Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Өмүрбек Бабанов, «Республика» партиясынын лидери:«ЖАШООҢОРДУ, УБАКТЫҢАРДЫ КӨЗӨМӨЛДӨЙ БИЛСЕҢЕР, БААРЫ СИЛЕР КААЛАГАНДАЙ БОЛОТ!»

№599 25-апрель-01-май, 2014-ж


Мурдагы премьер-министр, «Республика» саясий партиясынын лидери Борбордук Азиядагы Токмок университетинин студенттери менен жолугушуп, алар менен чыныгы лидер болуу, өз өмүрүн арнаган иште ийгиликти багынтуу багытында маектешип, суроолоруна жооп берди.

– Өмүрбек Токтогулович, биздин студенттик топ лидерликти иликтеп жатабыз. Биз сизди өлкөдөгү ийгиликтерди багындырган лидер катары билебиз. Ошондуктан ушул темада сиз менен маектешүүнү туура көрдүк. Биринчи сурообуз мындай, лидер деген түшүнүктү кандай аныктайсыз?
– Биринчиден, лидер команданы өзүнүн артынан ээрчите ала турган адам болушу керек. Аларды ээрчите турган жолду көрсөтүп тим болбой, өз идеяларын ишке ашыра алган, ошондой эле жыйынтык чыгара билген адам болушу кажет. Ал – лидерлиги мезгил менен далилденген адам. Биз түркүн тармактарда тиешелүү деңгээлде күчтүү жана чыгаан болуп көрүнгөн, кайсы бир учурда лидер деген наамга умтулуп жүргөн бир топ адамдарды билебиз. Бирок саналуу гана адамдар ошол чыккан бийиктигинде кармалып, андан ары өнүгө алышты. Ошол кармалып калган саналуу адамдар лидер болуп эсептелет. Менимче, команда үчүн ийгилик алып келе алган адамдар – лидерлер.

– Эл оозунда «сойлоо үчүн төрөлгөндөр уча албайт» деген кеп бар. Кандай ойлойсуз, лидер болуп төрөлүшөбү же жүрө-жүрө болушабы?
– Мен лидер болушат деп ойлойм. «Сойлоо үчүн төрөлгөндөр уча алышпайт» же «баткактан тактыга» деп, адатта анча-мынча ийгиликке жетип, бирок анысын жөндөй албаган, андан ары өнүгө албаган адамдар тууралуу айтышат. Айрымдар акчасын чачып, унаа, үй сатып алып, айтор, маңызсыз кымбат нерселерге каражатын корото башташат. Кээ бирөөлөр кредитке баш-оту менен кирип, анан анысын төлөй албай калышат. Андайлардын аягы жакшы бүтпөйт.
Эч ким лидер болуп төрөлбөйт. Бирок адамга ата-энелери же коом түзүп берген шарттарды да унутууга болбойт. Балада жашоодо бир нерсеге жетишүүгө болгон умтулуунун пайда болуусу өтө маанилүү. Байкасаңар, ири ишкерлердин, саясий лидерлердин да 90-92 пайызы элеттиктер. Эмнеге? Анткени айыл жеринде адамдар оор шарттарда жашайт. Алар үйүндө, чарбагында, талаада да иштешет. Ал эми шаардыктар болсо күнөсканадагыдай шарттарда турушат. Айылдан келген балдар, кыздар эптеп күн көрүш үчүн мүмкүнчүлүгү кенен шаардыктар менен атаандаштыкка түшөт. Дал ошол нерсе мүнөздү калыптандырат. Бардар адамдардын балдары адатта мындай күрөшкө жараксыз болушат. Ооба, алар акылдуу, эстүү, жакшы тарбияланган болушат. Бирок көбүнесе аларга күрөшүүчүлүк сапат, өз алдынчалуулук жетишпейт.
Лидер болуп төрөлбөйт, лидерлик сапаттар – анын үй бүлөсү жана адамдын өзү тарабынан тарбияланат.
Атамдын үй-бүлөсү согуш убагында өтө кедей жашаган экен. Чоң атам согуштан кайтпай калып, чоң апам ошол кезде он жаштагы менин атам менен анын инисин кучактап, жалгыз калат. Атам өтө эрте иштеп баштаптыр. Өтүкчү да, сүрөтчү да болуптур, кийинчерээк Караколдогу Айыл чарба техникумун бүтүрүп, андан кийин Кызыл-Кыядагы шахтага иштегени кетет. Иштеген иши менен көрүнүп, мен төрөлгөн 1970-жылы Талас облусунда совхозду башкарып калат. Андан кийин 20 жыл бою республикадагы ири «Россия» колхозун жетектеп келди.
Талаа-түздү кыдырып чыкканда атам мени жанына алып алчу. Биз айылга кайткан убакта алдыбыздан дайыма мас болуп жүргөн бир адам чыга турган. Атам минтип айтар эле: «Бизде жей турган тамагыбыз жок, жок дегенде бир тоюп алайын деп талаада машак терип жүргөнүмдө, бул киши түшкө чейин уктачу. Айыл өкмөтүнүн башчысынын баласы болчу, эч нерседен кем болбой чоңойгон. Жыйынтыгы мына: мен колхоздун төрагасымын, а бул ичкич болуп кетти».
Бизди эмгекке үйрөтүү максатында, эрте жазда үй-бүлөлүк подрядга 2 гектар жер алчубуз. Мен, апам, карындаштарым болуп тамеки экчүбүз. Бул чыныгы тозоктун иши. Эсимде, бир күнү атамдын досу келди, ал белгилүү жазуучу. Биз тамеки тизип жатканбыз. Бизди көрүп алып, атама «Үй-бүлөңдү эмне кууратып жатасың? Сага эмне жетишпейт?» деп сураган. Атам жайбаракат: «Биринчиден, акчаны кантип иштеп табышарын билишсин. Экинчиден, эгер колхоздогулардын бардыгы менин үй-бүлөмдүн иштеп жатышканын билишсе, баары иштеп башташат»,-деп жооп берген. Атам бизге бардык нерсеге эмгек менен жетүү керек деген мүнөздү ошондо эле сиңире алган. Айтмакчы, мен өз балдарымды да ушундай тарбиялап жатам. Жайкысын айылга барып, айылдагы балдар менен кой кайтарышат, башка жумуштарды аткарышат. Алар үчүн жубайым экөөбүз камсыз кылып берген жашоо менен чыныгы жашоонун ортосунда чоң айырма бар экенин түшүнүшү керек.

– Белгилүү лидерлердин кимиси сиз үчүн үлгү болуп саналат, бирөөнү өз кумирим деп атай аласызбы?
– Мен кумирим деп Ли Куан Юну атайм, бул адам Сингапурду, башында жадакалса ичүүчү суусу жок мамлекетти кайрадан жараткан. Бүгүн бул мамлекет дүйнөнүн эң өнүккөн жана коопсуз мамлекеттеринин бири. Ушул эле учурда аны демократиялык деп атаганга болбойт. Мисалы, ал жакта басма сөздүн баары мамлекеттик. Ал жакта бардык жарандар, Ли Куан Юнун үй-бүлөсү дагы бирдей укукка ээ. Анын мындай сөздөрү бар: «Демократия бул – адамзат ойлоп таба тургандардын эң начары. Диктатура – мыйзамдын диктатурасы болушу керек, ал эми мыйзамдуу нерсенин баары бул – тартип». Ал жакта мыйзам өтө катуу, эгер көчөдө баратып сагызды ыргытсаң, айып 500 доллар, баңгизаттар үчүн атуу каралган. Сингапурлуктар биринчи болуп америкалык адамды мыйзамды бузгандыгы үчүн атууга кетиришкен. Ал жакта коррупция дээрлик жок. Ли Куан Ю аны менен катуу күрөшкөн. Мыйзамды бузган болсо, өз досторун да отургузуп, атуудан корккон эмес. Бүгүн болсо ал жакта чиновниктер дүйнө жүзүндөгү эң чоң маяна алышат.
Мен үчүн дайыма натыйжа маанилүү. Ли Куан Ю натыйжага жетише алган. Сингапур – бүгүнкү күнү баары барууга умтулган өлкө. Швейцариядан кийин эле бул ири каржылык борбор. Бардыгы ал жакка акчаларын которушат, анткени аларда коопсуздукка кепилдик берилерин жакшы билишет. Ли Куан Юну ХХ кылымдын адамы деп аташкан.
Эгер бизнесмендер тууралуу айтсак, мага Рокфеллер көбүрөөк жагат. Анын турмушунан бир окуя: Рокфеллер гольф ойногонду жакшы көрчү. Бир жолу анын тобу көлмөгө түшүп кетет. Ал шымын түрүп сууга кирип топту алып чыгат. Ал эми жанында башка жигит да ойноп жаткан. Анын тобу да сууга түшүп кетет, бирок ал башка топ алып, оюнун улантат. Ошондо Рокфеллер өзүнүн жанындагыларга бул жаш оюнчу тууралуу минтип айтыптыр: «Бул абдан бай адам болсо керек...» Бул окуя Рокфеллердин сараңдыгын билдирбейт, тескерисинче, Кудай берген нерсеге аярдык менен мамиле кыл дегенди түшүндүрөт.

– Сиз «Республика» партиясынын лидери болуп саналасыз да, ошондуктан команданын башында болушуңуз керек. Кандай ойлойсуз, сиз көбүрөөк лидерсизби же менеджерсизби?
– Акыркы мезгилдерде адамдарды анча жакшы түшүнбөйт окшойм деген пикирге келе баштадым. Көптөгөн депутаттар партиядан чыгып, өз топторун түзүп кетишти. Мен аларды күнөөлөй албайм. Эгер дайыма башкалардын көйгөйлөрүнүн себептерин издей берсең, аны чече албайсың. Мен адамдарды туура тандай алган эмес окшойм, демек, көз караштарыбыз дал келбей калды. Бул мага айрым бир жыйынтыктарды чыгарууга мүмкүндүк берди, мен алга гана жыла бермекчимин.
Мен лидерминби же менеджерминби?.. Лидер деп өзүңдү өзүң атабай, башкалар тааныш керек. Муну убакыт көргөзөт.

– Устаттарыңыз барбы?
– Менин бир устатым болгон, ал – атам.

– Адамдарга оңой эле ишенесизби жана адамдардын ишенимине кантип жетише аласыз?
– Жалпысынан, адамдарга ишенем. Ал эми алар мага ишенеби, билбейм... Мүмкүн, ишенишет, анткени партия бар. Ишенимсиз жашоого мүмкүн эмес. Мисалы, сенин компанияңды башкарган менеджерлер чечимдерди кабыл алат, сенин активдериңди башкарышат. Аларга кантип ишенбей коёсуң? Биринчиден, бардыгын көзөмөлдөөгө мүмкүн эмес, экинчиден, эгер ишенбесең, толугу менен ыйгарымдарды бере албайсың. Эгер адамдарга ыйгарым бербесең, анда баары бюрократташып кетет, ага жараша маселелер чечилбейт. Демек, сен компаниянын өсүү темпин жоготосуң.

– Ийгиликтүү бизнесменсиз, саясаттын эмне кереги бар?
– Мага бул суроону көп беришет. Демек, бизде жүрүш ушундай, адамдар саясатка акча табуу үчүн барышат. Менин милдеттерим таптакыр башка. Мен мамлекетти жакшы жакка өзгөрткүм келет. Өз кыялымдагы мамлекетти кургум келет, ар бир жаран президенттин баласыбы, министрдикиби же кадимки жумушчунун баласыбы, андан көз карандысыз мамлекет тарабынан корголуп турса дейм. Соттору чыныгы көз карандысыз мамлекет кылгым келет. Талаштар, иштиктүү чырлар чоңдордун коңгуроосу менен эмес, акыйкат чечилсе... Мен андан олуттуу кылмыштарды айтканым жок. Ар бирибиз кайтаруучусуз чыгып, сейилдей алсак, ЖОЖдордо пара алышпаса, ал эми параны берүү бала бакчадан башталып жатат. Менин кыялым – биздин мамлекет ар бир адамга эсептегенде кирешеси жагынан эң бай беш өлкөнүн катарына кирсе дейм. Эгер бүгүн киреше бир адамга $1 миң 200гө жетсе, анда $40 миңге жетиши керек. Биздин мамлекетте бүгүнкү болуп жаткан баш аламандык эмес, тең укуктуулук болсо дейм. Биздин мамлекет баарынан кооз мамлекет болушун каалайм. Баарынан тарбиялуу, маданияттуу эл кыргызстандыктар болушун каалайм, миллиондогон мигранттар чет өлкөдө эмес, өз өлкөсүндө жашаса дейм. Менин өлкөмдүн интернационалдуу болушун каалайм. Бүт дүйнө менин мамлекетиме умтулуп, бүт дүйнө менин мамлекетиме суктанса дейм. Ал технологиялуу болсо. Бул учурда экономикалык ийгиликтерге бир гана тоо өнөр жайынын эсебинен жетпешибиз керек, биз табияттын кооздугун эч нерсе менен алмаштыра албастыгыбызды унутпашыбыз керек.
Бизде туризм, каржы, билим берүү, медициналык секторлордун, технологиялык сектордун өнүгүшүн каалайм. Бизде либералдык мыйзамдар болсо дейм, биз бардыгына бир гана адам укугуна кепилдик бербестен, мамлекеттик дагы, жеке менчикке да кепилдик беришибиз керек.
Биз өзүбүздүн үрп-адатыбызды, салтыбызды, улууларга, ата-энебизге болгон сыйыбызды сактап калышыбыз өтө маанилүү. Аялдар аялга, эркектер эркекке окшошуп турса...

– Сизге көптөгөн адамдар менен баарлашууга туура келет. Канчалык деңгээлде эмоционалдуу адамсыз? Стресстерди кантип жеңесиз? Эмоцияны кантип карманасыз?
– Мен кадимки эле адаммын. Өз сезимдериңди билдире турган жакын адамдарың болот. Ал сезимдерди түшүнбөй турган бөтөн адамдар да болот. Жаман эмоциялардан кутулуунун жакшы жолу – спорт. Мен футбол ойнойм, сууда сүзөм. Бул бир гана стресстен кутулууга жардам бербестен, андан ары иштөөгө күч берет, жаңы кубат, жаңы ойлор, акыл пайда болот. Спортко тартылуу бул – убакытты жөн гана коротуу эмес, бир гана ден соолукту чыңдоо эмес, акылыңды өстүрүүгө да жардам берет. Эгер эмоциялар туурасында айтсак, баарынан мурда мен саткынчылыктан көп капаланам. Бул мага өтө оор. Саясатта жасаган нерселеримдин баарын өзүм үчүн эмес, өз элим үчүн жасайм, анткени мен «эгер мен болбосом, анда ким?» деген принципти карманам. Жоопкерчиликти моюнга алып, алга жылуу керек. Сен качан саясатка коомдук ишке жасагандай мамиле кылсаң, ал эми сени алдап жатышса, бул албетте, оор тиет. Бизнесте баары оңой, алдадыбы – төлөйт, ал жакта алдоо азыраак, бардыгы так жазылган, алдын ала эсептеп аласың.

– «Саясат көңүл калууну көп алып келет» дедиңиз. Аларды кантип жеңип чыгасыз?
– Сизге бир анекдот айтып берейин. Бир падышанын жардамчысы болуптур, эмне болсо да ал ага минтип айтчу экен: «Улуу урматтуум, бул дагы жакшы». Бир жолу падыша мергенге чыкмай болот. Жардамчысы мылтыгын октоп берет. Ал бугуну мээлеп, атат. Бул убакта мылтык ыргып кетип, падышанын манжасын жулуп кетет. Баары качат, падыша жардамчысын урушат. Жардамчысы минтип коёт дейт: «Улуу урматтуум, бул дагы жакшы». Падыша ага мындай жооп айтат: «Сен эмне, атайын менин манжамды үзүп кетсин деп жаман ок салып койдуң беле? Муну зынданга таштагыла». Бир нече ай өтөт. Падыша дагы бир жолу мергенге чыкмай болот, ал жактан аларды аборигендер кармап алышат. Алар казан асышып, туткундардын ичинен оорукчаны бар бекен, карап көрүүнү чечишет. Карашса, падышанын бир манжасы жок. Демек, оорукчаны ушул деп аны жебей калышат. Падыша өз жерине эптеп жетип, зынданга барат. Жардамчысы чынжырга байлануу, ачка, өлгөнү калган болот. Падыша ага мындай дейт: «Мени кечирип кой. Мен туура эмес кылыптырмын. Сен менин өмүрүмдү сактап калдың». Жардамчысы жооп айтат дейт: «Улуу урматтуум, бул да жакшы». Анда падыша: «Эмнеси жакшы? Сен алты ай зынданда отурдуң. Сен эмне, жинди болдуңбу?» Жардамчысы болсо жооп берет: «Жок, бул да жакшы. Эгер мен сиз менен жүрсөм, анда мени жеп салышмак».
Ошондуктан андай көңүл калуулар да керек. Аларга көнүп, сабак алыш кажет. Ошондуктан бул да жакшы болсо керек.

– Өзүндө лидерди тарбиялагысы келгендерге кандай кеңеш бере аласыз?
– Теорияны абдан мыкты өздөштүрүп, көп нерсени билип жана көп нерсени пландаштырууга болот, бирок бир нерсе жасоону чечсеңиз, анда отурган жериңизден туруп, аны жасап баштоо керек. Эч нерсени эртеңкиге калтырбастан, жакшыраак мезгилди күтүп жүрө бербестен... Башында сизге кыйын болот, жаман болот, баары эле оңунан чыга бербейт. Бирок бир нерсени кайра карап чыгып, алга жылуу керек. Лидер болуу – максаттын өзү эмес. Жашоодо маанилүү, керектүү, жасаган ишиңден өзүң ырахат ала турган ишти аткаруу максатың болушу керек. Бул милдеттүү түрдө чоң бизнес же саясий карьера эмес. Мисалы, акылдуу жана ийгиликтүү балдарды тарбиялоо да максат боло алат. Бирок конкреттүү түрдө бизнес туурасында айтсак, анда эң башкысы, өз ишиңди ачышың керек.
Эң мыкты бизнес – сен өзүңө иштеген бизнес.
Жалпысынан, мен силерге мындай кеңеш бергим келет. Студент кезимде атам мага англис тилин үйрөнүү зарылдыгы туурасында айткан. Мен Москвада окудум, мага бош убакыт керек болчу, ошондуктан билгениме карабай, орус тил курсуна жазылдым. Орус тилдүү мектепти бүттүм. Ошентип, өзүмө бош убакыт таап алдым. Ооба. Математиканы, адистиктер боюнча сабактарды окудум, бирок чет тилин үйрөнүүгө бекер убактымды короттум. Ар бир адамдын жашоосунда кандайдыр бир этаптар болот, ошол кезде бир нерсеге жетишип алуу керек. Мектептеги курак бар, андан кийин студенттик мезгил келет. Анан үй-бүлөлүк жашоо башталат, акыры пенсияга чыгасың. Ар бир этап эффективдүү болушу керек. Бирок бул учурда жашоо кубанычтарынан баш тартуу керек эмес. Ким менен дос болгуңар келсе, ошол адамдар менен достошкула, керектүүлөр менен эмес. Силерге кубаныч алып келген адамдар менен достошкула, сиз окшошкуңуз келген адамдар менен достошкула. Бирок бул учурда убакытты баалоо керек экенин унутпагыла. Бир сөз менен айтканда, баары силердин колуңарда. Бардыгы жалгыз гана өзүңөрдөн көз каранды. Эгер силер мына ушуну түшүнүп, өз жашооңорду көзөмөлдөөнү үйрөнсөңөр, баары силер каалагандай болот!

Ибрагим Жусуев



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(27)
28.04.2014. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эң сонун маек...
28.04.2014. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
4ynygy patriot
28.04.2014. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Красавчик да.
28.04.2014. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Мага жагат да Бабанов сонун так жооп бериптир, Азаматсыз ишинизге ийгилик. Келинчеги ким болду экен..
28.04.2014. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Aimeerimka, Келинчеги Рита деген казак кызы
28.04.2014. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
да)) он действительно патриот)) я ценю его работу, действии,,идеи---в результате все эффективное )___
28.04.2014. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
5 чи Президент буйруса.
28.04.2014. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Super info bul makalanyn avtoru kim jazyp koisonuzdar
28.04.2014. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tebessum, Саламатсызбы!
Макаланын автору Ибрагим Жусуев.
28.04.2014. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Сабаттуу суйлогон созу маанилуу экен.
28.04.2014. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Бабанов азамат. Мен бир жолу жолугуп суйлошком, кругозору да абдан кенен, заманбап адам.
Башка саясатчыларга караганда прогрессивдуу.
28.04.2014. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Sonun sozdor!!!
28.04.2014. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
салам баарына мен Бабанов О.Т президентке оз талабын койсо мен бут досторума жалдырап болсо да салдырмакмын добуш, буйруса
29.04.2014. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Элестеткиле эгерде КРда Сингапурдагыдай мыйзам иштеп калса. Биринчи кезекте атууга кеткендердин тизмесине кимдер кирмек? Бизде ошондой мыйзам итебей калганы дагы жакшы (Бабановторго окшогодорго). Биздин мамлекетте таза иштеп мынчалык эч ким эки омурдода байый албайт. Коралбастык деп ойлобогула лейкек, баткен аймагынын эли жакшы билет кимдердин бензовоздору тажикстанга контробанда ташып жатканын. Озуну элите деп эсептеген чайкоочулардын, кылган иши менен суйлогон созунун айырмасы асман м.н жерде
29.04.2014. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
"Эгер бизнесмендер тууралуу айтсак, мага Рокфеллер көбүрөөк жагат"-деди аа.... ой тооба!
29.04.2014. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-19
Акылдуу адам негизи, биздин келечектеги президентибиз!!!
29.04.2014. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Озу айткандай лидер боло албай калды командасы чачырап кетти
30.04.2014. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Бабанов мыкты аферист, шайлоо астында арзан электр энергиясы ж.б. деп журуп озу Окмотту жетектеп туруп да эч нерсе жасабады, 1 миллион $га пара катары аргымак алып элдин эсинде калды, биз билбеген иштери канча. Тажикистанга болгон ГСМ контрабандасынын башында Бабанов болгону учун ушул кунго чейин бир адам жаза албай, кармалса дароо бошотулуп келет "крышасы" кучтуу болгону учун. Учурда Бабанов Кыргызстандагы эн бай адам миллиардер, аранардан ким ишенет ушунча байлыкты таза жол менен топтоду деп?
01.05.2014. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун маек куруп, жакшы кенештерди бериптир. Атасынын берген тарбиясы жакшы экен эле.
01.05.2014. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адамдарга кун сайын, адам болуу кыйын!
02.05.2014. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
красиво говорит!
02.05.2014. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура суроо Жана туура жооп болуптур ким бабановго каршы болсо оозуна келгенди айта берсин убакыт коргозот алгаааааа кыргыз алга
03.05.2014. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бабанов мырза ушунча акылдарды айткан экен жана билет экен бирок,айткан соз менен кылган иш дал келиш керек экенин да билип алса болмок экен. ХХХ ХХХ ХХХ... Биздин саясатчылар баары суйлосо тим эле ооздорунан бал тамып эээх деп тамашанасын а бирок кылган иштер
Модератор admin_portal түзөттү 05.05.2014 11:42
05.05.2014. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайрат - эскертүү!
Такталбаган маалыматтарды жазып, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат.
03.05.2014. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
инин дайыны жок. Бабанов озум дегендн огуздой же мындайча айтканда бугункунун чайкоочусу жана саран байлардын катарын толуктаган аферист. Ушундай кооз суйлогондордун айынан кыргызстан бугунку абалга келип такалды. Анан кайдагы сингапурдай олко кылам деп уялбай суйлоп атканыны тан калыштуу! Шайлоо алдында берген убадаларынын бирин аткарган жок да дагы сингапурду курам дейт. Сингапурдай олко курулса биринчи болуп Бабановго окшогон жеп ичкичтер жок болушун да эсине сактап алса болмок экен.
04.05.2014. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
президентибиз Атамбаевге салыштырганда 100 раз лучше.жакшы берген маеги.президент кылып алсак болгудай элге всё равно кереги тийбейт го хотя бы нормална маанилуу суйлойт .
19.05.2014. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
orxidea10, жакты аябай комментиниз!!!))))))))))))))))))))))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: