Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

КАМИЛАНЫ АЯЛ КИШИ ӨЛТҮРГӨНБҮ?

№596 04-апрель-10-апрель, 2014-ж


Алгач дайынсыз жоголуп, кийинчерээк сөөгү табылган кыздардын өлүмдөрү коомдун кызуу талкуусунда. Атүгүл «маньяк түрмөдөн азаттыкка чыгыптыр, жаш кыздарды өлтүрүп жатат» деген каңырыш кеп тарап, милиция кызматкерлери «Бишкекте маньяк жок» деп билдирүү таратууга аргасыз болушту. Милиция кызматкерлеринин тынчытуу аракетине карабай, эл улам бир коркунучтуу кабар менен таанышып жаткан учур. Бирок укук коргоочулар азыркыга чейин кыздардын өлүмү тууралуу канааттандырарлык жыйынтык бере элек.

КЫЗДАРДЫН ӨЛҮМҮНӨ КҮНӨӨЛҮҮЛӨР ТАБЫЛА ЭЛЕК
13-марттан 14-мартка караган түнү Бишкек шаарынын Раззаков көчөсүнөн 20-25 жаштардагы белгисиз кыздын денеси табылганын Бишкек ШИИББинен кабарлашкан. Маркумдун башына полиэтилен баштык кийгизилип, эки колу көк түстөгү чүпүрөк менен байланган абалда табылган.
Кыздын өлүмү тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы «Раззаков көчөсүнөн табылган кыз бир нече мезгилден бери сойкулук кызмат көрсөтүп жүргөн» деген маалымат таратты. «Акыркы жолу анын «кызматынан» пайдаланган адамдар аныкталып, шектүүлөр такталып жатат. Жакын арада толук маалымат беребиз» дешүүдө.
10-мартта жоголуп, 16-мартта Байтик айылындагы мүрзөдөн табылган Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча шектүүлөр кармала элек. Социалдык түйүндөрдө башка да бир нече жаш кыздардын жоголуусу жөнүндө чын-төгүн, уу-дуу маалыматтар тарап, коомчулук дагы деле тынчыбай, милиция кызматкерлеринин шаштысын алып жаткан учур.

ИИМ ЭМНЕ ДЕЙТ?
27-мартта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымат жыйын өткөрдү. «14-16-мартта табылган 2 кыздын өлүмүнө шектүү адамдардын болжолдуу тобу аныкталды. Убагы келгенде бул тууралуу кененирээк маалымат беребиз»,- деген жооп алдык.
«Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан 2014-жылдын январь, февраль айларында 123 жашы жете элек өспүрүмдөргө издөө салынган. Анын 84ү табылып, издөө салуу токтотулган. Үйүнө кайтып келген жаш балдардын көпчүлүгү үй-бүлөдөгү маселелерден чыккан чыр-чатактан улам айтпай-дебей үйүнөн чыгып кеткендер. 12ден 18 жашка чейинки өткөөл курактагы балдар үй-бүлөдөгү өйдө-ылдый маселелерди оор кабыл алышып, аны чечүүнүн оңой жолу – үйдөн чыгып кетүү же убактылуу бир жакка бара туруу деп эсептешет. Ал эми жалаң кыздардын жоголуусу боюнча 2013-жылы жалпысынан 641 арыз түшкөн. Алардын жаш курактары 1978-жылы төрөлгөн жарандардан тартып, аягы 2000-жылы төрөлгөндөргө чейин бар. Жөн эле ата-энеси менен урушуп чыгып кеткендер, чет өлкөлөргө чыгып иштеп, кайра кайтып келгендери да бар»,- дейт ИИМдин басма сөз кызматы.
Айланып-тегеренип жүрүп, айтор, кыздардын өлүмү тууралуу так жооп ала албай, каза тапкан кыздардын бири 18 жаштагы Камила Дүйшөбаеванын атасы Эшмамбет Дүйшөбаевге жолугуп, бир нече суроолорго жооп алдык.

«2 КҮН АЭРОПОРТТО ТҮНӨДҮМ»
-Маалымат булактарында кызымды талкуулоо абдан көп болуп жатыптыр. Ар ким ар кайсыны айтып, өйдө-ылдый кептер болуп жатканы мени капа кылат. Бул жакта мен көкүрөк күчүгүмөн айрылып отурам.
10-март дүйшөмбү күн болчу. Кызым Кыргыз-орус билим берүү академиясынын акыркы курсунда окуп жаткан. Дипломун алам деп камылга көрүп, тиешелүү документтерин топтоп жүргөн. Ошол күнү «дипломго акча чогултуп жаттык эле, мен бүгүн бере келейин» деп менден акча алып кеткен. Болжол менен күндүзгү саат 11:50 чамасында чыгып кетти. Келер маалы болгондо дайыны жок болуп калды. Ага чейин эле телефонуна байланышка чыксак өчүрүлгөн деп жаткан. Саат кечки 17:30 болду, дагы эле кабар жок. Акыры 19:00 чамасында Биринчи Май РИИБине байланышып, Камиланын дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу билдирдик. Кечки 9дар чамасында милиция кызматкерлери келип, суракка алып, тааныш-билиштерибиз жөнүндө сурай башташты.
Биринчи Май РИИБине барсак, «арыз жазганыңар менен жашы жеткен жарандарга 3 күндөн кийин гана издөө сала баштайбыз» деп коюшту. Жаман нерселерди ойлогондон чочулап, балким, ала качып кеткендир, кандай болсо да кулдук уруп кудалар кирип келсе деле мейли деп калдык. Бирок анчалык көп убакыт дайынын билгизбей коюшпайт эле, чет өлкөгө алып чыгып сатып жиберишпесин деп мен аэропортто эки күн түнөдүм. Кирген-чыккан рейстин баарын карап отурдум. Үчүнчү күн дегенде милиция кызматкерлери издөө сала башташты. Камила акыркы жолу сүйлөшкөн жигити жана курбу кыздары менен телефон аркылуу сүйлөшүптүр. Бирок 4 күн бою такыр дайыны чыкпай койду.

«БИР НЕЧЕ КҮН ЖАКШЫ ЭЛЕ КАРМАШКАН ОКШОЙТ»
-Кызым жоголгонуна 6-күн дегенде анын жансыз денеси Байтик айылындагы мүрзөнүн жанынан табылганын милициядан билдиришти. Сөөктү тааныганга киргизет экен. Барсам шаардык өлүкканада суналып кызым жатыптыр. Андагы абалымды сөз менен жеткире албайм. Карасам бети-башында, кашынын үстүндө урулган жана эки каруусунда катуу кармаган колдун издеринен калган тактар бар экен. Чамасы, айткандарына көнбөгөндө ары-бери сүйрөп, жулкуса керек. Оң колунда болсо ийне сайылгандан калган тактар бар экенин сөөк коюп жатканда жууп чыккан аялдар айтышты. Аны болсо өлүкканадан ичине дары жүгүртүү үчүн сайылган ийнелерден болсо керек деп калдым.
Ошентип, сөөктү текшерүүгө алып, союуга уруксат сурашты. Кызым жансыз табылгандан кийин баарына кайыл болуп, макул деп койдум. Айтымдарында, кызды 3-4 күн жакшы эле шартта кармап отурушкан. Акыркы жолу жеген тамактары лагман, күрүч экен дейт, ашказанынан ошондой чыккан го. Өзүм көргөндө деле бети-башындагы боёктору орду менен, сөйкө-шакектери чыгарылган эмес, кийимдери да чечилбептир. Анан эң башкысы, эксперттер «зордукталган эмес» деп чыгарышты. Ишти алып барып жаткан кызматкерлер «бул жерде эркектин колунан келе турган ишти көргөн жокпуз, кыздар же аял кишинин эле кылган кылмышындай болуп турат» дегендей кылышууда. Эми ким билет, бул дагы толгон божомолдун бири болуп жатат.

«КЫЗЫМА ЖИГИТИ АПРЕЛДЕ СӨЙКӨ САЛМАК ЭКЕН»
-Адам жаны чыгып жатканда акыркы ирет бутун тартат турбайбы. Камиланы өлтүрүп жатышканда кыйналган окшойт, бут кийими согончогуна чейин чечилип калыптыр. Эксперттер денесиндеги тактарды тирүү кезинде алганбы же андан кийинби, тактайбыз дешти. Айтор, азыр мага баары бир болуп калды. Азыр башка кыздарымдын атын айтам деп Камила деп алып жатам, 5 кызымдын эң кичүүсү болчу.
Апрелде сүйлөшкөн жигитинин туугандары сөйкө салабыз деп даярданып жүрүшүптүр. Быйыл июнь-июль айларында турмушка узатмакпыз. Камиланын колундагы сумкасы, анын ичинде паспорт, 1000 сомдун тегерегиндеги акча бар болчу. Алары да табылбай калды. Тоноо максатында кылганбы дейин десең же жанында көп акча болсочу. Апасы экөөбүз тең мамлекеттик иште, айлык менен эле кыздарды чоңойтуп, эч нерседен кем кылган жокпуз. Эмне максатта мындай айбандыкка барып, он гүлүнүн бири ачыла элек жаркылдаган кызымды соолутушту билбейм. Кыскасы, кылмышты жасаган адамдар колго түшүп, өз жазасын алса көксөөбүз сууйт эле.

Укук коргоо кызматкерлери качан «эл арасында маньяк жүрөт» деген дуу кептердин аягына чекит коюшат деп коомчулук жооп күтүп турат. Акыркы маалыматтарга таянсак, Камила Дүйшөбаевага таандык уюлдук телефонду Бишкек шаардык «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкери шаардык ат майдандын жанынан көчө шыпырып жатып таап алганын Чүй ОИИББинин маалымат кызматы билдирди. Ошондой эле алардын берген маалыматтарына караганда, Камила Дүйшөбаева бир нече күн достору менен эле жүргөн. Сөөгү табылган жерде болсо 1 күндөн ашыгыраак жатып калган. Учурда табылган телефонуна келген чалуулар текшерилип, иликтөө иштери уланууда.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



"Камила тирүү болгондо үлпөт тою болмок..." 04-04-2014

Автор: Кутмырза Жакыбалиев
Оператор: Сергек Шатманов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -5 
Комментарийлер(89)
SUPER.KG видео
06.04.2014. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылмышкерлерден дайын жок го, эмне кылып жуpушот мыкаачыларды издешпей??? ((((((((
SUPER.KG видео
06.04.2014. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жактан жери жайлуу болсун
SUPER.KG видео
07.04.2014. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1 айдан кийин сойко салмак экен.. Бул кыздый ойлосом кызыктай эле болуп атам.. Жаткан жери жайлуу,топурагы торкоо болсун, Аллахым бейишинен насип этсин ылайым.(((((
07.04.2014. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аял киши кылган деген версияга жакын экен.Ким кылсада жазасын батыраак алыш керек!
07.04.2014. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жигитин да сурака тартыш керек кайсы кыздар м.н дагы суйлошот можть кызганган биролор барго менимче.
07.04.2014. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Momun-jigit, жок андай эмес кимге качан өлүм келээрин Аллах жазганда! Мен качан өлөм деген ой келиш керек ошол себептен азыртан намаз окуп ибаадат кылыш керек!
07.04.2014. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Momun-jigit, алар кимди суракка алышты оздору эле билишеет бир кун болбосо бир кун табыыылат албеттте жазасыыын алат!!!!!!!!!!!
07.04.2014. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Momun-jigit мен да ошону ойлодум
SUPER.KG видео
07.04.2014. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун.
07.04.2014. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча учун эле жасалган иш дп ойлойм,
07.04.2014. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Momun-jigit эгер кызганган бироо болсо,3-4 кун кармамак эмес да
07.04.2014. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун!
07.04.2014. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ээ ушул кыз учун башкалар менен уруштум го,кантип олгонун билбей туруп былжырашат да кээ бирлер,суранат элем билип-билбей озунордун жаман жоромолдорунардан алыс болгулачы!
07.04.2014. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Татынакай кыз экен жаткан жери жайлуу болсун ата-энесине кыйын болду
07.04.2014. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун.
07.04.2014. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардык тааныштарын,катуу сурака алыш керек. Анткени,"артист"болгондору да болушу мумкун.
07.04.2014. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кочого чыгыштан да коркуп калдык ко...
07.04.2014. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bolor ish bolgondon kiyin ata enesi soidurub iliktgegenge makul bolboi ele koiso bolmok baaribir tapbait da bizdin militsiya
08.04.2014. 05:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sopu93, не тупи
07.04.2014. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байке сабыр кылыныз!кайгынызда ,арманынызда чек жок албетте..ата энени баладан айрыбасын кудайым.кудай жазаасын берсин айбандардын.
07.04.2014. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул дуйнодо жазасын алат кылган куноосу учун эгер бул жашоодо болбосо арткы дуйнодо созсуз алат адамдар кантип олтурууго барышат билбейм мисалы менин колдорум титиреб кетет колумдан эч келбейт да даже ката суйлоб алсам озумду кечире албай кетем кыздар ушундай ишке колун кантип урат билбейм айтоор кызга боорум ооруйт эмне демекмин оз жазасын алсын!!!
07.04.2014. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кунолу табылып жазаланышын кутом
07.04.2014. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче бул кызды крим чойросундогу адамдар колдонуп, анан олтурушуп салганго. Барибир бул иштин бети ачылат.
07.04.2014. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Коро албаган достору,же жигитин суйгон биро окшойт.

Жогорудагы Раззаков кочосунон табылган кыз Кытайда окуса, каникульга келсе, неге сойку болсун?! Ишениш кыйын го, тообо.
07.04.2014. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх жаткан жери жайлуу болсун((Ким кылсада кечирилгис күнөө иш кылды.Бул дуйнөдө күнөөсү жок пендени өлтүрсөн,Дүйнө жүзүндөгү бардык пендени өлтүргөнгө барабар(((
SUPER.KG видео
07.04.2014. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз бала назик ,зоокурлордон бир нече эсе алсыз болосунар,ошондуктан абайлап жургулочу,моноо болгон окуя аябай эле окунучтуу экен жайы жайлуу болсун,абайлагылачы...
07.04.2014. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аял олтургон деген версияны козу ачыктар айтышыптыргооо.......ошолорго ишенишеби....билбейм дагы...жазасын алсын Ким болсода
07.04.2014. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аял кишинин колунан келген дегенди окуганда Маликанын жигитинин мурунку суйлошкон кызын эстеп кеттим. Ал кызды таштап салган бирок аябай суйчу. Бироонуу жок жерден куноологондон алысмын, урушуп кирбегиле анан оюмду жазып койдум.
07.04.2014. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Душманды алыстан издебе дейт!Камиланы тааныган,билгендер эле жасаса керек бул ишти.
07.04.2014. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Камиланы жоголду деп окуганда суротун телеф.откоруп алган элем аябай жакшынакай кыз экен деп кудайдан тиледим аман эсен табылса экен деп бирок шум ажал алып кетти болгондода киши колдуу кылып угуп алып козго жаш алдым ылайым ошол олтургон адам кан кусуп кыйналып олсун деп каргыш айттым эле.Байке сабыр кылыныз кудайым жазасын берет.
SUPER.KG видео
07.04.2014. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камиланын жаткан жери жайлуу болсун.Кудайым бейиштен орун берсин.Ата энеси сабыр кылыныздар куноолулор табылып оз жазасын алышсын.
07.04.2014. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун. Психбольницадан 10 адам качып кетти деп уктум эле, ошолордун кылганы эмеспи.
07.04.2014. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун Бейишинен берсин Кудайым. Ата энесине сабырдуулук
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: