
7-февралда президент Алмазбек Атамбаев XXII кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Орусиянын Сочи шаарына барды. Атайын иш сапардын алкагында Алмазбек Атамбаев алгач Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. «Орусия Кыргызстандын эң негизги соода-экономикалык өнөктөшү болуп кала берет, андан сырткары товар жүгүртүү 18 пайызга өстү. Бул абдан жакшы көрүнүш»,- деди В.Путин.
Эки президент жакынкы күндөр аралыгында биринчи вице-премьерлердин жетекчилиги менен Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча позицияларды жакындатуу иштери башталарын айтышты.
Ошондой эле 12-февралда Алмазбек Атамбаевге Москвада тизе кемирчегине операция жасалгандыгы маалымдалды. Мындан улам мамлекет башчы кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкты.
Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg
эмне үчүн кытай товарын сапатуу киризип саттырса болбосун кыргызстанга?
Же орустар, бай өлкө болсо биз да аларды туурап, азыркы жакырчылык жетишпей жаткансып, дагы жакыр жашагыңар келип жатабы??
Кытай, антет, орус, минтет, казак тигинтет деп. бирөөнүн көзүн карап канчага чейин жашайбыз?
Кирсин дейли, бирок баа асмадап баары кымбаттаса, же жартылуу завод фабрика жок болсо! Кайда барып иштейсиңер? жанагы эле чет элде, жүргөн жарандар акча, которуп ошону, менен жан сактайбыз да туугандар...
Провокацияга жол берилбейт!