МИГРАНТТАР КОТОРГОН АКЧАНЫН ӨСҮҮСҮ БОЮНЧА КЫРГЫЗСТАН ЭКИНЧИ ОРУНДА
№597 11-апрель-17-апрель, 2014-ж

Миграция боюнча глобалдык программага Кыргызстандын кирүүсүнүн алкагында өткөн маалымат жыйында мигранттар жөнөткөн акча каражатынын өсүүсү боюнча Кыргызстан дүйнөдө экинчи орунга чыккандыгы айтылды. Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, ички дүң продукциясынын түзүмүндө мигранттар которгон акча каражатынын көлөмү боюнча Кыргызстан Тажикстандан бир кадамга гана артта турат. Бүгүнкү күнгө карата эмгек мигранттар жөнөткөн акча жылына 2 миллиард доллардан ашып, бул көрсөткүч чет жердик инвестициядан жана өнүктүрүү боюнча келип түшкөн кредиттерден да ашып түшөт.
Эльвира Караева
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
6
Не үчүн жылына 250-300 гө жакын баланын сөөгү кыргызтанга алынып кеткенин жазышпайт .Же акчадан башка адамдарды ойлонтурбайбы ,Акча табабыз деп канчалаган жаштар тентип калды кандай мандай тер менен иштеп атышат аны коргон тушунот .