
Президент Алмазбек Атамбаевдин өткөн жылдын жайында Нарынга болгон иш сапарынан сүйлөгөн сөзү монтаждалып, бурмаланган тасма эми дисктерге жаздырылып, таратыла баштаптыр. Ал тасма социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып, карапайым калктын мындай терс аракеттерге тез ишенип, ынанып калуусу «монтажёрлорго» майдай жагууда. Эскерте кетсек, президент төмөнкүчө айткан: «Мына, нарындыктар, малчысыңар. Мына, кой сарай, 20 жыл тазаланбаса, анын кыгын бир күндө тазаласа болобу? Билесиңер, таш болуп калат». Монтаждалган соң ал «нарындыктар, малсыңар» болуп калган.
Журналист, саясий талдоочу Балбак Түлөбаевдин пикиринде, жаздын асты менен элдин тынчтыгын каалабаган күчтөр ушундай алдоо, арам жолдор менен чатак чыгаргысы келип жатат. «Биз каталарыбызды шайлоо жолу менен келип оңдогонго үйрөнүүбүз керек. Бул видеонун оңдолгонун керек болсо оппозициялык серепчи Шайыр Маматокторов да айтты. Элдин биримдиги, ынтымагы үчүн алдоодон баш тартып, сүйлөшүү, пикир алышуу жолун тандап алуу керек. Болбосо, мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп алабыз»,- дейт Балбак мырза.
Ушул сыяктуу «оюндардын» жардамы менен видеону монтаждагандардын элге карата «карапайым кыргыздар баарына ишене берет, байкуштар» дегендей мамилеси байкалып турат.
Ширин Турдакунова
politika@super.kg
Эл билбей силер билген жашоонун кайсыл жагы оңолду, факт менен айтып бергилечи.<
Саясаат саясат саясатты ала жаат.
Ушул жердеги патриотторго кол чабуулар.
"Талас эли эл эмес" деген жери дагы бар эле, ага кандай ойдосунар?