
Жакында КТРКнын «Ала-Тоо» маалымат берүүсүндө МАИ кызматкерлери менен чатакташкан адамдар тууралуу репортаж көрсөтүлгөн. Анда ырчы Айгерим Расул кызы жөнүндө да айтылып, ага карата «мас абалында МАИ кызматкерин урган» деген сөздү колдонгондугу үчүн ырчы Коомдук каналды сотко бергени жатат. Айгерим «аброюма шек келтирген каналдан мындай жоругу үчүн 5 миллион сом өндүрөм» дейт. Мындан сырткары ачууланган ырчы: «Коомдук канал мени бүтүндөй кыргыз элине жалган жалаа, такталбаган маалыматы менен уят кылды. Намысыма шек келтирген сөздөрү үчүн жооп беришсин. Былтыр күзүндө МАИ кызматкерин уюлдук телефонум менен чаап жиберген окуяда мен мас эмес элем. Бизди кармагандан кийин наркологиялык текшерүүдөн өткөрүшкөн, таптаза чыкканмын. Аны тастыктаган маалымдама да бар. МАИ кызматкерин чапканымды моюнума алам, ал балит сөздөрү үчүн жазасын алган. Мени ушактап, жалаа жапкандар менен кармашкандан тажадым. Эми мыйзам түрүндө гана чечишем. Эгер соттон утуп чыксам, акчаны балдар үйүнө котором»,- дейт.
star@super.kg
Биринчиден, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!
Экинчиден, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат! БАНга!
"Мас абалда"--деген болсо,бул чыкдыкка жанаша эле кеп,"Алкоголь ичимдигин ичип алып"--дешкен жок го алар.
Адам ото ххх да мас болот,акчаны тутамдап калгандан да мас болот,жылдыз болгон киши болуп элге тааныла баштагандан да
сотко берип ызылдашпай эле оздору мн чечишип албайбы
Сизге эскертүү!
Кимдир-бирөөнү мазактоого, кемсинтүүгө тыюу салынат!
жамандын озу тен келбесе да созу тен келет тим эле миллион дегенин.Атту баштуу суйгондору буну кондуруп койгонго миллиондон соз баштаганды.кишинин жон эле кытыгын келирет бул