«УУЛУМ АЛМАНБЕТ, КАЙДАСЫҢ?»
– Мен, Гүлмира Сулайманова, балам Алманбет Нурлан уулун издейм. Учурда 19 жашта. 2013-жылдын июль айында үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Көргөн-билгендер болсо, төмөнкү телефонго кайрылып коюшуңуздарды өтүнөм.
0779 69-62-85, 0557 75-63-66
«АЙНАГҮЛДҮ ИЗДЕЙМ»
– Курбум Айнагүл Оморованы издейм. Ал экөөбүз Караколдогу Киров мектебинде 1962-жылы бирге окуганбыз. Кийин мен Нарын облусунун Кочкор районуна жер которуп кетип, көрүшпөй калганбыз. Андан соң мектепти аяктап, Бишкекке келгенде кезигип калдык. Андан бери 40 жылдан ашты. Айнагүл, окуп калсаң мага байланыш.
Инаятхан (Ира) Байбосунова, 0550 99-44-24
«ЫСЫК-КӨЛДҮК АЙЗАДАНЫ ИЗДЕЙБИЗ»
– Саламатсыздарбы, «Супер-Инфо»! Мен Айзада деген дос кызымды издейм. Аны менен 2013-жылдын жайында Бишкектин «Ош базарында» бирге иштегем. Биз «О!» уюлдук операторунда промоутер болуп иштечүбүз. Айзада көлдүк кыз экенин билем, башка маалыматым жок болуп жатат. Айзада, эгерде окуп калсаң, биз менен байланыш. Дос балдарың
Хусан жана Адилет,
0700 03-02-03,
your-cute@mail.ru
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону:(0312) 47-43-43
Бул дарекке кирбейсиз, катты ушул дарекке жазып жөнөтүшүңүз керек. Суроолор болсо купуя кат жазып кайрылсаңыз болот.