Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«МЕНИ ЗОРДУКТАДЫҢ, АРЫЗДАНАМ» ДЕДИ, ОШОЛ ҮЧҮН МУУЗДАП САЛДЫМ»

№597 11-апрель-17-апрель, 2014-ж


Акыркы учурда үрөйдү учурган окуялар көп болууда. Бул окуяда жаш жигит өзүнөн 17 жаш улуу аял менен жыныстык катнашта болуп, андан соң аны мууздап салган. Анда окуя башынан болсун.

ЖУУРКАНГА ОРОЛГОН ӨЛҮК
29-мартта Бишкек шаарындагы Герцен жана Төрөкул Айтматов атындагы көчөлөрдүн кесилишинен, Кичи Чүй каналынын жээгинен белгисиз аялдын жансыз денеси табылган. Изилдөөнүн жыйынтыгында ал мууздалып өлтүрүлгөндүгү аныкталган. Көп өтпөй маркумдун өздүгү такталып, ал Чынара аттуу Бишкек шаарынын 37 жаштагы тургуну болуп чыккан. Суу кеткен сайдан табылган сөөк үстүндө кийимдери жок, жуурканга оролгон абалда болгон. Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында эртеси кылмышка шектүү катары Азат аттуу 20 жаштагы жаран Токмок шаарынан кармалып, ал кылган кылмышын толугу менен моюнуна алды.

«МИЛИЦИЯГА ЧАЛАМ ДЕГЕНИНЕН МУУЗДАП САЛГАМ»
Кылмышка шектелип кармалган АЗАТ адам өмүрүнүн кыйылышына арак себепкер болгонун айтып, төмөнкүдөй көрсөтмө берген:
– 28-мартта досум Нуртаазим экөөбүз менин үйүмдө жатканбыз. Эртең мененки саат 7ге жакын эшик тыкылдап калды. Ачсак кошуна жашаган Чынара эже экен. «Сыналгы сатам, аласыңарбы?» деди. Нуртаазим «апама айтып көрөйүнчү» деп, апасына телефон чалды. Анан Нуртаазимдин апасы тез эле келе калып, баалашып, сыналгы үчүн Чынара эжеге 800 сом берди. Ал сыналгыны алып үйүнө, ал эми кошуна эже акчасын алып ал да үйүнө кеткен. Биз кайра жатып алганбыз.
10 мүнөт өткөндөн кийин Чынара эже кайра келди. Колунда бир бөтөлкө арагы бар экен. «Мени менен чогуу ичкиле» деди. Нуртаазим сыртта телефон менен сүйлөшүп турган. Бир бөтөлкөнү, андан соң дагы бир бөтөлкөнү жарымына чейин жайладык. Экөөбүз тең кызуу болуп калдык, бир маалда ал мага асыла баштады. Мен да каршы болгон жокмун, ошентип ортобузда жыныстык катнаш болуп кетти. Аңгыча эле «сен мени оюма койбой күч колдондуң, милицияга чалам, арыз жазам» деп зарядда сайылып турган телефонуна жөнөп калды. Мен телефонуна жеткирбей кармап муунтсам, эсин жоготуп койду. Сыртынан бекитип коюп, эшикке чыктым. Болгон окуяны Нуртаазимге айттым да, экөөбүз Нурбек деген тааныш балага телефон чалдык. Кайра үйгө кирсек тиги аял эсине келип, үй ичинде басып жүрүптүр. Колума бычак алып, анын моюнуна сайгылап мууздап салдым. Кан чачырап, жер булганып жатканда үстүнө жаздыкты коюп койгом. Сыртынан бекитип коюп саат 12лер чамасында Нурбектин иштеген жерине барсак, «кечке чейин жүрө тургула, караңгы кирсин» деп койду.
Биз Чүй жана Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги интернет клубда күүгүм киргенге чейин ойноп отурдук. Анан мен Айбек деген аскерде бирге кызмат өтөгөн бала менен жолугушууга кеттим. Ага окуя тууралуу айтканым жок. Түнкү саат 12лерде үйгө келдим дагы 3төр чамасында Нурбекке чалдык. Ал келип, эшикке чыгып эки жакты карап турду, Нуртаазим экөөбүз сөөктү жуурканга ороп көтөрүп чыктык да, сууну көздөй алып барып ыргытып жибердик. Кайра үйгө келип, кан болгон төшөк, жерге салган паластарды ороп чыгып, суунун жээгине алып барып өрттөдүк.

«ЫЗЫ-ЧУУ ДЕЛЕ БОЛГОН ЭМЕС»
Окуя болгон үйгө барып, кылмышка шектүү жана маркум бир эле короонун ичинде жашаганын көрдүк. Аларга бөлмөлөрдү батирге берген үй ээси АСЕЛ аттуу айым буларга токтолду:
– Чынара деген аял биздин короодогу бир бөлмөлүү батирде күйөөсү менен жашачу. Таанычу деле эмесмин. Биз үйдө көп болбойбуз. Булар биздин короодон батир алып киришкенине 10 күндүн жүзү да боло элек болчу. Короодогулар аны «ичет болчу» деп айтышты, бирок мен көргөн эмесмин ичкенин. 20-мартта батир акысына 2 миң сом төлөп киришкен. Жанында эшиктеш дагы 2 жигит жашачу. Алар буга чейин тынч эле жүрүшкөн. Кирген-чыккандарын анда-санда гана көргөндүктөн, жүздөрүн анча таанычу эмесмин.
27-мартта биз Көлдөн келдик. Ал жакка жумуштап кеткенибизге бир топ болуп калган. 28-март түнү окуя болсо керек. Бирок батирлердин ортосун дубал эле бөлүп тургандыктан, ызы-чуу бизге угулат болчу. Эч кандай кыйкырык, ызы-чуу уккан эмеспиз. Себеби ал күнү биз үйдө болчубуз. Көп өтпөй эле шектүүнү кармашты деп уктук. Кийин бул жакка окуянын кандай болгонун көрсөтүп бергени келгенде көрдүм ал балдарды.

«МАРКУМДУН КИЙИМДЕРИН АЛГАЧ СЕЛСАЯКТАРДЫКЫ ДЕП ОЙЛОГОМ»
Короодон чыгып, сөөк ыргытылган Кичи Чүй каналынын жээгине бастык. Таштанды, акыр-чикир ташталган суунун жээгинен окуя болгон үйгө чейин кан тамып келгени дайын болду. Ошондой эле шаарды ысык суу менен камсыз кылуучу ири суу түтүктөрдүн бири тешилип, ал жактан ысык суу агып турат экен. Бул аймакта жашаган жашоочулар түтүктүн жыртыгынан агып чыккан ысык сууга кир жууганы суу алышат. Ошол жердин жашоочусу окуя тууралуу кобурай кетти:
«Мен 29-март күнү эртең менен ушул жерге ысык суу алганы келгем. Жерде кийим-кече жатканын көрүп, бирөөлөр керектен чыккан кийимдерди ыргытып салса керек деп ойлоп кетип калгам. Көрсө, ал суудан табылган аялдын кийимдери экен. Көргөндөр «жуурканга оролгон аял жылаңач экен» дешти. Кийин бул жерде жаткан кийимдерди иликтөө иштерине колдонобуз деп алып кетишти. Бул жакка түтүктүн арасына түнөгөнү селсаяктар көп келет. Күн жылып калганы жылуу сууга жуунуп-тазаланышат. Жерде жаткан кийимдерди алгач көргөндө ошолордун чечип, таштап кеткен кийимдери го дегем».

КЫЛМЫШ БОЛГОН ЖЕРГЕ КАН АЛЫП КЕЛГЕН
Бул кылмыш тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын кызматкери МЫРЗАБЕК ТОКТОСУНОВ төмөнкүлөрдү билдирди:
– Кылмышка шектүү 1994-жылы туулган Азат аттуу Сокулук районунун тургуну кылмышын моюнуна алды. Ага сөөктү ыргытууга жардамдашкан 2 жаран да кармалган. Азат Бишкек шаарында батирде баш калкалап, бирок эч жерде иштебей эле жүргөн. Ага чейин унаа оңдоочу жайда майда-чүйдө иштерди кылчу экен. Ал эми каза болгон Баткен облусунун тургуну, 37 жаштагы Чынара аттуу аял да эч жерде иштеген эмес. Анын жарандык никедеги күйөөсү окуя болгондон 1 күн мурун теңтуштары менен белгисиз жакка кетип калган экен.
Бул кылмыш боюнча Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин тергөө бөлүмү Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш ишин козгогон. Аялдын денеси табылган жерге чейин тамып келген кандын аягы окуя болгон үйгө чейин барып токтогон. Натыйжада кылмыш болгон жер аныкталып, ал жактан кан болгон далил буюмдар табылган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми аялдын сөөгүн жашырууга жардам берген Нурбек жана Нуртаазим аттуу жарандар да кылмышка катыштыгы бар катары убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сурак берип жатышат.



Кылмышка катыштыгы бар деп шектелген Нуртаазим жана Нурбек аттуу жарандар.

Арак бар жерде ар дайым шайтан аралаш жүрөт эмеспи. Бир жарым бөтөлкө арак кырктын кырына чыга элек аялдын жаны кыйылышына себеп болсо, 20га жаңы толгон жигитти темир тор артына камады.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



Аялды мууздап, сууга ыргытып жиберишкен

Автор: Кутмырза Жакыбалиев
Оператор: Сергек Шатманов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(65)
14.04.2014. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эч жерде иштебеген,жалкоо адамдар кайда барып жанын багаарын билбей-турмону коздогон го.кебелбей мууздап салдым,таштап салдым дегенин.ал жактагы эр журок авторитеттерге кошуламакчы экенсин да,озундой бироо жон эле мууздап салса экен сени да!
16.04.2014. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ylia, эми ал бала окуянын болгонун болгондой кылып айтып беруусун закон талап кылганы учун айтты да мууздадым деп.аны да мууздап салса экен дегенин менен ал да Аллахтын шайтанга азгырылган бир бендеси да туурабы?
14.04.2014. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
дааватчы окшойт депмин, суротун коруп алып.
14.04.2014. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kebetesi birmaimyldan airymasy jok akmak....
14.04.2014. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арактын азы да арам деген ушул да. Балким арак ичип жатышып жакшылык болсун, аманчылык болсун, тынчылык болсун ж.б.жакшы тилектерди айтышса керек бирок тилеке каршы тилектери
тескерисине кетиптир.
14.04.2014. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
чынарага чала ажап болуптур
14.04.2014. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анык жырткыч айбан го!Аялга да соз жок,балдары менен тен болсо керек булар.Ошолор менен ичпей эле койсо болмок олуп баратса да,озуно ажал тилеп алыптыр!Астагфуриллах!Ушундай мыкаачылардан,ыйман кеткен аялдардан Кудай озу сактасын!!!
14.04.2014. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чекеден кырып салыш керек буларга окшошторду
14.04.2014. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тиги аялда болуп атат иштин баары. Кунаажын козун сузбосо бука жибин узбойт
15.04.2014. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
anara-anara, арак кыз - жигит = олум
15.04.2014. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
anara-anara, соз ал тууралуу эмес, иш аялда болсо ал олду, а тиги бала аппак турбайбы анда ээ?
16.04.2014. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
anara-anara, бул жерде "кунаажын к8зvн сvзб8й" эле каарыган уй болуп атпайбы.
14.04.2014. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сөз жок.(((( өкүнүчтүү адамдар өз кадыр-баркын билбегендин, өзүн баалай албагандын кесепетиси!
15.04.2014. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kudaiym saktai kor...emne ele bolup baratabyz!!!!!
15.04.2014. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"20га жаңы толгон жигитти темир тор артына камады" 20эмес 2ге чыкса да мындай маймылдар жер устундо жургонго мор. ук. жок!
15.04.2014. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арактан кудай сактасын ичкиоиктин тубу жакшылык менен бтпойт мусулман бир туугандар
15.04.2014. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мал сойгондо да карай албайсын, а бул адамды кантип ушинтти? Жанынын таттуусун кор, милициядан коркот, а кудайдан коркпойт экен да. Ошол акмакты тарбиялаган аял бул аялдан артык экендигине ишенбейм.
15.04.2014. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаныбардан айырмасы жок жырткыч экенго. Эч качан ичпегиле туугандар, ичимдик жакшы жолго алып барбайт!
15.04.2014. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тообо кылдым! Аллахым озу кечирсин жолунан адашкан пендесин. Окуп алып озумду жаман сезе туштум. окунучтуу окуя)
16.04.2014. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тиги Чынара эже куноолуу баарына.арак алып келсе,бекерчи отказ кылмак беле,анан асылса анысына тем более отказт кылбаган да.акырында милицияга чалам дегени гана ага жакпай калган го шумшук.карап корсон экоо тен озуно жараша жаза алыптыр.Азат аны жок кылбаганда дагы канчасын азгырып ыпылас иштерди жасамак.
16.04.2014. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oo jaratkanym baarybyzgap jatishat osholordun orduna ushular olboibu a jer kuchaktap ynsap bere kor ushunchalik mikachy adamdardy jer kantip kotorup jurot boldu eken kanchalagan jakshy chymynga ziyani jok kishiler kara
16.04.2014. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jaratkanym baarybyzga ynsap bere kor
16.04.2014. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
20дагы балага окшобойтко паспортуда фальщивкаго дейм.
16.04.2014. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ен баарынан биринчи ыйман жана ерк керек
Мына ошондо чыныгы адам боло алабыз
17.04.2014. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туру бузук экен го
17.04.2014. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайым адамдарга ыйман , ынсаап берсин !
19.04.2014. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
20га жаңы толгон бала..
26-27дей көрүнөт го..
Тообо, койду мууздап жатканда да денең дүркүрөп кететтир..?
Адамды мууздоо..
Арактын 'күчү'...
Өкүнүчтүү..
*
Жаткан жери жайлуу болсун, бирок, өзү шыйпаңдап, арагын кошо көтөрүнуп барбай эле койсо болмок..
Ажалына кол сунуп.
19.04.2014. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элибизге кудайым ыйман берсин,ушул атын очкур аракты адамдар эчпей койсо жакшы болот эле,жамандыктар азаят беле!
19.04.2014. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bul balanyn armiyadan chykkanyna bolgony jarym jyl bolbodyby! menin astyma molodoi bolup kelgen da! jakwy ele bala bolchy
SUPER.KG видео
04.05.2014. 05:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоо жакшы бүт нерсе жетиштүү .адамдын пейили бузулган .
05.05.2014. 05:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай баарыбызга бекем ыйманды насип кылсын ар убак,эн туурасын Кудай озун билесин,ошол жолдон чыгара корбо Кыргыз элин...
SUPER.KG видео
16.05.2014. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эркекке да аялга да ыйман берсин.бири өлүп,бири камалып.мына арактын пайдасы.
SUPER.KG видео
26.05.2014. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men919191, баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
02.08.2014. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыстарылган видиосу кандай табат жадам керек
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: