Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174   1175  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Асел Эшимканова:«МЕЛИС ТИРҮҮСҮНДӨ АР БИР КҮН КЕРЕМЕТ БОЛЧУ»

№595 28-март-03-апрель, 2014-ж


Кыргызда «аз жашаса да, саз жашады» деген кеп бар. Ушул сөзгө бүгүнкү биздин каармандын өмүрлүк жолдошу, кыргыз журналистикасына жаңы доорду алып келген курч калемгер, саясий ишмер, маркум Мелис Эшимканов татыктуу. Анын жеке жашоосунун күнгөй-тескейин, аны менен бирге тарткан азап-ырахатын жубайы Асел Эшимканова эскерип отурду. Ал маркумдун күмбөзүнүн башында туруп бирде эриндери бүлкүлдөп сүйлөй албай ыйлап, жакшы күндөрүн эстегенде ошол бактылуу күндөрүнө жеткендей көздөрү балбылдай айтып отурду. Апасынын көз жашынан уламбы, атасына болгон кусалыктанбы, уулу Адамдын көзүнөн сызылган жаш менин да муунумду бошотту.

  • 1977-жылы Бишкек шаарында туулган.
  • Мелис Эшимканов менен 2004-жылы 7-январь күнү баш кошкон.
  • Кесиби боюнча орус тили мугалими, 10 жылдай ВОССТ, НБТ, НТС телеканалдарында диктор болуп иштеген.
  • Учурда «Мелис Эшимканов» атындагы фондду жетектейт.
  • «Атырды абдан аз колдоном, мага дайыма Мелис белек кылчу» дейт.

«МЕН – ОФИЦИАНТ, МЕЛИС – КАРДАР...»
– Бизди тагдыр кокусунан жолуктурду. Мен диктор болуп иштеген каналда каржылык тартыштык жаралып, белгисиз мөөнөткө жабылып калды. Үйдө отура албаган жаным, бир ай араң чыдадым. Анан курбу кыздарымдын сунушу менен кафеге официант болуп ишке орноштум. Эки күн иштеген соң Мелис (ред. Мелис Эшимканов) достору менен келип калышты. Аларды тейлеп жатсам Мелис «сенин диктор болуп иштеген Асел деген эжең жок беле?» деп сурап калды, мен «ооба, бар» деп коюп кетип калдым. Бир аздан кийин келсем, «эжең эмес эле өзүң окшойсуң» деп таанып койду. Анан күндө биздин кафеге келчү болду. Ошентип, көп жыл бири-бирибизди билгендей сүйлөшүп кеттик, ортобуздагы он беш жаш айырма башында сезилген деле эмес.

«КЫЗЫ МЕНЕН АНГЛИЯДА ТААНЫШТЫРГАН»
– Биздин ортодо баштан эле эч кандай сыр болгон эмес. Ал мурдагы үй-бүлөсүн, жашоосун мага түшүнүктүү кылып айтып берген. Алгач менде көп суроо болгон, баарына жооп алгандан кийин санаам жай алды. Алардын ажырашуусуна тийиштигим болбогондуктан, менде кооптонуу болгон эмес. Ошол кезде кызы Англияда окучу. Лондонго барганда Жылдыз менен тааныштырган. Ушул күнгө чейин биздин мамилебиз абдан жакшы, Жылдыз менен уулу Төлөгөн ини-карындашына үзүлүп боор тартып турушат.
Таанышканыбызга бир жыл болуп калганда, туулган күнүмдө Мелис колумду сурады. Демейде спорттук кийимчен, жынсычан жүргөн киши ал күнү костюм-шым кийип келиптир. Андан туура бир жыл өтүп сөйкө салып, үйдөн алып кетти. Эки айдай тойго катуу даярданып, 7-январь күнү никебизди мыйзамдаштырдык.
Жолдошум кайындарына сыйлуу күйөө бала болду.

«ӨЗГӨЧӨ РОМАНТИК ЭЛЕ»
– Мелис депрессияга кабылган адамды бат эле капачылыктан сууруп чыккан, адамды кайгыда калтырбаган жан эле. Ал эми өзүн андай оор абалда эч көргөн эмесмин. Кандай маселе болбосун баарын үйдүн сыртында калтырып, жаркырап келер эле. Ошондуктанбы, азыр да уулум «апа, биздин атабыз дайыма күлүп турчу, башкалардын атасы андай эмес» деп калат. Балдардын эсинде да маанайы жаркыган боюнча калыптыр. Аябай баласаак болуп, алардын оюна койчу. Өзү да бала кыял эле.
Атабыз ар бир күндү майрам кылганга аракет жасачу. Мисалы, шылтоосуз эле гүл алып келип, эс алууга алып чыгып дегендей. Өзү командировкалап кетсе, айдоочусуна дайындап жеткиртчү. Анан чалып «менин бул жактан жиберген гүлдестем жеттиби?» деп күлүп калар эле. Туулган күнүм же майрам болсо, керебетимдин башына гүлдесте коюп, андан тамчылаган суудан мен ойгонгон күндөр көп болду (күлүп). Мелис мага санаа тарттырган эмес, аны менен түйшүк эмне экенин билген жокмун. Жумушсуз калган күндөрү да кайдан-жайдан каражат таап, үй-бүлөбүздүн кем-карчын толуктап турчу.

«КЫЗГАНЧААК БОЛЧУ»
– Кызганчаактык жайы бир топ эле болчу. Жаңы үйлөнгөн учурда «Сен жашсың, сулуусуң, айрымдар менин көзүмчө сага суктанып, сөз кылышат» деп калды. Анан «мен жумуштан кетем» десем ишенген жок. Арызымды жазып бошоп келсем, «Ушунча жакшы көргөн жумушуңду мен үчүн таштадыңбы?» деп бир чети кубанып, бир чети мага боору ооруду. Кийин төрөп, уулубуз торолуп калганда «үйдө отурган аял киши тажаал болуп калат» деп бир каналга жумушка киргизди.
Кээ бирлер Мелисти «кыз жандуу эле» деп калышат, мен ага кошулбайм. Сулууларды көрсө, аларга комплимент айтып коёрун өзү да жашырчу эмес. Эгер эркек чын эле кыз жандуу болсо, ал эч качан анысын моюнуна алып, айтпайт. Мен Мелиске ошон үчүн өзүмө караганда да көбүрөөк ишенчүмүн. «Аселёк» деп эркелеткени кулагымда дале жаңырып турат (көзүнө жаш тегеренди).

«БАЛДАРЫ АТАСЫН ЖАЗБАЙ ТАРТЫШКАН»
– Уулдуу болгондо бир жума «майлады». Анын атын өзү улуу адам болсун деп «Адам» деп атады, бир аз чоңойгондо «Андрей Андреич» деген лакап атты да өзү ыйгарган. Балдарыбыз атасындай тынымы жок, ой жүгүртүүсү да башкалардан айырмаланып турушат. Адамчикти басып калганда көргөн кесиптештер «баскан басыгына чейин атасынын өзүндөй, алыстан эле кимдин уулу экендиги билинет экен» деп калышчу. Азыр аяштарыбыз «Адам караса Мелис тиктеп тургандай сестенип кетебиз» деп айтышат. Саясатка жакын, көпчүлүк атактуу саясатчылардын аты-жөнүн так билет.
Кызым Миэллага еврейче ысымды мен бергенмин. Ал үч жашында китеп окуп, болбой жатып беш жашында мектепке барып алды. Дарыгер болом деген тилеги бар.
Атасы каза болгондо жаш бала болсо да мени соороткон ушул уулум болду. Менин ыйлаганымды көрүп, атасынын кылыктарын туурап берип күлдүрчү. Аза күтүп жүргөн бир күнү «апа, сага кара кийген жарашпайт экен, болду эми кийбечи» деп таң калтырган.

«САЯСАТЧЫ ДОСТОРУНАН КӨҢҮЛҮ КАЛГАН»
– Бийликтен басым-кысым болгондо Мелиске караганда мен көп санаа тартчумун. Жолдошуңа айтылган сын, туура эмес сөздөр аял киши аркылуу өтөт экен. Бирок жолдошум абалды далилдүү түшүндүрүүгө, мени тынчтандырууга кудурети жетчү. Эл билбеши мүмкүн, жанында жүргөн оппозициядагы достору жакшы билет, Мелис Бакиевдерге жөн жерден өтүп кеткен эмес. Биринчиден, алардан көңүлү калды. Баарынын башчы болгусу келгенин көрүп, «бийлик үчүн эле жүрүшкөн турбайбы?» деп, аркы жээкке иш жүзүндө патриоттуулугун көргөзөйүн, элге кызмат кылайын деп өттү. Улуттук каналда бир топ реформаларды жасады. Мурда сындап жүргөн Кубат Оторбаев анын жардамына муктаждыгын айтып астына келген. «Кызматка сатылды» деп сөз кылгандарга айтарым: акчасы көп, майлуу-сүттүү орунга барса да бир жөн эле...
2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин экөөбүз тең үйдө отуруп калдык. Жумушсуз калган күндөрү адамдын чыныгы жүзү билинет эмеспи, бирок дайыма Кубатбек Жусубалиев байланышып турду. Достор, туугандар, кызматына карап мамиле кылгандар ошондой кыйчалыш күндөрү иргелип калды.
Көзү өткөндөн кийин каттабай калышты деп эч бирине таарынбайм. Ар кимдин өз жашоосу бар. Фондубуз иш-чараларды, кечелерди өткөргөндө кайрылсам баш тартпай келип, колунан келсе жардамын аяшпайт. Мен ошого ыраазымын.

«ЖҮРӨГҮН ЖАШ БАЛАНЫКЫНДАЙ ДЕШКЕН»
– Дайыма дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп турчу. Каза болордон бир аз күн мурда кардиологго барган. «Жүрөгүң космонавттыкындай экен, жаш баланыкындай согуп жатат» деп айтты» деп келген. Ошондуктан каза болгондо «жүрөгүнөн» деп диагноз коюшканда ишенген жокмун.
Атактуунун аялы болосуңбу, катардагы кишининби, ал сени өмүрлүк жубай катары чындап сүйүп, ардактап турса, аны менен тарткан азап да ырахат экен. Мелис бизди эрте таштап азапка салганы болбосо, тирүүсүндө ар бир күн керемет эле.

«Уулум Адам 3-класста, кызым Миэлла 2-класста окуйт. «Алтын шаты» президенттик академиясында билим алышат».

«Бакыт үйүндөгүлөр «Мелис үйлөнүп жатыптыр, ачып берели эми» дешип майрам күнү иштешкен».

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg



"Мелистин өлүмү мага дагы эле табышмак" дейт жубайы Асел Эшимканова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(35)
SUPER.KG видео
28.03.2014. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
жагымдуу эже экен.эл сыйлаган инсандын аялы ушундай болуш керек.
SUPER.KG видео
28.03.2014. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жаткан жери жайлуу болсун
SUPER.KG видео
29.03.2014. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аялын балдарын коруп журогум жаман болуп кетти.Жаткан жери жайлуу болсун!
SUPER.KG видео
29.03.2014. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Byl adamdyn kasa bolgonun ukpsptyrmyn.Shatkan sheri shailuu bolsun.
SUPER.KG видео
29.03.2014. 05:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялы тушунуктуу экен. Ал эми Мелис байкенин жаткан жери жайлуу болсун
SUPER.KG видео
29.03.2014. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай сыйлачумун, Асаба гезити жабылганда трагедия болгон мен учун мектепте окучумун.кийин 1-курста окуп жургондо Мелис агай президенттике койгондо добуш берген элем,хотя бизди Акаевге бергиле деп автобус менен жуктоп барган.Эми бул дуйно кимдерден гана калбаган,торт баласына кудай узуун бакубат жашоо берсин ылайым.
Модератор admin_media түзөттү 31.03.2014 09:58
SUPER.KG видео
29.03.2014. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул кишини аябай сыйлачуумун канчалаган адамдарга жардам берип кандай гана жакшы иштерди жасап кетти,жатка жери жайлуу,топурагы торко болсун байкенин
SUPER.KG видео
29.03.2014. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Патриот адам болчу ,жаткан жери жайлуу болсун.
SUPER.KG видео
29.03.2014. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ии баласын чон кишидей токтоо экен.мындан кийинки жашоолорунда тоскоолдуктар болбосун уй-булосуно.Мелис агай уй-булоосун,кыргыз элин колдоп,жаткан жери жайлуу болсун.
SUPER.KG видео
29.03.2014. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омур жашы калбаган учун,бул дуйнодон козу отуп кетти. Калган омурун балдарына берсин дегендерге тан калам. Аллах балдарына узун омур берсин. Жакшы адамдардын катарын толуктаган инсен эле. Жайы жаннаттан болсун.
SUPER.KG видео
29.03.2014. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баласынын козунон аккан жашын коруп,мен дагы ыйладым. Баласы эрке,чалчандаган эмес,баарын тушунгон,токтоо бала экен! Аман болушсун,атасынын жолун жолдоп,эл керегине жараган кыз-балдардан болушсун
SUPER.KG видео
30.03.2014. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baldary ushunchalyk suikumduu eken,tarbialuu jakshy balder ekeni korunup tur at
31.03.2014. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы киши болуптур да...
31.03.2014. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жаткан жери жайлуу болсун,талыккан саясатчылардын бири болгон
31.03.2014. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизде негизи адамдын козу тируусундо барктабайбыз да.. Мелис Эшимканов убагында "Асаба" гезити менен кыргыз журналистикасына чыйыр жол салган. Азыр кыргыз тилдуу гезиттердин дээрлик 90%нын стилистикасы ошол "Асабаныкындай". Анткени азыркы гезиттердин копчулугунун башкы редакторлору Эшимкановдун окуучулары. Мелис Эшимкановду кайталангыс адам,кучтуу журналист катары унутпашыбыз абзел! Аткени баарыбир кечээкибиз - тарых, а тарыхты эч ким алдай албайт!
31.03.2014. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men da bul adamdy abdan baalachumun jatkan jeri jayluu bolsun.jubayina jana baldaryna uzun omur kaalaym
31.03.2014. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озу жакшы адамдардын омуру кыска болот окшойт. Эмнеси болсо да калган омурун ылайым балдарына берсин. Ар дайым атасынын арбагы колдоп журсун
01.04.2014. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mykty Adam ele...a jubay en akylman ayal ekeni korunup turat!baldarynyzdyn bagyna bar bolunuz!!!
01.04.2014. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
М.Жуманов, М. Эшимканов, М. Омуракуновдордун дуйно салышына белгилуу бир буйруктар негиздуу болду го деп элдин баары эле ойлосо керек...
01.04.2014. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mi-li-na, М Жуманов ким эле?
01.04.2014. 07:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ассоль айымга тийишти деп Эшимкановду жаманатты кылышпады беле теле беруулордон. Же чын эле тийишип чет мамлекетке апарам, ойнотом конулдош бол дегенби. Иши кылса ошондо жаман информация таркаган учун бул кишини жакшы адам катары эстеп кала албаппыз
02.04.2014. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kolya121212, Бир нерсени тактап анан жазсан боло. мен билем ошол кезде Мелис байке эмне дегенин: "Ассоль, сен озунду кузгудон карап кордун беле"-деп айткан. Мелис байкеге жон жерден жабыштырышкан. Мелис байке эч качан женил ойлуу болгон эмес.
SUPER.KG видео
01.04.2014. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эженин маек кылганы абдан жакты балдарыныздын жакшылыгын корунуз.
01.04.2014. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылыныздан сиздин эжекеси....Балдарыныздын убайын корунуз..! Мелис байкенин ар бир кадамы элге маалым..эсибизде кадырлуу адам,кыйын журналист болуп кала бермекчи! Дуйно салганы кемчилик,калган кемчилигин коро алган жокмун! Сизге,балдарынызга омур берсин!
01.04.2014. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrs, М.Жуманов ошол кездеги КРдин муфтийи эле...
02.04.2014. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балким ал оорусун озу жашырып акыркы кундорун ошондой бактылуу откозгусу келгендир
07.04.2014. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulperi.kg, туура айтасын
03.04.2014. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы жаннаттан болсун эми.
04.04.2014. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ыйлагым келип кетти бул жакта туруп эле((( Мелис акенин жайы жаннаттан болсун. Асель эже, балдарыныздын убайын корунуз!
05.04.2014. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеси болсо да жайы жаннаттан болсун! Асел эжеге сабыр, куч кубат берсин.Дайыма бар болунуз! Ал эми балдарына болсо, бактылуу балалык каалайбыз!
06.04.2014. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жактан жери жайлуу болсун
08.04.2014. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаш аялга журогум жаш экен дейт да,ооруйт экен демек беле.
2004-ж. Агым-миллион деген оюн уюштуруп,аягына чыкпаган,себебин айтып,окурмандарынан кечирим сурабаган./ошол акчага германияга барып,футбол коруп келген.
SUPER.KG видео
12.04.2014. 07:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakwy adamdardyn omuru kyska bolot kalgan jawyn baldaryna bersin ejege sabyrduuluk baldarynyn syi urmatyn korsun
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: