Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ҮЧ МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ ӨРТТӨЛДҮ. ЭЛДИК ЖАЗАЛОО ЖАПАЙЫЧЫЛЫКПЫ ЖЕ АРГАСЫЗДЫКПЫ?

№591 28-февраль-06-март, 2014-ж


Кендүү калаа чуулуу болот деген чын белем, акыркы мезгилде Нарын облусуна караштуу Жумгал районундагы «Кара-Кече» көмүр кенинин айланасында чуулгандуу окуялар көп болууда. Бир адамдын өлүмүнө жана 3 милиция кызматкеринин жабыркашына алып келген окуя тууралуу сөз төмөндө болмокчу.

БААРЫ ЭМНЕДЕН БАШТАЛГАН?
«Кара-Кече» көмүр кенинде 2013-жылдын ноябрь айында кезек талашкандардын ортосунда жаңжал чыккан. Абалды турукташтыруу үчүн укук коргоо кызматкерлери окуя болгон жерге барып көзөмөл кыла башташкан. 1-декабрда «Кара-Кече» көмүр кенинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү өлтүрүлдү» деген маалымат тарайт. Ал көмүр алуучуларга кезек берүү жагын тескеп турган Айбек Мамбеталиев деген адам экендиги билинген.
3-декабрда анын өлүмүнө шектүү катары ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Рустам Токтогулов, Жоомарт Сыдыков жана Нарын ОИИБинин СОБР кызматкери Чыңгыз Баялиев кармалат. Кылмышка күбө болгондордун айтымында, Айбек Мамбеталиев укук коргоо кызматкерлеринин ур-токмогунан каза тапкан. Кийин экспертиза «Айбектин денесинде урулган соккудан улам калган тактар жок жана ал жүрөк оорусунан каза тапкан» деп жыйынтык чыгарат.
Кылмышка шектүүлөрдүн үстүнөн Жумгал райондук прокуратурасы «Киши өлтүрүү» жана «Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгойт. Жумгал райондук соту аларды 2 айга камакка алууга өкүм чыгарат. Бирок көп өтпөй кылмышка шектүүлөр айыпталган беренелер «Ден соолукка атайылап залал келтирүү» (бул жосун адамдын өлүмүнө алып келсе) жана «Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу» беренелерине алмашат да, Нарын облустук соту аларды үй камагына чыгарат. Бул да каза болгон Айбек Мамбеталиевдин жакындарынын кыжырдануусуна алып келгендей.

ЭЛДИК ЖАЗАЛОО БАШТАЛГАНДА...
20-февралда Жумгал райондук соту каза болгон Айбек Мамбеталиевдин өлүмүнө айыпталып жаткан 3 укук коргоо кызматкеринин ишин карап жаткан. Айыпталуучу тараптын жактоочусу ишти Нарын облустук сотуна кароого өткөрүүнү сунуштаганда жаңжал чыгып кетет. А.Мамбеталиевдин туугандары жана жакындары темир тор артында отурган айыпталуучулар тарапка күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытып, өрт коюшкан. Натыйжада айыпталуучулардын бири Жоомарт Сыдыков күйүктөн жаракат алган. Андан соң бир топ жигиттер аларды ур-токмокко алышып, өз алдынча жазалоого өтүшөт. Чыңгыз Баялиевди укук коргоо кызматкерлери ортого түшүп куткарып калууга жетишишет. Ал эми Рустам Токтогуловду Жумгал суусунун жээгине алып барып токмоктошуп, сууга салып жиберишкен.
«Жергиликтүү адамдардан 80ге жакыны ушул окуяга күбө болушуптур. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн ал жерде 15тей гана укук коргоо кызматкерлери болгон. Ал эми сот отурумуна 13 бөтөлкө күйүүчү май кайдан кирди деген суроо туулушу мүмкүн. Бул боюнча Жумгал райондук соту көзөмөл жүргүзүп, кырдаалды турукташтырышы керек болчу»,- дейт ИИМдин басма сөз кызматы.

КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮЛӨРДҮН ҮЧҮНЧҮСҮ ДАЙЫНСЫЗ
Мындай маалыматты учурда дайынсыз жүргөн Рустам Токтогуловдун жубайы Анара Касымова редакциябызга келип билдирди:
– Соттук-медициналык экспертиза тарабынан маркумдун жакындарынын катышуусу менен анын денеси текшерүүгө алынган. Жыйынтыгында ал киши колдуу эмес, жүрөгү токтоп калгандыктан каза тапканы аныкталган. Кийин туугандары ал жыйынтыкка ыраазы болушпай, көрдү кайрадан ачып, көз карандысыз эксперт алып келишип текшеришкенде, алар деле ошол эле жыйынтыкты чыгарып беришти. Ошентсе да 3 милиция кызматкерин кармап келишти.
Биз көрүнгөн эшикти каккылап, митинг уюштуруп элди чогулткан жокпуз. «Эгер күнөөсү болсо үчөө тең мыйзам чегинде жазасын алат» дегенбиз. 20-февралда сот залынан шектүүлөр тарапка май чачышып, өрттөп жиберишиптир. Бул эмне деген жапайычылык? Мыйзам бар, демократиялуу өлкөдө да ушундай акылга сыйбас жапайычылык болобу? Өрт койгондору аз келгенсип, темир тордун артынан сүйрөп чыгышып, үчөөнү тең тепкилешип, менин жолдошумду Жумгал суусунун жээгине сүйрөп барышыптыр. Ал жактан башын таш менен жарып, башына буттары менен чыгып секирип, эсин жоготкондо сууга салып жиберишиптир. Муну окуяны көргөндөр айтышууда. Сот отурумунда мындай жаңжалдын чыгып кетишине жол берип, катышуучуларды текшерүүдөн өткөрбөй, көзөмөлдөбөй койгон Жумгал райондук сотуна нааразыбыз.
Кылмышка шектүүлөрдүн күнөөсү моюндарына алынып, күнөөлөрү угузулган күндө да жок дегенде сот отурумунда алардын коопсуздугу укук коргоочулар тарабынан колго алынышы керек болчу.
Учурда каза болгон Айбектин туугандары «Рустам Токтогулов тирүү эле табылыптыр. Аны бир жерге кармап катып коюшуп, жок дедиртип, кайра сот отурумунда жаңжал чыгарган Айбектин туугандарынын моюнуна күнөө илгени жатышат» деп маалымат таратып жүрүшөт. Эгер ошондой болсо, Жумгал суусун тинтип, түтүндү түрө кыдырып, таманыбыз тешилгиче издебей эле тынч отурбайт белек. Жолдошум Рустам Токтогулов өз ишин баалап сүйгөн, мыкты милиция кызматкери. Ортодо бир кыз, бир уулубуз бар.

«АЙБЕКТИ УЮШКАН КЫЛМЫШТУУ ТОПТУН МҮЧӨСҮ ДЕГЕНГЕ НЕГИЗ ЖОК»
Сот отурумунда жаңжал чыгарып, милиция кызматкерлерин өрттөп жиберишкен жабырлануучу тараптан 5 адам Нарын шаардык СИЗОсунда камакта экенин анын башка туугандары билдиришти. Айбек Мамбеталиевдин таажездеси КАЛНАЗАР СЫДЫКБЕКОВ бул тууралуу мындай дейт
:
– Айбек карапайым үй-бүлөнүн баласы болчу. Артында ата-энеси, жубайы, балдары жана туугандары сыздап кала бердик. Айбек ошол күнү «Кара-Кечеге» жумуштап бара жаткан экен. Жанында дагы 2 бала болгон. Милиция кызматкерлери машинасын токтотуп, «унаанын терезелери караңгылатылган» деп айыптап, аны унаадан алып чыгышкан. Ошол арада Айбектин унаасына баңгизат салып туруп, өздөрү отурган постко алып барышыптыр. Аны байкап калган Айбек берки машинадагы балдарга «качкыла, азыр силерди да жөн жерден күнөөкөр кылышат, унаага баңгизат таштап коюшту» деген. Ошондо 3 милиция кызматкери аны мылтыктын кундагы менен бөйрөккө чаап, электрошокер менен токко тарттырып кыйнашыптыр. Айбек жергиликтүү ооруканага жетпей каза тапкан.
Айбектин өлүмүнө күнөөлүүлөр кармалган соң ар кандай мыйзамга туура келбеген иштердин болуп жатканын байкап, туугандар нааразычылык акцияларды жана ЖМК өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрө баштадык. Экспертизанын жыйынтыгы канааттандырбагандыктан көз карандысыз эксперт жалдап келип, экинчи текшерүүдөн өткөрдүк. Жыйынтыгында Айбектин денесинде ар кандай тактардын бар экендиги аныкталды. Бирок бул соттун жүрүшүндө эске алынган жок. Ал тургай камакта жаткан 3 милиция кызматкери Жаңы жылды ошол жактагы күзөт нөөмөтүндөгү кызматкерлер менен ичимдик ичип, чогуу тосушуптур. Колдорунда гитара, эркиндиктегидей тамактар, ошол жерде компьютер бар экен, эс алууда жүргөндөй отурушкан. Акыйкаттык деген кайда? Биздин бала жер кучактап өлүп жатат. Учурда Айбектин атасы, апасы, 3 бир тууганы Нарындын СИЗОсунда камакта жатат. Буга себеп сот отурумунда чыгып кеткен жаңжал. «Ошол жерде Айбектин туугандары өрт коюп, милиция кызматкерлерин сабашты» деп жатышат. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар билбейм, анткени мен ал жерде болгон эмесмин.
Менимче, бул жерде эки тарапты козутуп, кылмышты жапканга аракет кылган үчүнчү күчтөр болгон. Эгер кылмышка шектүүлөрдү өлтүрүүнү көздөгөн болсо, Айбектин атасы ур-токмокко алынып, денеси күйүп жаткан Жоомартты өзү ооруканага жеткизбейт болчу да. Кызуу кандуулукка алдырып, жаңжал чыгарып жиберген жигиттерди жан далбастап токтотуп жүргөн атасы азыр камакта отурат. Карындашы Камиланын ден соолугу начарлап, өзүн жаман сезип жаткан экен. Камерага жылуураак кийимдерин алып кирип берели десек да бизди киргизбей коюшту. Апасынын кан басымы кайра-кайра көтөрүлүп жатат.

ЭЛДИК СОТ УЮШТУРГАН ДЕП 10 АДАМ КАМАККА АЛЫНДЫ
Жумгал райондук сотунда болгон жаңжал боюнча 14 адам кармалып, учурда алардын 10у 2 айга камакка алынды. ИИМдин басма сөз кызматынын билдиргени боюнча, кармалган жарандарга «Адам өмүрүнө кол салуу», «Сот адилеттигин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу», «Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү», «Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу» беренелери боюнча күнөө тагылды. Камакта жаткандардын абалы менен таанышуу үчүн Нарын калаасына барып келген Зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча улуттук борбордун башчысы БАКЫТ РЫСПЕКОВ төмөнкүдөй маалымат берди:
– Жумгалдагы сот учурунда болгон жаңжал боюнча «Кара-Кече» кенинде каза тапкан Айбек Мамбеталиевдин үй-бүлөсү 23-февралда Нарын ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Көз жумган Айбек Мамбеталиевдин агасы Жыргалбек Мамбеталиев милиция кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алыныптыр. Анын мурду сыйрылган жана сол кашынын үстүнө кан уюп калган. Бирок өзү «милиция кызматкерлери сабаган жок» деп жатат. «Жумгалдагы сот учурунда болгон жаңжалда милиция кызматкерин сабадым» деп күнөөсүн моюнуна алды. Биз муну менен эле чектелип калбай, жаңжалдан жабыркаган экинчи тарапка да жолугуп келебиз. Азыр Жоомарт Сыдыков Бишкекте ооруканага денесиндеги күйүктөн алган жаракатынан улам дарыланып жатат.

Учурда милиция бул фактылар боюнча тергөө жүргүзүп жатат. Демек, бул темага дагы кайрылабыз.


Маркум А.Мамбеталиевдин туугандары бир нече жолу Жумгал РИИБинин алдына митинг уюштурушкан.

Кылмышка шектүү милиция кызматкерлери Жаңы жылды күзөт нөөмөтүндөгүлөр менен ушундай маанайда тосушкан.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



Үч милиция кызматкери өрттөлдү

Автор: Динара Абдыкадырова
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(108)
SUPER.KG видео
01.03.2014. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ооо айланайын эл журтум эмне деген шумдуктар болуп жатат Кудайым ыйман берсин,Коруп туруп эмне дешинди да билбейсин,Адамбызго ушундай мыкаачылыктын кимге кереги бар ким куноолу болсо кудайым озу жазасын берет.
SUPER.KG видео
01.03.2014. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эх жаман окуя болуптур милицияларда куноо
SUPER.KG видео
01.03.2014. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
militsialardy orttoson bizdi kim korgoit?
SUPER.KG видео
01.03.2014. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне адамдардын баары эле мыкаачы болуп бара жатат.
SUPER.KG видео
01.03.2014. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Туура кылат милициялардын олтуруп салыш керек болчу.....
SUPER.KG видео
01.03.2014. 03:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
мыйзамдуу турдо чече албасанар орттойт да, ошого алпарган да силерсинер урматту биздин укук коргоочулар ,оз элинер да силерге ишенбей калышты.чет олкого чыксак ал жактын милициясы, оз олкобуздо озубуздун милициябыз жашоо бербесе, кыргыздар эми эмне кылабыз.
SUPER.KG видео
01.03.2014. 06:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
тиги милиция баланын эжеси инисинин кылган ишин да сөз кылып койсо болмок.биздин сотторубуз иштебегендиктен ушундай иштер болуп жатат.А.Мамбеталиевди урган милициялар өз жазасын алганда мындай адам өрттөө болмок эмес.
SUPER.KG видео
01.03.2014. 07:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
баарына сот кунолуу.эмнеге созот убакытты
SUPER.KG видео
01.03.2014. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ошон учун законду катту кармаш керек акыйкаттык болуш керек канлай иш болбосун акча менен емес закон менен чечишти уйронуш керек
SUPER.KG видео
01.03.2014. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Адам олтургондон кийин,милицияларды камап туруш керек эле,соту буткончо.Аларды уй камагына чыгарбаш керек болчу.Сот куноолуу
SUPER.KG видео
01.03.2014. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мне учун адам олтургон милицияларды коргош керек,жакшы кылышыптыр,закон болбосо ошондой болот,биздин чиновниктерди дагы кошо орттоп жибериш керек.
SUPER.KG видео
01.03.2014. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Закон иштебесе ушундай болот.Соттор эшектер(куйгондон айтасын)параны алып отурушат кымпыйып,а бул жакта эки тарап бирин бири олтуруп жатышат.
SUPER.KG видео
01.03.2014. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Копккон милисаларга ырас болот. Акыры ушул болмок учоо тен орттонуп кетсе болмок экен кыйноо кандай экенин ошондо билишмек.
SUPER.KG видео
01.03.2014. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ырас эле кылат мыйзамсыз иш жасап көпкөн мам кызматчылардын баарын ушинтиш керек.
SUPER.KG видео
01.03.2014. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адилетсиз сот,жоопкерчилиги жок тийиштуу органдардын азабын эл тартып жатат.Эгер милиция кызматкерлери чын эле ушул ишти жасаган болсо,анда бул эл тарабынан адилетту сот
SUPER.KG видео
01.03.2014. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
туптуура кылышкан!адилеттуу сот жок болсо ушундай болот да! ТУПТУУРА!!!
SUPER.KG видео
01.03.2014. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ээ кудай десе, адамдын омуру чычкан олтургондой эле болуп калган турбайбы!Жараткан Алла ыйман берсин ээси жокторго!
SUPER.KG видео
01.03.2014. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
куно милиция кызматкерлеринде туптура кылышптыр калган ментерге сабак болсун
SUPER.KG видео
01.03.2014. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орктобой атып салса болмок ошол жерден ххх ментерге ошондой жарашат !
Модератор admin_media түзөттү 03.03.2014 09:51
SUPER.KG видео
01.03.2014. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
куноосу жок экен милицияларда ал бала озу тутогуп олгон. тем более ал наркаман болгон
SUPER.KG видео
01.03.2014. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кимдин канча куноосу болсо тартыптыр азабын олтуруп коюп билмексен болгон милициянын бири деле андан откон кордук коруптур кудай карап турат жазасын берет
SUPER.KG видео
01.03.2014. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бизди милиция эмес, биз милицияны коргоп калат ойшойбуз, азыркы заманда
SUPER.KG видео
01.03.2014. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
так даанасын билбей эле милиция куноолуу дей бербегилечи, кайдан коруп кайдан уктунар эле ушундай жапайычылыкты, орттоп, бироосун башына чыгып секирип сууга ыргытып , ошолордун балдарынын убалына калышкандан коркушпайбы, кайсы кылымда жашап атабыз деги, шамаал болбосо чоптун башы кыймылдабайт дейт балким чын эле уюшкан топтун мучосудур.
SUPER.KG видео
01.03.2014. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биринерде да милициялар олтурду деген далилинер жок эле милицияларды жерден алып корго салыптырсынар.Мумкун алар олтурбогондур эгер куноолуу болсо сот жазалайт да.Сот,милиция эки башка орган куноосу далилденсе созсуз камайт.10мин айлыкка иштеп жургон адамдарды да тушунуп койгула.
SUPER.KG видео
01.03.2014. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жоголгон Рустамдын уй-булоосу азыр уктабай да калышты болуш керек санаадан.Уй-булосуно сабырдуулук тилейм баары жакшы болот.
SUPER.KG видео
01.03.2014. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кыргыз республикасында мыйзамдын жоктугу болуп жатат эми не кылсада 2 адам каза болуптур жайлары жайлуу топурагы торко болсун эки маркумдун жакындары менен кайгыларын тен болушобуз ар бир мусулман бир туугандарга жараткан аллатаалам озу ыйман берсин.
SUPER.KG видео
01.03.2014. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Менттерге ушундай мамиле керек!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: