
7-февралда президент Алмазбек Атамбаев XXII кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Орусиянын Сочи шаарына барды. Атайын иш сапардын алкагында Алмазбек Атамбаев алгач Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. «Орусия Кыргызстандын эң негизги соода-экономикалык өнөктөшү болуп кала берет, андан сырткары товар жүгүртүү 18 пайызга өстү. Бул абдан жакшы көрүнүш»,- деди В.Путин.
Эки президент жакынкы күндөр аралыгында биринчи вице-премьерлердин жетекчилиги менен Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча позицияларды жакындатуу иштери башталарын айтышты.
Ошондой эле 12-февралда Алмазбек Атамбаевге Москвада тизе кемирчегине операция жасалгандыгы маалымдалды. Мындан улам мамлекет башчы кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкты.
Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg
пайдасынан зыяны коп болуу мумкун!!!Мигранттарга да коп еле пайдасы жок!Азыркы мезгилде Кыргызстанда афтомобил орто эсеп менен 5000$турса,бажы союузуна киргенден кийин ал афтомобил 8000$ чамасында болот,ошондой эле уй жана башка да коп нерселер кымбатташы мумкун.Мигранттардын Россияда таап барган акчасы кыргызстанда берекесиз болуп калуусу ыктымал!Биздин Кыргызстан алтын кенге бай мамлекет!Колдо бар алтындын баркын билген гана адам керек!!!