Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ТУБАСА ИЧЕГИСИ ТУЮК, ЖАТЫНЫ ЖОК ТӨРӨЛГӨНДӨР КӨБӨЙҮҮДӨ

№588 07-февраль-13-февраль, 2014-ж


Учурда тубаса майып балдардын саны өсүп жаткандыгы тууралуу көп айтылууда. Мунун себеби эмнеде жана анын алдын алсак болобу деген суроого жооп издеп Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна баш бактык. Анткени республика боюнча оорукчан, анын ичинде тубаса майып туулган балдардын көбү ушул жерге келип дарыланышат.

«КОШ БОЙЛУУ АЯЛ ӨЗҮН КАРАБАСА, БАЛА ООРУКЧАН ТӨРӨЛӨТ»
Алгач Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору КАМЧЫБЕК УЗАКБАЕВди кепке тарттык:

– Камчыбек мырза, сизге алгач учурда тубаса майып балдар көп төрөлүп жатабы деген суроону узаткым келип жатат...
– Акыркы 5-6 жылда майып туулган балдардын саны 15 пайызга чейин өстү.

– Кайсы оорулардын түрлөрү менен көп төрөлүүдө?
– Биздин Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жана Мамлекеттик статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2013-жылы жаңы катталган тубаса майыптардын саны 3414кө жетти. Мындан сырткары 2014-жылдын январына карата өлкөдө 1-17 жашка чейинкилерден 20 815 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер бар экендиги такталган. Булардын жарымынан көбү тубаса майыптар. Кандай оорулар менен көп төрөлө тургандыктарын карап көрөлү:
1-орунда нерв системинин аномалиясы (баш мээге суунун толуп кетиши, омуртканын туура эмес өнүгүүсүнөн улам жүлүндүн сыртка чыгып төрөлүшү, церебралдык шал оорусу, баш мээнин шишиги жана башка) турат. Ал эми андан кийинки 2-орунду жүрөк кемтиги, 3-орунду органдардын аномалиясы (кулагы же жатын кыны жок, ичегиси сыртка чыгып төрөлүү жана башка), 4-орунду кол-буттун аномалиясы (канча бир манжасы жок же бир буту кыска, май таман, колу кыйшык жана башка) ээлейт.

– Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бала төрөлбөшүнүн кантип алдын алса болот? Эмнелерди билүү кажет?
– Балалуу болууну пландагандар 6 ай же 1 жыл мурун врачтарга текшерилип, аз кандуулук жана өнөкөт оорусунан дарылануулары зарыл. Боюнда болордон 3 ай мурда болочок баланын денесинин өсүп калыптанышына керектүү фолий кычкылын жана кээ бир керектүү витаминдерди ичиши абзел. Ал эми боюнда болгон өзгөчө алгачкы 3 ай ичинде врачтар тарабынан коюлган талаптарды аткаруулары кажет. Анткени алгачкы 3 айда баланын дене мүчөлөрүнүн түзүлүп, калыптануусу жүрөт. Ушул мезгилде аял үй-бүлөлүк чыр-чатактан алыс болуп, сапаттуу тамак-аштарды колдонуп, өз алдынча дарыгердин уруксатысыз дары-дармекти ичпеши керек. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна катталып, УЗИден текшерилип туруусу кажет.

«ТУБАСА НЕРВ ООРУЛАРЫ МЕНЕН КӨЛДӨН ЖАНА ТҮШТҮК АЙМАКТАРДАН КӨП КЕЛҮҮДӨ»
Нейрохирургия бөлүмүнүн жетекчиси БАКЫТБЕК КАРАЧЕВге кездешип, төмөнкүдөй маалымат алдык:
– Биздин бөлүмгө 2013-жылы 800 бала түшүп, 320сына операция жасалган (айрымдарына этап менен). 800 баланын 70 пайызы тубаса хирургиялык нерв оорулары (баш мээ жана жүлүн) менен ооругандар. Аларга мээсине суу толуп төрөлгөндөр, мээсинин катуу кабыгы сыртка чыгып калгандар, моюн жана көкүрөк, бел туштагы жүлүндүн грыжасы менен жарыкка келгендер бар. Булардан тышкары мээсинин толук катмары жок (мээнин өзөгү менен каракуш мээ гана бар болуп, калганын суу басып турат), арткы мээнин грыжасы (грыжа экинчи баштай болуп көрүнүп калат), мээнин шишиги менен туулгандар келет. Айта кетчү нерсе, дал ушул баш мээнин тубаса шишиги менен төрөлгөндөр акыркы 5 жылда көбөйдү.
Тубаса нерв оорулары менен балдар көп келген аймактарга Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош, Баткен кирип жатат. Балдардын мындай майып төрөлүп калышынын башкы себеби эненин сапатсыз тамак-аш колдонуусу, стресстер, жыныстык жактан жугуучу оорулар менен ооруусу, фолий кычкылынын жетишсиздиги, ичкилик ичип, баңгизатын пайдалануусу жана башка болууда.

«1 ЖЫЛДА 300-350ДӨЙ НЫШАН БАЛАГА ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛАТ»
Бет-жаак хирургия бөлүмүнүн жетекчиси АЛТЫНБЕК МАМЫРАЛИЕВ өз сөзүндө буларды баяндады:

– Бизге бет-жаактын түркүн оорулары менен ооругандар келишет. Анын ичинде нышан (эрини, таңдайы жырык), жаактын шишиги менен тубаса туулгандар бар. Нышан боюнча 1 жылда 300-350дөй балага операция жасалат. Бул мурунку 5 жылга караганда көбүрөөк. Мындай майып балдардын төрөлүшүнө негизинен энелеринин жакын туугандарына баш кошуусу, боюнда бар кезде жугуштуу оорулар менен ооруусу, ичкилик ичүүсү, химиялык каражаттардын жана радиациянын таасирине кабылуусу себепкер.


«КӨКҮРӨГҮ ИЧКЕ КИРИП ЖЕ СЫРТКА ЧЫГЫП КЕТКЕНДЕР БОЛОТ»
Ал эми №1-хирургия бөлүмүнүн врач-хирургу, Саламаттыкты сактоонун отличниги НУРБЕК АМАНБАЕВ төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Биздин бөлүмгө 2013-жылы 880 бала түшүп, алардын 530уна операция жасалган. Тагыраак айтканда, бизге ичегиси сыртка чыгып калгандар (ичегилери киндиктен сыртка чыгып калат), ичегиси, кекиртеги же көтөн чучугу туюктар, көчүгүндө шишик (тератома) өскөндөр, көкүрөгү ичке кирип же сыртка чыгып кеткендер келишет. Булардан тышкары манжалары биригип келгендер, май тамандар, жатыны же жыныс кыны жоктор, ичегилери туура эмес жайгашып калгандар, жамбашы чыгып туулгандар сыяктуулар алынып келинип, операция жасалат. Минтип төрөлүп калган балдардын саны акыркы жылдары көп болууда. Көкүрөгү ичке кирип же сыртка чыгып туулуп калгандар мындан 6-8 жыл мурун Көлдөн көп келчү, азыр саны азайды. Ал эми Миң-Куш жана Нарын тараптан мээнин шишиги менен абдан көп келишчү эле, азыр алар да азайды (сыягы, радиациянын таасиринен улам). Жогорудагы оорулар менен тубаса төрөлүп калуулардын башкы себеби – энелердин болочок баласынын ден соолугуна кайдигер карагандыгы.



«ЖЭЭНИМЕ ЭКИНЧИ ЖОЛУ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛДЫ»
НУРКАН СЫДЫКОВА, Баткендин Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, 43 жашта:
– Учурда 1 жаш 4 айлык жээним Алымбекти карап жатам. Ал тубаса гидроцефалия (башка суу толуп кетүү) менен төрөлгөн. 5 айында Оштон башына туура эмес операция жасашкан экен, бул жерден нейрохирургия бөлүмүндө кайра операция жасашты. Азыр баланын абалы жакшы, врачтарга рахмат. Алымбектин оорукчан болуп төрөлүп калуусуна апасынын кош бойлуу кезинде ооруганы себеп болдубу же башкабы, так билбейбиз.

 


«БАЛАМДЫН ЭРДИН ТИГИШТИ»
ХАЛИМА МЕЙСАНОВА, Бишкектин тургуну, 33 жашта:
– Балам Абдыкерим 9 айлык. Нышан болуп төрөлгөн эле, 7 күн мурун бет-жаак хирургия бөлүмүндө операция жасашты. Азыр баламдын абалы жакшы.
Боюмда барда катуу сасык тумоолоп, дарыгерге кайрылбастан өз билгенимдей дарылангам. Ошонун кесепети тийдиби деп ойлойм.

 

 

 

 

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(62)
10.02.2014. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
АЛЛАХым оозу шыпаасын берсин омурлору узун болсун бул балдардын... Элибиз дегеле оору сыркоодон оолак болуп дени сак наристелер торолуп КЫРГЫЗСТАНыбызга чоон салым кошкон патриоттор кобойо берсин демекчимин..
10.02.2014. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх ошон үчүн ден-соолуктуу биринчи орунга коюп сергек жашаш керек. Баардыгы сакайып кетишин Алладан тилейм.
10.02.2014. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уфф журогум ооруп кетти, Аллах шыпаасын берсин!
10.02.2014. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Окуп алып аябай жаман болдум.Аллахым колдоп баары сакайып кетсин жана дени сак балдар тороло берсин
10.02.2014. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым озу сактасын.АЛЛАХ баарыбызга ыйман ынсап ден-соолук берсин.
10.02.2014. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул макаланы окуп алып коркуп кеттим буткончо. Анткени жакында тун наристебизди кутуп жатабыз......кудай озун сакта.........
10.02.2014. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
eliza_eliza, аман эсен коз жарып алын. Дени сак бала торолсун
10.02.2014. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кытайдан келген даяр лапша,момо-жемиштерин жебеш керек.1-кезекте ден-соолукту карайлы.Аллахым шыпаасын бере кор.
10.02.2014. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арбир энени баланы Аллахым озу колдосун шаппасын берсин.
10.02.2014. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
алты саны аман,ден соолугу чын перзент берсин кудайым,баарыбызга,
10.02.2014. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай озун сакта... аянычтуу. Болочок энелер озунорду жакшы карагыла, баарыбызга дени сак,акылдуу балдарды Алла таллам насип кылсын
10.02.2014. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудай сакта. Эч кимдин баласы оорубасын. Баардык наристе алты саны аман торолсун.
10.02.2014. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allahim baardik adamdarga des sooluk jana bakit bersin...eneler ozdorun karap juruwsun ar dayim.stressten alis bolup,kitaydin produksialarinan alis ele bolup jurolu.Allahim oorup jatkan baldarga shifaasin bersin. eliza_eliza korkuunun keregi jok.Allaga dua kil. aman rsrn koz jarip al...
10.02.2014. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акыркы жылдары тамак аштын сапатынын начарлап кетишинин туздон туз тийешеси бар.Стабилдуулуктун жоктугу аял затын стресске кабылтып ушулнерселерди жаратууда.Анан да ан сезимдин ар кандай терс нерселерди коп кабыл алуусунан да келип чыгышы мумкун.Аялдын мээсинде боюнда бар кезинде кандай маалымат болгон болсо бала да ошолорду толук озуно синирип алышы мумкун,
10.02.2014. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уул кыз берседа, акыл эси, ден соолугу менен берсинчи.
10.02.2014. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алла таалам шыпаасын берсин....
10.02.2014. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол учун кыз келиндер туура дарылоону билгиле
10.02.2014. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактасын сактасын деп эле кала беребиз сактанса сактайбы кобунчо айылдыктар маани беришпейт ушул нерсеге
12.02.2014. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulperi.kg, айылдыктарага караганда шаарда жашагандардан коп торолуп жатпайбы майып балдар
10.02.2014. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргыздар оз ден-соолугуна коп конул бурбайт. Ошол учун.
Мисалы аял беременностько чейин эле озундо folic acid жетиштуу болуш керек, антпесе ушундай дефект балдар торолот.
Тамеки тарткан, алкоголь жана наркотиктер да дефекттерге же балдардын ден-соолугуна жаман таасир берет.
Витамин, минералдарды албайт. Йод аз болуп торолгон балдардын мээси начар иштейт. Йододефицит боюнча Кыргызстан биринчи оорунда! Мен учун кыргыздардын оз ден-соолугуна карабаганы тушунуксуз...
11.02.2014. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nachos, Албетте кыргыздар озун эмес той аш деп журуп качан ооруганда дарыларды гана ичишет, джен соолугун караган слой аз гана. Баардыгы кымбат, убакыт жок, акча жетпейт....
15.02.2014. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nachos, ар бир кыз келечекте эне болом балам жакшы ден соолугу чын болсун десе витаминдерди ичип дарыланып сактанып анан пландап торосоле болот/ анан кыргыздар журо берет эмеспизби боюма болуп калды деп коюп. эми кудай сактасын бирок момундай заманда баарын алдын алыш керек.
10.02.2014. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кытайдын тамак-ашына запрет коюш керек.Алардын сырты жалтырак момо-жемиштерине караганда озубуздун курт тушкон болсо да пайдалуу момо-жемиштерибиз артык.Жараткан бала берсе да ден-соолугу,акылы жана омуру менен берсин.
10.02.2014. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир баланы "алты саны аман" дуйного алып келуу энелер учун чон эрдик экенине дагы бир жолу ишендим.Ошондуктан эркек заты жубайларынарды аярлап, уйдогу жана коомдогу терс корунуштордон сактаныздар!
10.02.2014. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мен торогондо апам катышкан, 9 ду тородум эле сендей кыйналып торогонду биринчи корушум деген. кайненелер да биз врачка корунбой эле жон эле иш кылып журуп торогонбуз дешет. азыр химикат коп этият болгула
11.02.2014. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Pamirlan, Озгочо торот учурунда оз кишин жанында акчасы менен болушу бул азыркы Закон экен. Биздикилер акчасын кеч алып келип ага чейинки кылган мамилеси н башка торогондорго корсотпосун, бирок бердик кеч болсо да, ошого чейин .....
15.02.2014. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pamirlan,азыркы кээ бир кайненелер илнерки келиндердей корот азыркыларды. азыркыларды туртуп койсон кулап кетет ошон учун этият абайлап ар ким озунор учун чуркап сактанышынар керек. азыр бут айлана химикат, полуфабрикаттар анысы аз келгенсип жыныстык вирустар, аба да таза эмес азыр илгерки ден соолук жок.
10.02.2014. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактасын.! Ар бирибизге алты саны аман бала берсин. Бирок ар бир адам келечеги учун озу курошуусу керек. Бойунда бар учурда баласынын алты саны аман торолуусу учун аял озуно жакшы кароосу кажет. Жана баланын келечеги учун атасы да кам корушу керек.
10.02.2014. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сактанганды кудай сактайт дечу беле? 1-озубуздун ден соолугубузду жакшы карашыбыз керек келечектеги балдарыбыз учун.
10.02.2014. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эй жараткан аллахым озун баарына шпаа бер жана ошондой эле болочок эне-балдарга ден соолук бер
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: