Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«КЫЗЫМДЫН БУТУНА ГИРЯ БАЙЛАП, КӨЛГӨ ЧӨКТҮРҮП ЖИБЕРИПТИР»

№593 14-март-20-март, 2014-ж


«Чындык издеп чыркырайт экенсиң. Жолдошум кызымды өлтүргөндөрдү атып салам деп жүрөт. А мен аларга акыйкат жаза болор бекен деп үмүттөнүп гана жашап келем. Болбосо көкүрөк күчүгүмдөн айрылгандан бери мага жашоонун кереги жок болуп калды» деп сөзүн баштады каарманым. Өткөн жылдын август айында Ысык-Көлдөн гиряга байланып чөктүрүлгөн кыздын денеси табылган. Каза болгон Махабат Сарбагышеванын апасы Төлөбүбү Кубатова окуя кандай болгонун айтып берди.

КӨЛДӨН КАЛКЫП ЧЫККАН СӨӨК ТАБЫЛГАН
ИИМдин басма сөз кызматы 2013-жылдын 7-сентябрында Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунан 24 килограммдык гиряга байланып сууга чөктүрүлгөн аялдын денеси табылгандыгын маалымдаган эле. Табылган маркумдун өздүгү такталып, ал 26 жаштагы Махабат Сарбагышева экендиги аныкталган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Көп өтпөй бул кылмышка шектелип 1979-жылы туулган Турат Алиев аттуу жаран кармалган. Учурда кылмышка шектүү күнөөсүн моюнуна алса дагы тергөө изоляторунда эмес, Ысык-Көл РИИБинин убактылуу кармоочу жайында. Маркумдун апасы ТӨЛӨБҮБҮ КУБАТОВА келип, окуяны айтып берди:
-Кызым Махабат 26 жашында зөөкүрдүн курмандыгы болуп, жер кучактап кете берди. Махабатым жароокер, жаркылдап күлүп коюп жүрө берген өзгөчө жан болчу. Кызым турмушка чыгып, күйөө балам экөө Бишкекте батирде жашап жүрүштү. Жолдошу Махабатты аябай жакшы көрчү, кийин эмне болду билбейм, пикир келишпестиктен улам балалуу болгонго да жетишпей эки айрылыш жолго түшүштү. Капаланып жүргөндө көңүлү ачылсын деп Түркияда иштеген эжелери Балыкчыдан дүңүнөн соода кылган дүкөн ачып беришти. Ошол биз ачкан дүкөндүн жанында Тураттын унаа тетиктерин саткан дүкөнү бар болчу. Кызымдын ажалын издеп ошол жерге биз да дүкөн ачканыбызды карабайсыңбы.
Ошентип, Махабат Турат менен таанышып калат. Мен деле ал бала менен уруубуз бир экенин, менин төркүнүм тарап болуп каларын билчүмүн. Бир күнү туугандарыбыздын бири каза болуп, көз көрсөткөнү барып отурсам эле Тураттын апасы кирип келди. Көпчүлүктүн көзүнчө «сенин кызың менин баламды азгырып жолдон чыгарып жүрөт. Башка бирөөнүн кызы болсо башын жармакмын. Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасын бузуп жүрүптүр. Кызыңды тый, мен да баламды жолотпойм» деп эле жаман кебин агытып кирди. Мен дагы «балаңыз өзү келгенин токтотсун, кызым анын артынан эч качан барбайт» деп сүйлөштүк.

«ТҮРКИЯГА АЛЫП КЕТСЕМ ДА ТАБЫШЫП АЛЫШТЫ»
-Ушул сөздөн кийин Бишкекке алып кеттим. Менин кызымды азгырып жатабы дейин десем, жок, кызым дагы аны менен жолугушуудан баш тартчу эмес экен. Нечен ирет урушуп да, жакшы айтып да көрдүк, болбоду. Телефон аркылуу сүйлөшүп жүрүп эле табышып алышыптыр. Тиги бала күнүгө машинасын айдап келип үйдөн окчунураак токтотот да, Махабат үйдөн чыгып кетет. Бир күнү 10 чакты балага сүйлөшүп, «күмүш түстүү БМВ келип токтойт, ошонун ээсин какыс-кукус кылып койгулачы» дедим. Айткандай эле машинасын айдап келип токтоткондо мен сүйлөшүп койгон балдар барып, эшикке сүйрөп чыгып сабай башташты. 7-кабаттан карап тургам, сарсанаа болуп, аша чаап бара жатышса токтотуп калайын деп сыртка чыгып жанына жеткиче эле менден биринчи Махабат чуркап чыгып, ортого түшүп калыптыр. Кызымдын чыңырган үнүн укканда өзүм кошулуп ажыратып калдым. Ошондо Махабаттын колу 2 жеринен сынып кетиптир. Ал окуядан кийин экөөнүн ортосуна кийлигишүү кооптуу экенин сездим. Түркиянын Стамбул шаарында жашаган кыздарымдыкына өзүм менен кошо алып кеттим.
Махабаттын колунан телефон түшчү эмес, кайда барбасын ала жүрүп, 4-5 саат, ал тургай бир күн кечке телефон менен сүйлөшчү. Жумушуна көңүл коштук кылып айдалып кетпесе экен деп эле бери жакта менин чый-пыйым чыгат. Кызым бара-бара баштагыдан да түнт болуп кетти.

«АРТЫНАН КАЙРА ИЗДЕП КЕЛДИ»
-Бир күнү кызым адаттагыдан көңүлдүү болуп, аябай кубанып алыптыр. Көптөн бери анын мындай кубанган жүзүн көрбөгөн жаным билүүгө ашыктым. «Апа, Тураттын апасы биздин үйлөнүшүбүзгө макул болуптур. Уруксат берди, эми биз баш кошобуз» деди. Бир маалда эшиктен Турат кирип келсе, кызымды азыр эле жетелеп кетчүдөй болуп коркуп кеттим. Аркасынан Түркияга чейин келсе, кызымдын бактысын байлабай макулдугумду берсемби деп жатсам улуу кызым ортого түшүп калды. «Апа, канчадан бери эле ар бир айдын башын айтып, ана алам, мына алам деп жүрөт. Башын айлантып алган окшойт, макул болбоңуз. Паспортун бербейбиз» деди. Ошол жерден Тураттын апасына чалсам, баласынын көзүнчө эле айтпаган сөздү айтып, мени ашатып сөгүп салды. Ачуум менен Махабатты урушуп, Туратты үйдөн кууп чыктым. Эжелери да «Сен үчүн апамдын укпаган кеби калган жок, эмнеге ушунчалык төмөнгө түшөсүң?» деп урушуп колунан телефонун алып, ордуна башка телефон берип койдук.

«АЖАЛ ИЗДЕП КЫРГЫЗСТАНГА ЖӨНӨГӨН ЭКЕН»
-Эки күндүн биринде жумушка майда-чүйдөнү шылтоолоп чыкпай калды. Анан күнүгө эле «Кыргызстанга жибериңизчи, 10 күндөн кийин кайра келем, атамды сагындым» деп буркурап-боздоп ыйлайт. Бир күнү өкүм үн менен паспортун сурап, Кыргызстанга кетмекчи болгонун айтты. Каршылыгымды көрсөтсөм «Тураттын айтканы чын турбайбы. Сиз менин паспортумду катып алып, кул кылып жатасыз анда» деген сөзү кулагыма шиштей сайылып, ачуумду келтирди. Көптөн бери чогулуп жүргөн ачуума туруштук бере албай калдым да, паспортун таап чыгып бетке чаптым. Менин жан дүйнөм эңшерилип жатканы менен иши жок, паспортун көргөндө энеси эгиз төрөгөндөй сүйүнүп, моюнума асылып, бетимен өпкүлөп кайра кечирим сурады. Кантип кечирбейсиң, ак жол каалап, аэропортко барып өзүм узаттым. Көрсө, кызымды акыркы жолу көрүп жаткан экенмин... Ажалдын жолуна өз колум менен узатып жатканымды ошондо билсем кана, аттиң?!
Окуянын чоо-жайы кийин билинди. Көрсө, Турат «эгерде келбесең, үйүңдү сыртынан бекитип, айланта бензин чачып туруп атаңды өрттөп жиберем. Атаңды тирүү көрөм десең кел» деген экен. Менин баамымда, ал мындайга барбайт болчу. Себеби Балыкчыдан Махабаттан кийинки уулума жолугуп, машинаны башы менен сүзгүлөп, «Махабаттын номерин бер, менин жашоом ансыз уланбай калды» деп боздоп ыйлаган экен.
Кызым Кыргызстанга келгенде аэропорттон Тураттын туугандары тосуп алышып, түз үйгө алып барышпаптыр. Анан менин жолдошума чалып, «кызыңды алып кет да, экинчи биздин балага жолотпо» дешиптир. Бирок документтери менен кошо чемоданын бербей коюшуптур. Үйгө келип 3 күн жатты дейт. 4-күнү кызыма Турат чалып, «чемоданыңды алып бара жатам, чык. Сени Түркияга салып жиберейин. Орусиядан кайненем келе жатат, чоң чыр чыгып кетиши мүмкүн» деген имиш. Саат 10до «Бишкекке кеттим» деп үйдөн чыгып кетиптир. Саат 12ге жетип-жетпей эле «Бишкекке жеттим, сарсанаа болбоңуз» деп атасына телефон чалыптыр. Ошол кезде Быстровкада бара жатышкан экен. Күбөлөрдүн айтымында, алар Бишкекке жетишкен эмес.

ТУРАТКА ЖОЛУГУП АКЫРКЫ 2 СУРООМДУ БЕРДИМ»
-Ошентип, бирөө элеби же бир нечесиби ким билсин, айтор, кызымды өлтүрүп, ээн жерге алып барып сууга чөктүрүп жиберген экен. Кызыбызды жоголуп кетти деп, «белгисиз аялдын сөөгү суудан табылды» дегенди уксам дагы ишенбей, ДНКга анализ бербей койгом. Суудан табылган сөөктүн башы менен бутун бириктирип байлап, ичине гиряны салып, жип менен таңып туруп чөктүргөн экен. Сөөк толкун менен жээкке чыгып, чырмалган жип жазылып, гиря бутуна байланган боюнча чыгат. Табылган өлүк чаначтай болуп шишип турса эле менин кызым арык болчу деп ишенбей койгом. Кийин аны бир жайга алып барып көмүп коюшуптур. Анан такыр эле табылбай калганда көрдү кайра казып, кызымдын сөөгүн алып чыгышты. Шишиги тарап, башта көргөндөй олбурлуу эмес, ичке боло түшкөн экен. Баарынан дагы кызымды баягы Туратты балдар сабаганда арачалап жатып сынган колунун сыныгынан тааныдык. Үйгө алып келдик да, жаназасын окутуп эле кара жерге кайра узаттык.
Кийин Турат бардык кылган күнөөсүн моюнуна алды. Суранып жатып Туратка жолугуп, акыркы 2 суроомду бердим. «Өзүң жалгыз өлтүрдүңбү же бирөөлөр сага түрткү болдубу?» десем, унчукпады. «Айтчы, кызымды муунтуп кыйнап жатканыңда апакелеп мени чакырдыбы? Акыркы сөзүн эмне деп айтты?» десем да унчукпай койду.
Учурда сот процесси уланып жатат. Эки ирет тең сот отурумунда Турат өзүн акыл-эси жайында эмес адамдай алып отургандыктан, жактоочусу процессти токтотуу өтүнүчүн киргизген. Ошондон улам туугандары мага «Туратты «психикалык жактан оорулуу» дедиртип абактан чыгарып алабыз» деп айтышты. Эгер ушул нерсе ишке ашса, анда жолдошум «өз алдымча жазалайм» деп жатат.

«УЧУРДА КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ УБАКТЫЛУУ КАРМООЧУ ЖАЙДА»
Төлөбүбү Кубатова кылмыш иши ортодон акыйкатсыздык менен бурмаланып жатканынан шектенип, КРнын Башкы прокурору Аида Саляновага кат жазган. Баш прокурор Ысык-Көл ОИИБин тергөө иштерин акыйкат жүргүзүүнү көзөмөлдөөгө милдеттендирген. Ысык-Көл ОИИБинин башчысынын орун басары БОЛОТКАН КАЛИЕВ сот ишине чейинки иликтөө тууралуу маалымат берди:
-Биз сот отурумуна чейинки кылмыштык иликтөө иштерин толугу менен жүргүзүп, сотко өткөргөнбүз. Учурда соттук процесс жүрүп жатат. Бирок мыйзам боюнча шектүү кылмыш кылгандыгын моюнуна алган соң СИЗОго камалыш керек болчу. Учурда ал Чолпон-Атадагы Ысык-Көл РИИБинин убактылуу кармоочу жайында. Мунун себебин соттук процесс бат-баттан кайталанып жаткандыктан, Караколдо жайгашкан СИЗОдон шектүүнү Чолпон-Атага алып барып, алып келип турганга мүмкүнчүлүк жоктугу менен түшүндүрсө болот. Бирок СИЗОдо да, убактылуу кармоочу жайда деле жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар үчүн тартип бирдей.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



"Кызымды бутуна гиря байлап, көлгө чөктүрүп өлтүрүптүр"

Автор: Динара Абдыкадырова
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(135)
17.03.2014. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыздын атасы атып эле салсын тиги Тураты чыныгы эркек болсо. Кыз атасы учун келген экен кыргызстанга.
17.03.2014. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атамды ортттоп олтуруп койбосун деп келген экен эле озунун омурун курмандыка чалып.Бейишин берсин!
17.03.2014. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шумдук.. Ушундай нерселерди окуп,жашагын деле келбей калат экен.
SUPER.KG видео
17.03.2014. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы! Эмне деген жазуу чыгып жатат? Кененирээк купуяма жазып койсоңуз карап көрөлү, рахмат!
17.03.2014. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирого ишениш да кыйын болуп калганго, озу эркек соройлорго ишенбо керек алардын айткан созу м н ойлогон ойу дал келбейт.(Жакшысы бар дечи албетте, бирок маловата).
SUPER.KG видео
17.03.2014. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызын тыйыш керек дейсинер азыр ата энесин укпай калган заман.
17.03.2014. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми ар ким ар нерсе дей берет да....Ажал айттырбай келет.Жаткан жери жайлуу болсун.
SUPER.KG видео
17.03.2014. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата энени угуш ар бир адамдын озунон, бешене да апасын жигиттен артык койгон екенда, билгин инсан Жарык дуйного келишине себепкер болгон ата эненеден еч бир нерсени устун кой,о Аллахымдан жардам сура.
17.03.2014. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата энесине кыйын болуптур!!!оо АЛЛАА балдарга ыйман бере кор!!! уй булоосу бар эркекти суйуп эмне кылат чунак кыз!!! жаткан жери жайлуу болсун!!!
17.03.2014. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кызда деле айып барда не болсода жайы жайлуу болсун калгандарга сабак болсун.барына адам озу себепчи болотда.
17.03.2014. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кана Аида Салянова кыйын болот го жардам бербейби? Же ал Атамбаевдин гана айтканын кылабы
17.03.2014. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаткан жери бейиште болсун! Бирок карасан уй булосу бар адамды суйуп эмне кылат дейсинда кыздада куноо бар ата энесинин тилин укса болмок.
SUPER.KG видео
17.03.2014. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
неге кыргыздар адам олтуруш силерге ушунчалык онойбу алла таала озу сурак кылат ар бир пендени кайтаар дуйно
17.03.2014. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анын уйбулоосу бар экенин билген сон жакындабаш керек болчу! Жайы жаннаттан болсун байкуш.:((
17.03.2014. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туугандары абактан чыгарып алабыз дегени кызык го!Байкуш кыздын убалы кимге?!Мейли кыз озу куноолуу болгондо да,омурун кыйганга кандай акысы бар?!Ата-энесине сабыр берсин!Самосуд кылып куноого батпаш керек атасы.Бул дуйнодо болбосо тиги дуйнодо обязательно жазасын алат,Кудай баарын коруп турат!
17.03.2014. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эхх... окуп алып кирпигиң сууланат.замана эмне болуп бара жатат,байкуш кыздардын кырчын жаны акыркы учурда коп кыйылууда мыкаачылык жол менен!
17.03.2014. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бала уйлонуп алса болмок экен эле,шариатта эки аял алганга уруксат берилген.Кудайдын да,ата энесинин да алдында ак болмок.жаль.
18.03.2014. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менимче бала андай жолго барбайт ошончо жакшы коруп алып андай кылбайт болуш керек балким жакын туугандары кылгандыр ошолорду ойлоп мойнуна алса керек
18.03.2014. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Araika, магада ошондой ой келди.
18.03.2014. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кишини кыйнап олтуруу болуп жатса, бул жерде оной эле 97-статья менен кылмыш ишин козгоптур. Бул мыйзамга туура келбей
18.03.2014. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип коркпой ошол ишке барды экен Тураты.Чон куноо го.Кудай жазасын берсин эми зоокурдун.
18.03.2014. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менимче Тураты олтургон эмес жалпы анализ жазаганымда. Анын аялы же энеси
SUPER.KG видео
18.03.2014. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир адамдын омуру кыйылып кете береби.эмне бизде мыйзам жокбу качанга чейин туура чечим кабыл аласынар.кылмышка шектуу убактылуу кармоочу жайда отурганы эмнеси.сизого аылып барганы куйуучу майдын жетишсиздигинен болуп атат дейт.ушул да мыйзамбы.
18.03.2014. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыз озу кунолуу,уй булолуу адамды суйуп,аны менен таанышкан. Эмне кереги бар бироонун очогун бузуп.Кантсе да жаткан жери жайлуу болсун. Эми Туратка келсек чындыгында эркектин ишин кылбаптыр,эмне себептен мындай жолго барганын билбейм,бирок мыйзам чегинде жооп бериши керек кылган ишине...
18.03.2014. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турат соттолсун, закон боюнча киши олтургонго канча жыл берилуу керек болсо, ошончо берилсин! Суйобу же жек коробу, кандай гана болбосун, адамдын омурун кыйууга Эч Кимдин акысы ЖОК! Тураттын апасында да куноо бар! Аялы да кызык, башканы суйуп-куйуп жургон куйоо менен кантип жашоого болот.
22.03.2014. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
anteya, куноосун жакшылап далилдеш керек биринчи, азыр Бишкекте кыздар жоголуп олтурулуп жатыптыр го. Ошолордун колу болуп журбосун.
SUPER.KG видео
18.03.2014. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин оюмча бул баланын аялы,бир-туугандарынын колунан келген иш.Экоо бирин-бири катуу суйушкон.Бишкекке жеткизгени алып баратканда булардын артынан тушуп ушундай жол менен олтурушкон.Ал эми бала азыр аялын,бир туугандарын жаап жашырыш учун гана,мойнуна алып атат болуш керек.
SUPER.KG видео
18.03.2014. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш,биздин сот эч качан акыйкат учун иштебейт,ошондуктан сот жазасын бере албайт,Алла жазасын берсин.....
SUPER.KG видео
18.03.2014. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
байкуш апага абдан боорум ооруп атат. 9 ай которуп сай-соогу сыздап торогон баласы бироолордун колунан кор болуп ажал таап атса кантип сыздабасын. айтып берип жатып безилдеп ыйлаганын карап тура албадым.. ичи жанып сыздап атат байкуш, кудай эми озунузго куч кубат берсин, кызыныздын калган омурун балдарынызга берген болсун жараткан...
SUPER.KG видео
18.03.2014. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан өкүнүчтүү((( Кыз менен жигиттин күнөөсүбү же сүйүүбү? Кыздын ишенчектиги, өзүн билемдиги, акылсыздыгы, жигиттин бир туруктуу сүйлөй албагандыгы ушул окуяга алып келди. Же аялым же бул кыз - деп бир сүйлөсө болмок. Өлтүргөн адам сөзсүз жазасын алышы керек. Жигит чындап эле аялы менен жашагысы келбей күнөнү мойнуна алып
18.03.2014. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кызда күнөө деп ойлойм. Семьясы бар адамга анча эмне жабышты билбейм. Ушундай акылы кемдер бар көп да. Бойдоктор калбай калыптырбы. Өзүндө күнөө отко айдаса бокко качат деген ушул да. Жаткан жери жайлуу болсун. Сот туура чечим чыгарсын!
18.03.2014. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
A_l_i_b_e_k, кайтыш болгон адамды артынан каралабайт деп калат го кыргызда. Эмнеси болсо да ал байкуш кыз жалган суйлобоптур, уурулук кылып же киши олтурбоптур го. Балким жон гана суйуусу учун бираз курошкондур. Жигит дагы суйом олом деп башын айланнты да жаш кыздын. Байкуш убал эле болуптур.
19.03.2014. 03:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kolya121212, суйуусу сумурон калсын, минтип суйуусунун артынан балеенин баары болуп отурат, озу о дуйно кетти, а бул жашоодо канча адамды азапка салып кетти? Ойлонгулачы айланайын кыздар женил ойлуу болбой.
SUPER.KG видео
18.03.2014. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайран ата эне кайратт кылгыла курандан башка жардам бере албайбыз.жер жамандап барбасын жаштык кылып койгондур бирок менинда уй булооом бар эгер менин жолдошумду бироо тартып суйом деп ээрчисе менда олтургондон кайра тартпайт элем мунун бетин кудай таалам аары кылсын эркекеда аялгада кудайым ыйман ынсап берсиню билип билбей кетирген кууносун алла таалам озу кечирсин тозок отунан сактасыню ЧИКАЮ
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: