Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Нурайым Азыкбаева:«КҮЧТҮҮ АЯЛМЫН, КЫЗЫМДЫ АТАСЫЗ ЧОҢОЙТО АЛАМ»

№602 16-май-22-май, 2014-ж


Таланттуу атанын кызы Нурайым Азыкбаева кыл кыякта ойносо дүйнө укмуш бир кереметке айланып кетет. Жансыз аспапка жан киргизген айымдын ырчылык өнөрү да күч. Бирок ырчы айым «чыгармачылык менен үй-бүлөнү чогуу алып кетүүгө адамдын күчү да, шарты да, эрки да жетпейт экен» дейт. Дегеним, мындан 2 жыл мурун турмуш жолуна аттанган Нурайым бир жылга жетпей ажырашып кеткен. Анткен менен Арууке аттуу наристенин энеси экенине бактылуу.

– Нурайым, ажырашып кеткениң тууралуу укканыбызга көп болду. Бирок сенин тынчыңды алгыбыз келген жок...
– Кош бойлуу айымдын жанында жолдошу болсо телегейи тегиз, жан дүйнөсү тынч деп ойлойм. Тилекке каршы, мындай жагдай менин маңдайыма жазылбаптыр. Өзүмө келип, өткөн күндөрүмдү унутуп баратканыма жарым жылдан ашык убакыт болду окшойт. Сүйгөн кесибим бул азаптан мени сууруп чыкты. Ошол эле той, концерт, чет өлкөлөргө гастроль, баары мени алаксытты. Жакшы музыка уксам, ырдасам, эч кандай маселени ойлобой, ошол ыргак менен жашап калам.

– Сүрөттөрдөн бактылуу жүзүңдү көрүп, жолдошуң экөөңдү жакшы түгөйлөрдөн болот деп койдук эле, эмне болуп кетти?
– Сүрөттөрүбүздү көргөндөрдүн баары эле «бири-бириңерге түгөй эмес болчусуңар» деп жатышат. Очогубуздун урашына жашоого болгон көз карашыбыздын төп келбегени себеп болду. Мен чыгармачыл адаммын, ал башка кесиптин ээси, менин үй-бүлөм чыгармачыл адамдар, аныкы башка чөйрө. Ошону менен келише албай калдык. Ушундай тагдырды башыман өткөргөнүмө өкүнгөн жокмун, тескерисинче, кубанычтамын. Анткени жашоо оңой эмес экенин түшүндүм. Негизи, Кудай адамдын күчүнө жараша сыноо берет деп коёт. Мен күчтүү аялзатымын. Мага оңой-олтоң сыноо келген жок. Мен ал сыноону татыктуу жеңип чыктым.

– Кыз-жигит катары сүйлөшүп эле үйлөнбөдүңөр беле, ал сенин ырчы экениңди, гастролго чыгарыңды билген да?
– Ооба, эки жыл бири-бирибизди жакшы эле тааныгандай болгонбуз, «чыгармачылыгыңды колдойм» деп сөз жүзүндө айтканы менен, башка түшкөндө көтөрүү кыйын экен. Аны да түшүнүү керек, аты чыккан үй-бүлөнүн аты чыккан кызы менен жашаш чын эле татаал. Бирок биз айрымдардай болуп урушуп-талашкан жокпуз. Жай отуруп баарын талкуулап, ойлорубузду ортого салдык. Ал «чыгармачылыгыңды түшүнөм, бирок мен сенин гастролго, тойго, концерттерге кетип кала беришиңе чыдай албайм» деди. Ага үй оокаты менен алышкан аял керек экен. А мен издендим, ырдайм, музыка жаратам дедим. Анткени Нурайым Азыкбаева – атамдын, апамдын жана менин эмгегимдин аркасында түптөлгөн ысым. Кээ бирөөлөр «үй-бүлөнү да, сахнаны да алып кетсе болмок» деши мүмкүн. Эч качан экөө айкалышпайт. Бирдей алып кетүү мүмкүн эмес. Сөзсүз бирөө аксайт экен. Анан мен дагы мени колдой турган адам керек дедим. Экөөбүз тең ушундай бүтүмгө келдик. Ата-энелерибиз, албетте, жаман болушту, «силер үйлөнөбүз дедиңер, бул чоң адамдардын чечими деп макул болдук. Эми ажырашабыз деп жатасыңар, эгер мындай чечимди экөөңөр тең туура деп тапсаңар, биз эмне дейбиз» дешти. Негизи куда-кудагыйлар абдан сый болушчу.

– Атасы кызын келип көрдүбү?
– Албетте, келип көрдү, сүйүндү. Балада эмне күнөө? Мукай азыр үйлөнгөн, алектенчү иши, көңүл бурчу адамдары бар. Мага келип «үйлөнгөнү жатам» деп айткан. Мен угуп алып сүйүндүм. Бакыт кааладым.

– Кайын журтуң менен пикир келишпестик болду беле?
– Кайын журт менен жакшы мамиледемин. Чет өлкөгө чыкканда дайыма белек-бечкек менен келчүмүн. Азыр да сүйлөшүп турабыз.

– «Атасы тез-тезден гастролго алып кетчү» деген кептин чындыгы барбы?
– Биринчиден, атам мени эч качан гастролго алып кете албайт, мен атамды алып кетишим мүмкүн. Анткени беш жылдан бери «Эне-Сай» тобунун көркөм жетекчиси менмин. Административдик иштердин баары менин моюнумда. Чакырууларды да өзүм кабыл алам. Тескерисинче, мен атама телефон чалып, «бул күндөрү тиякка барабыз, эч кандай жумуш менен алектенбеңиз, даяр туруңуз» деп алдын ала эскертем. Турмушка чыккандан кийин атам мени үйдөн алып кетмек тургай ашыкча телефон чалгандан тартынчу.

– Турмушка чыккандан кийин гастролго көп чыктың беле?
– Мен турмушка күзүндө чыктым да, чын эле гастроль, той-топур көп болгон.

– Кызым атасыз өсүп калса кандай болот деп коркпойсуңбу?
– Колуман баары келет, үй жумуштарын жасоодо камчы салдырбайм, Кудай берген талантым бар, акчасыз да калбайм. Колдогон ата-энем, бир туугандарым турат. Жакында батир алайын деп жатам. Эч нерседен коркпойм, мен күчтүү аялзатымын.

– Кызың жөнүндө айтып берсең, кимге окшош?
– Кызымдын аты Арууке, 1 жаш жети айга толду. Аябай тентек, мага, таятасына окшош. Азыр чуркап жүрөт.

– Гастролго чыкканда Аруукени ким карап калат?
– Үйдө менин тарбиямды көргөн туугандарыбыздын кызы бар. Ошол сиңдим же апам карайт.

– Эми турмушка чыксаң жигиттин эмнесине көңүл бөлөсүң?
– Бир турмуш көрүп калгандан кийин, албетте, мурункудай баш жоготуп сүйбөйсүң. Жашоонун ачуу-таттуусун сезип калган соң өзүмө окшогон токтолуп калган жигитти карасам керек. Чынын айтсам, ал жөнүндө ойлой элекмин, убактым да жок, анын үстүнө аны ойлоого эрте. Азырынча 1-орунда кызым жана чыгармачылыгым.

– Берлинге барып келдиң окшойт, ошол туурасында айтып берсең?
– Берлинге Нооруз майрамына карата болгон эл аралык фестивалга барып келдик. Ар бир мамлекет өзүнүн улуттук кийимин, тамак-ашын, ырын, бийин көрсөттү. Башка өлкөлөрдөн 40-50гө чукул адам барышса, бизден мен, атам, байкем үчөөбүз бардык. Бул дагы каражатка келип такалат, биздин элчилик үчөөбүзгө кеткен чыгымды гана төлөмөй болушту. Көрүүчүлөр бизди 3 сааттан ашык сахнадан кетирбей, өнөрүбүзгө күбө болушту. Андан сырткары элчилик «жай мезгилинде дагы Германияда турне уюштуруп беребиз» дешти. Жаз, классика жанрларындагы чыгармалар ойнолот.

– Учурда эмне менен алексиң?
– Атам «Издейм сени», «Жамгыр төктү» деген ырларды саксофондо ойнойт эмеспи. Менин дагы колумдан келсе керек деп колумдан түшүрбөй үйлөп жатып үйрөнүп алдым. «Бишкек», «Сейилдөө», «Эне-Сай» деген үч чыгарма жаздырдым. Анын бирине клип тартып жатам.

– Чоң рахмат маегиңе, чыгармачылык ийгилик каалайм.

«Менин негизги максатым – кызыма татыктуу тарбия берүү».

Сүйүн Кулматова
star@super.kg



"Жолдошум өз бактысын тапты" дейт Нурайым Азыкбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(115)
19.05.2014. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
suiuu jok da
19.05.2014. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылыгын тушунбогонго жолдошу. Айнура Салахидинованын жолдошу молодец,дайыма колдоп турат.
19.05.2014. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурайымга ийгилик. Бактылуу эне бол. Энесай тобунун атын очурбогон чыгармачыл адам бол. ар бир кунун, бактылуулук секунттарга болонсун. 67
19.05.2014. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pakistanka,
Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат.
19.05.2014. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш, сулуу, таланттуу кыз! Кудайым айтып койсо, бактылуу болосун буюрса!
19.05.2014. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
миллион жолу чыйралып мин жолу кучтуу болсон да бала учун атанын орду башка,Нурай кызынызга дуйнону курап баарын бутунун астына тошоп берсениз дагы атасынын ордун,мээримин бере албайсыз,сиз энесиз "ата" эмес.Уй булонуздун келечеги,кызыныз учун гастролдорунузду 2-3 жылга жыйшытырып койсонуз деле эч теке болуп кетпейт элениз.Уй було аялдын - бактысы.Эми скрипканызды кучактап жата бересиз каалашынызча
20.05.2014. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
altinim, туура айтасын мен дагы канчалык кызымды эч нерседен кем кылбаганым менен кызымдын атасына болгон сагынычы, кусалыгы куч. Мен дагы Нурайымдай озумду кучтуу аял сезгеним менен кызымдын алдында озумдуу куноолуу сезем. анткени атасыз осуп жатканына озумду куноолойм. Сыртында айтканын менен ичинде баари бир арманын болот. Кайсы бир куну окунуп калышын мумкун ажырашпай эле койбой деп.
20.05.2014. 08:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
guli-1980, алтын создор, сабак алчудай болот. Атасы алкаш, бомж б.со да балага керек деп ойлойм.
20.05.2014. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
guli-1980, koy okunbo...Kuday seni jalgiz kaltirbayt ....
19.05.2014. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окунучтуу.
19.05.2014. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурайдыле куноолобой балким Мукай дароо ле уйлонуп албай уй булону сактап калышса болмок. Акыры озубуз учун эле эмес наристебиз учун жашайбыз го. Нурайга куч кубат.
19.05.2014. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мм да кызы учун болсо да уй-булосун тандаса болмок. Бойтойгон сонун кыз экен. Кучтуулугунун айынан ажырашкан го.
19.05.2014. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nuraiymda kunoo jok dep oiloim, kyzganychtan deyin desen gastrolgo ui bulosu menen barat, kuiosu erkek emes eken, ushundai tatyktuu kyzdyn butunun aldinda kalgisi kelbedi da ХХХ dese(((
Модератор admin_portal түзөттү 19.05.2014 17:24
19.05.2014. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lolo - эскертүү!
Кимдир-бирөөнү кемсинтип, мазактоодон алыс болуңуз.
19.05.2014. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ммм дааааа..... Кучтуу болсонуз Аллах сизге бакыт берсин! Башка созум жок . Коп мактанган болбойт кучтуу аялзатымын деп коз тийип кетпесин Нурайым ! Негизи эле дуйнодо аялзаты кучтуу болуш керек эмне жактан коп эле жактан анын арасына Уй-булону сактоо дагы кирип кетет. Ийгилик каалайм !!!
19.05.2014. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм дааааа..... Кучтуу болсонуз Аллах сизге бакыт берсин! Башка созум жок . Коп мактанган болбойт кучтуу аялзатымын деп коз тийип кетпесин Нурайым ! Негизи эле дуйнодо аялзаты кучтуу болуш керек эмне жактан коп эле жактан анын арасына Уй-булону сактоо дагы кирип кетет. Ийгилик каалайм !!!
19.05.2014. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ото сыйлаймын жана ото суйомун озун да талантын да менде ушундай жакын адамым болсо кана эх жашо бирого кор бирого зар дуйносун
22.05.2014. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ulan1978, Жаш, сулуу кыз. Коздуу мончок жерде калбайт да.
19.05.2014. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кучтуу аял чыгармачылыгын да уйбулосун да бирдей алып кетет, а сиз тескерисинче жасап жатасыз...
SUPER.KG видео
19.05.2014. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец!!!баары созсуз жакшы болот.кызына кудай омур берсин.баары алдыда.молодец нурайым алга!!!
19.05.2014. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
нурайым ото таланттуу аялзатынын бири.колдой албаган тугой канатын кайрыгандан башка эч нерсе жасай албайт.шурик жездебиз башында кимге уйлонуп жатканым билип туруп анан колун сураса болмок.
19.05.2014. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
абдан окунучтуу, булар уйлонгондо мага абдан эле бири бирине пара болуп корунгон, бактылуу жашашат деп ойлогом....жаман болуптур... кызы болсо таятасымейле атасынын копиясыкен
19.05.2014. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кучтуумун эле дейт да, кучтуу болсо Анжеликага окшоп чыгармасын да уй-булосун да бирдей алып кетсе болмок... куйоосу жини келип бат уйлонуп алса керек
19.05.2014. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Нурайым озу откондон сабак албаган айым экен.Озу деле кезинде кызынын абалында бп жашаганын атасынын маектеринен байма-бай окуп келгенбиз.Аял киши кучтуумун дегени мн баары бир эркектин жолу башка го дейм.Эх,адамдар неге тагдыр мн ойной беришет...Уй-булосун карьерага садага чапкан адамдарга тушуно бербейм.Эми биз а дейбиз,бу дейбиз жашоо алардыкы.Карьерасын таштаса болмок экен,талантты ташкындаган аял дей албайм.
19.05.2014. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кучтуумун укмушмун аты чыккан уй булонун аты чыккан кызымын деп мактанып жар салгыча уй булону сактап калбайасынбы сулуу
20.05.2014. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурайым абдан таланттуу айым.Албетте,ажырашып кеткени абдан окунучтуу,ар бир адам оз жашоосун кайсы нукка бураарын озу чечет,мындан аркы иштерине ийгилик кааалайм!
20.05.2014. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен мен мен мен мен мееееееееееееееен
20.05.2014. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
булар уйлонушсо да дунгурошуп уйлонот.ажырашса дагы дунгурошот го чиркиндер.
20.05.2014. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйлонушкондо аяабай макташты эле. Ажырашканына аяабай окуном. Нурайым жашап кетсе болмок эле. Кучтуу аяалзат эч убакта ажырашпайт. Эч нерседен коркпойм, мен күчтүү аялзатымын деп бекер айтыптыр.
20.05.2014. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен кыйынмын мен укмушмун деп жар салганча уй булонду сактап калсан болмок аты чыккан уй булонун аты чыккан кызымын деп мактанбай андай кыйын кучтуу болсон уйбулонду биринчи орунга койот элен мактанчак карындаш
20.05.2014. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аябай мактаныптыр го бул айым.эми коробуз да мындан ары канчалык кучтуу айым экенин.
20.05.2014. 07:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
min kuchtuu bolsonuzda,kyzyndy altynga orop baksanyzda atanyn ordu,meerimi kerek dep oiloim.Kyzynyzga ozunuzgo bakyt kaalaym.
20.05.2014. 07:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
min kuchtuu bolsonuzda,kyzyndy altynga orop baksanyzda atanyn ordu,meerimi kerek dep oiloim.Kyzynyzga ozunuzgo bakyt kaalaym.
20.05.2014. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Akkan arıktan suu agat deyt...
Talanttuu jana kıyın kız!
Zor ıygılıkter!!!
SUPER.KG видео
20.05.2014. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурайка багынды дагы табасын.. жон гана ААллаадан сабыр тилен.. сени издеген адам да бардыр.. Артисти аялым дебе, шопурду куйоом дебе , деген чын,, Бактылуу бол. Ата-энендин эмгегин таштабай улантып журо беришинди каалайм
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: