр бир эле ролго 2-3 артистти бекитет. Негизги артист ооруп же бир иши чыгып калса, анда экинчи деп дайындалган киши ойнойт. Таттыбүбү негизги каарман болсо, Жамал 2-3-дубляж кылуучу болуп калат. Же тескерисинче, Жамал негизги болсо, Таттыбүбү дубляж кылуучу болуп калчу.
«Уркуя» фильмин тартууда Төлөмүш Океев Жамалды башкы ролго коймок болгон. Пробада Таттыбүбү менен Колдоштун ролун аткарган Муратбек Рыскуловдун уулу Искен Рыскулов куп жарашып калган. Ошентип Жамал Үтүрдүн аялынын ролун ойногон. Экөө бир ролго көп көрсөтүлгөн үчүн «атаандаш, көрө албайт» деген сөздөр чыкса керек. «Уркуяны» тартып жатканда Жамалдын 3-4 айлык боюнда бар эле. Арабадан жерге катуу секирип койгон экен, кечинде эле боюнан түшүп калган. Кыз экен, баарыбыз катуу кайгырганбыз.

Асылбек Өзүбеков, КРнын Эмгек сиңирген артисти:«ТУҢГУЧТУ» «ТУҢГУЧ» КЫЛГАН ЖАМАЛ ЭЖЕ»
-Мен Ташкенттеги театрды бүтүп келип Кыргыз драма театрында иштеп калдым. Биринчи эле спектаклде Жамал эже менин эжемди ойноду. Анда эженин жашы кырктарга барып, толуп турган чагы эле. Ошондо пикирлештерди чогултуп Жамал эже «бир студия ачалы» деп калды. Жеңишкүл Өзүбекованын «Апамдын махабаты» чыгармасын алып чыктык. Студенттердин, окуучулардын агылып келгенин сураба, ушундай элге алынып кеттик. Күчтүүлүгүн ушундан бил, мага окшогон жаш адамды эмес, аттуу-баштуу артисттерди да өзүнө имерип, «өзүнчө театр ачып иштейбиз» деп ынандырды. Ошончо киши Жамал эженин айтканына ишенип, артисттердин популярдуу очогу болгон Кыргыз драма театрынан бир костюмубуз, чөнтөктө бир сомубуз жок чыгып кеттик. Эптүүлүгүнөн тиги театрдан 1 костюм, дагы башкадан 2 костюм кылып чогултту. Тоң районундагы Эшперов деген башкармадан автобус алып келди. Ким менен кандай сүйлөштү ким билет, кире турган имаратыбыз, кие турган кийимибиз, түшө турган автобусубуз даяр болду. Эмне гана жумуштарды кылбадык. Кыйналган күндөрү «баарыңар Мерседес минесиңер» деп башыбыздан сылачу. Айткандай эле азыр «Туңгучтун» балдары бүт Мерседес айдап жүрөбүз. Мага келип «Асыке, сен Эгемге караганда эстүү эмессиңби, өзүң ишти колго ал» десе мен сүйүнүп барпаңдап иштеп калам. Кийин билип жатпайбызбы, ошол эле сөздү балдардын баарына айтчу экенин.

Дүйшөн Байдөбөтов, КРнын Эл артисти:«ЭЖЕ ӨТӨ АМАЛКӨЙ»
-Эженин жашын айтпай эле коёюн. Өзү айткандай, жетиде. Өз ишин жакшы билген, ишине дайыма дыкат мамиле кылгандан жазбаган адам. «Акбаранын көз жашы» тасмасында мен Базарбайдын, ал аялым Көктурсундун ролун ойногон. Камчы менен баштан ары соккон жеринде образга кирип катуу эле чапкам. Өнөктөшүңдү аяп образга кирбей койсоң режиссёрдон сөгүш аласың да. Анан Жамал эжени чаап-чаап эле салдым. 10 чакты дубль жасадык. Амалкөйлүгүн ошондо билдим, съёмкадан кийин көрсөтүп жатпайбы. Көрсө, камчы катуу тийбесин деп чачынын ичине эски чачтарын, байпактарын салып алыптыр. Дагы бир жери, талаага съёмкага барганда коюнуна нан, бутерброд, жумуртка катып алчу. Курсагыбыз ачканда «келгиле, балдар» деп тамагын алып чыкчу.

Эгемберди Чалабаев, КРнын Эмгек сиңирген артисти:«ЭЖЕНИ АЛДАП КОЮШ ОҢОЙ»
-Болот Шамшиев «Мисалы, машинаны алалы. Жамал машинанын жүрөгү болсо, Эгемберди, Асылбек, Мурат, Каныбек төрт дөңгөлөгү» деп айтчу. Жамал эже болбосо, балким, үйүнө барып, кайра жумушуна келген катардагы актёр болуп жүрө бермекпиз. Ал киши бизди эмгекке үйрөттү. Биздин кол тийбеген жумуш калган жок. Амангелди Керимбаев деген филармониянын директору бар эле, кызматкерлерин чогултуп урушканы көз алдымда. «Иштесеңер «Туңгучтун» балдарындай иштегиле, афишалары дааратканаларда да турат» деген.
Бир жолу Колумбияга фестивалга барып калдык. Бизге жер көрсөтүп жүргөн гид казакстандык кыз экен. «Силерге тоолорду көрсөтүп, кой союп кыргызча коноктойбуз» дегенинен биз сүйүндүк. Жолдошу Садырбек байке театрдын директору да, «эч кайда барбайсыңар, эртең спектакль» деп койду. Бир нерсе ойлоп табыш керек болду, эжени алдаш оңой, бирок кантип? Ойлоно баштадым.
Отелдин коридорунда алтын сыя менен жазылган кооз баракчалар көп экен, сеньора деген жерге Жамал Сейдакматова, сеньор деген жерге Садырбек Назаров деп, ресторан деген жерге бир атты жаздым. Кагазды алып барып эже менен байкенин номерине таштап кеттим. Баралы деп байке жаңы костюм-шым, эже көйнөк сатып алыптыр. Иш чатагына айланып бара жатканын көрүп мен чыйпылыктайм. Ошентип, экөө бизге уруксат берип, кагазда жазылган жерге кетишти. Бая мен жазган ат ресторан эмес эле үйгө керектүү буюм саткан жер экен. Кечинде байкенин жини келип, мага тиштенип калыптыр. Эже «Эгем, жок дегенде мага айтып койбойт белең, мен түшүнөт элем го» деп капа болду. Жамал эже тууган-урук, карым-катнаш дегенди экинчи планга койгон, театр, кино дегенде жанын берген инсан.

Жалил Мидинов, Муса Жангазиев атындагы куурчак театрынын башкы режиссёру:«ЭНЕРГИЯНЫ КАЙДАН АЛАРЫН БИЛБЕЙМ»
-Жамал эже менен иштешкениме 10 жылдан ашты. «Туңгуч» студиясы жаңы ачылганда мен башка театрда иштечү элем. Бир күнү «Жаке, келбесең болбойт, бир спектакль коюш керек» деди. «Кантип коёбуз студия жаңы ачылса?» десем «коёбуз дедимби коюшубуз керек» деп көгөрүп туруп алды. Бир нерсени баштадыбы, аягына баары бир чыгат. Иштин жүрүшүн эмес, жыйынтыгын күтөт. Ошентип, Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынан алып «Кетпечи, Бугу эне» спектаклин койдук. Жыйынтыгында спектакль көптөгөн ийгиликтерди багынтты.
Жамал эженин жашы бир топко барып калса да, репетиция убагында биз менен кошо чуркап жүрөт, «чарчадым окшойт» дейин десем эженин буту-бутуна тийбей жүргөнүн көрүп уялам. Энергияны кайдан аларын билбейм.
Репетиция убагында кеч калып да иштейбиз. Канчалык кеч болбосун «Кой, үйгө эле Кой-Ташка барайын. Садыр абаң күтөт да. Чайын берейин, карыганда бири-бириңе жөлөк болушуң керек. Эмнеси болсо да эптеп бир машина таап мени салып жибер» дейт. Жолдошу Садыр байкени аябай сыйлайт. Дайыма «абаң минтип калат го, кыйналат го» деп турат.

Үмүт Жумалиева, бир тууган сиңдиси:«АПАМДЫН СУЛУУЛУГУ ЖАМАЛ ЭКӨӨБҮЗДӨ ТЕҢ ЖОК»
-Биз 3 эркек, 4 кыз элек. 3 эркек бир тууганым – Бекбосун, Бекболот, Бекмырза, анан бир эжем – Жамиля каза болуп калышты. Азыр 3 кыз калдык. Жамал кичинесинен эле тың кыз болчу. Бишкектеги №5-мектепти алтын медаль менен аяктаган. Жамалга талант апамдан өткөн. Апам Ажар ооз комузда ойноп, Каракол театрында актриса болуп иштептир. Анын таланты Жамалга жана иним Бекбосунга берилиптир. Бекбосун аты таанымал актёр болуп жүрүп, 54 жашында каза болду.
Эсимде, Муратбек Рыскулов жубайы Сабира Күмүшалиева экөө биздикине конокко келишчү. Койду союп, казанга салып, анан ырдап отурушар эле. Биз болсо сарайдын үстүнө чыгып алып карачубуз. Апам жамакчы да болчу, куюлуштуруп эле оюнан чыгарып ырдай салчу. «Секетим Секем турганда, сексени келсе туйбаймын. Алтыным Секем турганда, алтымышы келсе туйбаймын» деп ырдаса атам Сейдакмат сүйүнүп, «менин Ажарым Сабирадан жакшы ырдайт, көрдүңөрбү, келчи, тиземе отурчу» деп апамды тизесине отургузуп алчу. Анда Муратбек агай «Сабирам Ажардан жакшы ырдайт» деп ыр айтыш кылып жаткандарын көргөм.
Атам башкарма болуп иштеп эки жакка көп барчу, апама кооз көйнөктөрдү, жоолуктарды алып келип берчү. Апамдын кооз кийинип, дайыма атыр себинип жүргөнү көз алдымда. Мына ушул сапаттары Жамалда бар. Апам ак жуумал, көздөрү бакырайган сулуу аял эле. Ал сулуулук Жамал экөөбүздө тең жок. Сиңдим Динара бир аз окшошуп кетет.
Жамал Москвадагы окуусун таштап, актриса болом дегенде атам алгач жактырган жок. Кийин Жамал Муратбек Рыскулов, Даркүл Күйүкованын үйүндө жашап калганда атам алардыкына көп каттай баштаган.
Үй-бүлөсүн алып кеткенге да, карьера жасаганга да жетишти. Эң бийик, улуу наамдардын баарын алды, Жамал Сейдакматова деген ысымды азыр бүтүндөй кыргыз билет.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg



"Эртең менен чуркап, йога менен машыгам" дейт Жамал Сейдакматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(36)
27.01.2014. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
«Таттыбүбүгө бут тоскон, экөө начар мамиледе болушкан» деп айтылып жатат.
SUPER.KG видео
27.01.2014. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Чыныгы актриса,легенда...
27.01.2014. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Таттыбубу менен башка актрисалардын айырмасы асман менен жердей. Таттыбубудо баары болгон, талант,сулуулук,эл аны озун коруу учун дагы театрга агылып келип турушкан экен. Анан албетте башкаларга жаккан эмес.
27.01.2014. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Da Jamal eje aman bolynyz , omyrynyz yzyn, den-soolygynyz chun bolsyn. Eje ozybyzdyn koldyk tyrbaibu? Negizi Temir ailunan taanumal insandar kop . Biz siz menen suimuktanabuz eje. Tyngych teatur maga abdan jagat.
SUPER.KG видео
28.01.2014. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Angelina sen antip ejege jaman syilobo ishteshkenderdin arasunan konechno biri-birine ataandashtuk bolot. Jamal eje sizge ishinizge uigilik karusanuz dagu talukpai ishtep kelesiz bar bolynyz. Ozynyz aitkanda tattyy neberelerinizge meeriminizdi togyp aman bolynyz.
28.01.2014. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ооба,Таттыбубунун олумуно ошол кездеги озу тендуу актрисалар себеп болгон деген соз айтылып журот эл арасында.Анткени жаны операциядан чыкканда л-акыбалын сурамыш болуп барып,арак ичирип коюшкан, алардын арасында биринчи орунда Жамал Сейдакматова болгон деп айтылат. Канчалык чындыгы бар аны бир кудай билет. Бирок,кесиптештери далилдеп койгондойго, ошол ушак-айындарды. Кантседа мадаият тармагында оз орду бар,талантуу айым,Таттыбубуго жетпеседа.

Дарактарды сузуп алганын элестетип ке
28.01.2014. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойлонуп баратып дарактарды сузуп алганын элестетип кетттим)))
SUPER.KG видео
28.01.2014. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Жамал эжени чындап тааныган адам тушунот бир эле жолу эже менен суйлошуп корсонор анан эженин улуулугун сезесинер...Жамал эже керемет инсан журогу таза чынчыл акылдуу инсан.....Оозунарга келгенди тантырап жаза бербегиле...Улуу инсанды каралаганга силерге ким уруксаат берди?! Силер Жамал эженин тырмагына дагы тен келбейсинер!!! Жамал эже айланып келген бул коомго Датканын колокосуно...........
SUPER.KG видео
28.01.2014. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Жамал эже, сиз менен сыймыктанабыз!Бар болунуз, омурунуз узун болсун!
28.01.2014. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Таттыбубунун олумуно тийиштуулугу бар" деген соз эл арасында кенери таралган. Кантсе да эженин эмгек жолунда сонун ролдор жаралган. Бекем ден-соолук, узун омур, ийгилик болсун Сизде!
SUPER.KG видео
28.01.2014. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Таттыбубу тируу болгондо бул аялдын аты чыкмак эмес.Анткени ушул аял Таттубубунун театрдагы костюмдарына арак чачып,кайра аны ичип кетти деп соз чыгарчуу экен.Аттуу баштуу инсандар ,кесиптештери айтып журушот,Турсунбаеванын олумуно Сейдакматова себепкер деп.тообо кылдым
28.01.2014. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кечирим сурайм, бирок мен бул эжени сыйлай албайм. Ички сулуулугу болгондо, сырты деле сулуу корунуп калмак.
SUPER.KG видео
28.01.2014. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Достор козубуз менен корбогондон кийин бироону каралап,кудайдын алдында бироонун куносун мойнуна алыштын кереги жок. Таттубуу эжеге ошнчо жаш жараткан тарабынан насип кылган экен,омурунун аягына чейин кыргыз театры кыргыз киносу учун кызмат кылып бул жашоодон отту. Жамал эжеда кыргыз эли учун канча деген жакшы рольдорду жараткан, кыргыздын театр киносуна кошкон салымы чон. Жалгыз жараткан гана бизди таразалай алат,суудай таза тунук бир да жан жок баарыбыз жанылабыз куноо кылабыз.
SUPER.KG видео
28.01.2014. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динара эженин суйлогону жактыы))
SUPER.KG видео
29.01.2014. 04:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ким не иш кылды, жакшыбы жаманбы кези келгенде жооп берчу мезгили келет!
30.01.2014. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен дагы сыйлабайм бул актрисаны.мейли миллион роль жаратсын.сыйга татыбайт.Аалы токомбаев экоонун пайдасынан зыяны коп
SUPER.KG видео
30.01.2014. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
dostor ,talashpagyla.baaryn kudai tarazalait.
SUPER.KG видео
31.01.2014. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жамал эже тируу болсо да барктуулугу жок. Таттыбубу эжени ушул аял олтургон. Куноосу ото коп Жамал эженин.
SUPER.KG видео
31.01.2014. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Озунуздорду Алланын оордуна койудан алыс болунуздар. Бир гана Алла чечет кимдин куноосу коп аздыгын... Жамал эжеден дагы силер дагы Алла сурак алат. Жамал эже Кыргыз эл артисти. Озунуздордун козунуздор менен Жамал эженин куноого батып жатканын корбогондон кийин антип айтбаныздар. Корбогонду кордум,укбаганды уктум деп калптын антын биринчи шайтан ичкен. Шайтандын жолуна тушбогуло...
01.02.2014. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таттыбубу Турсунбаеваны Сабира Кумушалиева менен Жамал Сейдакматова жайлаган дешет..Андай болсо,начар адамдар экн(
01.02.2014. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таттуубубуго эч кимдин таланты жетпейт..
06.02.2014. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таттыбубу эжеге эч ким жетпейт.Урушпай эле иштешсе болмок эле.Эжебиз тируу болгондо дагы деле ролдорду жаратып журо бермек.Жамал эже сиз деле таланттуу айым катары тарыхта каласыз бирок Таттыбубу эжеге жетпейсиз.
SUPER.KG видео
07.02.2014. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Сонун маек болуптур сизге чын ден соолук каалайм коп жашаныз.
23.02.2014. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бардык адамдын бул жашоодо озунун орду барда.Рахмат ушундай жакшы эжелерге таланттуу,Таттыбу эжебиз да кудайга керек болгон бир себеп менен да алып кеткенда.не кыласынар адамды жаман жакшы деп,келгиле адамдын жакшы жагын эстейли достор
11.03.2014. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
коралбастык кылса ал кудайдан кайтат да кейибегилечи
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: