Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Канат Садыков, билим берүү жана илим министри:«ЭЖЕЙИМ МЕНИ КӨРГӨНДӨ ЫЙЛАГЫСЫ КЕЛЧҮ»

№602 16-май-22-май, 2014-ж


2010-жылдын Апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөт түзүлүп, андан бери 2 шайлоо өтүп, коалиция 3 жолу ыдыраса да, орун алмаштыра элек саналуу министрлердин катарын толуктаган бирөө бар. Маектешип отуруп, каарманымдын сөзгө чечен жана токтоо адам экенин баамдадым. Бүгүнкү «Бейне» рубрикабыздын төрүндө билим берүү жана илим министри Канат Садыков болмокчу.

ОКУТУУЧУЛУК МЕНЕН БАШТАЛГАН ЖОЛ...

  • Канат Жалилович Садыков 1961-жылдын 16-февралында Нарын шаарында төрөлгөн.
  • 1983-жылы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
  • Эмгек жолун 1983-жылы өзү аяктаган окуу жайда мугалим болуп иштөөдөн баштаган.
  • 1991-1997-жылдары Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда илимий катчы, бөлүм башчы.
  • 1997-2008-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде департамент менеджери, окуу бөлүмү боюнча директордун орун басары.
  • 2008-2010-жылдары Билим берүү жана илим министрлигинин Кесиптик билим берүү башкармалыгында жетекчилик кылган.
  • 2010-жылдын май айынан тартып билим берүү жана илим министри.
  • Белгилүү советтик акын жана драматург, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнин жазган авторлордун бири Жалил Садыковдун уулу.
  • Үй-бүлөлүү, 2 уул, 1 кыздын атасы.

«МОМПОСУЙДУН ТЫШТАРЫН ТОПТОЧУМУН»
-Атам Кемин өрөөнүндөгү Кичи-Кемин айылынан болот. Бирок жумушуна байланыштуу Нарын облусуна которулуп иштеп калып, мен ошол жакта төрөлүп, 6 жашыма чейин Нарында чоңойдум. Бала кезимде бир гана оюн менен алек болуп, өзгөчө көз алдыма момпосуйдун тыштары менен ойноп отурганым тартыла берет. Аларды чогултуп, кичинекей таш менен бастырып туруп, бир канча кадамга артка барып, анан аны башка таш менен уруп ойночу элек. Ыргыткан таш тыштар бастырылган ташка тийбей калса, анын үстүнө дагы бир тыш коюп, эгер тийгизсек, анын астындагы бардык тыштарга ээлик кылчубуз. Утуп алган момпосуйдун кагаздарын шырдактын алдына чогултуп, аны акырын көтөргөндө тыштардын өйдөнү көздөй жайылганы азыркыга чейин эсимде.

«ОРУС КЛАССТА ОКУП, БИР ТОП ЭЛЕ КЫЙНАЛГАМ»
-6жашымда ата-энем Бишкекке көчүп келип, биз жашаган райондо кыргыз мектеп жок болгондуктан, орус класста окудум. Алгач орусчаны түшүнбөй бир топ эле кыйналгам. Ал тургай окуткан эжейим мени көргөндө «буга эми качан, кантип түшүндүрөм?» деп ыйлагысы келчү. Кыйналганым менен классым көтөрүлгөн сайын сабактарды жакшы өздөштүрүп, жакшы баага окудум. Кийин кайра кыргыз тилинде жакшы сүйлөй албай калганымды байкагам.
Мектеп ичинде 4-5 бейбаш бала бар болчу. Алар бизди мектепке келе жаткан жерибизден кармап алып, чөнтөгүбүздү оодарышчу. «Кимиңер кыйынсыңар?» деп классыбыздагы балдарды атайын кайраштырып, мушташканга чейин алып барган учурлар болгон. Бирок класстын ичинде өзүбүз абдан ынтымактуу элек, урушуу-мушташууларга барган эмеспиз.
8-класска келип калганымда адабият жана тилге, орус-кыргыз тилдеринде котормолук кылууга кызыгарымды, ошол багыт менен кетеримди түшүндүм. Ошондо эле алдын ала даярданып, гуманитардык багытка көбүрөөк көңүл буруп баштагам. Атамдын орто кылымдардан берки чыгыш поэзиясынан тартып, батыш классиктерине чейин орус тилиндеги адабияттар, кыргыздын эң белгилүү акын-жазуучуларынын жыйнактары камтылган абдан кеңири китепканасы бар болчу. Ошолорду окуп, которуу процессине мектеп курагымдан эле аралаштым.

«СЕНИ БАКТЫЛУУ КЫЛУУГА УБАДА БЕРЕМ!»
-Алгачкы сүйүүгө 1-курста окуп жаткан кезимде кабылгам. Жактырган кызым менен жакшы эле мамиле кургандай болгонбуз, бирок ал менден жакшыраак жигитти тандап алган болушу керек, 1-курстун аягына жетпей эле турмушка чыгып кеткен.
Окууну бүткөндө өзүм аяктаган окуу жайга эле жаш адис катары алып калышкан. Мага билим берген эже-агайлар менен бирге иштешип калуу бир аз оор болду. Ошентип иштеп жүрүп 27ге келгенимде өзүм окуткан 1-курстун студент кызын жактырып калып, ошого үйлөнгөм. Аны менен жакшы мамиледе жүрүп, үйлөнөрдө «Мен сени бактылуу кылганга убада берем!» деп, колун сурагам. Ошол убадамды аткардым десем болот. Үйлүү-жайлуубуз, балдарыбызды татынакай чоңойттук, ашып кеткен бай болбосок да, элден кем эмеспиз. Учурда көкүрөк күчүгүбүз менен таттуу өмүр сүрүп жатабыз, муктаждыгыбыз жок дегендей.
Тун уулум үйлөнүп-жайланып, өзүнчө жашап, банк кызматкери болуп иштейт. 2 неберелүү кылды бизди. Андан кийинки кызыбыз дагы турмуш жолуна аттанып, өз түтүнүн булатып жатат. 1 жарым жаштагы таттуу кызын багып отурат. Эки балабыздан кийин дагы балалуу болсок экен деген үмүтүбүз бар болчу. Тилегибиз кечирээк кабыл болуп, министрликке жаңы келген кезимде дагы уулдуу болдук, азыр 4 жарым жашка чыгып калды.

«УНААНЫ ӨЗҮМ АЙДАГАНДАН ЭС АЛАМ»
-Эс алуунун эң жакшы түрү – үй-бүлө менен активдүү эс алуу. Үйгө барып уктап эс албастан, чогулуп талаага же көлгө, жаратылыш койнуна чыгып эс алып келүү керек. Биз да жуманын аягында ошентип эс алганга аракет кылабыз. Мен жөн эле жол жүргөндү, унааны өзүм айдаганды жакшы көрөм, ошондон ырахат алам. Ал эми жуманын ортосунда болсо спорт менен машыгам. Өзүбүздүн министрликте футбол командабыз бар, жумасына 2 жолу футбол ойноп, сууда сүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүп алганбыз. Мен кээде жумуштун көптүгүнөн футболго жетишпей калсам, сөзсүз бассейнге барганга аракет кылам.

– Канат Жалилович, сизди 4 жылдан бери орун алмаштыра элек министр деп билебиз. Себеби сиздин алмашкыс кадр экендигиңиздеби же бул кызматка келем дегендер азбы?
– 2010-жылы май айында Убактылуу өкмөттүн башында турган Роза Исаковна өзү мага ушул кызматка келүү сунушун киргизген эле. Мен дароо эле макул болбой, бул тармакты башкарып кетүүгө бала бакчанын деңгээлинен тартып жогорку окуу жайлардагы маселелерди чечүү үчүн туруктуу иштеш керек экенин айткам. Бул тармакта кандайдыр бир жылыштарды жасап, алдыга суурулуп, анын жыйынтыгын көрүш үчүн эң кеминде 3 жыл иштеш керек. Туруктуу иш алып келе жатканымдан кызматтан түшө электирмин.

– Билим берүү тармагындагы соңку жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп өтсөңүз...
– Эң негизги маселелерибиз бала бакчадан башталат. Алардын саны жетишсиз, ошол үчүн да бардык эле балдар бакчага бара алышпайт. Мунун айынан бөбөктөр мектеп босогосун аттаганда билим алууда кыйналып, убактысын коротуп коюп жатышат. Программаны кууп жеткенге да жетишпей калат экен. А биз бала бакчаларды өтө тездик менен куруп бере албайбыз, каражат тартыш. Былтыртан баштап мектептердин алдында эле мектепке даярдоочу 2 миң 327 классты ачтырдык. Мындан сырткары мектептердеги 1-4-класстардын окутуу программасын жаңылатканга жетиштик.

– Студенттердин сессиясы, бүтүрүүчүлөрдүн ЖОЖго тапшыруучу мезгили жакындоодо. Атайын өзүңүзгө кайрылып, телефон чалып, пара талап кылган учурларды айтып арыздангандар болобу?
– Мен кызматка жаңы келгенимде пара талап кылып жатат деп чалып же келип арыздангандар аз болгон. Бирок кийинки жылдары андай арыздар көп эле түшүп баштады. Паракорлуктун себептеринин бири бул сырттан окуу системи деп айтар элем. Акчаны төлөп коюп эле окубай койсо болот деген муун өсүп чыкты коомубузда. Бул «оорудан» кутулуу үчүн студенттердин жүрөгүндөгү патриоттук сезимдерин ойготуу керек. Адистигине берилген студенттер көбөйсө, жанагыдай сабакка келбей эле баа сатып алуудан арылабыз.

– Сырттан окуу системи жоюлуп, анын ордуна дистанциондук окутуу кабыл алынды. Билим берүү интернет аркылуу жүргүзүлөт дешти, бирок аймактарда интернет жок. Андыктан бул систем коррупциянын жаңы толкунун жаратпайбы?
– Сырттан окуп жүргөндөр жылына 2 жолу сессия тапшырып келишкен болсо, аталган систем боюнча билим алган студенттер үчүн атайын графиктин негизинде туруктуу байланышка чыгуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Кадимки күндүзгү бөлүмдүн студенттери менен бирге сессия убагында сынакка кирүүгө шарт каралып, сынак электрондук түрдө алынат. Бул систем Европанын ЖОЖдору менен биргеликте ишке ашууда. Мындай жол менен коррупциялык көрүнүштөр кескин кыскарат деп ишенебиз.

Келечектеги министр инилери менен.

Жактырган студенти келинчегине айланып, тун уулу 5 айга толуп калган кез.

Ширин Турдакунова
politika@super.kg



"Эжейим мени көргөндө ыйлагысы келчү" дейт билим берүү жана илим министри Канат Садыков

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(16)
SUPER.KG видео
17.05.2014. 06:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Демек мугалиминиз корогоч екен, себеби билим беруу системасын жарга такап емес тушуруп еле салдыныз
SUPER.KG видео
17.05.2014. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
сонун маек болуптур! паракорчулукту жоюп салсаныздар сонун болот.
SUPER.KG видео
17.05.2014. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Быйыл РФсы Москвага бюджеттик орунга 490 адамга берилген болчу. Бирок баары сатылып буткон экен мен тест тапшыргыча. Коррупцияга малынып калган билим министрлиги. Анан РФ элчилигинде иштеген Чолпон деген айымды жумуштан алып .салуунузду отуном. Окуу боюнча иш менен бардым эле элчилике Москва шаарындагы, кытай дубалындай эшигин бекитип алып конгуроо чалып эшиктин алдында 2 саат турдум.
SUPER.KG видео
18.05.2014. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Билимдуу жаштар коп, бирок алар комускоодо калып чондун балдарына бюджеттик орундар сатылып жаткандыгы окундурот. Канат сиз уулу инсандын баласысыз. Мына ушундай болуп жаткан иштерди карашынызды суранам. Паракорлуктун алдын алын. Жепжутарлардын балдары баары бир жепжутар болот. Бору баласы ит болбойт. Андан коро билимдуу жаштарга колдоо корсотунуз.
SUPER.KG видео
18.05.2014. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менин агайым го. 2007- жылы сабак берчу, аябай билимдуу, реальный агай. Ишинизге ийгилик сизге.
19.05.2014. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озгоруу теги эле жок. баланы тарбиялоодо откоол куракта ото козомолго алыш керек,буну билим беруу министрлиги да ата - энелер да жакшылап ойлоп ушул курактагылар учун бирдиктуу жакшы программа иштеп чыгыш к.к деп ойлойм. Мектепте ушул откоол курака чейин жакшы окуп анан озгоруп ал тургай кылмыш кылгандарын да кезиктирип жатабыз.
20.05.2014. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бала бакчага азыр 15мин берип киргизесин баланды,таш балакетти окутушпайт.Бишкектин Кож.Заводунун жанындагы садикте бир окуяны уккан сон,садиктеги тарбиячылардан тунулгом.Анда шоктук кылганы учун баланы туалетке камап,кыйкырып ыйлаганда скотч мн оозун чаптап,светин очуруп койгон экен. Сайра беле аты эсимде жок,айтор ызы-чуу бп бир ай иштен четтетишип,уайта эле тигиси иштеп баштаптыр.Садик аябай бит садик.А бул болсо сиздин ишиниздин жыйынтыгы жана жемиши канат мырза!!!
20.05.2014. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул кишинин созу бар, иши жок!министр болгондон бери эч нерсени кыйрата элек, кыйратпайт дагы! Билим беруу жайларындагы коррупция токтомок тургай онугуп оорчуй баштады!
SUPER.KG видео
20.05.2014. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул агай билим алган агайдан мен да билим алгам. Аябай мактачу. Универде жакшы окуган студенттерден экен эле. Канат Садыков менин студентим деп сыймык менен айтчу бизге.
20.05.2014. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жоош болсо,эч кимге тийишпей куп болот таксыр деп отурса буга да эч ким тийишпей жайына койгондур да.Коррупциянын негизги булактарынын бири бул билим беруу тармагында.Натыйжасыз иштеп жатасыз,мобуну кылдым деп мактанып кокурок какчуу ишинерди айткылачы...
20.05.2014. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урматтуу Канат мырза. Откон айда Бишкектеги номур 27-мектепке барып калдым. Директору Динара деген экен. Иним ооруп калды мектептеги балдар менен мушташыптыр десем мен эмне кылайын деп отто орой создорду суйлоду. Ушундай директор кантип болсун.дирокторлуктун маданияттуулугу кайда? Эмнеге козомолдобойсуздор.
21.05.2014. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Акылдуу, бирок жумшактык кылат, баары ошонусу менен пайдаланышат. Уйдо отуруп алып сындаш оной эле, бирок коррупцияны, тартипсиздикти чогулуп бирге жоюш керек. Ар бир директордун же мугалимдин, тарбиячынын кылыгына министр куноолубу?
22.05.2014. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mig, туура айтасын. ар кимдин озунун дээринен. тарбия башаты уй булодон башталат. айлыкты которуш керек. ошондо баары ойдогудай болот
23.05.2014. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билим беруу системасын жакшыртуу керек.4 жылда эмес 20 жылдай убакыт керек го дейм озгоруу болуш учун.Канат байке да жакшы иштеди.Кийинки министрликке Каныбек Исаковду дайындасак болмок.Ал киши абдан жакшы иштемек деп ойлойм.
24.05.2014. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Билим беруу тармагын онуктуруу керек, мугалимдин айлыгын кобойтуу керек
24.05.2014. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баягы эле кооз суйлогон чымчыктардын бирида, элди тили менен эмизгенди уйронуп алышкан.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: