ЫРЧЫЛАРЫБЫЗ АЗЕРБАЙЖАНДА БИРИНЧИЛИКТИ БАГЫНТЫШТЫ
№599 25-апрель-01-май, 2014-ж

Кыргызстандын атынан барышкан ырчы жигиттер: Айбек Бакытбеков, Сталбек Жээнбек уулу, Гүлжигит Калыков, Бек Исраилов 21-апрелде Баку шаарында өткөн «Отвага» патриоттук ырлардын эл аралык сынагында биринчи орунду алышты. 20 өлкө катышкан сынакта ырчылар Бакыт Алишеровдун «Ыр майрам» деген ырын аткарышкан. Жеңүүчүлөрдүн координатору Өмүрбек Андарбеков (Ома) бул тууралуу «Эгер жалгыз бирөө барса албай калышы мүмкүн эле. «Бириңди –бириң толуктап турасың» деп төртөөнү мен бириктирдим. Жигиттер орунду татыктуу алышты» деп ийгилиги менен тең бөлүштү.
star@super.kg
Бакуну багындырган биздин ырчылар
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
2
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө жеткизип коебуз.
Таап, жүктөп койгонго аракет кылабыз.
соз жок ырдаганынарды уккан прям мурашки по коже.