
– Саламатсыздарбы, «Супер-Инфо» гезити? Мен сатирага кызыгам, келечекте куудул болгум келет. Байкашымча, акыркы кездерде куудулдар Жаңыл менен Токтор Бекбоевдер сахнадан көрүнбөй калышты. Тааныштарымдан «алар ажырашып кетишкен» деп угуп калам. Ушул сөздүн чын-төгүнүн билип берүүңүздөрдү суранып сиздердин редакцияга кайрылып отурам.
Канат, Кант шаары
Окурманыбыздын суроосуна жооп алуу максатында куудул Токтор Бекбоевге байланышсак, «азырынча бул тууралуу айтпай турайын» деп комментарий берүүдөн баш тартты. Ал эми куудулдардын кызы, ырчы БЕГИМАЙ БЕКБОЕВАГА байланышканыбызда, ал төмөнкүдөй жооп кайтарды:
– Ооба, апам «иштеп, акча таап келем» деп атамдын каршы болгонуна карабай Москвага кеткенине 3 жылдын жүзү болду. Чындыгында, акчага муктаж деле эмес болчубуз. Өткөн жылы жыл жаңырарда Кыргызстанга келип жаңы жылдык ар кандай көрсөтүүлөргө катышканы менен, үйгө келген жок. Атам экөөбүз бул жакта эле чыгармачылыгыбызды улантып, гастролдорго чыгып жүрөбүз. Апам менен атам анчалык катуу кетип, сотко чейин деле барышкан жок. Алар ажыраштыбы же таарынышып жүрөбү, айта албайм, улуу кишилердин ишине кийлигишким келбейт.
star@super.kg