Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

МАНЬЯК АДАМ ӨЛТҮРҮҮДӨН ЫРАХАТ АЛАТ

№587 31-январь-06-февраль, 2014-ж


Кийинки күндөрү Кыргызстанда мыкаачылык менен киши өлтүрүп кармалгандар көбөйүүдө. Кээде «маньяк кармалыптыр» деген уу-дуу кептер угулууда. Маньяк бул ким? Кеп учугу анда ушул багытта улансын.

МАСЕЛЕГЕ ЭМНЕДЕН УЛАМ КАЙРЫЛДЫК?
2013-жылдын 31-декабрында редакциябызга «маньяк кармалды» деп шаардагы милиция бөлүмдөрүнүн биринен маалымат түшкөн. Эмне болгон маньяк экенин кийин изилдеп көрдүк. Көрсө, кылмышка шектүү окуя болгон күнү жаш келинди Месарош көчөсүндөгү ээн жерден кармап, муунтуп, зордуктоого аракет жасаган экен. Аялдын жанындагы кичинекей кызы кыйкырып жардам сураганда кылмышкер качып кетет. Келин үйүнө барып жолдошуна айтат. Күйөөсү дароо окуя болгон тарапка барса, баягы адам дагы бир кызды таш менен башка чаап эсин оодарып, чечинтип жаткан болот. Ошол убакта жакын жерде жашаган милиция кызматкери ызы-чуудан улам үйүнөн чыга калып, экөөлөп кылмышкерди кармап, Биринчи Май РИИБине алып барышкан.
Үстүбүздөгү жылдын 11-январында да кылмышкер 16 жаштагы Карина аттуу кызды өлтүрүп, аны кескилеп, таштандыга ыргытып салган. Көп өтпөй бул кылмышка шектелип Наиль Надиров аттуу жаран кармалып, кылмышын мойнуна алган. Кылмыш болгон үйдү тинтүү учурунда, үйдөн бышкан эт табылган. Эт адамга тиешелүү болушу мүмкүн деген да сөздөр чыккан, бирок азырынча бул боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыга элек.
Коомдо ушул сыяктуу окуялар көп болууда. Чыныгы маньяктар кандай болушат? Ушул суроого жооп издеп бул темага кайрылып отурабыз.

МАНЬЯК БУЛ КИМ?
«Маньяк» сөзү гректин «мания» деген сөзүнөн алынып, бизче которгондо «каалоо», «ээрчүү», «ырахат тартуулаган нерсеге тартылуу» деген түшүнүктөрдү берет. Маньяк деп өзүнүн каалоосун канааттандыруу максатында өзгөчө мыкаачылык менен бир нече адамдын жанын кыйып, андан ырахат алган кылмышкерлерди атоого болот.

БАЛАНЫН КИЧИНЕСИНДЕГИ ТАРБИЯСЫ ТААСИР БЕРЕТ
«Маньяктардын адам өлтүрүүгө болгон каалоосу тээ бала чагынан баштап калыптанат» дешет бул жааттагы адистер. Алардын психикасы туруксуз болот. Айрым маньяктарды адам өлтүрүүгө жыл мезгилдери, ар кандай сезим козгоочу ачык түстөр да түрткү болушу мүмкүн.
Кылмышкерлердин атайын адистер менен болгон маегинде билингендей, алардын психикасы кичинесинен бузулат. Мисалы, убагында СССРди титиреткен, мыкаачылык менен 53 адамдын жанын кыйган Андрей Чикатилонун кичинесинен психикасына доо кеткен. Андрей 12 жашка чыкканча төшөгүнө заара ушатып койчу экен. Буга жинденген апасы аны дайыма уруп, башка балдардын көзүнчө уяткара баштаган. Натыйжада акырындык менен анын акыл-эсине доо кетет. Апасы Андрей бейбаштык кылган учурда коркутуш үчүн киши жегичтер тууралуу жомокту көп айтып берчү. Чикатило ушул сыяктуу кордуктар «криминалдык карьерасын» түзүүгө чоң таасир бергенин эскерген.
Дүйнөлүк хроникага кайрылсак, америкалык маньяк Эдвард Гейндин атасы аракеч, ал эми энеси диний сектанын ашкере күйөрманы болгон. Ал эми энеси сойку жана аракеч Генри Ли Люкас аттуу америкалык киши өлтүргүч да бала чагында көп запкы жеген. Энеси Генрини уруп-сабап, мас болгондо ага аялдын кийимдерин кийгизип шакаба чеге берчү. Ушундай эле коркунучтуу маньяктардын тизмесин толуктаган америкалык Эдмунд Кемпер да ата-энесинен туура эмес тарбия алып, кийин энесин өз колу менен өлтүргөн.

КЫРГЫЗСТАНДА МАНЬЯКТАР ИЗИЛДЕНБЕЙТ
Ал эми Кыргызстанда маньяктар тууралуу илимий изилдөөлөр, алардын кылмыш чөйрөсүндөгү орду тууралуу тизмектеп, тарыхын колго алгандар азырынча жок. ИИМдин берген маалыматына караганда, маньяктар тууралуу изилдөөлөр Союз мезгилинде ишке ашып, маалыматтын баары Москвага түз жөнөтүлүп турган. Ошондуктан эч ким «бул же тиги кылмышкердин жасаган кылмышы маньяктыкына мүнөздүү» деген тастыктоону бере алган жок.

ӨЛКӨДӨ КАТТАЛГАН КИШИ ӨЛТҮРГҮЧТӨР
Өз алдыбызча иликтегенге аракет жасап, интернет булактарынан Кыргызстанда катталган маньяктар тууралуу буларды билдик.
Алардын ичинен эң алгачкы катталганы – Гордеева, Дмитриева, Андрюнина, Плаксина деген 4 фамилиянын ээси болгон (толук аты-жөнү аныкталган эмес) маньяк аял. Аны укук коргоо кызматкерлери 1940-жылдары Токмок шаарынан колго түшүрүшкөн. Ал «мыкаачылык карьерасында» Чүй облусунун аймагында беш аялды өлтүрүп, Орто Азия, Орусия, Казакстан жана Сибирь аймактарында кырктан ашуун аялды өлтүргөн деген божомолдор бар. Бул маньяк киши өлтүргөндөн сырткары алардын канын ичип, этин жеп жүргөн.
Мындан сырткары өтө коркунучтуу «Темир тиш» аталган жан алгыч, Казакстандын жараны Николай Жумагалиев 1989-жылдары Кыргызстанды да байырлап өткөн. Ал Ташкенттен Кыргызстан аркылуу Казакстандагы ооруканалардын бирине которулуп келе жатып, медицина кызматкерлеринин колунан чыгып, качып кеткен. 1995-жылы колго түшүп, туулуп өскөн мекени Казакстанга жөнөтүлгөн. Жумагалиев 5 аялды зордуктап өлтүрүп, алардын канын ичип, этин кадимкидей эле бышырып жегенин мойнуна алган. Ал өзүн «коомду ыплас адамдардан тазалоочу санитар» деп эсептеген.

«ПСИХИКАЛЫК ООРУЛУУЛАРДЫН САНЫ КӨБӨЙҮҮДӨ»
Психикалык жактан жабыркап, адам өлтүргөндөрдүн саны көп. Ал эми оорулуу катары каттоодо тургандардын саны канча? Буга республикалык психикалык ден соолук борборунун башчысынын дарылоо боюнча орун басары Кубанычбек Эрмегалиев жооп берди:
– Кыргызстанда психикалык жактан оорулуу катары каттоого алынгандардын саны 68-70 миңдин тегерегинде. Арасында шизофрения, психопатия сыяктуу оор түрлөрү менен жабыркап, катуу көзөмөлдө тургандары да бар. Биз каттоодогу жарандар айланасындагы адамдарга коркунуч туудуруп, залакасын тийгизбейби деген суроонун үстүндө иш алып барабыз. Зыяны жокторго коомдо эркин жашай берүүгө уруксат беребиз. 70 миңдин баарын жаткырып дарылоого бизде шарт жок. Ошон үчүн оорлорун гана кармап, алар менен жеке иш алып барып, дарылоо жүргүзөбүз.

МАНЬЯКТЫН ТҮРЛӨРҮ
Маньяктар жасаган кылмышына жараша бир нече түрлөргө бөлүнөт:

«Бийлик кылууну сүйгөндөр» – курмандыгынын ага жан соогалап жалынышынан, анын каалаган мүдөөсүн аткаруусунан ырахат алгандар. Алар курмандыгына өзүнүн каалоосунун баарын аткартышып, анан кыйнап өлтүрүшөт.

«Гедонисттер» – сексуалдык активдүүлүгү төмөн же оорукчан кылмышкерлер. Алар курмандыктарын өлтүрүп, андан соң жансыз дене менен жыныстык катнашка барышат.

«Визионерлер» – шизофрения сыяктуу психикалык оорулар менен жабыркагандар. Алардын көзүнө ар нерселер көрүнүп, кулагына ар кандай чакырыктар угула бергендиктен, ой келди адам өлтүрө беришет.

«Өч алууну сүйүүчүлөр» – мындай типтеги маньяктар өздөрүн коомду ыплас нерседен тазалаган адамдар катары кабыл алышат. Мисалы, коррупционерлер, кылмышкерлер, сойкулар көбүнчө «өч алууну сүйүүчүлөрдүн» курмандыктары болушат.

«Каннибалдар» – адамдын дене бөлүктөрүн тамак катары жеш үчүн өлтүргөндөр. Булар курмандыгын колго түшүргөндө анын жумшак жерлерин тирүүлөй тиштеп, үзүп алып, жаракаттан аккан канды көргөндөн ырахат алышат. Ошондой эле адамдын этине кадимки татымалдарды кошуп бышырып жегендер да маньяктардын тарыхында кезиккен.

Дүйнөдө эчен шумдуктар бар. Ата-энелер балдарды тарбиялоодо анын психикасына терс таасир бере турган жагдайларды эске ала жүргөнү оң. Жеке коопсуздугуңузду эске алып, абайлап жүрүңүз демекчибиз.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(35)
03.02.2014. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
RACh,
Жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынат! Билдирүүңүз өчүрүлдү!
03.02.2014. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-17
«Өч алууну сүйүүчүлөр» –ушундай маняк болуш керек екенда жакты ушу типтегилер.
03.02.2014. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Muhamagali, Жакты дегин жакса Бир кезигип кор анан кандай болоорун айтып бересин,ойноп суйлосон да,ойлоп суйлочу тооба.
03.02.2014. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Muhamagali ошо оч алууну суйуучулордун колуна тушуп калсан жакканын корот элем.Деги кудай сактасынсен экообузду бул айбандардан
03.02.2014. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай маняктарды тыйышпайбы,бийлике эле жугуро бербей чондорубуз,канчалаган адамдар сыздап журот
03.02.2014. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aigeldi,
Маньяктарды тыйганча эле канчалаган өлүмдөр катталат.
М: Чикатило, кадимкидей эле элди аралап жүрчү, метрого түшчү...ж.б. Аны "маньяк" деп эч ким ойлогон да эмес..
01.04.2014. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aigeldi, бийликтегилердин маняктан айырмасы жок!оздору баш болуп маняктар менен иш алып барышат!
03.02.2014. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооофф!! Чикатило'нун кебетеси эле эмнелерди айтып турат...
03.02.2014. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буларды тыйуу учун азыркыдай гумандуу мыйзамдар эмес катаал мыйзамдар керек.Олум жазасын киргизуу керек.Бир оорулунун айынан канча адам жабыр тартат.Мамлекет да аларды эч нерсе кыла албай багып журо берет.Кытайдагыдай- кылмыш кылдыбы сразу атыш керек ошондо оорукчаны да ойлонуп калат бир нерсени кыларда...
03.02.2014. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
hakker,
Өлүм жазасын "мыкты" деп айталбайм.
Бир чети Кытайда адам көп.
...Колу менен жасаганды моюну менен тартсын да.
Аларды атуу же токко тартуу менен оңой "жолдомо" алып беребиз! Күчөтүлгөн режимде, өмүр бою түрмөдө чиритиш керек.(без всяких амнистий!) Кан кое бербейт. Кыйнап өлтүргөндөрүн сезсин да.
Ымм..дагы көп нерсе жазайын десем тамга жетпейт
03.02.2014. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактасын.
03.02.2014. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактасын мындай мыкаачылардан...
03.02.2014. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Muhamagali айткандай бизге «Өч алууну сүйүүчүлөр» керек деп ойлоп калдым, коррупционерлер менен сойкуларды олтурсо жакшы экен, убагында Акаевди бийликтен кетирдик эле Кыргызстанды жок кылганына аз калганда. Бакиев бийлике келгенде суйундук эле заман эми онолот деп, Акаев качып Бакиев бийлике келгенде Атам ыраматылык козуно жаш алып кадимкидей ыйлаган заман онолот деп, жоок андай болбоду Бакиев дагы Атамдын коз жашына арзыбады, эми болсо Атамбаев "буйруса Кыргы
03.02.2014. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах нысап берсин
03.02.2014. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Буларды 100% куноолой берууда туура эмес деп ойлойм.
Себеби,бала кезден алган тьарбиясы, анан кээбирлери наржагынан ошондой оору менен ооруса... тушунуп коюу керек.
04.02.2014. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай дагы бир жолу Кудай сактасын ыйман берсин баарыбызга!!!
04.02.2014. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаратканым озу сактасын, мындайлардан.)))
04.02.2014. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Еееееее алахым бар озу сактасын баааааарыбызды
05.02.2014. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чикатило "53 адамдын жанын кыйган" деп иш жүзүндө айтылганы менен андан да көп адамды өлтүргөн.
Муну өзү да (Чикатило) моюнуна алган. Алардын сөөктөрү табылбагандыктан, далилсиз болуп эсептелип, көмүскөдө калган...
05.02.2014. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мынча коркунучтууу......! эми гочодо басып баратып коркуп эки жакты карай беремго 'качан кайсы маньяк чыга калып олтуруп кетет' деп(( кинодогу маньяктар жашоодо да бар экен да тообо, чын эле азыр билдим(( ужас(((
05.02.2014. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай өзү сактасын бундай адамдардан.
05.02.2014. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да озумду психотерапевке коргозсомду деп ойлой берем.мындан 4 жыл мурда"ПИЛА"деген кинонун 4 сериясын коргом.ошол кундон баштап эле бироону сойуп коргум келе берет.кобунчо бомж дарды сойсомбу.аларды эчким излебейт деген ой келет.воспитаниям жакшы.озум жогопку билимдуумун.бирок жалан ужас маняк жонундо кинолорду кором и моргдогу сойгондорду кором.бирок озуму аябай алаксытам андай ойлорду ойлобогонго.баары бир ойлой берем ТУУГАНДАР эмне кылсам болот???
05.02.2014. 04:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
STARS-BOYS88, Эч нерсе эмес. Андай ойлор коп эле адамдарда болот. Аны англисче intrusive thoughts деп айтышат. Интернеттен окусан болот.
Коркпой эле кой, адамдын мээси (brain) кээде ошондой, ар кандай шоковый ойлорду
жаратып турат, бирок андай ишке адамдар барбайт.
Мен деле жиним бат келет, автомат менен атып салгым келет коп кишилерди :) это нормально.
05.02.2014. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
STARS-BOYS88, Адам эмне жонундо ойлосо,ошону озуно тартат.Мисалы бомжду сойгун келбейт,ал нерсе жаман экенин билесин бирок оюнда бар.Ошондуктан ал коргон фильмди унуттум деп коп оюна сал.Же ал кинону тартып аткан учурду элестет,сьемка учурунда жалан кулку,приколдор болот ошону окшоштуруп аткарып жатканда.Кинонун баары реалдуу эмес жон гана искусство деп баа бер.
06.02.2014. 05:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
STARS-BOYS88, тескерисинче т. е. сен бомждарды эмес бомждар сени союп жатканын элестетип корчу. мумкун аларды бул дуйнодо эч ким изилдебейттир , бирок тиги дуйнодо сурай турганын унутпа
06.02.2014. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ассаляму алейкум STARS-BOYS88,өзүңүздү жакшы эле сезип жатасызбы..?!
Сиз психологго тезинен көрүнүшүңүз керек. Параноик болуп калуу коркунучу бар..
Өзүңүздү "нормальныймын" дегениңиз менен, психикаңыз акырындан "ошо" тарапка ооп бараткандай..

АузубиЛляхъ, маньяктардан сактасын..!
05.02.2014. 06:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Силерден коркуш керек экен. Адам сойгусу, автомат менен атып салгысы келген адам соо эмес деп ойлойм.
05.02.2014. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Inwallax kudaiym saktasyn, kyrgyz elime yiman nysap bersin. Egerde ar bir adam kudaidan korkup, yiman keltirip jawasa, men oiloium ech kachan andai bolboit.
05.02.2014. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдын омурун Адам кыйбаш керек. Аллах жаратат Аллах озу алат.
05.02.2014. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир да эскпертизанын жыйынтыгы чыкты деген макала окубадым, качан окусан да эскпертизанын жыйынтыгы чыга элек болот, жыйынтыгы чыккан бир текст корсоткулочу?? Экспертиза коп болсо 2-4 саатта бутот деп ойлойм, кыргызстан боюнча бир эле эксперт калса да жетишмек,туштон кийин ишке келсе деле. Ушул шылтоо,коп кылмыштарды унуткарууга жардам берип атат, же болбосо бир куноосу бар чиновник же криминал ооруй калат дагы доктурга жата калат, ушул доктурлар бут тупикке кептелген суроого ынгайлуу жооп.
06.02.2014. 05:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tendik, туура айтасын, мен да экспертизанын жыйынтыгын кутом, бирок бироо да чыкпайт
06.02.2014. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоо оз нугунда. Ал нерсе очпойт уланат. Турмуш ушул нерселер менен кызык
06.02.2014. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык, андыктан сактангыла! сактыка кордук жок
07.02.2014. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой кудай бир озун сакта жаман нерселерден
08.02.2014. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: