Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Самара Каримова:«БАШ КОШКОНУБУЗГА БҮТ КЫРГЫЗСТАН ТАҢ КАЛГАН»

№600 02-май-08-май, 2014-ж


Бул ырчы акырындап күйөрмандарынын санын арттырып келе жаткан чагы. Анын аткарган чыгармалары улуттук колоритке жакын болгондуктан да улуу муунду өзүнө тартып турса керек. Ал – учурда ордолуу Ош шаарында бир топ популярдуу Самара Каримова аттуу ырчы айым. Анда бүгүнкү каарманыбыздын дүйнөсүнө саякатка чыгабыз.

CАМАРА ТУУРАЛУУ
Толук аты-жөнү – Каримова Самара Эрмековна
Кичи мекени – Лейлек районунун Айкөл айылы
Туулган жылы, күнү – 1991-жыл, 10-апрель
Кызыгуусу – Көп нерсеге кызыгат, бир нерсе менен чектелбейт
Учурда – Жеке ырчы, репертуарында 30дан ашык ыры, 10дон ашуун клиби бар

– Самара, жакында эле Ош шаарында 7 күн катары менен концерт бердиңиз. Биздин Толик сынчы концертиңизге күбө болду. Айтсаңыз, концертти уюштуруп жатканда «эл келбей койсочу» деген кооптонуулар болду беле?
– Албетте, кооптонуу, коркуу сезими болбой койгон жок, бирок ал сезимдерди концерттин жыйынтыгы жууп кетти десем болот. Март айынын башында «жетинин бири кыдыр» деп ниет кылып жети күндүк концерт бергем. Элден айланса болот, эл бар экен, зал толо келип беришти. Ага кошумча элдин суранычы менен 8-март күнү күндүзү да концертибизди бердик. Концерт бүткөндөн кийин желкемден бир оор жүк түшкөндөй эле болду. Сиздердин Толик сынчыңар да барыптыр, 8 күн концерт берип ал адам менен жолуга албадым (күлүп). Бирок жакшы жазыптыр.

– Чыгармачылык менен качантан бери алектенип баштадыңыз?
– Негизи эле өзүм чыгармачыл үй-бүлөдө төрөлгөм. Атам Эрмек Каримов орус тили мугалими болгонуна карабастан, аккордеон, комуз жана башка музыкалык аспаптарда мыкты ойнойт. Эс тарткандан эле ошол комуз, аккордеондун үнү менен чоңойдум. Артисттер айылга концерт коюп барышканда биздин үйгө түнөшчү, ошолордун таасири да мендеги таланттын ойгонушуна түрткү болду окшойт. Ал эми апам тараптан таенем кошокчу, санжырачы. Анын жанында жүрүү мен үчүн өзүнчө бир жомоктор дүйнөсүнө түшүп калгандай туюлчу. Мына ушул эки тараптан берилген талант менин чыгармачылыкка болгон кызыгуумду арттырса керек. Чоң сахнага чыкканыма көз ачып-жумгуча эле үч жылдын жүзү болуп калыптыр. Бул жылдарда музыка чөйрөсүндөгү белгилүү адамдардан сабак алып, былтыр Ошто жеке концертимди берип, аймактарга гастролдорго чыгып, аз да болсо Самара Каримова деген атымды түптөй алдым деп ойлойм.

– Сахнага чыгышыңызга ким түрткү болду?
– Ырчы болом дегенимде ата-энем «кыз кишиге кыйын болуп калат, жакшылап ойлонуп көр» дешкен. 9-классты бүтүп, экономика тармагына окууга тапшырган элем. Бирок ал тармак мен үчүн эмес экен, ырчы болом деген жүрөгүмдөгү көксөө тынч койбоду. Кайра айылга кетип, 11ди бүткөндөн кийин Бишкекке келип Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин актёрдук бөлүмүнө тапшырып окуп калгам. Чоң сахнага чыгышыма зор салымын кошкон адам бул – менин өмүрлүк жолдошум Асан Мансуров. Өзүңүздөр билесиздер, сахнага чыгуунун өзү эле кандай эмгекти талап кылат. Ал эми жакындарыңдын колдоосу болсо жеңил экен. Жолдошум экөөбүз «Туңгуч» театрында спектакль көрүп отуруп таанышканбыз. Сүйлөшүп жүрүп, анан баш коштук. Ортобузда Даткайым деген кызыбыз жана Барсбек аттуу уулубуз бар.

– Жолдошуңуз өзүңүздөн 23 жаш улуу экенин билебиз, ортодогу жаш айырмачылык үй-бүлө курууда тоскоолдук жараткан жокпу?
– Биз деле үйлөнүп калабыз деп эч ойлогон эмеспиз. Бирок тагдыр экен, бирге болуп калдык. «Сүйүү жашка карабайт» деп коюшат эмеспи. Эң башкысы, биз бири-бирибизди сүйөбүз жана бактылуубуз. Менин жакындарым деле түшүнүү менен кабыл алышты. Анткени өзүмдүн атам менен кайнатам ынак достордон. Биз үйлөнгөндө «100 жылдык куда кылдыңар» деп абдан кубанышкан.

– Турмушка чыгып жатканда жолдошуңуздун мурунку никеси тууралуу сурадыңыз беле?
– Кудайдан жашырбаган нерсемди элимден жашырмак белем. Бул нерсени айтпаса деле белгилүү. Мен жолдошум менен таанышканда мурунку үй-бүлөсү менен ажырашканына 4 жыл болгон экен. Мурунку никеси тууралуу өзүнөн чукуп сурабайм деле, анткени ал менин жанымда, балдарынын кашында, башкысы, биз бактылуубуз.

– Жолдошуңуз сизди кайсы сапаттары менен багындырып алды?
– Ал адамгерчиликтүү жана эмгекчил. Мен жалкоомун, ал «иште» деп мени түртмөлөп турат. Ортобузда чоң сүйүү, сый бар. Учурда жолдошум Ош улуттук драма театрында жетекчилик милдетти аткарат, мен анын кол алдында актриса болуп иштейм.

– Алтынай Нарбаева менен аткарган «Кызган мени» ырын кантип чогуу ырдап калгансыздар?
– Алтынай эже менен чыгармачылык гана эмес, үй-бүлөлүк да катышыбыз бар. Менин устаттарымдын бири Саламат Садыкова болсо, дагы бири Алтынай эжем. Менин Оштогу концертиме конок болуп келгенде «Кызган мени» ыры жаңы жазылып бүткөн экен, экөөбүз дуэт ырдайбыз деп жүрүп ушул ырга токтолгонбуз.

– Жолдошуңуз болбосо азыркы Самара Каримова деген атты жасай алат белеңиз?
– Самара Каримова болмокмун, бирок учурдагыдай ширин балдарым, бактылуу үй-бүлөм болот беле, айта албайм. Анткени мен үчүн аялдык бакыт биринчи орунда. Уулум эки жарым жашта, кызым сегиз айлык болуп калды. Атасы экөөбүз кечинде жумуштан чарчап барсак кылыктары менен черибизди жазып, моокумубузду кандырып коюшат. Эне болуу өзүнчө бир бакыт тура, өзүң да бир жакшы нукка өзгөрөт экенсиң. Мурун мен эрке Самара болсом, азыр токтоо, кайын журтума мыкты келин болоюн деп аракет кылган эки баланын энесимин.

– Жаңы келин болуп баргандагыңыз эсиңиздеби?
– Албетте эсимде, жолдошум экөөбүз чогуу түтүн булатканыбызга быйыл 4 жылдын жүзү болуп калды. Мени өзүмдүн туулган күнүмдө учак менен Бишкектен Ошко алып барган. Кайненем жаңы барганда өз кызындай кабыл алып, аларга бүлө болуп кетишиме чоң салымын кошту. Чынын айтайын, өзү да аябай таң калган. Биздин баш кошконубузга кайненем эмес, бүт Кыргызстан таң калса керек, анткени каякка барбайын «эмне үчүн жолдошуңуз өзүңүздөн улуу?» деген суроо сап башында турат. Жеке жашоом элге ушунча кызыкпы деп таң калам. Көрсө, бөйрөктөн шыйрак чыгарыштын деле кереги жок экен, анткени чыгармачылыкта жүргөн адамдарды сөзсүз жаман-жакшы кептер ээрчий турганына ынандым.

– Үй-бүлөдө канча бир туугансыз?
– Сегиз бир тууганбыз, жети кыз, бир уул. Мен кыздардын кенжесимин, менден кичүү Сагынбек деген иним бар. Учурда музыкалык окуу жайда окуйт. Биздин үйдөн музыкага ыктаган ошол иним экөөбүз эле болдук окшойт. Калган эжелерим турмушка чыгып, баары өз оокаттары менен алек.

– Сиздин клиптериңизге калтырылган комментарийлерди карап отуруп, «Самара Каримова күндө клип тартабы?» деген күлкүлүү суроону окуп калдым...
– Клиптерим үстүртөн караганда жеңил-желпи көрүнүшү мүмкүн, бирок ага да энергиямды коротуп, эмгек кылам. Мен клипке көп басым жасайм, анткени андан адамдын жүзү таанылат. Сын-пикирлерди сабак катары кабыл алам. Ал эми ашыкча сын таккандарды менин кулагым укпайт, көзүм көрбөйт (күлүп).

– Жакында Улуттук филармонияда жеке концертиңизди бергени жатыптырсыз?
– 7-8-9-10-май күндөрү Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда жеке концертимди бергени жатам. 9-Май – Жеңиш күнүнө карата күндүзү да концерт болот. Концертке чоң жоопкерчилик менен даярдануудамын. Ыр күйөрмандары келип, чер жазып кетишсе болот.

«Эмне үчүн жолдошуңуз өзүңүздөн улуу?» деп көп суроо беришет».

«Уулум Барсбек чоң жигит болуп калды».

Лунара Бекиева
star@super.kg



Самара Каримова: “Баш кошконубузга бүт Кыргызстан таң калган”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(267)
05.05.2014. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
аябай жакшы ырдайт экен эмнеси болсо да бактылуу болсун
05.05.2014. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сонун ырдайсын карындашым,кызган мени деген ырынды ырдап жатып кирпигинди сузгонун тим эле укмуш сулуулугун коздун жоосун алат,сен ырдаган ырларды аккордеондо ойноп озум эс алам,эмне болсо да талантын баарибир эл алдына алып чыкмак
05.05.2014. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озум менен салыштырып карай турган болсом, атаман да бир жаш чон адамга тийген болмок экем. Кудай сакта. Неси болсо да, балдарындын бактына аман жур. Мансуровдун аялы болсон, албетте 4-5 кундон концерт бересин да. Ийгилик!
05.05.2014. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Самара сага чыгармачылк ийгилик.Сага окшогон ырчылар кыргызстанда аз, мындай улуу ырларды ырдаш ар бир жаш ырчынын колунан келбейт.ИТ УРОО БЕРЕТ КЕРБЕН ЖУРО БЕРЕТ,дегендей прошлый нерсени эстебеш керек аны кайра ондоп болбойт, так что только В ПЕРЕД
05.05.2014. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой супер инфо менин комменттимди очуруп копсунар
06.05.2014. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Damanurcha,
Саламатсызбы!
Эгер сиздин комментарий өчүрүлгөн болсо купуя кат аркылуу кабар берилмек. Демек сиз комментарийди жазгандан кийин "Жөнөт" баскычын баспай калгансыз же кандайдыр бир себептерден улам келген эмес.
05.05.2014. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азыркы заманда акча ойнойтта.ушу убакка чейин эч кимди угалек элем 7кун концерт бергенди. Драмтеатр озунуку болсо конечно. Эми бишкектегисин кутобуз. Толик сынчыдан.
23.05.2014. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aikol87, хаха
05.05.2014. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
ой кудай эмне учун кыргыздар ичинер таар, силерге эмне атасындай эмес чон атасындай чалга тийсин силерге бары бир эмесби!? Самара эже сизге ийгилик ырларыныз аябай маанилуу жакшы коруп угам мындай озу бошторго маани бербей эле койунуз.
05.05.2014. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
кыргыздар аябай ичинер таар мен окуном что кыргыз болуп торолгонумо, Самара эже ишинизге ийгилик озуна алы жетпегендер суйлой берет лучше кулагыныз укпай эле койгону он.
Модератор admin_portal түзөттү 06.05.2014 10:21
06.05.2014. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jalgyzym - эскертүү!
Кимдир-бирөөнү кемсинтип, мазактоого жол берилбейт!
05.05.2014. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
А.Нарбаевадан да кыйын ырдады деп уккам. Чыгармачылык ийгилик.
06.05.2014. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Aidana91, Нарбаева киим Самара ким. Нарбаевага жеткиче махабаттан кайтып калат. Ким билет же эми еле кайтып калдыбы :)))
05.05.2014. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Тооба эч кимди койбойбуз а? Тагдыр дейт аны. Бешенеге жазылганын корот да. Балдары бар экен бактылуу болсун!
05.05.2014. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
менин кайненем былтыр барганыбызда оозунан тушурбой айта бергенинен мен да аябай кызыгып калган элем.чындыгында аябай кучтуу талант бар экен!бат эле эл артисти наамын аласыз ийгилик!
05.05.2014. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
бул жерде мансуров ,алдаса б-т жаш башты, боюнча иш кылган б-со керек. Бирок, тарых кайталанаат! Даткайымы ушундай тагдырга туш келип калса(андай болбой калсын дечи) бармагын эмес,башка жагын кошо тиштебесин...
06.05.2014. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nursyi, смех до колтука)))
05.05.2014. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Элестет атандан да чон кишиге тийип атышты тообо. Азыркы убакта 60 жаштагы чал 20 жаштагы кыз алам десе да тан калбай эле койуш керек го э, эн башкысы бай болсо эле болду экен да байлык болсо суйуу болот дегендерди айткым келди
05.05.2014. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
21 кылымдын Жантай Ак моору болушат екен да бирок бул ырчыны биринчи кортам
05.05.2014. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
81десе жарашчудай, 4кун концертке ким барат экен э
05.05.2014. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
айнаш женеме/экс/салам айтып кой самара каримова.жолдошунун мурунку аялынан 5баласы бар деп уккам.мага вообще жакпайт бул айым.
06.05.2014. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
мурункусунан 5 баласы б-со, мындан 2, 7 бала м-н мансуров баатыр ата наамын алса б-т экен да.
06.05.2014. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ырайымалы менен бегимайдын махабат дастаны болуп чыгыптырго азаматсынар улуулардын жолун улагыла
06.05.2014. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болушсун, чынында чон корунот экен
SUPER.KG видео
06.05.2014. 02:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
деги адамдарга тушунбойм, карыга чыкса да жакпайт, башка улуттагыларга чыкса да жакпайт, эл оозунда элек жок экен да........
06.05.2014. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
байлык, популярдуулук учун озунун жаштыгын курман кылыптыр карыган чалга тийип
06.05.2014. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
уну жакшыго бул адамга тийбей деле озунун таланты менен деле жетишсе болмок, бул жашоодо оной нерсе жок да, кичине тер тогуп эмгек кылса болмок.
06.05.2014. 08:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
анан дагы клиптери коп бирок эч кайсынысы жакпайт саны бар сапаты жок.
06.05.2014. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ого 23 жаш улуу? "Акчан болсо калтанда талтанда да талтанда" экен да.
"5 баланын убалы кимге тиет?" деп суроо узатып кордунорбу? Бириси акчасына кызыкса, бириси сулуулугуна кызыгып ортодо куноосу жок балдар тируулой жетим калганын ойлонушпаптыр да...
Аман эле болгула! Жараткандын алдына барган да эсептешип аласынар...
06.05.2014. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Филармонияга деле 7 кун коем десе болмок концертин..атын чыкпаса жер ортто болуп..
06.05.2014. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдин баарын оозун ачырдынго Самара...
06.05.2014. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
19 жашта 40 тан ашкан кишиге куйоого тийиш оной эмес. Денем дуркуроп кетти.Сендей кыздын жанында турган жолдошуна ыраа корбойм, аял болсом да кызганып ичим куйуп кетти, ХХХ ХХХ ХХХ. Сага кыргыздын келишкен, узун бойлуу,кен далылуу, нукура кыргыздын өңүндөй жигиттери тең эле. Ушундай жигиттер деле үй бүлө бактысын, бала бактысын тартууламак да... ХХХ ХХХ Самара? Бүт Кыргызстан таң калган деп гана турасың да, кой
Модератор admin_portal түзөттү 06.05.2014 11:49
06.05.2014. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Atyrgul84 - эскертүү!
Кимдир-бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
06.05.2014. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_portal,кечирим сураймын.
06.05.2014. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакуля эже сизге окшош экен Самара Каримова

07.05.2014. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеси болсо таланттуу кыз экен. Жеке жашоосуна кийлигишкенге биздин акыбыз жок. Аял катары бактылуу экендиги козунон корунуп турат.
06.05.2014. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
ААА элестетип алып коркуп кеттим! Тең теңи менен тезек кабы менен болсо... Азыр баары эсептешип гана жашашат, мен сага жумуш бердимби сен мага тийесиң, элге жомоктогу сүйүүнү айтып кой...
07.05.2014. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
BelkaBoB, бирок кыргыз кобойтуп жатыптыр минусунан плюсу кобураак екенго)))
06.05.2014. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан ажарлуу айым экен, сулуулугу жагынан Анжеликаны ашып өтөт го дейм.Жеке жашоосуна айтылган сындар боюнча өзү билет да кимге тийишти, силерден сурап тиймек беле?!!
1
2
3
4
5
6
7
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: