
7-февралда президент Алмазбек Атамбаев XXII кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Орусиянын Сочи шаарына барды. Атайын иш сапардын алкагында Алмазбек Атамбаев алгач Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. «Орусия Кыргызстандын эң негизги соода-экономикалык өнөктөшү болуп кала берет, андан сырткары товар жүгүртүү 18 пайызга өстү. Бул абдан жакшы көрүнүш»,- деди В.Путин.
Эки президент жакынкы күндөр аралыгында биринчи вице-премьерлердин жетекчилиги менен Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча позицияларды жакындатуу иштери башталарын айтышты.
Ошондой эле 12-февралда Алмазбек Атамбаевге Москвада тизе кемирчегине операция жасалгандыгы маалымдалды. Мындан улам мамлекет башчы кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкты.
Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg
бир Путин билет киргенден кийин чыгуу процесси кандай болот ошол жагын караш керек бир тараптуу чыкса болот бекен ошол жагын карап корсонор же вообще чыкканга болбойт турган болсо кирбей еле коюш керек анда булар каяка барат еле деп любой репрессианы жургузо беретта
ким кошулгусу келсе Алтай талааларына мал чарбачылык кылганга чакырам пайдасы жаман коп тиет азыр возможност жок андайларга
Сизге эскертүү!
Кимдир-бирөөгө ат коюп, мазактоого тыюу салынат!