МИРБЕК ИМАНБЕКОВ КОНЦЕРТ БЕРЕТ...
№595 28-март-03-апрель, 2014-ж
БЕК ИСРАИЛОВ, БЕГИШ, БАЯСТАН биргеликте «Баары бир жетем» деген ыр жаздырып, клиптин үстүндө иштешүүдө.
- МИРБЕК ИМАНБЕКОВ жакында борборубузда жеке концертин берүүгө даярданып жүрөт.
- СУЛТАН САДЫРАЛИЕВ «Асыл жарым» аттуу ырына клип тарттырып, андан сырткары жакында жарыкка чыкчу бир тасмага «Билбедиң» аттуу саундтрек жаздырууда.
- ГҮЛЖИГИТ КАЛЫКОВ, ЮЛИЯ РУЦКАЯ жана комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу 21-март күнү Москвадагы Лужники спорт-комплексинде Ноорузга карата өткөрүлгөн түрк тилдүү мамлекеттердин гала-концертине катышып келишти.
- Актриса, мурунку «ИМПУЛЬС» тобунун солисти Алиман ырчылык карьерасын кайра баштап, «Биздин сүйүктүү Бишкек» аттуу ыр жаздырганын кабарлады.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0