«ОшТВ» телеканалынын берүүлөрүндө көрсөтүлгөн СМС-билдирүүлөрдө аймактарды бөлүп-жаруучу чакырыктар камтылган деген негиз менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы кылмыш ишин козгоду.
«ОшТВ» телеканалынын директору Эрнис Кыязов: «Мында чоң саясий мандем бар, андагы чабуул Мырзакматовго багытталганын түшүнүп турам»,- деди.
31-январь күнү аталган телеканал жайгашкан имарат тинтүүгө алынып, учурда «улуттук, расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутуу» беренесинин алкагында тергөө амалдары жүрүүдө. 3-февралда «ОшТВ» телеканалынын кызматкерлери нааразычылык акцияга чыгышып, жогорудагыдай айыптын тагылышын саясий куугунтук катары баалашты. Белгилей кетсек, аталган телеканал экс-мэр Мелис Мырзакматовдун тарабын салыштырмалуу көбүрөөк чагылдырып келгендиги маалым.
Медиа чөйрөсүнө басым көрсөтүү аракеттери дайыма коомчулуктун чоң сынына кабылып келет. ЖМКлардын сөз эркиндигин чектөө далалаты эксперттер тарабынан «артка карай ташталган кадам» деп бааланып жүрөт. Буга чейинки бийликтер да оппозициялык маанайдагы жалпыга маалымдоо каражаттарына жоктон табыла калган айыпты тага коюп, атүгүл айрым журналисттерди куугунтукка алып жүрүшпөдү беле?
Мурунку режимдин ыкмалары «тириле» баштаганбы, телеканалдын берүүсү да эмес, көрүүчүлөр тарабынан жөнөтүлгөн СМС-билдирүүлөрдөн улам кылмыш ишинин козголушу репрессияга гана окшошуп калууда. Эгерде УКМК аймактар аралык кастыкты козутуучуну издесе, аны телеканалдан эмес, СМС-билдирүүнү жөнөткөн авторду табууга аракет жасабайбы? «Жакшы болуу аста-аста, Акаев менен Бакиевдин деңгээлине түшүп калуу бир паста» демекчи, сөз эркиндигине кысым көрсөтүүдөн мурун артка кылчайып, буга чейинки окуялардын кесепеттерине көз салып коюу ашыкчалык кылбастыр.
Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg
Эрнис Кыязов чындыкты чыркырата бетке айткан журналист."Ак ийилет бирок сынбайт" алга Эрнис Кыязов, биз чындыкка карай сени менен биргебиз.
otserdsa_privet тин сөзүнө кошулам, туура айтасың.
Журолу дайым кыргыз биригип
Которолу билекти
Кудайым берсин тилекти
Ушул коро албай жаткандар
Жетинчи апрелге жетпей атылар!!!