
Биздин кеңсебизге түрдүү сүйүү каттары келет. Бул жолу да чыгармачыл чөйрөдөгү бийчи кыздардын бири келип, катын таштап кетти. Аталган сүйүү каты ырчы Даниелге арналыптыр, анда жүрөктөн чыккан сөздөр жүрөккө жетсин.
– Мындан 6 жыл мурун Даниель деген ырчы жигит чыккан, ошондон бери арманым бүтпөйт. Аны теледен көрүп, менин кыялымдагы мырза экенин түшүнгөм. Ал жалындуу көз карашы менен мени арбап алды. Даниель байкенин клиптерин көрсөм, балбылдаган кара көздөрү мени карап ырдап жаткандай сезилет. Ал жакында гезитке «күйөрмандарым азая түштү» дептир. Көп күйөрман кыздарды эмне кыласыз? Сизге жүрөгүн арнаган мендей күйөрманыңыз турганда. Эгер мени тандасаңыз сизди бөпөлөп, даамдуу тамактарды жасап, өмүр бою сүйүп өтмөкмүн. Өзүңүзгө окшош кара көздөрдү төрөп бермекмин. Мен акылсызмын, сизге жетпей жатып ушундай кыялдарга батам. «Көздөрүң карагат» деген ырыңызды сиз кыздарга арнасаңыз, мен сизге арнап ырдайм.
Жакындарым мени такыр түшүнүшпөйт, «ал – жылдыз, сени карабайт, өзүңө келсеңчи» деп урушушат. Мен сизге дагы бир сырды айтып коёюн, сиз үчүн мен бий үйрөнүп, бий тобуна кирдим. Учурда шоу-бизнестеги көп ырчыларды коштоп бийлеп келем. Экөөбүз көп эле жолугабыз, бирок мени көзгө илбейсиз.
Даниель байке, мен сизди сүйөм! Сиздин кыздарды кучактап, өөп учурашып жатканыңызды көрүп, кызганыч жүрөгүмдү өрттөп жиберет. Кээде татынакай кыздар менен каткырып сүйлөшүп турганыңызды көрүп, сизди кызганып, жек көрүп кетем. Мен сизди сагынам, сүйөм, кызганам! Эмне кылайын, айтыңызчы, сүйүүмдү билдирсем кабыл аласызбы, мага сүйүүңүздү арнай аласызбы?
Анара
Ар бир колдонуучу эреженин талабына ылайык өз ой-пикирин жазып калтырууга укугу бар! Башка колдонуучунун өздүгүнө асылбай билдирүү жазыңыз. Эскертүү!
суйуу журокту жейт экен
суйгонунуз бар экен
суйбосом болот экен....деп калбаныз суйунузду билдирем деп.