
Жогорку Кеңештин 30-апрелдеги жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу «Орусия Крымды алгандан кийин Ошто автономия маселеси кайрадан көтөрүлүп жатыптыр» деп билдирди. Депутат бул боюнча жарандар телефон чалып жатышканын айтат. «Билесиңер, дүрбөлөң жаратууну жактырбаган адаммын. Бирок мага телефон чалышууда, майрам күндөрү жаңжал чыгып кетпеш үчүн алдын алсак»,- деди Т.Бакир уулу.
Буга байланыштуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков: «Тургундар арасында автономия туурасында сөз жок. Ал эми Турсунбай Бакир уулунун өзүнө байланышып, ким автономияны талап кылып жаткандыгын билүүбүз керек»,- деди. Оштун шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев дагы бул маалыматты төгүнгө чыгарды.
Эльвира Караева
politika@super.kg
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат!
doooron - эскертүү!
Улуттар аралык бөлүү жана бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүлөрдү жазууга жол берилбейт.
Kara-kulzha - 5 күнгө БАН!
Такталбаган маалыматтарды жазып провокация жаратууга жол берилбейт.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Dodon - 5 күнгө БАН!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат!
Ар кандай божомолдор менен провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтыруудан алыс болсоңуз.
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
Кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтире турган сөздөрдү жазууга тыюу салынат.
Кимдир-бирөөнү кемсинтип, мазактоодон алыс болуңуз.
Негизсиз айыптарды камтыган билдирүүлөрдү жазып, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына, абийрине шек келтирүүгө жол берилбейт.
Провокацияга жол берилбейт!
Кыргызстан мамлекетибиз чонойсо чонойот келечекте ,бирок эч качан кичирейбейт!!
Биз кыргызстандын жаштары суйуубуз да журогубуз да Кыргызтан менен...
Андан коро чондорубузга нысап берсин,бир узум эт жейм деп байлык учун эч качан мекенин сатпасын ..."Бул дуйнодон кимдер гана отпогон" .Бараар жерибиз анык болгондон киин мекенибизге куйолу урпактарыбызга кенен кылып откоролу."Мекним Кыргызстан".