
Айымдардын көйгөйлүү маселеси бул – идеалдуу дене түзүлүш. Айрымдар ашыкча салмактан кутулууну самаса, кээ бирөөлөр төшүн же жамбашын чоңойтууну максат кылат. Сизде да мындай көйгөй бар болсо, анда төмөндөгү көнүгүүлөр сиз үчүн.
90-60-90 өлчөмүндөгү дене түзүлүш идеалдуу деп ойлойбуз. Бул туура эмес. Ар бир айымдын өздүк идеалдуу ченемдери болот. Ал сиздин боюңуздан көз каранды. Аны аныктоо үчүн төмөнкү формула эске алынат. Алгач боюңузду (Б) ченеп алыңыз. Андан соң көрсөтүлгөн коэффициентке көбөйтүңүз.
Мисалы, боюңуз 165 сантиметр дейли. Эми 165ти көрсөтүлгөн коэффиценттерге көбөйтөсүз.
165 х 0,35 =57, 75 сантиметр же 165 х 0,4 = 66 сантиметр. Эгер 57,75 сантиметрден кем болсо салмак кошууга туура келет. Ал эми 66 сантиметрден ашып кетсе, анда белди ичкертүү зарыл.
Эгер келбетиңиз жогорудагы көрсөткүчтөргө баш ийсе, эч нерседен кабатырланбай эле койсоңуз болот. Ал эми жамбаш, төш же бел өлчөмдөрүндө кем-карчы болсо, төмөнкү көнүгүүлөрдүн жардамы менен жөнгө салууга болот.
САЛМАГЫҢЫЗ БОЮҢУЗГА ТУУРА КЕЛЕБИ?
Көбүнчө айымдардын дене түзүлүшү ашыкча салмактан жапа чегери белгилүү. Алгач боюңузду өлчөп, төмөндөгү таблица аркылуу өзүңүздүн идеалдуу салмагыңызды аныктап алыңыз.
Эгер салмагыңыз ашыкча болсо, анда арыктоонун аракетин көрүү зарыл. Ал үчүн диета кармап, эртең менен жана кечинде чуркап туруу сунушталат.

КӨКҮРӨГҮҢҮЗ КӨРКТҮҮ БОЛУШ ҮЧҮН...

ЖАМБАШ ЖАНА САН БУЛЧУҢДУ ЧЫГАРУУ ҮЧҮН КӨНҮГҮҮЛӨР

БЕЛДИ ИЧКЕРТҮҮ ҮЧҮН КӨНҮГҮҮЛӨР

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg
Түшпосо керек..
Албетте витаминдүү азыктарды жеп туруу шарт..
165 х 0,35 =57, 75 сантиметр же 165 х 0,4 = 66 сантиметр. Эгер 57,75 .....ТУШУНБОДУМ КАНДАЙ КЫЛЫП эсептеди ю165 бой болсо 0,35 емне
баратышат ушинтип отуруп. Жоголуп кетпегиле
Саламатсызбы! Сунушуңуз эске алынат.