Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«ААЛАМ СЫРЛАРЫНДА» ФИНАЛГА ЧЫГУУ МИЛЛИОН СОМ ТУРАБЫ?

№590 21-февраль-27-февраль, 2014-ж


Коомчулукта көп талкуу жаратып келе жаткан «Аалам сырларына» байланыштуу чуулгандуу аудиожазуу пайда болду. Анда берүүнүн уюштуруучуларынын ортомчусу менен катышуучулардын биринин телефон аркылуу сүйлөшүүсү жазылган. Финалга чыгарыш үчүн уюштуруучулар тарабынан 20 миң доллар же 1 миллион сом талап кылынганы, аны катышуучу банктан карызга алууга жан талашып жатканы кенен айтылат.

Аталган долбоордун алпаруучусу Н.Айтбекова өзүнүн интернеттеги баракчасына Дана аттуу аял менен Асыл Аппасова кучакташып түшкөн жогорудагы сүрөттү жүктөп, «ынтымактуу коллектив!» деп белгилеген.

«1 МИЛЛИОН ОҢОЙ ЭМЕС, БИЛЕСИҢ»
Телефондогу сүйлөшүүдөн сөз көзү ачыктардын таймашы тууралуу экенин, ал берүүнүн аяктап бараткан маалында жазылгандыгын аңдоого болот. Анткени учурда Назира Айтбекова менен Асыл Аппасова биргеликте иштеген бир эле долбоор бар, ал – «Аалам сырлары». Сүйлөшүүдөгү Дана аттуу аял «суббота күнү эфир кетет» деп айткан жерлери бар. «Аалам сырлары» КТРКнын эфирине ар ишемби күнү чыгып жатат. Аны түшүнүү үчүн ашыкча акылдын деле кажети жок.
«Аалам сырлары» аяктап бараткан маалда жаздырылып алынса керек дегенибиздин себеби, катышуучу аял «Дана, я всё равно переживаю, жанагы акыркы съёмкаңарды сүйлөштүң беле? Всё таки мен акча бергенимче, 1 миллион оңой эмес, билесиң. Мен дагы билишим керек, гарантия болушу керек. Акыркы съёмкалар жакшылап... Асыл Аппасова менен сүйлөштүңбү?» деп сурайт. Ортомчу аял «Ооба, аны менен сүйлөштүм, эми Кудай буюрса жардам беребиз да» деп катышуучуну жайгарып жатканы билинет. Катышуучу Дана деп кайрылып жатканынан улам Дана аттуу продюсер аял болушу мүмкүн деген ой жаралды. Бул аял кээде ырчыларга продюсерлик кыла коюп жүрөт, Асыл Аппасова менен жакын мамиледе.
КТРКнын басма сөз кызматы аудиожазуу пайда болгондун эртеси, 20-февралда «Аудиожазуудагы Дана аттуу айым КТРКнын кызматкери эмес. Аны менен Коомдук канал укуктук мамиледе болгон эмес. Бул факты боюнча бардык материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берүү чечими кабыл алынды. Ошондой эле «Аалам сырлары» телекөрсөтүүсүн токтотуп, бул берүүнү даярдоого катышкан топту кырдаал такталганга чейин жумуштан кетирүү чечими чыгарылды» деп билдирүү таратты.

Маалымат каражаттары чуулгандуу аудио жазуудан улам «пара талап кылуу» боюнча шектелип жаткан Дана аттуу аял КТРКда менеджер катары иштеп келгенин, аны берүүнүн титрлери далилдеп турарын айтып чыгышкан.

ЖИПТИН УЧУГУ МУРУН ЭЛЕ КӨРҮНГӨН БЕЛЕ?
Аталган берүүнүн биринчи сезонуна катышкан Кубаныч Мурзаев ошол учурда бизге кайрылып, «уюштуруучулар тапшырмалардын жообун катышуучулардын бирине айтып коюп, мен туура айткан учурларды кесип салып жатышат» деп арызданган эле. Жеңүүчү болбой калганынан улам айтып жатса керек деп ал учурда маани берген эмеспиз. Бул сүйлөшүү ошол Кубаныч Мурзаевдин арыздануусун эске салды. Эске салсак, ал адамдын жансыз денеси өткөн жылдын 20-декабрында Бишкектин четинен табылып, учурда анын табышмактуу өлүмү ИИМ тарабынан иликтенип жаткан чагы.
Окурман, азырынча бул сүйлөшүүнү катышуучулардын кайсы бири жаздырып алганы билине элек. Берүүнүн продюсери Асыл Аппасова «Индира деген катышуучу жаздырган деп болжолдоп жатабыз. Азыр эмнелерди айтканын териштиргени турабыз» деп ММКлардын бирине комментарий берди. Ал катышуучунун өзүнөн жооп алууга мүмкүнчүлүк болбоду. Индира аттуу көзү ачык адамдарды кабыл алып иштеген кеңсенин эшигинде «17синен 22сине чейин иштебейт» деген жазуу чапталып турат. Ал баракчада көрсөтүлгөн номерге байланышсак, телефонго жооп берген айым «Индира Алматыга кеткен» деп билдирди.
Бул сүйлөшүү «Аалам сырларында» чын эле көшөгө артында болуп жаткан былыкпы же атайы жасалганбы? Албетте, мунун баары укук коргоо органдары иликтей турган иш. Анткени сүйлөшүү чындык болсо, анда окуя мамлекеттик мекеменин белчесинен коррупцияга батканынын далили болот. Ал эми мамлекеттик мекемедеги коррупция Кылмыш жана жаза кодексинин 303-беренеси боюнча 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат. Пара алуу кызмат адамы тарабынан жасалса, 313-берененин 1-бөлүгүнө ылайык 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат. Ушул эле иштер алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан ири өлчөмдө жасалса, 8 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасын алат. Пара алууда ортомчулук кылуу да Кылмыш жана жаза кодексинде өзүнчө бөлүнүп көрсөтүлгөн. А л 312-беренеге ылайык акчалай айыпка жыгылып же болбосо үй-мүлкүн конфискациялоо менен 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.

ДЕПУТАТТАР ЧЕКИТ КОЮУ КЕРЕК ДЕШТИ
Интернетте бул ишти «Супер-Инфо» гезити менен Назира Айтбекованын ортосунда эки жыл мурун болуп өткөн окуяга байланыштырып, коомдун көңүлүн негизги маселеден башка нукка бурууну максат кылгандар чыгууда.
«Супер-Инфо» гезити учурда болуп жаткан окуя менен эки жыл мурун болгон окуянын ортосунда кандайдыр бир байланыш бар деп эсептебейт. Назира Айтбекова одоно тамаша үчүн өзүнүн адамдык жана жарандык укугун пайдаланып, укук коргоо органдарына кайрылган. Анын мындай чечимин «Супер-Инфо» гезити түшүнүү жана сыйлоо менен кабыл алган. Расмий түрдө кабарчылардын чектен чыккан тамашасы үчүн телеалпаруучудан кечирим сураган.
Ал эми мамлекеттик мекемеде иштеген адамдардын пара талап кылуусу, мамлекеттик мекемедеги коррупция иштери таптакыр башка маселе. Албетте, факт боюнча тийиштүү органдар териштирүү жүргүзүүсү зарыл. Эгер аудиожазууда айтылган иштер чын эле иш жүзүндө болгону анык болсо, анда кеп Коомдук телеканал аркылуу массаны алдоо, мамлекеттик мекемеде иштеп жүрүп пара алуу, мамлекеттик мекеменин кызматкеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышы деген маселелерге барып такалат. Андыктан аталган аудиожазууну коомчулукка жарыялоону милдетибиз катары эсептейбиз.
«Аалам сырлары» телешоусунда коррупциялык иштер орун алып жатышы мүмкүн экендиги жана анын Коомдук телеканал аркылуу кеңири массага берилип жатышынын залалдуу жактарын Жогорку Кеңештин 20-февралдагы пленардык жыйынында депутаттар да билдирип, маселеге тез арада чекит коюлушу керектигин айтышты. Депутат Турсунбай Бакир уулу: «Аалам сырлары» көрсөтүүсүнүн финалына чыгуу үчүн катышуучулардан 20 миң доллар талап кылышууда, буга мамлекет жетекчилиги чара көрүшү керек»,- деди.
Элдин айлык акысынын, карыялардын пенсиясынын, балакайлардын жөлөкпулдарынын эсебинен каржылануучу мамлекеттик мекемеде мындай коррупциялык иш болуп жатканы анык болсо, анда ал сөзсүз иликтөөнү талап кылган, өтө жаман көрүнүш. Кыргыз Республикасынын Кылмыш процессуалдык кодексинин 150-беренесинин 4-бөлүгүнүн негизинде массалык маалымат каражаттарына жарыяланган билдирүүлөр кылмыш ишин козгоого жүйө болуп бере алат. Демек, бул иш укук коргоо органдарынын көңүлүнөн тыш калбайт деп ишенебиз.

БААРЫНА ТҮШҮНҮКТҮҮ БОЛСУН ҮЧҮН АУДИОЖАЗУУНУ СӨЗМӨ-СӨЗ БЕРҮҮНҮ ЧЕЧТИК.
Көзү ачык: – Даночка?..
Дана: – Да...
К.: – Банкта болчумун, анан өзүң билесиң, поручитель керек экен, тиягы керек экен, пока документы собрались. Оңой эмес экен да, 20 миң же большая сумма, билесиң да. Анан бүгүн кирсем айтышты, эртең-бүрсүгүнү бүтүрүп беребиз деп...
Д.: – Мм... Просто Асыл эже мени жеп жатат да...
К.: – Мм, Асыл менен өзүм сүйлөшөйүнбү анда?
Д.: – Эми... эме, аралаштырбаш керек болчу... Мына, баланчага ишенип эки жумадан бери не то болуп...
К.: – Эме, Дана, 20 миң деген жакшынакай сумма. Мен деген... банкта поручители жок бербейт экен, а поручителде деген бардыгы-жогу болуш керек экен, банктарда кредиттери болбош керек экен.
Д.: – Да, понимаю. Я тут ни при чём... Мен бир топ алдандым, ээ? Андан кийин эме...
К.: – Даночка, анан кредитсиз поручитель жок экен. Поручитель издесем бүт баарынын банкта кредити бар экен. Бирөөнү алып барсам, ал айтпай коюп банктан, анан башка киши издедим. Эми мындай аз эле акча болсо жөн эле берип коёт элем. Поручитель жок эле, залог-палогу жок эле алгандар бар экен. Если хочешь, Назира Айтбекова менен өзүм сүйлөшөйүн, бир аз коё тургула деп. Асыл Аппасовага айтайын, коё тургула деп.
Д.: – Ай, сиз анткенде мен вообще каша болом да, андачы…
К.: – Мм… анда... Эми өзүң деле түшүндүрүп кой да, чтобы действительно... тиги... это... 10 күндө деп айткам, конечно. Бирок пока банкка документы собрала, залог жок деген справка алыш керек экен, иштеген жерден...
Д.: – Короче, мындай кылалычы, суббота күнү кетет да эфирчи... До пятницы подождём деп айтайын. Если, пятница жок болсо, анда суббота ала келет деп. Башка вариант жок менде.
К.: – Мм, конечно, эми мен деле чуркап жатам. Мен помню. Даже сахарым көтөрүлүп кетиптир. Бүгүн барсам 18 дейт, сахар менен ооруйм да. Анан на работе вчера плохо стало, кечээ капельница алдым. Эми всё равно знаешь, азыр азыраак сумма деле кишиден чыкпайт, такое время. Билесиң да...
Д.: – Ошо да, эми ал...
К.: – Анан банкка надеюсь, мына бүгүн кирип чыктым. Документтердин баарын тапшыргам, өткөн жума полностью я с документами занималась. Толком даже жумушка барган жокмун. Себеби деген, справкалар, бизде, оказывается, бюрократия экен. Бүт эле биякка бар, тиякка бар, муну алып кел, тигини алып кел... Короче, постоянно эле бир эмелер. Анан тигичи, Дана?.. Анан... ты потом поговори чтоб... анан ар кимиси өзүнчө да сурабайбы менден, Назира өзүнчө, Асыл Аппасова өзүнчө?
Д.: – Назира ни при чём тут. Я только с Аппасовой разговаривала, понимаете... Она даже не знает. Сиз билесиз... Назира деген... эчтекени чечпейт. Анан просто Асыл эже мага минтип айтат да, сен типа, мына времяларды убиваете... Мага ишенбей жатат.
К.: – Не-ет, она хорошая женщина, честно говоря. Если она мага ишенбесе, мени да финалга алып чыкпайт эле, понимаешь. Сама по себе она неплохая женщина. Мага ал жамандык деле кылбайт, просто… я, ырас, мен айтканын кылышым керек анын, билип жатам.
Д.: – Кыскача эле… Мен мындай кылайынчы, вы пятницу подождёте, если жок болсо ладно, я уже руки отмываю… каалаганын кылсынчы Аппасова. Честно, уже мне надоело!
К.: – Хорошо, Даночка, хорошо...
Д.: – ... Күнүгө эмесин уга берипчи... Как будто мен сизден 2 миң долларды алып, чөнтөгүмө салып алгандай сезилип жатат да, бул жактачы...
К.: – Даночка, спасибо, конечно, сен мага стараешься… Просто знаешь, бул кичине общая сумма болсо… эме, анда…
Д.: – Она почему то не верит да, «силер калп эле убакытты чоюп жатасыңар, тигиндей-мындай» деп. Анан проблема кылып...
К.: – Эми мындай наличка жок да элде... 20 миң деген большая сумма.
Д.: – А мен билбейм анда... Для неё, оказывается, проблема эмес окшойт. Ну вообщем то... ошол, эже, анда давайте до пятницы так скажу, азыр жумушка баратам... Она с утра позвонила мне.
К.: – Ну давай, хорошо, хорошо.

***

Көзү ачык:– Алло, Даночка, кандай?..
Дана:– Жакшы...
К.: – Кудай буюрса, банктан звонить этишти. Если чё эртең деп жатышат го.
Д.: – Завтра у нас съёмки. Вы знаете да. Сизге позвонят.
К.:– Эмечи, Дана, я всё равно переживаю. Анан жанагы акыркы съёмкаңарды сен сүйлөштүң беле? Всё таки мен акча бергенимче, 1 миллион оңой эмес, билесиң. Мен дагы билишим керек, гарантия болушу керек. Акыркы съёмкалар жакшылап...
Д.:– Ну... Эми, эмесине, ну давайте не будем мелочиться. Ошон үчүн мен макул деп жатам да. Же болбосо зачем...
К.:– Асыл Аппасова менен сүйлөштүңбү?
Д.:– Да, да, я вчера поговорила. Анан место издеп съёмкага… Завтра, после завтра съёмки.
К.:– Мм...
Д.:– Последние, анан ошо, кайра финал.
К.:– Сен мага гарантия бересиң, ээ?
Д.:– Эми, Кудай буюрса, поможем, да...
К.:– Мм... давай...
Д.:– Ладно.

Айбек Нурадилов



 Кыстарылган аудио 

Аалам сырларында" коррупция барбы?2

Аалам сырларында" коррупция барбы?1

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(66)
24.02.2014. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ойбоой кошогонун артында коп иштер болуп атат экенго.
24.02.2014. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
20000$ буларга акча деле эмесго. Аны тиги аял берип, биринчи орунду алып, анан элден кайра эки эсе кылып чыгарайын дегенго. Ужас. Ушундайларга ким ишенип акча беришет! Лучше кудайга ишенишсе болмок!
24.02.2014. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдан ачык козго сая коргозулуптур,эми коро жатарбыз иштин жыйынтыгын
24.02.2014. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кайдагы бир болбогон передача болчу да. Жабылсын деп кимдер гана айтпады. Бирок, жабышпады. КТРКнын жетекчиси соз укпаганына караганда ишенгени кучтуу болгон го дейм. Анан да бул аудиожазуу супер инфого кантип, ким аркылуу келди экен. Мына ушунусу баарынан кызык.
24.02.2014. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул кылыгыбыз менен да дуйно жузуно таанылат экенбиз да эми.
24.02.2014. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушулар пиццадан чыкпайт экен
Лучше кебетелерине кам корушсочу ушинтип ар кимдин акчасын хххххх жеп олтурбай
Баары тастыкталып так даана корсотулуп турат эми Дана кайда кирип кетээр экен деймда.
Модератор admin_media түзөттү 24.02.2014 11:06
24.02.2014. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Bagirra,
Сизге эскертүү!
Кимдир-бирөөнү мазактап, кемсинтүүгө жол берилбейт!
24.02.2014. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aalam syrlaryn bir jolu korup kiyin takyr korgon emesmin,al degen kudaiga shek keltirgendik bolot jok kylysh kerek bul programany
24.02.2014. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kubat myrza neni karap olturat eken kolunda ishtegenderdi bashkara albasa ketsinda
24.02.2014. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оштвга асылат эле чымындан пил жасашып ! Мына эми ири суммадагы коррупция коро жатаарбыз эмне мн бутконун !! Же миллионду болушуп иш дым дым болуп жабылып кетеербекен
24.02.2014. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бардык суроолор чечилип эл алдына чыкмайын бирдеме деп айтуу кыйынга турат.,подстава болушу да мумкун айтор убакыт озу корсотот кимдин ким экенин, а азырынча куто туралы...
24.02.2014. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Муну да Эми акча менен деле жаап сала алышат ар кандай шылтооо менен элди алагды кылып...кантседа чындыкты кутобуз
24.02.2014. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менинче бул атайын эле жаздырылган запись билинип эле турбайбы... Эгер бул чын болсо анда точно экоосу суйлошуп жаткан убакты кантип билип, кантип жаздырып алды... Бул атайын эле уюштурулган запись...
26.02.2014. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mile, жаман артта калыптырсызбы ээ, бакшы жаздырып алган деватпайбы ой тоообооооо
24.02.2014. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аалам сырлары ушуну кормок еледа,1-сезондон кийин эле токтотуп койсо болмок.назира айтбековага аз болуптур,москвага чейин барып байкуш жанакы супер инфодо иштеген эжени кечирим сураганына ,боюнда бар экенине карабай турмого отургузуп жаман кылды эле.эми оздорунун башына келип жатат.куйосу экоо кыйын экен эми коллегасы дананы,асылды каматып салсын.ошо справидлива болот.
24.02.2014. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козу ачыктарга эмес, бир Кудайга ишенип жашаш керек. Жогоруда айткандай миллионду болуп алышып тынчып калышат да
24.02.2014. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдык сапат деле калбаптыр да,аны биз быйыл ишенип,калтырбай коруп даже ошо уткан Фатимага баралы десек бир сеансы 1000сом экен деп атышкан.Ушунча адамды алдап,байып кетебиз дешкен го,арам акча буйрубайт.А жанагы Кубаныч Мурзаевдин олгонун билбептирмин,аны да ушулар кылган го.
24.02.2014. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тооба аман эле болушсунчу
24.02.2014. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир кудай,бир оздору билет.кудай озу таразалайт.
24.02.2014. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
булар ушунанда кургак чыгат.эчтеке болбогондой эле журо берет коросунор.
24.02.2014. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен эми козу ачыктарга ишенбейм.Бир гана Аллага ишенем.
24.02.2014. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба мен бул передачаны бир да коргон жокмун негизи. Биринчи сезондо Фатима женип коп адам барып, акчада болушунча тушконун коруп тиги козу ачыкда ошендой акчага ээ болуну каалаганго. Биринчиси таза отпогон го анда
24.02.2014. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тушунуксуз нерселер бар бул жерде.жаздырып алган болсо телефон чалып жатканда гудок угулбайт да.Callrecord деген программа бар звонок кылган аялда.Ошол озу берген болуш керек записти.(бул мени оюм)
27.02.2014. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aidin8625,чын эле, козу ачык аял озу эле жаздырган го. жесткая подстава
24.02.2014. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коррупция биздин Кыргызстанда ото онуккон, тан калганым деле жок . Болгону бул прогграмманы биринчи жолу угуп кордум дагы , кечке кулдум. Кечиресинер админ , бирок маймыл сымал кыйкырып ыйлап ийишип , накта актер болушуптур. Тан калычтуусу кантип биздин акылман эл ушул шарлатайларга ишенишет ? тобоо
25.02.2014. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
finalga 4ygyshsa emne bolot ele myn4alyk 1 Million ak4a bergendei?wumduk baige alat go
25.02.2014. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sumka,
emne bolmok ekenin emi bilet okwoybuz
bul jakta pyatnitsa kunu okuy alasinar deytgo
http://www.super.kg/kabar/news/52237/
25.02.2014. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ukuma,
Эскертүү!
Далили жок билдирүү жазуудан алыс болуңуз!
25.02.2014. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emi korobuz da bularga emne degen chara koldonulushun
25.02.2014. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вахаха, лажа! Башынан эле билгем бул передача ШОУ экенин...
25.02.2014. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азаматтар, бири биринерди жайлагыла, бири биринерди жамандагыла, бироон акча берсен экинчинер андан коп бергиле... анан ошентип ошентип барып онолуп кетесинер....
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: