АТЫР КОЛДОНУУНУН ЭРЕЖЕЛЕРИ
№595 28-март-03-апрель, 2014-ж

Ар бир нерсени колдонууда сөзсүз эрежеси болот эмеспи. Ошол сыяктуу эле атырды себинүүнүн да өз тартиби бар. Эгер сүйүктүү жытыңыз менен көп убакыт бирге болууну кааласаңыз, анда төмөндөгүлөрдү эске ала жүргөнүңүз оң.
- Атырды тандап жаткан учурда кийимге сээп көрүп текшербеңиз. Жыт ар бир адамдын терисинде башкача жыттанат. Андыктан териге гана сээп, бир аз шамалдатып, андан соң искеп көрүү керек.
- Жаш кыздар жыттуу суу колдонгону жакшы. Ал эми жашы ортолоп калган айымдар парфюм суусун же духи себингени туура.
- Эсиңизде болсун, атырды жуунгандан кийин гана таза териге себүү керек. Болбосо, тескерисинче, жагымсыз жыт пайда болушу ыктымал.
- Жыпар жыт денеде көп убакыт сакталышы үчүн, алгач териге жытсыз крем же атырыңызга окшош жыттанган лосьон сүйкөп, жумшартып алган оң.
- Теринин кан тамыр көрүнүп турган жерлерине сепсеңиз, атырыңыз узакка чейин аңкып турат.
- Чачыратып, же тамызган соң атырды денеге сыйпаган туура эмес. Ал өзү сиңиши керек.
- Кийим киердин алдында атыр себинип, анан кийинүү керек. Антпесе көйнөктөгү атырдын тагы кетпей калышы мүмкүн.
Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
4
)))))))))) хе хе хе, сасып кеттим деп шалпылдатып куюп алышат деее ))))))))))))
Атырды күндүн ысыгында эч колдонбойт,
кайнаган ысыкта, денеден терлер чыгып,
атырдын жыты кошулуп жүрөк айланткан учурлар болот!
Жана узак жолго чыкканда же көпчүлүк трансспорттогу
жүргүнчүлөрдүн да жүрөгү айланаарын унутпагыла.
Жетчү жерге аз калганда чыгып себинип койсо болот
Саламатсызбы! Шилтеме: http://www.super.kg/media/stv/72495/