ЗАМИРА МОЛДОШЕВА МОДА ЖУМАЛЫГЫНА АТТАНУУДА
№589 14-февраль-20-февраль, 2014-ж

19-февраль күнү стилист Замира Молдошева жана ал уюштурган «ПроFashion» сынагынын жеңүүчүлөрү Салтанат Мамытова командасы менен Милан шаарында өтө турган дүйнөлүк мода жумалыгына сапар алышмакчы. Бул ирет биздин дизайнерлер көрүүчү катары гана барышарын, ошондой эле дүйнөлүк атакты багындырган «Кавалли», «Армани», «Луи Виттон» сыяктуу бренддердин иштөө ыкмалары менен кеңири таанышып келишерин Замира айым билдирди. Уздарыбыздын дүйнө чеберлери менен болгон тажрыйба алмашуулары кыргыз модасына өз салымын кошот деген ойдобуз.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
4
"Мен дагы дизайнер болгум келет, бирок эч шартым жок да уйдо кичуу келинмин"
-Луи Виттона,Жак Фат, Коко Шанель жана башкалар аракеттен башташкан.Талантын болсо максатына жетесин..